Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:54

Кытайдагы мусулмандар камалган лагерлер боюнча документтер жарыяланды


Шинжаң-уйгур автоном районундагы «тарбиялоочу лагерлердин» бири.
Шинжаң-уйгур автоном районундагы «тарбиялоочу лагерлердин» бири.

Журналисттик иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциуму Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районунда аз улуттар жана мусулмандар күчтөп кармалган лагерлер тууралуу ондогон жашыруун документтерди жарыялады. Анда кытай бийлигинин лагердеги жетекчилеринин буйруктары, он жылга соттолгон уйгур улутундагы эркектерге чыккан өкүмдөр бар.

Дүйнөдөгү 17 маалымат каражаты биргелешип иликтеген, «Кытай тору» деген ат менен жарыяланган баяндамада мындай лагерлер уйгурларды жана башка аз улуттарды күчкө салып ассимиляция кылуу максатында түзүлгөнү айтылат.

Лагерлердеги тартипти Шинжаңдын коопсуздук кызматынын жетекчиси өзү түздөн-түз көзөмөлдөп, анда кармалып тургандардын чачтары кыркылып-кыркылбаганына, эшиктер жабылып-жабылбаганына чейин карап турары жазылган.

Мындан эки аптадай мурда кеңсеси Вашингтондо жайгашкан «Чыгыш Түркстан» улуттук козголуш кыймылы (ETNAM) Кытайда мусулман азчылыктар кармалып турган 500гө жакын лагерь жайгашкан жерлерди таап чыккан. Аталган уюм 12-ноябрда ушул сыяктуу 182 жай туралуу алгачкы маалыматын таратып, калган 209 түрмө менен 74 эмгек лагери тууралуу кийинчерээк айтыларын билдирген.

Бээжин анын дарегине айтылган дооматтарды четке кагып, лагерлерди «тил жана кесип үйрөтүүчү борборлор» деп атап келе жатат. Кытай бийлиги Шинжаңдагы чараларды чөлкөмдө коопсуздукту камсыз кылуу аракети менен түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG