Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:30

Кытайлык кыргыз студенттерден дайын жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Кытайлык кыргыздарды колдоо комитетинин» маалыматы боюнча Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан 45 кытайлык кыргыз жайкы каникулга кеткен бойдон окууга кайтып келген эмес.

Алардын арасында белгилүү манасчы Жусуп Мамайдын чөбөрөсү Тургунаалы баш болгон таанымал өнөр адамдары да бар.

Бул кытайлык кыргыздар кимдер болгон жана азыр алар жөнүндө кандай маалыматтар бар?

Жусуп Мамайдын чөбөрөсүнүн тагдыры

Кытайдагы кадимки залкар манасчы Жусуп Мамайдын урпагы Тургунаалы Кыргызстанга 2014-жылы билим алганы келген. Тургунаалы Турсунаалы уулу бул жакта маданий чөйрөдө тез эле популярдуу болуп, «Манас» айтуудан сырткары кыргыз бийи менен атагы чыккан.

Ал өлкөдөгү ар кандай маданий иш-чараларга жигердүү катышып, бир нече сыйлыкка татыган. Ошондой эле «Жусуп Мамай бабамдын баяны» деген китепти да чыгарган. Манасчынын чөбөрөсү жергиликтүү журналисттер менен маектешип калса Кытайдагы кыргыздардын абалы тууралуу дайыма жакшы маанайда гана сөз кылчу.

«Жуңго өкмөтү аз улуттардын маданияттын коргоого жакшы көңүл бөлөт. Бул жагынан аябай жакшы. Кыргыз эле эмес, бардык улуттарды коргойт. «Маданиятыңарды жайылтып, өркүндөткүлө» деп турат», - дегени бар.

Ошентип, 2017-жылы Тургунаалы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктап, эки жылдык магистратурага тапшырган. Бирок 2018-жылы октябрь айында Кытайга кетип, ошол боюнча кайтып келген эмес. Анын Бишкектеги жакын досу Урмат Майрамбек уулу буларды айтып берди:

«"Эртең кетем" деп жатканда жолуктум. Маанайы жок болчу. «Эмне кылсам?» деп ойлонуп турган чагы экен. Калып калганга мүмкүнчүлүгү бар эле. Биз кеңеш берип, «жогорку жактарга кайрылып жардам сурайлы» дедик. Бирок өзү «ата-энем, бир туугандарым бар, аларга оор болуп калышы мүмкүн» деди. Ошентип, кеткенден бери байланышка чыга алган жокпуз».

Таланттуу бийчи Бишкекте жүргөндө Интернетти жигердүү колдончу. Бирок Кытайга кеткени бир жылдан бери ал жөнүндө эч кандай маалымат болгон эмес. Досу Урмат 2019-жылдын февраль айында тааныштарынан Тургунаалы үйлөнгөнүн угуп, социалдык тармактардан жубайы экөөнүн үйлөнүү үлпөт көйнөкчөн бир гана сүрөтүн көргөн.

Кыргызстандагы атын атагысы келбеген дагы бир досу Тургунаалы Кытайдын Ак-Чий деген жеринде үйлөнүп, аялы мугалим, өзү музейде иштеп жатканы жөнүндө кабары бар экенин билдирди.

Америкалык «Foreign Policy» басылмасы Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуп жатып жайкы каникулда Кытайга кетип, кайтып келбеген кытайлык кыргыздар жөнүндө макала даярдаган. Анда басылма «Кытайда жергиликтүү бийлик Тургунаалынын чоң атасынын китептерин конфискациялап, чөбөрөсү адабияттардын кайсы бир бөлүгүн сактап калууга үмүттөнгөн болушу мүмкүн» деп жазды. Ошондой эле басылма Тургунаалы кайра тарбиялоочу лагерге түшүп калышы мүмкүн экенин божомолдойт.

Кытайлык кыргыз студенттеринин дайыны жок

Былтыр Бишкекте түзүлгөн «Кытайлык кыргыздарды колдоо комитети» манасчынын чөбөрөсүндөй жогорку окуу жайларында окуп жатып, жайкы эс алууга кетип кайра келбеген 45 студенттин тизмесин түзгөн. Комитеттин өкүлү Марат Тагаев тизмедеги маалыматтар Бишкекте жүргөн кытайлык кыргыздардан алынганын белгиледи. Тагаев дайыны чыкпай жаткан 45 кишинин арасында жогорку окуу жайын бүтүп кеткендери бар экенин айтты:

«Алар Кытайга кетип келбей калган студенттерди тизмектеп беришкен. Маалыматтар боюнча 45 студент болчу. Бирок, алар боюнча так кабарлар жок. Такталбаган маалыматтар боюнча алардын көбү «лагерге» кирип чыккан».

Анткен менен учурда Бишкектеги жогорку окуу жайларында билим алып жаткан кытайлык кыргыздар да бар. Алар жалпыга маалымдоо каражаттары эмес, бейтааныш кишилер менен да сүйлөшүүдөн чочулашат. Атын атагысы келбеген кытайлык кыргыз студент аны менен жаздырылган аудио маектин үнүн эфирге пайдаланбоону суранып, бул маалыматтары менен бөлүштү:

«Азыр сүйлөп берсек ал жактагы ата-энебизге зыяны тийип калат. Бул жакта калгандардын көбү эле жарандык алып алган. Бирок канчасы жарандык алган же канчасы ала элек экени айтылбайт. Анткени бири-бирибизге билдирбей эптеп жашап жатабыз. Кытайлык кыргыздар Улуттук консерваторияда, Улуттук университетте, «Манас» университетинде, Бишкек гуманитардык университетинде окуп жатышат. Азыр «Манаста» окугандардын баары эле кетип, келген жок. БГУдагы жети баладан беш бала кетип, келген жок. 2017-жылы кеткен бир бала Үрүмчүдөн түшүп калган боюнча үйүнө да барбаптыр».

Дайыны чыкпай жаткан 45 студенттин тизмесинде жүргөн Өмүржан Мамбетемин Кыргызстанга 2010-жылы келип, Кыргыз улуттук университетин 2016-жылы аяктаган экен. Алты жыл ичинде Өмүржан Кытайга бир жолу барып келген. Учурда аны Бишкекте жубайы Чынара издеп жатат. Ал студент кезинде кыргызстандык Чынара менен баш кошуп, эки кыздуу болушкан.

Чынаранын айтымында, 2017-жылы күйөөсүнө Кытайдан чакыруу келип, алар үй-бүлөсү менен кошо кетүүнү пландашкан. Бирок аялына виза берилбегендиктен Өмүржан жалгыз жөнөгөн. Андан бери эч дайыны чыкпай, 2019-жылы Кыргызстан менен эки жолу гана байланышка чыккан.

«Акыркы жолу 23-февралда чалды. Эки кызын сурады. «Кыйналып атасыңарбы?» деди. Ашыкча сөз сүйлөгөн жок. Төрт мүнөт сүйлөштүк. Биринчи чалганда: «Сен каяктасың?» деп сурадым. Ал жакта ачык-айрым «лагердемин» деп айта албайт. Сүйлөшүп жатканда кыйналып жатканын жүрөгүң менен эле сезесиң».

Чынара атасын сагынып, бук болгон эки кызын кучактап, көз жашын агызып күйөөсүн күтүү менен күн кечирип жатат.

Өнөрпоздордун арасындагы кытайлык кыргыздар кайда?

Баян Акматов менен баш байге үчүн айтышка чыккан кытайлык кыргыз Гүлкайыр Айбаш кызы 2018-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство институтунун студенти болчу. Гүлкайыр төкмө акындар арасында жакшы чыгып келаткандардын бири болуп саналат.

Ал 2018-жылы жайында Кытайга жакындарына кетип, кайра окууга келген эмес. Анын күйөөсү да кытайлык кыргыз Ажыбек Дүйшө уулу колунан комуз түшпөгөн таланттуу өнөрпоз катары таанылып келаткан. Кыргызстандык төкмө акын Баян Акматов бул үй-бүлө менен чыгармачылыктан тышкары жакын санаалаш болчу.

«Кытайлык акындар менен көп эле чогуу жүрдүк. Эң кызыгы - аларды бири-бири менен сүйлөштүрбөй койгон деңгээлге жеткиришкен. Себеби бири-биринен «сатып коёт, тыңчы» деп шек санашкан. Арасында тыңчылар да бар окшойт же мага ошондой байкалдыбы, билбейм... Ажыбек менен Гүлкайыр кеткенде өлүмгө башын байлаган сыяктуу эле кетишкен. Аларга Интернет бербегенден кийин байланыша алган жокмун. Элден укканым боюнча алар үй камагында окшойт», - дейт ал.

Гүлкайыр Айбаш кызы менен Ажыбек Дүйшө уулу Кыргызстандан баш кошуп, тун кызын акын Майра Керим кызынын урматына Майра коюшкан экен. Ажыбек Дүйшө уулу Кыргыз улуттук университетинде билим алып жаткан.

Такталбай жактан сандар, фактылар

Билим берүү жана илим министрлиги учурда кытайлык кыргыз студенттердин канчасы жайкы эс алууга кетип, келбей калганы боюнча кабары жок экенин билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, жылына Өзбекстандагы, Казакстандагы, Тажикстандагы, Түркиядагы жана Кытайдагы кыргыздарда жогорку окуу жайларынан 75 бюджеттик орун берилет. 2016-2017-окуу жылдары он, 2017-2018-жылдары эки гана кытайлык кыргыз студент билим алууга келген.

Кытайлык кыргыздар көп документ тапшырат деген жогорку окуу жайларынын өздөрүнөн маалымат чогултууга аракет кылдык. Бишкек гуманитардык университетинин өкүлдөрү учурда кытайлык жети студент окуп жатканын кабарлашты. Ал эми Кыргыз улуттук университетинин жетекчилиги жалпы жонунан 20дай кытайлык кыргыз жайкы каникулга кетип, алардын бирөө гана кайтып келгенин билдирди.

Кыргыз улуттук консерваториясынын өкүлдөрү анда азыр алты кытайлык кыргыз окуп жатканын, алардан бир студент эки жыл мурун Кытайга кетип кайтып келбегенин маалымдашты. Алар консерваториядагы алты студент эки жылдан бери жайкы каникулда Кытайга жакындарына барбай калганын белгилешти.

Ал эми Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство институтунун салттуу музыка жана фольклор кафедра башчысы Самат Көчөрбаевдин айтымында, 2015-2016-2017-жылдары алты кытайлык кыргыз студенттин ичинен төртөө Кытайга кеткен боюнча дайыны чыкпай калган.

«Дегеле кытайлык кыргыз туугандар бул жактан окууну бүткөнчө тоскоолдуктар боло берет экен. Барып келгенден кыйнала беришет экен. Ал жактан ар кандай документтерди талап кылат окшойт», - деди Самат Көчөрбаев.

Кытайда башка аз улуттун өкүлдөрүнүн катарында кыргыздар да камакка алынып жатканы жөнүндө кабарлар былтыр күз айларынан баштап чыга баштаган. «Кытайдагы кыргыздарды колдоо» комитетинин маалыматына караганда, Бээжин расмий түрдө «саясий тарбиялоочу лагерь» деп атаган жайларда 50 миңдей кыргыз отурат. Бирок буга чейин Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов лагерде кармалган кыргыздар такталбаганын билдирген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG