Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 2-апрель, 2020 Бишкек убактысы 17:33

Кытайдын Шинжаңдагы сыры ачыкка чыкты


Шинжаңдык уйгурларга колдоо көрсөткөн акция. Гонконг, 22-декабрь, 2019-жыл.

«Узун сакал коюу», «паспорт алуу» же «көп балалуу болуу». Кытай бийлиги Шинжаңдын ондогон тургундарын дал ушундай критерийлер менен саясий лагерлерге жөнөткөнү ачыкка чыкты.

Муну ырастаган документтер эл аралык басылмалардын колуна тийди. Бээжин бул документ боюнча маалымат бере элек.

BBC, «Associated Press» жана CNN баштаган эл аралык маалымат каражаттары изилдеп чыккан жаңы документтер расмий Бээжин шинжаңдыктарды кандай негиз менен лагерлерге жөнөтүп келгенин ачыкка чыгарды. Ал документтерде Шинжаңдын Каракаш округунун 311 тургунунун жана алардын 2 миңден ашуун тууган-туушканынын жеке маалыматы жана аларга чыккан өкүмдөр жазылган.

Маселен, документте 65 жаштагы Юсуф аттуу адам «эки кызы жоолук салынып, паранжы кийген», уулу «саясий исламга ыктаган» деген негизден улам лагерде «туруктуу машыгууга» жөнөтүлгөн. Дагы бир кишинин беш жылга эркинен ажыратылышына «узун сакал койгону жана диний таалим берген топ түзгөнү» себеп болгон. Анын коңшусу «чет өлкөдөгү адамдар менен Интернет аркылуу байланышкан» деген жүйө менен камалган.

Тизмеде чет өлкөгө чыкпаса да кадимки «паспорт алганы» жана «чоочун веб-сайтты кокусунан ачып алганы» үчүн жазалангандары да бар. Бирок журналисттер тек-жайын иликтеп чыккан 500дөн ашуун адамдын көбү же 150гө жакыны «көп балалуу болгону үчүн» лагерге жөнөтүлгөн.

Кашкардагы лагерь. 4-январь, 2019-жыл.
Кашкардагы лагерь. 4-январь, 2019-жыл.

Документтерде Кытайдын төрөттү чектеген мындай саясатын бузду деген айып менен 2018-жылы лагерге жөнөтүлгөн Патем Маматтохти тууралуу да маалымат бар. CNN телеканалы анын эжеси Розинса Маматтохтини Түркиядан тапты. Ал Шинжаңда калган үй-бүлөсүнүн аянычтуу тагдыры тууралуу ачык сүйлөп берүүгө макул болуп, сиңдиси 2016-жылдан бери кат-кабарсыз кеткенин айтты.

«Мен документти көрүп, сиңдим эки жылдан бери түрмөдө экенин билгенде бир нече күн бою уктай алган жокмун. Кекиртегимен тамак өткөн жок. Мен аларды сагынганым үчүн, аларды жакшы көргөнүм үчүн, алар аман болсо амандыгын, көзү өтүп кеткен болсо анысын да билейин деп ачык сүйлөп жатам», - деп ыйламсырады Розинса Маматтохти.

Жүздөгөн шинжаңдыктар тууралуу жашыруун маалымат камтылган документтер былтыр жайында Нидерландда качып жүргөн уйгур активисти Тахиржан Анвардын колуна тийген. Тахиржан ага бул документтерди берген Шинжаңдагы адамдын тек-жайын коопсуздук маселесинен улам ачык айткан жок.

«Туулган күнүм болчу. Анан тиркелген документтерди алдым. Абдан таң калдым», - деди Тахиржан.

Кытайдын Шинжаң аймагы. 26-июнь, 2017-жыл.
Кытайдын Шинжаң аймагы. 26-июнь, 2017-жыл.

Уйгур активисттер эл аралык маалымат каражаттары менен бөлүшкөн бул документтерди Вашингтондогу «Коммунизм курмандыктарынын мемориалы» аттуу фонддун эксперттери да изилдеп, андагы маалыматтар күмөн жаратпай турганын билдиришти. Фонддун өкүлү Эйдриан Ценц Кытай өкмөттүнүн ички документтери ачыкка чыгып кеткенин, анда жазылгандар Шинжаң-Уйгур автоном районунда болуп жаткан окуялардын аз гана бөлүгү экенин айтты.

«Бул авторитаризмдин келечеги. Бул - идеологиялык, саясий жана руханий көз караштар сыяктуу критерийлер боюнча режимге макул болбогон калкты өзгөртүү аракети», - деди Ценц.

Эл аралык укук коргоо уюмдары жана бир катар Батыш өлкөлөрү Кытай бийлиги Шинжаңдагы уйгур, казак жана кыргыздар сыяктуу ислам динин карманган улуттук азчылыктарды «саясий тарбия лагерлеринде» негизсиз кармап турганын билдирип келишет. Буга чейин Кытайдан келген ондогон казактар менен кыргыздар Шинжаңдагы туугандары лагерде кармалып турганын айтып, бийликке кайрылышкан.

Бирок Кытай бийлиги Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келатат. Ошондой эле Шинжаңдагы чараларды экстремизмди ооздуктоо аракети менен түшүндүрүп жүрөт.

«1 миллион киши концентрациялык лагерлерде кармалып турганы тууралуу маалымат 100% ушак. Толугу менен жалган маалымат», - деп билдирген кезинде Кытайдын тышкы иштер министри Ваң И.

Бирок расмий Бээжин эл аралык басылмалар ачык жарыялаган соңку документтер боюнча азырынча комментарий бере элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (13)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG