Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 20-февраль, 2020 Бишкек убактысы 03:30

Борбор Азия

Кытай бийлиги уйгурларга таңуулаган «тууган»

Шинжаңдагы уйгурлар. 6-сентябрь, 2018-жыл.

«Азаттык» жана «Эркин Азия» радиолору «Кытайдагы кысым» долбоорунун алкагында чогуу даярдаган макала.

Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районундагы мусулман, анын ичинде уйгур үй-бүлөлөргө такай көз салып турууга кытай аткаминерлери дайындалган.

«Туугандар» деп атап коюшкан бул адамдар негизинен күйөөлөрү лагерлерде камакта отурган уйгур аялдардын үйлөрүнө эки айда бир барып, бир жумадай жашашат.

«Эркин Азия» радиосунун маалыматына караганда, мындай «туугандар» уйгур аялдары менен кадимкидей чогуу-чаран оокат кылып, бала тарбиялап, ал тургай бир сөрүдө укташат.

2016-жылдын соңунан баштап Кытайдын Шинжаң районундагы мусулмандар, анын ичинде уйгурлар өз жашоосу тууралуу маалымат берип, саясий көз караштары менен бөлүшүп туруш үчүн үйлөрүнө кытай аткаминерлерин чакырып турууга милдеттенме алышкан.

«Биригип, үй-бүлө кур» деген программанын алкагында атайын даярдалган кадрлар уйгур үй-бүлөлөрүнө барып кытай тилин үйрөтүшөт, Бээжиндин аймактагы саясатын даңазалашат жана үйдүн кожойкелери менен чогуу бир сөрүдө укташат. Анткени алардын күйөөлөрү расмий Бээжин «саясий тарибиялоочу лагерь» деп атаган жайларда отурушат.

«Эркин Азия» радиосунун уйгур кызматы Кашкардагы мына ушундай «туугандын» милдетин аткарган аткаминердин бирин кепке тарткан. Аты-жөнүн ачык айтууну туура көрбөгөн ал адам Йенгисар аймагындагы өзү көзөмөлдөгөн кыштакта 70-80дей үй-бүлөнүн атайын «туугандары» бар экенин айтат.

«Туугандар эки айда бир келип, жакындары менен күнү-түнү бирге болушат. Алар жаңы идеялар менен келип ал үй-бүлөнүн көз карашын өзгөртүүгө жардам беришет. Ошондой эле жашоо-турмуш тууралуу сүйлөшүшөт. Бул убактын ичинде ортодо бири-бирине болгон сезимдери жаралат», - дейт ал.

Ошондой эле ал «туугандар кышында үй-бүлө мүчөлөрү менен кошо эки-үчтөн болуп бир төшөккө жатып алышарын» айтып берген.

«Үйдүн кожоюну жок үй-бүлөлөр кытай эркек аткаминерлерди жакынындай кабыл алууга каршы эмеспи?» - деген суроого: «Алар тескерисинче аябай кызыкчылыгы бар» деген жооп кайтарды.

Шинжаңдагы уйгурлар. 31-май, 2019-жыл.
Шинжаңдагы уйгурлар. 31-май, 2019-жыл.

Башка булактардан түшкөн маалыматтарга караганда мына ушундай кытай «туугандарын» үйүндө жашатууга каршы чыккан уйгурларга кошумча кысым көрсөтүлүп, ал тургай лагерлерге камалып кеткендери да бар.

Керебети жок үйлөрдө баары кыдырата төшөк салып сөрүнүн үстүндө укташат. Муну кытайлык аткаминер өөн деле көрбөйт. Бул маалыматты Йенгисар аймагындагы дагы бир «тууган» ырастады. Ал буга нааразы экенин айтып, «бир да аял арызданган эмес» дейт.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан (HRW) уюмунун маалыматына ылайык, «Биригип, үй-бүлө кур» өнөктүгү 2017-жылдын соңунда кыйла кеңейтилип, Шинжаңдагы айыл-кыштактарга эки айда бир жолу 100 миңден ашуун аткаминер миллиондой кадрларды уйгур үй-бүлөлөрүнө жиберүүгө даярдаш үчүн барышчу.

2018-жылдан бери кадрлар мусулман үй-бүлөлөрүндө бир жума эмес, алты күн жашай алышат. Алар өзүлөрү менен кошо спирт ичимдиктерин жана чочко этин да ала барышат.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан «Human Rights Watch» (HRW) уюму бул тажрыйбаны «күчтөп ассимиляция кылуу» деп атап, муну менен Бээжин негизги адам укуктарын гана бузбастан, аймактагы нааразылыкты тутантышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Диний ишенимин жана социалдык жашоо образын күчкө салып өзгөрткөн Шинжаңдагы «саясий тарбия берүүчү лагерлерде» ислам динин тутунган аз улуттардын миллиондой өкүлү, атап айтканда, уйгурлар, казактар жана кыргыздар бар экени тууралуу маалыматтар 2015-жылдан бери айтыла баштаган. Бээжин бул дооматтарды четке кагып келет. Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, бул лагерлерде кеминде 1 миллиондой киши кармалып турат. Эки жылдан бери Кыргызстандагы кытайлык кыргыздардын өкүлдөрү да Шинжаңдагы жакындары кармалып жатканын айтып келишет.

«Human Rights Watch» бул тажрыйбаны «күчтөп ассимиляция кылуу» деп атап, муну менен Бээжин негизги адам укуктарын гана бузбастан, аймактагы нааразылыкты тутантышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Жаңылыктардын толук тизмеси

Казак бийлигине каршылар кыймыл түздү

Казакстандык активист Аскат Жекшебаев Алматы администрациясынын алдында турат. 14-февраль, 2020-жыл

Казакстанда бийликке жана сотторго нааразылыгын ачык айтып чыккандардын катары калыңдай баштады. Нур-Султан шаарында 22-февралда ири митинг өтөрү да күтүлүп жатат.

Буга байланыштуу баш көтөргөн активисттерди камаган көрүнүштөр күч алууда.

17-февралда Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевге жана сенатты жетектеп отурган кызы Дарига Назарбаевага көзмө-көз жолугуу үчүн президенттик резиденцияга баргандардын үчөө беш суткага камалды.

Митингге чыккандар негизинен соттук чечимдерге, ипотекалык насыялардын шарттарына жана өлкөдө курулуп жаткан үйлөрдөн батир алуу үчүн алдын ала үлүш кошуп, акырында алданып калгандар болчу.

Нур-Султан шаарынын полициясынын башчысы Есиль Мадияр Айтуганов үч аял тең коомдук тартипти бузганы үчүн кармалып, “полицияга баш ийбей койгону” үчүн беш күнгө камалганын "Азаттыктын" казак кызматына ырастаган.

Өткөн аптада да ар түрдүү берене менен 20 активист кармалып, ар кандай жазага тартылган. Укук коргоочулар бул камоолорду бийликтин 22-февралда болору айтылган митингге даярдыгы катары сыпатташты.

Ал арада жарандык активисттер «Казакстан Демократиялык партиясын» каттоодон өткөрбөй жатышына нааразылык билдиришти.

Партияны түптөгөндөрдүн бири Жанболат Мамай 19-февралда өткөн маалымат жыйында элди нааразылык акциясына чыгууга үндөдү.

"Башка жол жок. Жөн гана съезд өткөрүп, кол чогултсак, бийлик аны карап да койбойт. Ошондуктан көчөгө чыкканга аргасызбыз. Көчөгө чыгып, «Демократиялык партияны» каттоого аргасыз кылышыбыз керек. Зарыл болсо, бир эмес, бир нече митингдерди өткөргөнгө даярбыз".

"Көчө партиясынын" мүчөлөрү, 18-февраль, 2020-жыл, Нур-Султан шаары.
"Көчө партиясынын" мүчөлөрү, 18-февраль, 2020-жыл, Нур-Султан шаары.

Казакстандын мыйзамы боюнча жаңы партия түптөө үчүн шаарлардан жана облустардан миңден кем эмес өкүл чогулуп, курултай өтүшү шарт.

40 миңден кем эмес мүчөсү бар партия гана партия расмий каттала алат.

Ал арада 18-февралда Нур-Султан шаарында «көчө партиясы» деген кыймыл түптөлгөнү кабарланды. Анын мүчөсү Анна Шүкеева кыймылдын максаты тууралуу буларды айтты:

"Биз парламенттик өлкө болууну, президент деген кызматтын жоюлушун каалайбыз. Президент жана анын тегерегиндеги кишилерге ишеним жоголуп бүттү. Мамлекеттик чечим чыгарууда элдин пикири эске алынышын каалайбыз".

Бир апта мурдараак Казакстанда митинг өткөрүүгө байланыштуу жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылган. Бирок укук коргоочулар жаңы мыйзам эски эрежелерден куралганын сындап чыгышты.

Укук коргоочу Евгений Жовтистин айтымында, жаңы мыйзам чектөөлөргө жана тыюуларга бай.

Евгений Жовтис.
Евгений Жовтис.

"Биринчиден, митинг өткөрүү үчүн атайын орун бөлүнүп берилет дегени жаккан жок. Жарандар митингди карантинге алынган, атайын өзгөчө коргоого алынган жерлерден башка каалаган жайда өткөрүүгө уруксат берилиши керек. Митингди белгилүү бир гана жерде өткөрүү керек деген акылга сыйбайт. Митинг тууралуу бийликке алдын ала эскертип коюуга макулбуз. Бирок эскертип коюу - уруксат алуу дегенди билдирбейт".

Казак бийлиги соңку бир жылдан бери ар кандай митингдерди басуунун ар кандай айла-амалын көрүп келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кордой чыры: ага-ини Воингуюлар камалды

Жабыркагандардын үйлөрү.

Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Кордой районунда полицияга кол көтөрдү деген айып менен дунган улутундагы үч бир тууган камакка алынды.

Ага-инилер катышкан окуя 7-февралда Сортөбө айылында болгон жана 11 адамдын өлүмү менен аяктаган Кордойдогу улут аралык кагылышуунун себептеринин бири экени да айтылып жаткан.

Казакстандын Башкы прокуратурасы ага-ини Воингуюлардын иши тергелип бүткөнүн билдирди. Материалдар Кордой райондук сотуна жөнөтүлдү.

«Кордой районундагы Сортөбө айылында 7-февралда жолдо полиция бир тууган Воингуюлардын бирөөнү текшерген. Натыйжада ал жарандын машинесинин документтери жок болуп чыккан. Буга байланыштуу күч органдарынын өкүлү анын жакынкы полиция бөлүмүнө барышын талап кылган. Бирок ал машинесин айдап үйүнө кетип калган. Артынан кууп келген полиция кызматкерлерине бир тууган Воингуюлар баш ийбей, кол көтөрүшкөн», деп айтылат Башкы прокуратура тараткан билдирүүдө.

Буга чейин социалдык тармактар аркылуу бир тууган Воингуюлар полиция кызматкерлери менен араздашып жатканы тартылган тасмалар тараган. Кордойдогу улут аралык мүнөздөгү кагылышка ушул окуя да себеп болушу мүмкүн экени айтылган.

Кордойдогу казак полициясы.
Кордойдогу казак полициясы.

Жаңжал жалgысынан Масанчи, Аукатты, Сортөбө, Булан-Батыр айылдарында болгон жана окуя 11 адамдын өлүмү менен аяктаган. Дагы ондогон киши жаракат алган.

Расмий маалыматка ылайык, 30дай турак жай, 17 соода имараты жана 50дөй машине өрттөлүп, талкаланган. Кагылышка байланыштуу 23 миңден ашуун адам Кыргызстанга убактылуу качып келгенге аргасыз болгон.

Казак бийлиги качкандардын көбү кайра кайтып келгенин маалымдаган. Бирок азырынча канча адам мекенине кайтып келе элек экени белгисиз.

Башкы прокуратура окуяга байланыштуу 25 кылмыш иши козголгонун билдирген, бирок канча адам кармалганы, канчасына айып коюлганы тууралуу маалымат бере элек.

Андан сыртары улут аралык кастыкка үндөп, башка улуттарга күч колдонгон үч адамдын тек-жайы аныкталганы маалымдалган. Башкы прокурордун орун басары Булат Дембаев «Алматы шаарынын тургуну «Фейсбук» аркылуу элди улут аралык кастыкка тукурган. Тараз шаарынын тургуну «WhatsApp» аркылуу улут аралык чатакка үндөгөн» деп кабарлаган. Бирок көзөмөлдөөчү орган шектүүлөр кармалганын же издөөдө жүргөнүн тактаган эмес.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев улут аралык чатакка байланыштуу Жамбылдын губернатору, Кордойдун акими жана облустук, райондук полиция жетекчилери баштаган бир топ аткаминерди кызматтан алган.

2009-жылкы эл каттоого ылайык, Кордой районундагы Масанчи айылында 13 миңден ашуун киши жашайт. Алардын 90% дунгандар, 5% казактар жана 5% орустар.

Ал эми Сортөбө айылынын 14 миңден ашуун тургуну бар. Бул эки айылда жана аларга канатташ бир нече кыштакта дунгандар басымдуулук кылат.

Өткөн аптада Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кордойдагы окуя боюнча пикирин айткан. Ал мындай окуялардын алдын алууну тапшырган жана күнөөлүүлөр жазаланышы керек экенин эскерткен.

Нурсултан Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев.

«Болуп өткөн окуя менин тынчымды алууда. 30 жыл аралыгында биз оор күндөрдү баштан өткөрдүк. Казакстанда 130 ишкана жабылып, 2,5 миллион адам жумушсуз калган. Азык-түлүк тартыш болуп, үйлөргө жылуулук берилбей калган. Бул кыйынчылыктардын баарын бирге жеңдик. Ал кезде биздин көп улуттуу калкыбыз биригип, туруктуулукту камсыз кылбаганда, бүгүн биздин өлкөгө чет өлкөлүк инвесторлор келмек эмес. Казакстан элинин ассамблеясы жана анын аймактардагы өкүлчүлүктөрү мындай учурлардын алдын алышы керек. Бул биздин жалпыбыздын ишибиз», - деген Назарбаев.

Казакстанда улут аралык өңүттөгү кагылышуулар (жергиликтүү тажиктер, чечтендер, түрктөр менен) буга чейин да болгон. Казак бийлиги адатта андай учурларды турмуш-тиричиликтин айынан чыккан уруш-талаш катары сыпаттайт жана улут аралык деп мүнөздөбөйт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кышында коон жыттанган көчө

Кышында коон жыттанган көчө
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:33 0:00

Кышында да коон жыттанган көчө

Кышында да коон жыттанган көчө
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:20 0:00

Коронавирус камаган кемедеги жашоо

«Diamond Princess» саякат кемеси 3-февралдан тартып Жапониянын Иокогама портунда коронавирустан улам карантинде турат. Кемеде баш-аягы 3000ден ашык киши бар. Алардын ичинен 400дөн көбүнө коронавирус жукканы аныкталды. Карантинге алынган кемедеги жашоо сүрөттөрдө.

Сурхандарыя: милиция менен үй ээлери мушташты

Окуя болгон жерден тартылган тасмадан алынган сүрөт

Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы тополоңдо эки милиция кызматкери жана бир жай тургун жаракат алды.

Чыр күч органдарынын өкүлдөрү Алтынсарай районундагы айрым тургундардын үйлөрү буздурулат деп эскертүү бергени келгенде чыккан. Алтынсарайдагы соңку окуяга күбө болгондордун айтымында, 14-февралда Халкобод маалесине райондук администрациянын, прокуратуранын жана ички иштер органдарынын өкүлдөрүнөн турган атайын топ келген. Алар айрым жергиликтүү тургундардын үйлөрү мыйзамсыз салынганын, ошондуктан буздуруларын айтышкан.

«Азаттыктын» өзбек кызматына ошол окуяга катышкандардын бири бул кабар Халкобод маалесинде жашагандарды нааразы кылганын айтып берди.

Социалдык тармактар аркылуу тараган тасмалардан милиция жергиликтүү тургундарга күч колдонду деп нааразы болуп жаткандарды көрүп-угууга болот.

«Алар адамдарды иттерди сабагандай эле тепкилеп жатышат. Карагылачы, бул милиция кызматкерлери күнөөсүз адамдарды ур-токмокко алып, жерге сүйрөп жүрүшөт», - деп айтты окуяны телефонуна тартып жүргөндөрдүн бири.

Сурхандарыя облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тополоңго байланыштуу жергиликтүү тургундарды айыптап билдирүү таратты. Анда элди тынчтандырууга келген милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүшкөн деп айтылат.

«Айрым адамдар милиция кызматкерлерине союл, балта жана күрөк менен кол салышты» деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда жаңжал түштөн кийин, окуя болгон жерге милициянын атайын бөлүгү барганда гана жөнгө салынган. Айрым бир маалыматтарга караганда, окуяга байланыштуу кеминде алты адам камакка алынды жана териштирүү-иликтөө башталды.

Башкы прокуратура 16-февралда Сурхандарыя облусундагы соңку окуя боюнча билдирүү таратты. Анда да чырга Халкобод маалесинде мыйсамсыз үй куруп алгандар күнөөлүү деп жазылган.

«Мониторингдин жүрүшүндө Халкобод маалесинде алты жергиликтүү тургун «Ок-олтин» чарбасына таандык 39 сотых айыл чарба багытындагы жерди өзүм билемдик менен ээлеп алышкан. Бул жерге алар 235,35 чарчы метр жашоо-тиричиликке эч кандай шарты жок имарат курушкан», деп жазылган башкы көзөмөлдөөчү орган тараткан билдирүүдө.

Өзбекстанда жыл сайын мамлекеттик жана коомдук маанидеги керектөө үчүн деген негизде жүздөгөн жеке имараттар, турак жайлар түрттүрүлөт.

Былтыр жайында президент Шавкат Мирзиёев облус, район жетекчилерине өтө чоң муктаждык, зарылдык болбосо ишкерлердин имараттары түрттүрүлбөшү керек экенин эскерткен. Анын алдында Кашкадарыя облусунда бир ишкер насыяга курган эки кабат дүкөнү менен цехин түрттүрүү үчүн келген район акиминин орун басарына бензин чачып өрт койгон. Аткаминер ооруканага жеткирилип, ишкер камакка алынган.

Көп өтпөй Шавкат Мирзиёевдин талабы менен Кашкадарыя, Фергана жана Хорезм облустарынын акимдери элден кечирим сурашкан. Алар социалдык тармактар аркылуу тараткан билдирүүдө «тургундардын макулдугусуз алардын үйлөрүн, имараттарын буздурууга күнөөлүү экенин, айыбын мойнуна алышарын» айтышкан. Шавкат Мирзиёев өкмөттүн жыйынында бул акимдерди катуу жемелеп, элден кечирим сурашын талап кылган:

«Уяты жоктор, мен кимиңерге «үйлөрдү буздургула» деп буйрук бердим эле? Мен силерге «тургундардан уруксат алгыла» деп айткам».

Былтыр өлкөнүн Юстиция министрлиги аймактарда түрттүрүлгөн имараттардын ээлерине өкмөт 300 миллиард сум (35 миллион доллар) карыз экенин билдирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Апта: Өкмөттөгү өзгөрүүлөр, шайлоо «шааниси»

Иллюстрациялык сүрөт.

Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп (10-16-февраль).

Разаковдун кызматтан кетиши

Бул аптада кыргыз өкмөтүндө кадрлык өзгөрүүлөр уланды. Жума башында коопсуздук жана чек ара маселелерине жооптуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматтан алынды. Ал «Азаттыкка» комментарий берип жатып, иштен кеткен себебин үй-бүлөлүк шарты менен байланыштырды:

«Үй-бүлөдөгү маселелерди калыбына келтирүү керек, ошондуктан арыз жаздым. Чек ара меселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Жогорку Кеңештин палатасынан да, жалпы жыйынынан да өтүп, түшүндүрүп чыктык. Бул кыйын маселе болгондуктан, жеринде эл менен да түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Менимче, чек араны чечүү маселеси көп жылдарга уланат. Мен баштаган ишти аягына чыгарыш керек беле же жокпу аны кудай билет. Бирок шартка жараша арыз жазып, иштен кеттим», - деди Разаков.


Деген менен чек ара маселелерине байланыштуу Разаковго соңку кездери сын-доомат күчөгөн болчу. Баткенде, Бишкекте өткөн нааразылык акцияларында аны кызматтан алуу талабы да айтылган. Андан сырткары ал мындан бир канча жыл мурун Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүн жетектеп турганда Тажикстанда кармалып чыкканы тууралуу маалыматтар кайрадан козголо баштаган. Разаков бул сөздөрдү такай жокко чыгарып келет.

Мурдагы вице-премьер-министр Тынычбек Табалдиев Жеңиш Разаковдун кызматтан алынышы күтүлүп-күтүлбөгөн окуя болду деп эсептейт.

Тынычбек Табалдиев
Тынычбек Табалдиев

«Күтүлгөн дегеним, акыркы эки айдан бери Баткен облусунун аймагындагы чек ара маселесинде Разаковдун аты аталып, ага каршы чыккан, аны колдогон да митингдер болду. Райондо өкмөт мүчөлөрү менен болгон жыйында да ага нааразы болгондор чыкты. Ошонун баарына мамлекеттин жетекчиси, өкмөт башчы тарабынан реакция болду го деп ойлойм. Экинчи жагы - биздин Тажикстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдө Разаков өкмөттүк топту жетектеп, мына эми иш алдыга жылат, чечилет деп жатканда кызматтан бошотулушу күтүүсүз болду. Чек ара - мамлекет үчүн эң негизги стратегиялык маселе. Ал бир-эки жылда чечилбейт. Аны кайсы бир деңгээлге алып келгенде жумуштан бошоп калды. Эми анын ордуна жаңы вице-премьер дайындалып, ишти түшүнүп, баштаганча дагы убакыт өтөт, маселенин чечилиши узарат», - деди Табалдиев.

14-февралда Жеңиш Разаков ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча алгачкы сот жараянында жабырлануучу катары көрсөтмө берди.

Башкы прокуратура ушул айда Курсан Асановдун иши тергелип бүткөнүн маалымдаган. Анда ички иштер министринин мурдагы орун басарына «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Кылмыш жасоону уюштуруу же анын аткарылышына жетекчилик кылуу», «Сүйлөшүп алып чогуу кылмыш кылуу», «Кылмышты уюштуруу, шыкактоо жана көмөк» жана «Кылмыш жасоого башка адамдарды көндүрүү» беренелери менен айып тагылган.


Башкы көзөмөлдөөчү орган ошондой эле Курсан Асанов өкүл баласы, журналист Турсунбек Бейшенбеков менен бирге Жеңиш Разаков тууралуу калп маалыматтарды тараткан деп шек саналып жатканын билдирген. Разаков Асановдун иши боюнча сотко көрсөтмө бергени келгенде анын мындай аракетинин себебин билбей турганын айтты:

«Курсан Сатарович менен ортобузда эч качан эч кандай карама-каршылык, тиреш болгон эмес. Иш жана акча боюнча мамилебиз болгон эмес. Анын позициясын түшүнбөйм», деди Разаков.

Жеңиш Разаковдун ордуна вице-премьер-министр болуп буга чейин өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп жүргөн Акрам Мадумаров дайындалды. Анда ыйгарым укуктары буга чейинкиден кыскарганы, мындан ары чек ара маселелерине гана жооп берери маалым болду. Эми күч органдарынын ишине премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү көзөмөл жүргүзөрү айтылды.

Кесиби боюнча ветеринар, 43 жаштагы Акрам Мадумаров президенттин иш башкармалыгында, өкмөт аппаратында эмгектенген, Кадамжай районун, Мамлекеттик кадр кызматын жана Баткен облусун башкарган. Бирок Акрам Мадумаровдун чек ара маселелери боюнча вице-премьерликке дайындалышын дароо эле парламенттин бир катар депутаттары сындап чыгышты.


Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков бийликтин жаңы кадрларды дайындашы өкмөттүн жалпы ишине таасирин тийгизбейт деген пикирде.

«Акыркы күндөрдөгү кадрдык дайындоолордун бардыгы бийликтин «артык кылам деп тыртык кылган» аракети болуп калды. Элдин нааразылыгын жараткан өкмөттү толугу менен кетиргендин ордуна улам бирден министрди кетирүүнү тандап алышты. Бир татыксыз министрди кетирип, анын ордуна андан татыксыз адамды алып келиши ишеним жаратпайт».

Мамкаттоону ким жетектейт?

13-февралда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов күтүүсүз кызматтан алынды. Өкмөт мында дагы жетекчинин иштен алынган себебин так атаган жок. Коопсуздук кеңешинин жыйнында Мамлекеттик каттоо кызматындагы коррупцияга байланыштуу сын айтылган. Жасалма, мыйзамсыз паспорттордун берилиши тууралуу бир катар чуулгандуу окуялар катталган.

Эксперт Алмаз Кулматов бийлик элдин пикирин эске алганын көрсөтүш үчүн ушундай кадамга барды деген пикирге кошулат.

«Менин пикиримде, өкмөт башчылары жакшы кадрларды тандайлы деп, элдин маанайын да эске алып жатса керек деген ойдомун. Биринчиден, чек араны билген, түшүнгөн, чечкен адам деп Мадумаровду тандашса керек. Экинчиден, эл арасындагы буга чейинки маанайды, нааразылыкты эске алып ушул кадамга барышы мүмкүн», - деди ал.


Ал арада Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеши ыктымал дегендердин аты атала баштады. Алардын катарында ушул тушта президенттин аппарат жетекчиси болуп турган Досалы Эсеналиев барары айтыла баштады. Айрым бир маалыматтарга караганда Досалы Эсеналиевдин ордуна биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов барышы ыктымал. Бороновдун ордуна өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Акылбек Осмоналиев келиши мүмкүн. Бирок өкмөт менен аты аталган адамдар мындай маалыматтарды азырынча бышыктап, же төгүнгө чыгара элек.

Мурдагы вице-премьер-министр Тынычбек Табалдиев соңку кызматтык өзгөрүүлөрдү күздөгү парламенттик шайлоо менен да байланыштырды.

«Шайлоого даярдык жүрүүдө. Аймактардын «кураторлору» пайда болууда. «Добуштарды алып берүүгө ким кепилдик бере алат?» деген суроолор чыгууда. «Күмөн санаган жетекчилерди алмаштырабыз» деген пландар коюлууда. Акыркы кызматтык дайындоолордо логика жок. Өкмөттүн мүчөсү, вице-премьер-министр Аскаров «өз каалоом менен кызматтан кеттим» деп арыз берип бошоп жатат. Эки сааттан кийин аны кайра министр кылып көрсөтүүдө. Бул эмне, бала бакчадагы оюнбу? Вицеликтен эмнеге кетти, себеби эмне, ал тармакка тиши өтпөдүбү, себебин айтпайбы? Эң негизгиси мен Аскаровдун резюмесин карап көрсөм, анын Өзгөчө кырдаал министрлигине эч тиешеси жок. Ошондуктан кадрларды шайлоого байланыштырып дайындалууда дегендин чындыгы болуп жатпайбы», -деди Табалдиев.

Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөт 2018-жылдын апрель айында куралган. Ошондон бери биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев гана алмаша элек. Соңку 1,5 жыл ичинде алардан башка министрлердин баары жаңырды.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан гана өкмөтүн тез-тез алмаштырат. Өлкө эгемен болгон 29 жыл ичинде 29 жолу өкмөт алмашкан.

Шайлоо шааниси

Бул жумада жазында шайлоо өтө турган шаарларда каттоого тургандар көбөйгөнү тууралуу маалымат чыкты. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов 13-февралда парламентте Караколго 2797, Балыкчыга 489, Майлуу-Сууга 272, Токмокко 6950, Ошко 33 805 жаран аймактардан барып каттоого турганын билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматкери Адилет Бейшеналиев «Азаттыкка» комментарий берип жатып, документтери толук болсо, ар бир жаран каттоого алынарын, бул жерде эч кандай мыйзам бузуу же чектөө жок экенин айтты.

«Ош шаарына жаңы каттоого тургандар көбөйүп жатат. Мындай көрүнүш бар. Азыркы учурда 10-февралга чейин (1-январдан тартып) 30 миңдей киши жаңыдан каттоого турду. Тиешелүү документтери болсо, ар бир жаран өзүнүн туруктуу жашаган жерин алмаштырууга укуктуу. Ошол эле учурда жаңы дарек боюнча каттоого турууга эч бир чектөө жок. Биринчи кезекте конституциялык укугу бар, эркин орун которууга жана жашаган жерин алмаштырууга».


Анткен менен Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев шайлоого 60 күн калганда добуш берүүчүлөрдүн санын аныктап, Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жайгаштыруу боюнча эреже сакталбаганын айтып чыкты.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова мыйзам бузулганын моюнга алып, кечигүүнүн себебин Мамлекеттик каттоо кызматындагы тактоо иштери аягына чыга элек болуп жатканына байланыштырды.

Парламент депутаттары шаардагы бир үйгө жүздөгөн адамдарды каттоого тургуза берүүгө мыйзамда тыюу салынбай турганын белгилеп, муну тескеш үчүн токтом же кандайдыр эреже иштеп чыгуу маселесин көтөрүштү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматованын демилгеси менен бул маселе тиешелүү органдардын катышуусунда талкууланды. Абдрахматова мындай убактылуу каттоону жергиликтүү кеңештерге шайлоого камынган айрым саясий партиялар атайын уюштуруп жатканын айтып чыккан.

Атыр Абдрахматова
Атыр Абдрахматова

«Бардык органдар, Мамлекеттик каттоо кызматы ар бир жарандын кайсы жерде кааласа ошол жерге барып жашап, каттоого туруу укугу, конституциялык эркиндиги экенин белгилеп жатышпайбы. Албетте, мен буга кошулам. Бирок биз эки жылдан бери Аймактарды өнүктүрүү жылын жарыялап келе жатабыз. Ал эми аймактарды өнүктүрүүгө ким катышат? Ошол жерде жашаган эл катышат да! Мисалы, Бишкекте жашаган киши Токмокто же Ошто кандай маселелер, мүмкүнчүлүктөр бар экенин билбейт. Өз алдынча башкаруу системасынын негизин ошол жерде жашаган адамдар түзөт. Жашаган жерин которууга ар ким укуктуу. Бирок жапырт каттатып, шайлоочулардын санын атайын көбөйтүүгө багытталган аракет болсо, анда ошол эле Ошто, Караколдо же Токмокто чындап жашаган жергиликтүү элдин шайлоо укугун, жергиликтүү маселелерди чечүүгө болгон укугун чектеп жатпайбызбы?», - деди Абдрахматова.

Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 12-апрелинде өтөт.

COVID-19 вирусуна кабылгандар 64 миңге чамалады

Кытайда өпкөнү сезгенткен вирустан өлгөндөрдүн жана ооруну жугузуп алгандардын саны кескин көбөйүп кетти. Ошентип COVID-19 вирусуна кабылгандардын саны 64 миң кишиге чукулдады. Жалпысынан 1 380 адам каза тапты. Дүйнөнүн 30га жакын аймагында коронавируска чалдыккан 565 киши катталды. Кытай бийлиги төрт миңден ашуун бейтап куландан соо сакайганын маалымдады.

Кытайдын вирус адеп катталган Хубэй провинциясында 56 миллион киши карантинден улам эки жакка чыга албай отурат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эпидемиядан улам кабатырланууга чоң негиз жок деп билдирүүдө.

«Вирус катталган өлкөлөрдүн саны өзгөргөн жок. «Diamond Princess» кемесиндеги кырдаалды эске албаганда Кытайдан башка жерлерде вирус жугузгандар көбөйгөн жок», - деп билдирди уюмдун аткаруучу директорлорунун бири Майк Раян.

Ал ортодо Жапония илдеттен улам карантинге алынган «Diamond Princess» саякат кемесиндеги айрым улгайган жүргүнчүлөрдү сыртка чыгара баштады. Ал жүргүнчүлөрдүн көбүнүн өнөкөт оорулары бар. Алардан коронавирус табылган эмес.


Элүүдөй өлкөдөн чыккан жүргүнчүлөрдүн арасында төрт казакстандык бар. Казак бийлиги алардын саламаттыгы жайында экенин маалымдады. Түштүк-Чыгыш Азияны кыдырып жүргөн круиздик кеменин 3700дөй жүргүнчүсүнүн кеминде 218инде өпкөнү сезгенткен коронавирус аныкталды.

Ал арада Жапония, Филиппин жана Таиланд сыяктуу бир нече өлкө өз портторуна киргизбей койгон «Westerdam» кемесин жүргүнчүлөрдө коронавирус аныкталбагандан кийин Камбоджа кабыл алды.

Кытайдагы жергиликтүү жашоочулар өлкө башында турган Коммунисттик партияны «кризиске реакциясы жай болуп жатат, так маалымат жок» деп сынга алууда. Бийликтин дарегине мындай доомат авторитардык өлкөдө сейрек айтылат.

Кошмо Штаттардын расмий адамдары да Кытай өкмөтүн эпидемия тууралуу маалыматтарды жаап-жашырбай берип турууга үндөшүүдө. Алар 2002-2003-жылдары SARS оорусуна байланышкан кризисти жөнгө салууда Бээжин көп кемчиликтерди кетиргенин эске салышат. Анда өпкө кагынынан 800гө чукул киши өлгөн, дүйнөлүк соодага чоң зыяны тийген. Муну менен катар Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кытай жаңы вирусту аныктоо жана ооздуктоо жаатында жакшы иш алып барганын, башка өлкөлөр алардан үлгү алса болорун белгиледи.

Уюмдун Чукул программалар боюнча аткаруучу директору Майкл Райян Женевадагы брифингде билдиргендей, сасык тумоо күчөп турган чакта жаңы коронавирусту ажыратып диагноздоо өтө татаал. Анын үстүнө Кытай дүйнөдөгү калкы көп өлкө. Уюмдун маалыматына ылайык, окумуштуулар ушу тапта ооруга каршы төрт түрдүү вакцинанын үстүнөн иштеп жатат.

Коронавирустан сактануунун эрежелери
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:28 0:00


Ал тапта Кыргызстанда Кытайдан жаңы келген 123 адам дарыгерлердин көзөмөлүнө алынганы маалым болду. Дагы 591 киши жашаган жериндеги медициналык мекемелердин текшерүүсүнөн өтүп турууга милдеттендирилген.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда вирусту жугузуп алгандар катталган жок, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.

Акыркы суткаларда өлкөгө сырттан кирген 25 миңден ашуун адам тепловизордун көзөмөлүнөн өткөн. 28-январдан бери Кыргызстанга 7054 адам Кытайдан келген. Алардын ичинен 190у кытайлык жарандар болсо, калгандары кыргызстандыктар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Анна Никольская: Каарман котормочу жана ауэзов таануучу

Анна Борисовна Никольская (1889––1977).

Орус жазуучусу Анна Никольская (1889––1977) чыгаан казак жазуучусу Муктар Ауэзовдун “Абай” романынын алгачкы китептерин орус тилдүү окурмандарга жетик котормосу аркылуу тааныштырган таланттуу котормочу болгон. Бул айдың айым сталиндик ГУЛагда эки ирет жазыксыз жерден жатып чыккан. Тарыхчынын блогу.

Котормочу жана ауэзов таануучу айым

Даңазалуу казак жазуучусу, аалымы, коомдук ишмери Муктар Ауэзовдун (казакча Мұхтар Омарханұлы Әуезов; 1897––1961) чыгармачылыгы атпай кыргыз журтуна совет доорунан бери жакшы таанымал. Бул чыгаан казак айдыңы кыргыздын “Манас” эпосунун элдик мүнөзүн тастыктоо үчүн алатоолук айдыңдар жүргүзгөн күрөшкө өзгөчө салым кошкон жана 1950-жылдардагы жаш кыргыз калемгери Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын сырткаркы дүйнөгө таанытууга да үлүшү бар инсан экенин Кыргызстанда карысы да, жашы да дурус билет.

Муктар Ауэзовдун кара сөздөгү эпикалык чыгармасы болгон көп томдуу “Абай” романы XX кылымдагы казак жана борбордук азиялык түрк калктарынын адабияты үчүн бараандуу сере болуп калган.

Биз чакан блогубузда жалпы ауэзов таануу көйгөйлөрүнө эч киришпестен, бул романдын алгачкы эки китебин орус тилдүү окурмандардын мухиттей чоң дүйнөсүнө тааныштырган котормочу жана жазуучу Анна Борисовна Никольская тууралуу азыноолак кеп куруу менен чектелмекчибиз.

Анна Борисовна Никольская (1889––1977). 1948-жыл.
Анна Борисовна Никольская (1889––1977). 1948-жыл.

Адатта, котормочу дегенде кишилер ийнин куушуруп коюшу мүмкүн: которсо, которгондур да! Бирок бул түйшүктүү иштин артында да чоң тагдыр жатат да!

Албетте, текстти сөзмө-сөз котортуп алып, андан соң ошол деңгээлди башка тилдеги адабий калыпка салып, ийисине жеткирген, бирок өзү которгон китептин түп нускада жазылган тилин эч билбеген котормочулар арбын экендиги талашсыз.

Бирок Анна Борисовна Никольская андай котормочулардан эмес болчу. Бир катар славян тилдеринен тышкары, жаштайынан француз жана немис тилдерин мыкты өздөштүргөн Анна Никольская үчүн агглүтинатив тилдердин бири болгон казак тилин өздөштүрүү жеңилге турган.

Казакча текстти ал кантип аки-чүкүсүнө чейин аңдай алгандыгы анын котормо маалындагы мындай учур тууралуу эскерүүсүнөн эле айкын болот:

«… есть казахское слово “жорга”… Это слово имеет два значения: а) иноходец; б) дипломат. Умеющий словами добиться желаемого, заворожить собеседника своей речью. Одного из второстепенных героев романа М. Ауэзова – Жумабая – так и называли “Жорга-Жумабай” за его дипломатические способности. Ага-султан (то есть старший султан орды) посылает его к старейшинам других казахских родов со сложным поручением.

И вот фраза подстрочного перевода: “Жорга-Жумабай сел на своего жорга и точно слился с ним в одно целое. Настоящий жорга был Жорга-Жумабай!”

На этом я споткнулась. Автор сказал, что он понимает трудность, даже невозможность игры этого слова в переводе. Он предложил мне отступить от казахского текста. Не получилось ни эквиритмии, ни нагнетания шипящих и гортанных звуков, заполнявших фразу оригинала».

Булак: Кешин К. Святая Анна // Литературная Алма-Ата. – 2017. –– № 11; Дагы караңыз: Библиотека и судьба: А.Б.Никольская: Сборник материалов к 120-летию со дня рождения / Составитель Валерий Павлович Леонов. –– СПб.: БАН, 2019. –– Б. 26.

Казак тилинде “жорго” деген сөз бар... Бул сөз кош мааниге ээ: а) жорго ат; б) дипломат. Мындай киши чечендиги менен өз мүдөөсүнө жетип, өзү менен баарлашканды тим эле арбап алат. М.Ауэзовдун романындагы көмөкчү орундагы кейипкерлердин бири –– Жумабай; аны дипломаттык эпчилдиги үчүн дал ушундайча кылып “жорго Жумабай” деп атап коюшкан. Ага-султан (б.а. ордонун ага султаны) аны бир татаал маселенин түйүнүн чечүү үчүн башка казак урууларынын аксакалдарына жөнөтөт.

Сөзмө-сөз котормонун фразасы мындайча: “Жорго Жумабай өзүнүн жоргосуна минди да, аны менен тим эле бир бүтүнгө жуурулушуп калгандай болду. Жорго Жумабай нагыз эле жорго болчу!”

Мына ушул жерге мен такалып калдым. Автор болсо бул сөздү которгондогу кыйынчылыкты, ал түгүл сөз оюнун которууга мүмкүн эместигин аңдап турганын айтты. Ал (М. Ауэзов. –– Т.Ч.) мага казак текстине байланбастан, чегинүүгө сунуш кылды. Бул фраза казакча түп нускада камтыган эквиритмия (татаал ыргакты сактап калуу принциби) да сакталбады, ошондой эле, шуулдама жана таңдайда жасалчу добуштардын күчөтүлүшү да которууга эч жатпады”.

Котормочулуктун мүшкүлдөрү ар бир беттен учурайт:

Еще пример: слово "бауыр" означает "печень", а также "родственник", "сородич". Фраза: "Пусть сгорит у тебя бауыр, если ты скажешь, что Қодар тебе бауыр!"

Дагы бир мисал: казакча “бауыр” сөзү “боор”, “жакын тууган”, “уруулаш” деп да аңдалат. Эми фраза келтирелик: “Эгерде Кодорду (казакча “Қодар”) өзүмдүн боорум дей турган болсоң, анда бооруң күйүп кетсин!”

Анна Никольская күйөөсү Борис Ильин-Какуев (солдо) жана казак жазуучусу Муктар Ауэзов (оңдо) менен; Алматы, 1959-жыл.
Анна Никольская күйөөсү Борис Ильин-Какуев (солдо) жана казак жазуучусу Муктар Ауэзов (оңдо) менен; Алматы, 1959-жыл.

Буга чейин да “Кыз Жибек” дастаны сыяктуу бир далай чыгармаларды казак тилинен орусчага которууга үлгүргөн дасыккан котормочу Анна Никольскаянын кээде өз алсыздыгын ачык мойнуна алуусу – бул казак тилинде түп нускада чыгарма камтыган керемет дал ошол тилде гана сакталышы мүмкүн экендигин тастыктаган тыянак болуп саналат.

Албетте, башка кошумча каражаттар аркылуу көркөм касиет мүмкүн болушунча оригиналга жакындатып берилээри бышык. Анна Никольская да ушундай усулду жактаган.

Бул чыгарма толук жазылып бүтө электе эле Анна Никольская аны сындагандардан коргоп чыккан. 1944-жылы 15-майда романды коомдук талкуулоо маалында котормочу айым мындайча сүйлөгөн:

«… Книга носит название «Абай». А я бы сказала, что это больше, чем Абай. Это подлинная эпопея, книга о Казахстане третьей четверти ХIХ века, книга самого широкого познавательного значения, в которой найдет интересный материал и историк, и этнограф, и литературовед, и психолог. А центр ее – растущий Абай…

…Вокруг Абая и неотделимо от него встает народ: народ в праздниках, радости, горе, бедствиях, междоусобицах, народ в песнях и искусстве, в быту…»

Китеп “Абай” деген аталышка ээ. Мен мындай деп айтаар элем: бул –– Абайдан да чоң нерсени камтыйт. Бул –– нагыз эпопея, бул –– ХIХ кылымдын үчүнчү чейрегиндеги Казакстан тууралуу китеп, абдан кеңири агартуучулук мааниге ээ китеп; андан тарыхчы да, этнограф да, адабият таануучу да, психолог да кызыктуу материал таба алат. Китептин өзөгү –– жетилип келе жаткан Абай...

...Абайдын айланасында жана андан эч ажырагыс болуп эл турат: мында элдин майрамдары, кубанычы, кайгысы, азаптары, ич ара уруштары, элдин ырга жана көркөм өнөргө, тиричилик жагдайларына ширелген турмушу сыпатталган...”

Котормочу Анна Никольская, ошентип, ауэзов таанууга да илимпоз адис катары салым кошо алган.

Эки ирет жазыксыз жазаланса да, кайышпаган

Орус элинин совет доорундагы таланттуу адабият таануучусу, орто кылымдардагы чыгыш славян адабиятын изилдөөчү (маселен, “Игордун кошууну жөнүндө баянды” да изилдеген), китепканачы, котормочу катары таанымал Анна Борисовна Никольская XX кылымда орус эли дуушарланган оор сыноолорду жон териси менен тарткан.

Ал 1889-жылы 14-декабрда Санкт-Петербургда туулган. Ал укук адистиги боюнча профессор, көз карашы жагынан падышалык жеке менчик башкарууну жактаган инсан –– Борис Владимирович Никольскийдин кызы болгон. Атасы 1919-жылы большевиктер тарабынан атууга кеткен (2002-жылы июлда Түндүк флоттун аскер прокуратурасы Б.В.Никольскийди атууга кескен кылмыш ишин кайра карап чыгып, аны кайра оолугу менен актаган). Б.В.Никольский топтогон өзгөчө бай жекече китепкананын кору кийинчерээк Советтик Орусиядагы бир нече китепканага, анын ичинде Ленинграддагы Коомдук китепканага, Китеп палатасына ж.б. өткөрүлгөн.

Анна Никольская болсо 1917-жылы аксөөк айымдарга таалим берген Александровдук институтту алтын медал менен аяктаган. Атасы 1919-жылы атууга кеткен соң, оорукчан энеси жана иниси Романга каралашуу түйшүгү Аннага жүктөлгөн (кийинчерээк анын инис Роман өзүнүн “буржуазиячыл жана монархист” атасынан кечип, ОГПУдагы чекисттик кызматка өткөн, бирок өзү 1937-жылы баары бир атууга дуушарланган).

Анна Никольская Маскөөгө келип, чокундурган атасы, алыскы тууганы Георгий Васильевич Чичеринден (ал кездеги тышкы иштер министринен) көмөк сурайт. Анчейин жардам ала албай калган соң, ал Волховкурулушка келип, жумушчулардын сабатын жойгон жана башка мугалимдик кесиптерди аркалаган.

Жумушчу табынын арасында иштеген эмгек стажы ага Ленинград мамлекеттик университетинин (ЛГУ) Коомдук илимдер факультетине окууга өтүүгө мүмкүндүк берген. Бирок ата-теги монархиячылардан болгону үчүн аны улам окуудан чыгарып салып турушкан. Акыры ал окууну аяктап, ЛГУнун Батыш менен Чыгыштын адабиятын жана тилдерин салыштырма иликтөө илим-изилдөө институтуна аспирантурага кабыл алынган. Бирок 1930-жылы аны “элге жат элемент” катары аспирантурадан чыгарып салышкан.

1931-жылдан тартып ал СССР ИАсынын Китепканасында (ИАК; орусча БАН) иштей баштайт. Илимий макалалар жазат.

1933-жылы жайында Анна Никольская камакка алынган. Анын өзүнүн баамында, ИАКта каттоого алынбаган каражаттарды жогортодон берилген көрсөтмөгө ылайык ары-бери мыйзамсыз таркаткан ИАКтын деректири И.И.Яковкинди Анна сындап койгону үчүн бул төбөл аны каматып койгон.

Анна камакка алынган соң, оорукчан энеси өз жанын өзү кыйып өлгөн.

Аннаны чекисттер ойдон чыгарган “Слависттер иши” боюнча камакка алышкан (ошол эле жылдары Кыргызстанда жок жерден “Социал-Туран партиясы” дегенди ойлоп таап, нечендеген кыргыз айдыңдарын камай башташкан эмеспи!)

ОГПУнун бир коллегиясынын 1934-жылы 2-апрелдеги чечимине ылайык, Анна Никольскаяны Алматы шаарына сүргүнгө айдашкан. Анна Никольская Муктар Ауэзов менен 1935-жылы Алматыдан таанышканын жазат. Бирок чынында алар 1920-жылдардын соңунда эле ЛГУда таанышкан болушу ыктымал деген жоромол бар. Биографиялык маалыматтын айрым барактарын жаап-жашырып коюу СССРде “сактыкта кордук жок” дегендей кеңири таркалган усул болчу. Маселен, Муктар Ауэзов өзү деле 1940-жылдары Сталиндик сыйлыкка талапкер кезинде жазган автобиографиясында 1930-жылдары убактылуу камакка алынган кезеңин эч эскерген эмес. Алматыда сүргөндө жүргөндө Анна Никольская казак тилин үйрөнүп, бир катар казакча чыгармаларды орус тилине которо баштайт (бул котормо ишин табууга ага М.Ауэзов көмөктөш болгон). Алардын арасында “Кыз Жибек”, “Козу Көрпеш – Баян сулуу” лирикалык поэмасы, казак эл жомоктору, ж.б. чыгармалар болгон. Ал Казак пединститутунда француз тилинен жана байыркы орус адабияты сабагынан да сабак берген. Саат басып, сталиндик жазалоолор доорундагы “ежовчулук” кезеңи келип, 1937-жылы Анна Никольская Алматыда кайрадан камакка алынган. Аны ОГПУнун Атайын жыйналышынын 1937-жылдын 10-декабрындагы чечими менен 10 жылга “эл душманы” катары абакка кесишкен.

1943-жылдын жазына чейин ал Свердлов облусунун түндүгүндө Уралдагы ГУЛагда болгон. Майып болуп калганына байланыштуу, аны 1943-жылы Алматыга жайкын сүргүнгө айдашкан. Анна Алматынын жанындагы Тастан жергесинде эптеп бир жертөлөдө жашап калган.

Абак жана сүргүн жылдары ал кургак учук жана башка ооруларга чалдыккан. Түрмөдө сурак маалындагы токмоктоонун айынан анын башы көп ооручу болгон.

Алматыда Анна Никольская М.Ауэзовдун көмөгү менен кайрадан улам жаңы котормо тапшырыктарына ээ болуп, калем акы менен күн көрө баштаган.

Дал ушул маалда ага Муктар Ауэзов өзүнүн “Абай” романынын алгачкы эки китебин которткон.

Ошол эле маалда ал Алматы пединститутунда да сабак берүүсүн уланткан.

1948-жылы ал Казакстан Жазуучулар Биримдигине мүчө болуп калган жана бул уюмдун орус бөлүмүндө иш алып барган.

Анна Борисовна Никольская күйөөсү, профессор Борис Иванович Ильин-Какуев менен. Алматы, 1956-жыл.
Анна Борисовна Никольская күйөөсү, профессор Борис Иванович Ильин-Какуев менен. Алматы, 1956-жыл.

1950-жылдардын башында ал орустун чыгаан окумуштуусу, биохимик Борис Иванович Ильин-Какуев (1886––1972) менен баш кошкон. Анын күйөөсү да француз, англис, немис тилдерин мыкты билген. Ал эч качан эч бир саясий партияга мүчө болгон эмес.

Болочокку МГУда (мурдагы императордук Москва университетинде) эки башка адистикте таалим алган профессор Б.Ильин-Какуев 1931-жылы декабрда Алматыга келип, 1932-жылдан тартып Казак мамлекеттик медициналык институтунда жаңы ачылган биохимия кафедрасын башкарып, 30 жылдан ашуун мезгил ушул кафедраны жетектеп турган.

1956-жылы Анна Никольская 1930-жылдардагы бардык айыптоолордон толук акталып чыккан. Ошол жылдан тартып ал өзүнүн сталиндик абактагы оор кезеңин чагылдырган өмүрдүк башкы чыгармасын –– “Андан ары узат” («Передай дальше») повестин жаза баштаган. Бул повесттин толук тексти Анна Никольскаянын 1989-жылы (“Кайра куруулар” кезеңинде) Алматы шаарында жарык көргөн бир томдук чыгармалар жыйнагына киргизилген.

Анна Никольская котормочулук жана ар кыл илимий-педагогдук иштерден тышкары, залкар казак аалымы Чокон Валихановдун чыгармалар жыйнагын басмага даярдоо ишине да катышканы маалым.

Анна Борисовна Никольская өзүнө экинчи мекени болуп калган Алматы шаарында 1977-жылы 21-ноябрда көз жумган.

Котормочу, адабиятчы, ауэзов таануучу Анна Никольская орус жана казак айдыңдарынын достугун ширелткен инсан катары Казакстанда ар дайым эскерилип келет. Анын жаркын элесин түбөлүккө калтыруу максатында ар кыл чаралар өткөрүлүп келет. Анын ысымы Алматыдагы өзү жашаган көчөгө да берилген.

Кыскача адабият:

Библиотека и судьба: А.Б.Никольская: Сборник материалов к 120-летию со дня рождения / Составитель Валерий Павлович Леонов. –– СПб.: БАН, 2019. –– 224 с. –– ISBN 978-5-336-00258-4.

Кешин К. Святая Анна // Литературная Алма-Ата. – 2017. –– № 11.

Кунаев, Диар. Об Анне Никольской – переводчице великого романа Мухтара Ауэзова // Новая газета. – 23.2.2017.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Николай: Бала бакчадагы ишимди жакшы көрөм

Николай: Бала бакчадагы ишимди жакшы көрөм
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:28 0:00

Коронавирус түркмөн ишкерлерине сокку болду

Түркмөн чек арасындагы жүк ташуучу автоунаалар. (Архивдик сүрөт).

Кытайдан товар ташыган түркмөн соодагерлер карантиндин айынан товарларынан айрылышууда.

Түркмөн бийлиги соодагерлердин жүктөрүн өрттөп жок кылуу үчүн тартып алууда. Бирок зыянга учураган соодагерлер жүк өрттөлбөй эле уурдалып жатат деп шек санашат.

Кытайдан чыккан коронавирустун айынан түркмөн соодагерлери да ири зыянга учурап жатканын "Азаттыктын" түркмөн кызматы кабарлады. Ага ылайык, түркмөн бийлиги да башка өлкөлөрдөй эле Кытайдан келген соодагерлерди карантинге алып жатат. Бирок Түркмөнстандагы карантин башкалардан өзгөчө катаалдыгы менен айырмаланат.

Маселен, бийлик Кытайдан келген жүктү өрттөп жок кыларын айтууда. Бирок алып сатарлар товарды чиновниктер жең ичинен бөлүштүрүп алууда деп нааразы.

"Азаттыктын" түркмөн кызматынын жергиликтүү кабарчысы өлкөдөгү абалды мындайча сүрөттөдү.

"Кытайдан товар ташыган соодагерлерди бийлик өлкөгө келери менен карантинге алып жатат. Коронавируска каршы күрөш деген жүйө менен алардын товарларын конфискациялаган тартип киргизген. Товарлар өрттөлүп, жок кылынат деп ишендирип жатат".

Бирок соодагерлер товардын өрттөлгөнүнө ишенбейт. Дээрлик оору жугузбай турган “тиричилик техникалары, кийим-кечектер да жок кылынат” деген талап соодагерлердин шек саноосун жаратууда.

Жергиликтүү кабарчынын маалыматына караганда коронавирустан коргонуу чарасынын айынан айрыкча соодагерлер ири зыянга учураган.

"Мисалы, бир соодагердин Кытайдан 30 тонналык контейнер менен алып келген товарын конфискациялап алып коюшту. Контейнерде тиричилик техникалары жана запастык тетиктер болгон. Ал товарлардын көбү жергиликтүү соодагерлердин буюртмасы болгон. Аны ташып келген ишкер ири зыянга учурады. Анткени коронавирус болушу мүмкүн деген шылтоо менен тартып алынган товарлардын зыянын өкмөт төлөп бербейт. Эми жүк ташыган ишкер менен ага буюртма берген соодагерлер кантип эсептешери белгисиз. Жок кылынган жүк үчүн бийлик жоопкерчиликти алган жок".

Түркмөнстан менен Кытайдын ортосунда ири соодагерлерден сырткары учак менен ары-бери такай каттаган челнокчу алып сатарлардын да катары калың.

Кытайдагы коронавирус илдети ошол чакан соодагерлерди да зыянга учуратты. Өлкөнүн бажы кызматтары алардын жүктөрүн да конфискациялап жатат. Кытайга барып келген соодагерлердин өздөрүн да 20 күндүк карантинге алышууда. Аларга уюлдук телефон колдонууга да тыюу салынган.

Кытайдан 29-январда келген 79 жүргүнчү Ашхабаддан 175 чакырым алыстыкта жайгашкан Душак шаарчасына жайгаштырылып, медицина кызматкерлеринин көзөмөлүнө алынган.

Кытайдан февраль айынын башында келген түркмөн жарандары учурда Лебап облусундагы инфекциялык оорукананын короосунда чатырларда жашап жатканы маалым болду.

Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги “коронавирус жайылган өлкөлөрдөн келгендер көзөмөлгө алынды. Оору тарап кетпеши үчүн бардык чаралар көрүлдү” деген чакан билдирүү таратып гана тим болгон.

Январь айынын аягында Түркмөнстан чет өлкөдөн келгендерге көзөмөлдү күчөткөн. 1-февралдан тартып Кытай менен авиакаттамды токтоткон.

13-февралга карата Кытайда коронавирус жуктургандардын саны 60 миңге жакындады. 1380 адам каза болду. 7 миңге жакын адам айыгып чыкса, Кытайдан башка өлкөлөрдө оору жуктургандардын саны 500дөн ашты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Чек арачылар ооганчыларды эскеришти

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы өлкөдөгү бардык аскер бөлүктөрүндө Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылганынын 31 жылдыгын белгилешти. Иш-чара жаштарга жоокерлердин жашоосун тааныштыруу менен коштолду.

Өзбек коопсуздук кызматындагы тазалоо

Ташкент шаарынын Юнусабад райондук сотунун имараты.

Өзбекстанда Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деп айыпталган коопсуздук жана күч органдарынын жооптуу кызматкерлери боюнча сот иши башталды.

Өзбек саясатын ичинен билген адистер бул көрүнүштү Мирзиёевдин Москванын таасиринен чыгуу аракети катары баалашууда.

Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деп айыпталгандардын арасында президентке караштуу Стратегиялык иликтөө институтунун башчысы, 61 жаштагы Рафик Сайфулин жана Өзбекстандын Куралдуу күчтөрүнүн бирдиктүү штабындагы башкармалыктын башчысы Акбар Ярбабаев аттуу жооптуу кызматкерлер бар.

Акбар Ярбабаевдин Санкт-Петербург шаарында жашап, Пулково аба майданында авиадиспетчер болуп иштеген Алексей Ярбабаев аттуу бир тууган агасы бар. Алексейдин билдиргенине караганда, Акбардын иши боюнча тергөө 1-февралда аяктап, сотко өткөрүлгөн. Акбар менен аялы Елена 2019-жылдын 15-июлунан бери камакта отурат.

«Акбар менен күн сайын эртең менен Интернет аркылуу сүйлөшүп турчубуз. Аны менен эч качан жумуш тууралуу сүйлөшкөн эмеспиз. Анткени мен анын Өзбекстандын Коопсуздук кызматында иштегенин билчүмүн. Ал Орусияга көп келчү эмес. Акыркы жолу он жылдай мурун расмий иш сапары менен келген», - деди ал.

Владимир Калошин.
Владимир Калошин.

Былтыр «Азаттыктын» өзбек кызматы отставкадагы подполковник, Коргоо министрлигине караштуу «Мекенчил» журналынын кабарчысы Владимир Калошин камалганын кабарлаган. Ага карата да «мамлекеттик сырды ачкан» деген айып коюлган. Өзбекстандын күч түзүмүндө жогорку кызматты ээгелен булак Калошин, Сайфулин жана Ярбабаев Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган, мамлекеттик сырды ачкан деген окшош беренелер менен соттолуп жатышканын ырастады.

«Алар тыңчылык жана мамлекеттик сырды ачыкка чыгаруу аркылуу Өзбекстандын эгемендигине, аймактык кол тийбестигине, коопсуздугуна, коргонуу жөндөмүнө жана экономикасына атайылап зыян келтирген деп айыпталууда. Башка өлкөнүн Өзбекстанга каршы душмандык ишмердүүлүгүн жүргүзүү менен алектенген өкүлдөрүнө мамлекеттик сырды ачкан, алардын пайдасына тыңчылык кылган».

Өзбекстандын мурунку дипломаты, учурда Швейцарияда качып жүргөн Алишер Таксанов Сайфулин жана башка күч кызматкерлери орус бийлигинин пайдасы үчүн иштеши толук мүмкүн деп эсептейт.

Өзбек коопсуздук кызматын мурдатан эле тазалаш керек болчу.

«Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы чынында жырткыч болгон. Качкындарды, оппозиция өкүлдөрүн Орусиядан кармап, Өзбекстанга мыйзамсыз кайтарып берип турган. Бул көрүнүш орус ФСБсы менен өзбек коопсуздук кызматы бекем карым-катнашта иштешет дегенди далилдейт. Мындай мамилени кармаш үчүн коопсуздук кызматкерлери өз ара абдан тыгыз иштеши керек. Ошондуктан өзбек коопсуздук кызматын мурдатан эле тазалаш керек болчу. Анткени бул кызмат КГБдан куралган. Ошол эле Рустам Иноятов, ошол эле коргоо министри Камилов - КГБнын жемиши. Каримов Орусиядан оолак турууга аракеттенген. Орусиянын таасирин Мирзиёев эми сезе баштагандай. Ошондуктан коопсуздук кызматтарын тазалаганга аракет кылган сыяктанат».

Чыккынчылык жана башка өлкөнүн пайдасына тыңчылык үчүн айыпталган Рафик Сайфулин эмгек жолун КГБдан баштаган. Ал перс, пушту жана дари тилдерин мыкты билген запастагы офицер болгон.

Рафик Сайфулин.
Рафик Сайфулин.

Сайфулин Өзбекстандын президентине караштуу Стратегиялык изилдөө институтун башкарган. Булактардын айтымында Рафик Сайфулин Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын мурунку башчысы Рустам Иноятовдун эң жакын санаалаштарынын бири болгон. Ал президентке жазган аналитикаллык баяндамаларында Өзбекстан Батыш менен АКШдан өзүн оолак кармап, Орусия менен жакын болуш керек деген негиздемелерди келтирген.

Учурда чыккынчылык үчүн айыпталып жаткан экинчи каарман Акбар Ярбабаев 2006-жылы мурдагы президент Ислам Каримов тарабынан «Шон-Шараф», кыргызча «Даңк» ордени менен сыйланган. Ал Өзбекстандын Куралдуу күчтөрүнүн бирдиктүү штабында башкармалыктын башчысы болуп иштеген.

Шавкат Мизиёев Өзбекстанга президент болуп шайланары менен Улуттук коопсуздук кызматынын мурунку башчысы Рустам Иноятовду кызматтан алган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Өзбек студенттери коңшу өлкөдөн кайтууда

Өзбек студенттери коңшу өлкөдөн кайтууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:43 0:00

Өзбек студенттери коңшу өлкөлөрдөн кайтууда

Дүйшөмбү шаарындагы өзбек студенттери.

Өлкөнүн Билим берүү министрлиги Тажикстанда, Кыргызстанда жана Казакстанда окуган жарандарынан 15-февралга чейин өлкөгө кайтып келүүнү талап кылды.

Окуу жараяны кызуу жүрүп жатканына карабай Дүйшөмбүдөгү педагогикалык университетте окуган өзбекстандык студенттер ушул күндөрү сабакка катышпай жатышат. Алар эртеден кечке академиялык тастыктама алыш үчүн кезекте турушат. Анткени Өзбекстан кошуна мамлекеттерде окуган студенттерине 15-февралга чейин өлкөгө которулуп келип калууга буйрук берген. Студенттердин айтымында, бул мөөнөт ичинде академиялык тастыктамасын алып бара албагандар окуусун уланта албай калышат. Бирок Өзбекстанга барып, кошумча сертификация сынагынан өтүү милдетинен кутулганына кубанган айрым студенттер Мирзиёевдин бул демилгесин колдоп жатышат.

«Башка өлкөдөн алган диплом Өзбекстанда атайын сертификациядан өтүш керек. Бирок ал оор. Ошондуктан бизди өлкөгө чакырганы үчүн президент Мирзиёевге чоң рахмат», - деди алардын бири.

Учурда Тажикстандын жогорку окуу жайларында Өзбекстандан барган 5 миңдей студент окуйт. Тажик ЖОЖдору өзбекстандык студенттерге азырынча академиялык тастыктамадан башка эч кандай кагаз бербей турушат. Тажик тарап муну дүйнөлүк талап деп эсептейт. Маселен, Дүйшөмбү педагогикалык университетинин проректору Саади Косимов студенттер ойду-келди ары-бери которула албай турганын айтты:

«Учурда биз өзбекстандык студенттерге академиялык тастыктама гана берип жатабыз. Бул документ - ар бир студент каалаган учурда окуу жайынан талап кыла ала турган жалгыз документ. Өзбекстандын окуу жайларына которулууга мүмкүндүк бере турган бир да документти берген жокпуз. Анткени бир окуу жайынан экинчи окуу жайына которулуунун белгилүү мөөнөтү, тартиби бар. Биз аны буза албайбыз».

Өзбек президентинин мындай шашылыш чечимин кошуна өлкөдөгү окуу жайларынын жетекчилери түшүнө албай турушат. Анткени бир окуу жайынан экинчи окуу жайына которулуунун атайын мөөнөтү болот.

Учурда Кыргызстанда Өзбекстандан келген 17 миң студент билим алат. Ош мамлекеттик университетинин биринчи курсунун студенттери да окуусун Өзбекстанга которуп кете албай жатышат. Анын себебин окуу жайынын ректору Кудайберди Кожобеков мындайча түшүндүрдү:

«Биздин жалпы эреже боюнча каалаган студент арызын жазып, окуусун которуп кете алат. Бирок Кыргызстанда "биринчи курста которулбайт" деген эреже бар. Ал Өзбекстандын эрежесинде кандай, биз билбейбиз. Эгер аны такташсак, Өзбекстан кабыл ала турганы анык болсо, коңшу өлкөдөгү университет "биз бул студентти кабыл алдык" деп кат жибериши керек. Ошондо биздин окуу жайыбыздан кете берсе болот».

Ал эми Казакстандагы жогорку окуу жайларында Өзбекстандан барган 15 миңге жакын студент билим алат. Учурда ошол казак ЖОЖдорунда окуган студенттер да президентинин чакыруусун кабыл алууга мажбур. Шымкент мамлекеттик университетинин проректору Садыбек Бейсенбаев өзбекстандык студенттерге азырынча окуган сабактарынын тизмесин гана берип жатышканын айтты:

«Биз азырынча Өзбекстандан келген студенттердин бардык документтерин кайтарып беле элекпиз. Азырынча окуган сабактарынын тизмесин гана тактап берип жатабыз. Эгер Өзбекстандын окуу жайлары кабыл албаса кайра кетип, улантып кете алышат. Эгер кабыл алса, анда кабыл алган окуу жайынын кепилдиги менен документтерин которуп беребиз».

Кыргызстан, Тажикстанда жана Казакстанда окуган студенттер окуу жылынын так ортосунда Өзбекстанга которулуп кетерин күтүшкөн эмес. Ошондуктан колго тийген документин алып, мекенине кайтып жатышат. Бирок алардын колундагы кагаздары өз мекенинде окуусун улантууга жарамдуубу же жокпу, эч ким билбейт.

Өзбекстан кошуналарынын ЖОЖдорунда окуунун сапаты өз улуттук рейтингине жооп бербейт деген жүйө келтирүүдө. Бирок айрым маалыматтар боюнча Өзбекстан кошуна мамлекеттерде окуган студенттер диний радикализмге берилип келиши мүмкүн деп да чочулайт.

Өзбекстан Борбор Азия мамлекеттери баш болгон бир катар өлкөлөрдүн дипломдорун тааныбайт. Ошол эле учурда Орусия жана Батыш өлкөлөрүнүн дипломдорун кошумча сертификациясыз кабыл алат. Бирок Тажикстанда жана Кыргызстанда окуу акысынын арзандыгы өзбек жаштарын өзүнө тартып келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Мирзиёевдин «эрке» күйөө балдары

Отабек Умаров.

Өзбекстандын президентинин мансапка умтулган күйөө балдары.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кенже кызынын күйөөсү Отабек Умаров Борбор Азиядагы MMA (Эрежесиз эр уруш) конфедерациясынын башчылыгына дайындалды. Анын бул кызматка талапкерлиги 6-8-февралда Казакстанда өткөн конференцияда көрсөтүлгөн.

Жаңы түзүлгөн бирикменин баш кеңсеси Ташкентте орун алат. Конфедерацияга Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын ассоциациялары биригишкен. Эрежесиз эр уруш - акыркы жылдары Орусиянын Түндүк Кавказы менен Борбор Азия өлкөлөрүндө кеңири жайылып бараткан спорттун түрү.

Мирзиёевдин үй-бүлөсү.
Мирзиёевдин үй-бүлөсү.

Шавкат Мирзиёевдин расмий өмүр баянында эки кыз, бир уулу, беш небереси бар экени көрсөтүлгөн.

36 жаштагы Отабек Умаров - Мирзиёевдин кичүү кызы Шахнозахондун күйөөсү. Алардын үч кызы бар. Шахнозахон өзү эки жылдан бери мектепке чейинки билим берүү министринин орун басары. Ал эми Отабек - Мирзиёевдин коопсуздук кызматынын башчысынын биринчи орун басары, президентти чет өлкөлүк сапарларда коштоп жүрөт.

Ошондой эле Отабек - Өзбекстанда ММА ассоциациясынын башчысы. Быйыл мартта ал Триатлон федерациясынын жетекчилигине шайланган. Июлда өкмөт ММА федерациясына мурдагы президенттин кызы Гүлнара Каримованын Ташкент облусундагы конфискацияланган «Сижжак» резиденциясын бекер колдонууга өткөрүп берүүнү сунуш кылган. Маалыматка караганда резиденциянын аймагында бир нече мейманкана, үч бассейн жана амфитеатр бар.

Отабек былтыр жайында Ташкенттин борбордук көчөлөрүнүн биринде машинесин саатына 200 чакырым ылдамдыкта айдап бараткан тасмасы Интернетке жарыялангандан кийин көпчүлүктүн көзүнө түшкөн. «Азаттыктын» өзбек кызматынын жаңылыгынан соң президенттин күйөө баласы бул жоругу үчүн 200 доллар айып төлөгөнү кабарланган.

Социалдык тармактардын жандуу колдонуучусу Отабек Умаровдун «Инстаграмдагы» барагынан араб ханзадалары менен бирге тамактанган сүрөттөрүн көрүүгө болот. Умаров былтыр июнда Мирзиеёвдин 10 жаштагы уулу Алишер, небереси Миромон менен Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, Дубайдын эмири шейх Мохаммед бин Рашид ал-Махтумдун уулдарынын тоюна барышкан сүрөтүн да жарыялаган.

Мындан тышкары Умаров белгилүү блогерлерди, куудулдарды, ырчыларды жана спортчуларды Өзбекстанга чакырып, кымбат машинелер менен тосуп алып коноктогонду жакшы көрөт.

Ал эми Мирзиёевдин улуу күйөө баласы Ойбек Турсунов - президенттик администрациянын башчысынын биринчи орун басары. Кызы Саида Мирзиёева өзү 2019-жылдын апрелинен бери президенттик администрацияга караштуу Маалымат жана байланыш агенттигинин жетекчисинин орун басары болуп турган. Бул кызматтан кеткенин Мирзиёевдин тун кызы өткөн айдын соңунда «Telegram» каналында жазган.

Өзбекстанда маалымат каражаттарына көзөмөл жүргүзүп турган органда бир жылдай иштеген Саида Мирзиёева өзү менен кошо кеткен агенттиктин директору Комил Алламжонов менен бирге улуттук медиаларга жана журналисттерге көмөк көрсөтө турган коомдук фонд ачышканын февралдын башында жарыялашты.

Саида Мирзиёева менен Комил Алламжонов.
Саида Мирзиёева менен Комил Алламжонов.

Былтыр октябрда орусиялык ырчы Полина Гагаринанын Ташкенттеги концертинен кийин Мирзиёевдин кыздары менен күйөө балдары тартылган видеотасма Интернетке таркап, кызуу талкуу жараткан. Видеодо «Хумо Арена» концерттик залындагы банкеттик үстөлдө алардын эс алып отурганын көрүүгө болот.

Гагаринанын концертинин жарнамасында иш-чараны «Madina's star companyа» уюштурганы, ал эми башкы демөөрчүсү катары «Капитал банк» жазылган.

Бул банктын 37% акциясын ага чейин августта Мирзиеёвдин улуу күйөө баласы Ойбек Турсунов ээлик кылган «Promadik Invest» компаниясы сатып алганы маалымдалган болчу. Өзбекстандын бийлиги президенттик администрациянын кызматкери айыл чарба техникасын лизингге берген мындай чоң компанияга кантип жеткени тууралуу комментарий берген эмес.

Ал эми өзбекстандык Интернет колдонуучулардын басымдуу бөлүгү маркум президент Ислам Каримовдун заманында «өзбек ханышасы/эркеси» атыккан Гүлнара Каримованын жашоосун эскеришип, Мирзиёевдин кыздарынын видеосу менен салыштырышкан.

Рахмон кичи мекенинин зоболосун көтөрүүдө

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон туулуп өскөн Дангара кыштагы Хатлон облусунун борборуна айланышы мүмкүн. Бул сөздөрдү өкмөттүн расмий өкүлдөрү ырасташты.

Дангара кыштагы Дүйшөмбүдөн 115 чакырым жерде, Тажикстандын түштүк-батышында жайгашкан. Айыл чарба жерлери көп бул аймакта учурда жаңы имараттар, заводдор дүркүрөп курулуп, жолдор салынып жатат.

Кыштакты Хатлон облусунун борборуна айлантуу пландары бар экенин аталган провинциясынын губернатору 7-февралда өткөргөн басма сөз жыйынында билдирди.

«Бир нече долбоорлордун курулушу пландалып жатат, бирок алар быйыл же эмдиги жылы ишке ашпайт», - деди губернатор Курбон Хакимзода. Ал ошондой эле Дангара качан облус борбору болорун так айткан жок.

«Ага көп каражат керек. Ал Тажикстандын эгемендикке жетишинин 30 жылдыгына (2021-жыл, сентябрь) карата даяр болбойт. Балким бир аз кийинчерээк. Убакыт көрсөтөт», - деди ал.

Губернатордун бул сөздөрүнөн бир күн мурда Дангаранын Архитектура жана өнүгүү департаментинин башчысы Шухрулло Бахтиёр аймакты борбор калаага айлантуу боюнча даярдыктар көрүлүп жатканын, бирок документ бекитиле элек экенин билдирген. Анын айтымында, ондогон долбоорлордун, анын ичинде маданият сарайынын курулушу көздөлүүдө.

Дангарадагы жаңы мектеп.
Дангарадагы жаңы мектеп.

Тажикстанда жергиликтүү бийликтин кеңселеринин баары бир гана аймактын борборунда жайгашат. Хатлон облусу 1992-жылы мурдагы Куляб жана Курган-Төбө облустарынын биригишинен пайда болгон.

Дангаранын облустук борборго айланышы тууралуу маалымат Тажикстанда күтүүсүз болгон жок. Авторитардык президент туулуп өскөн кыштактын тургундары аймакка соңку жылдары өзгөчө көңүл бурулуп келгенин айтышат. Мисалы, 2012-жылы өкмөт Дангара мамлекеттик университетин ачкан. Ага чейин университеттер жалаң чоң шаарларда негизделчү.

2016-жылы Дангарада абройлуу Хатлон медициналык университети ачылган. Тажикстанда эки эле медициналык окуу жай бар. Алардын бири Дүйшөмбүдө жайгашкан. Андан мурдараак өкмөт өлкөдөгү экинчи чоң шаар Хужанддагы медициналык университетти муктаждык жок деген шылтоо менен жаап салган.

160 миңдей калкы бар аймакта курулуш иштери башталгандан бери ал жакка инвестиция да көп тартылып жатат. Кийинки жылдары кыштакка текстил чыгарган комплекс, мунай иштетүүчү, цемент заводдору курулуп, миңдеген жумуш орундары түзүлдү. Тогуз миллион калкы бар Борбор Азия мамлекетинде жумушсуздук чоң көйгөйлөрдүн бири.

Президент Эмомали Рахмон Дангарада сүйлөп жатат.
Президент Эмомали Рахмон Дангарада сүйлөп жатат.

Рахмон кошуна мамлекетти 1992-жылдан бери башкарып келет. Анын дарегине жердештерине, тактап айтканда Дангара менен Кулябдан чыккандарга маанилүү кызмат орундарын бергени үчүн такай сын айтылып келет. Ички иштер, Коргоо министрликтерин, Коопсуздук жана Чек ара кызматтарын, Мамлекеттик теле жана радио комитетин жана башка өкмөттөгү маанилүү агенттиктерди негизинен президенттин кичи мекенинен чыккандар тескешет.

2010-жылы Дангарага Эмомали Рахмон түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедовду Нооруз майрамын белгилөөгө чакырган. Баса, Бердымухамедов да жакында эле өз өлкөсүндө жаңы шаардын курулушу үчүн чет өлкөдөн жабдыктарды жана материалдарды сатып алууга 1,5 миллиард доллар бөлүүгө буйрук берди. Азырынча ат коюла элек шаар өлкө түштүгүндөгү Ахал вилаетине курулары күтүлүүдө.

Түркмөнстанда акыркы эки жылдан бери күнүмдүк керектелчү негизги азык-түлүк товарлары тартыш. Буга чейин бир нече жолу шекер, жумуртка, өсүмдүк майы, ун менен нан тартыш болуп, мамлекеттик дүкөндөрдүн алдына кезектер пайда болгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Достук концерти аншлаг менен өттү

Достук концерти аншлаг менен өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:35 0:00

Шер-Нияз: «Мителердин» жеңиши күтүүсүз болду

Эл аралык Азия кинофестивалынын директору Жорж Шамшум жана фестивалдын негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз.

Быйыл түштүк кореялык режиссер Пон Чжун Хонун «Мителер» тасмасы "Оскар" сыйлыгынын «Жылдын мыкты фильми» байгесин жеңди. Жогорку Кеңештин депутаты, жыл сайын Лос-Анжелесте өтчү Эл аралык Азия кинофестивалынын түптөөчүсү Садык Шер-Нияз бул сыйлык Азия фильмдеринин аброюн көтөрдү деп эсептейт.

«Азаттык»: Садык мырза, «Мителер» тасмасы «Жылдын эң мыкты фильми» номинациясында «Оскар» сыйлыгын алды. Бул тасма сиз түптөгөн Эл аралык Азия кинофестивалына да катышкан. Дал ушул тасма эң жогорку байгени алат деп күттүңүз беле?

Садык Шер-Нияз: Ооба, бул тасма былтыр Эл аралык Азия кинофестивалынын конкурстук программасынын алкагында көрсөтүлгөн. Абдан күчтүү фильм болгондуктан «Оскар» алары күтүлүп жаткан. «Чет элдик тасма» номинациясында утат деп ойлогом. Бирок «Жылдын эң мыкты тасмасы» болот деп күткөн эмесмин.

Тарыхта биринчи жолу чет элдик тасма бул номинацияда утту. Мага Америкадан чалышып, биздин кинофестивалдын командасында да майрам болуп жатканын айтышты. Анткени буга чейин Голливудда Азия тасмаларына мындай көңүл бурулчу эмес. Эми «Мителердин» жеңиши качан кайталанары белгисиз. Ушундай болуп жатканына аз да болсо биздин фестивалдын салымы бар го деп сүйүнүп жатам.


«Азаттык»: Эмне себептен Америка киноакадемиясы ушундай жогорку сыйлыкты тапшыруу менен назарын Азия тарапка бурду деп ойлойсуз?

Садык Шер-Нияз: Жапон кинорежиссеру Акира Курасаванын учурунда азиялык фильмдер көп ийгиликтерге жетип келишсе, кийин чындап эле көңүл бурулбай калган. Мына эми алар кайрадан эл назарына чыгышты. Мунун бир нече себеби бар. Биринчиден, Азия мамлекеттери экономикалык жактан чоң державаларга айланышты. Ошондой эле Азия кинематографисттерин Голливудда жайылтуу, жарнамалоо жагы күчтүү жүрүп жатат. Ошол эле Лос-Анжелесте корейлердин чоң диаспорасы бар. Алар да абдан колдоо көрсөтүшөт, биздин фестивалга да чоң салым кошуп келишет.

«Азаттык»: Сиздин пикириңизде Азия фильмдеринин уникалдуулугу эмнеде?

Садык Шер-Нияз: Биринчиден, Азия мамлекеттеринин калкы дүйнө жүзүндөгү элдин 70% түзөт деп айтсам жаңылбайм. Бул чөлкөмдөгү ар бир мамлекеттин кичине болобу же чоң болобу өзүнүн кайталангыс тарыхы, маданияты бар. Өзүбүздүн эле «Манасты» алсак, залкар тоодой болгон эпос болуп саналат. Мисалы, Батыш мамлекеттеринин тарыхында окшоштуктар бар. Ал эми Азия чөлкөмү өзүнчө бир аалам, ар бир мамлекеттин өзүнүн колорити бар. Мына ошолорду чагылдыруу менен Азия фильмдери уникалдуу деп ойлойм.


«Азаттык»: «Мителердин» жылдын мыкты тасмасы болушу кыргызстандык кинорежиссерлор деле качандыр бир кезде ушундай ийгиликке жетиши мүмкүн деген үмүттү жараттыбы? Ал үчүн эмне жетишпейт деп ойлойсуз?

Садык Шер-Нияз: Кыргызстандык кинорежиссерлор жаман тартат деп айта албайм. Себеби аты чыгып калган Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Темир Бирназаров, Марат Сарулу, алардан кийинки жаштар кандай шедеврлерди жаратып жатышат.

Бизде бир фильмге 50-100 миң доллардын тегерегинде акча бөлүнөт. Бул күлкүнү келтирерлик каражат. Биздин калкыбыз жок дегенде 10-20 млн. болсо, анда элдин эсебинен деле тарта берсе болот эле. Үч миллион кыргыз тилдүү адамдын арасында кыргыз тилинде тасма жаратуу бул абдан кыйын.

Экинчи чоң кемчилик - кино тартылгандан кийин аны эл аралык базарда таанытуу аракети дээрлик жок. Ага да абдан чоң каражат керек. Мисалы, ошол эле «Мителер» фильмин таанытууда миллиондогон каражат сарпталды деген ойдомун. Эгерде бизде да ошондой түртүү болсо бул режиссерлорду шыктандырмак, жаңы эрдиктерге түртмөк, жаңы идеяларга үндөмөк. Мунун баары экономикалык абалдан көз каранды жана өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулбай келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Өзбекстандык студенттер тарткан убара

Кыргыз-түрк Манас университетинде уюштурулган өзбек маданиятынын күндөрү. 2015-жыл.

Кыргызстандагы университеттерде 1-курста билим алып жаткан өзбекстандык студенттер окуусун которуп кете албай жатышат.

Өзбекстандын жогорку жана орто билим берүү министри Имом Мажидов "Борбор Азия мамлекеттериндеги өзбекстандык студенттер окуусун Өзбекстандагы университеттерге оңой эле которо алат" деген буйрукту 6-февралда чыгарды.

Министрликтин "Телеграмдагы" каналында жарыяланган буйрукта көрсөтүлгөндөй, студенттер окуусун Өзбекстанга которуу үчүн эч кандай кошумча сынак тапшырбайт. Башында бул үчүн 7-февралдан 15-февралга чейин гана убакыт берилген. 11-февралда аталган министрлик бул мөөнөттү 15-мартка чейин узартылганын жарыялады.

Убакыт кыска болгондуктан, коңшу мамлекетте окуп жаткан өзбек жаштары жапырт аракет көрө баштады. Бирок бул жараян алар ойлогондон оңой жүрбөй жатат. Муну Кыргызстандагы өзбекстандык студенттердин мисалында айтып беребиз.

Борбор Азия мамлекеттеринде билим алып жаткан өзбекстандык студенттер окуусун өзүнүн мекениндеги университеттерге көчүрүп кетиши үчүн көп документ керек эмес. Министрликке арыз, сынак китепчеси (рейтинг китепчеси) жана паспортунун нускасы жетиштүү.

Кыргызстандын Ош шаарындагы Кыргыз-өзбек университетинде окуп жаткан анжияндык Гүлбахар бул маалыматты угар замат окуусун которууга аракет кыла баштады:

"Өзбекстанда өкмөт чет эле окуп жаткандардын окуусун чукул көчүргүлө деди. Мен 2019-жылы окууга тапшыргам. Педагогика багытында окуйм. Азыр пайдаланып калбасам, кийин мындай мүмкүнчүлүк берилбейт".

Бирок Гүлбахар окуусун которуп кете албай жатат. Себеби, Кыргыз-өзбек университети менен түзгөн келишимге ылайык, ал биринчи курсту сөзсүз ушул окуу жайда аякташы керек. Университеттин жетекчилиги ушундай жүйө келтирип, биринчи курсту бүтүргөндөр эч кандай кыйынчылыксыз кете берсе болорун "Азаттык" радиосуна билдиришти.

7-февралда аталган университеттин жетекчилиги отурган имаратка жапырт барган өзбек жаштары документтерин берүүнү суранышты. Бирок окуу жайдын жетекчилиги Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилиги которуулуунун чоо-жайын түшундүрүп, Билим берүү жана илим министрлигине кат жолдошу зарылдыгын айтып жатат.


Өзбекстандык студенттердин айтымында, алардын сынак китепчелери өздөрү окуп жаткан деканаттарда сакталат. Кыргыз-өзбек университетинин окутуучулары "документ жоголуп кетпесин" деген негизде ушундай ыкма колдонуларын айтышты.

Ош мамлекеттик университетинин биринчи курсундагы студенттер да окуусун Өзбекстанга которуп кете албай жатышат. Анын себебин окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков минтип түшүндүрдү:

Кудайберди Кожобеков.
Кудайберди Кожобеков.

"Биздин жалпы эреже боюнча каалаган студент арызын жазып, окуусун которуп кете алат. Бирок, Кыргызстанда "биринчи курста которулбайт" деген эреже бар. Ал Өзбекстандын эрежесинде кандай, биз билбейбиз. Эгер аны такташсак, Өзбекстан кабыл ала турганы анык болсо, коңшу өлкөдөгү университет "биз бул студентти кабыл алдык" деп кат жибериши керек. Ошондо биздин окуу жайдан кете берсе болот".

Ош мамлекеттик университетинде окуп жаткан ферганалык Ойбек өзбек өкмөтү чыгарган буйрукка түшүнбөй турганын билдирди. Ал кайсы факультетте билим аларын ачык айтууну каалаган жок:

"Мурда мындай мүмкүнчүлүк болгон эмес. Себеби, Өзбекстанда окууга кирүү сынактары өтө татаал. Акча да роль ойнойт. Кыргызстанда андай кыйынчылык жок жана окуу акысы арзан болгондуктан ушул жакка келип окууга тапшырдым эле. Ошол буйрук чыккандан бери Оштогу өзбекстандык студенттердин сүйлөгөнү эле ушул тема. Бирок окууну көчүрүүгө эмне үчүн бир эле жума убакыт бергени түшүнүксүз".

Өзбекстанда чыккан буйрук.

Өзбек өкмөтү мындай шашылыш буйруктун чоо-жайын жакшы түшүндүрө элек. Ал тапта студенттер арасында "бул чара Кытайда чыккан коронавируска байланыштуу экен" деген имиш сөздөр тарап кетти.

Кошумча суроолор үчүн буйрукта көрсөтүлгөн телефондорго "Азаттык" радиосунун кабарчылары 10-11-февраль күндөрү бир канча жолу байланышып, жооп ала албады.


Ош мамлекеттик университетинде үч жарым миңдей, Кыргыз-өзбек университетинде төрт миңге чамалуу өзбекстандык окуйт. Андан тышкары, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда, Ош техникалык университетинде, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде, Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка университетинде, Кыргыз-түрк Манас университетинде өзбек жаштары таалим алат. Көбү медицина жана педагогика багытында окушат. Педагогиканы тандагандар арасында сырткы бөлүмдөгүлөр басымдуулук кылат.

"Азаттыктын" өзбек кызматы айрым маектештерине таянып, Кыргызстанда 17 миңдей өзбекстандык студент бар экенин жазды. Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги алардын саны азырынча тактала электигин билдирди.

Өзбек студенттери тарткан убарагерчилик
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:27 0:00

Өзбекстанда Шавкат Мирзиеёв бийликке келгенде чек арадан ары-бери каттоо жеңилдеген. 2017-жылдан тарта Кыргызстанда өзбекстандык студенттердин саны көбөйгөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.


Эки президент Кордайдагы абалды талкуулады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, 27-ноябрь, 2019-жыл.

Кордай районундагы кырдаалдан улам Кыргызстанга качып өткөн казак жарандарынын айрымдары мекенине кете баштады. Ал эми бүгүн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен Кордай районунда түзүлгөн абалды талкуулады.

10-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Казакстандын Кордай районунда түзүлгөн абалды талкуулады жана ага колдоо сөздөрүн билдирди. Бул тууралуу президенттин сайты жазды.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан элинин атынан Кордай районунда болгон окуянын кесепетинен курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, жаракат алгандардын тез айыгып кетүүсүн каалады. Президент Кыргызстан оор мезгилдерде боордош казак элине ар дайым жардам берип келгенин жана жардам берүүсүн уланта берерин белгиледи.

"Абал күч органдарынын көзөмөлүндө"

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы миңден ашуун киши үйлөрүнө кеткенин 10-февралда кабарлады. Ал тапта Казакстанга кайткандардын арасында коопсуздуктан улам кайра Кыргызстанга келгендер бар экени айтылууда. Кыргызстандык активисттер аларга гуманитардык жардам чогултууну улантып жатышат.

8-февралда Кордай районундагы тополоңдон соң Кыргызстанга качып өткөн Келиме 10-февралда Казакстанга жөнөп кетти. Ал кыштагында абал тынч, жагдай күч органдарынын көзөмөлүндө экенин айтууда:

«Кыргызстандагы туугандардын үйүндө эки күн болдук. Эми кайтып жатабыз. Казакстанда үй-жайыбыз күйүп кетти. Аны оңдоп-түзөш керек. Баары тынч деп айткандыктан үйгө жөнөдүк. Жашоо улана берет эмеспи».

Келиме менен кошо келгендердин кээ бири азырынча Кыргызстанда - туугандарынын, тааныштарынын үйлөрүндө баш калкалап отурушат. Айрымдары Казакстанга өтүп, бирок кайра Кыргызстанга келгенин билдиришти. Бирок муну микрофонго ачык айтып берүүнү каалашкан жок.

«Ал жакта күйүп кеткен урандыларды көрүп коркосуң. Айрыкча балдар үчүн өтө коркунучтуу. Ошондуктан азырынча кайра Кыргызстанга келип, туугандардын үйүндө жашап туралы деп чечтик»,- деди 40 жаштардагы аял.

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева казак тараптан келгендердин агымы азайып, үйүнө кайткандар көбөйгөнүн билдирди.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жагдайга байланыштуу «Азаттыкка» мындай комментарий берди:

«Келген адамдардын канчасы калды, канчасы кетти - муну азыр так айта албайм. 18 киши ооруканага жаткырылган болчу. 9-февралда Казакстандын вице-премьер-министри чек ара аймактарына келди, саламаттык сактоо министринин орунбасары келип, Кыргызстанда ооруканада жаткандардын 12син алып кетишти. Алтоо «кетпейбиз» деп коюшкан. Бир-экөө бүгүн чыгат. Азыркы жагдай ушундай».

39 адам Казакстанда ооруканада экенин «Азаттыктын» казак кызматы кабарлаган.

Жарандар чогулткан гумжардам. Токмок шаары, 10-февраль, 2020-жыл.
Жарандар чогулткан гумжардам. Токмок шаары, 10-февраль, 2020-жыл.

Буга чейин Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Чолпонкул Чоткараев Кыргызстандын аймагына 4 миңдей адам өткөнүн билдирген. Ал эми өкмөттөгү ишенимдүү булактар Казакстандан 4500дөн ашык адам келгенин кабарлаган болчу.

Кыргызстандагы дунган диаспорасынын өкүлү Рамазан Бешало болсо 5000дей киши, негизинен аялдар, балдар, кары-картаңдар качып келгенин «Азаттыктын» кабарчысына айткан. Алардын канчасы Казакстанга кайтып кеткени боюнча расмий так маалымат жок.

Ал эми Кыргызстанда калгандарга Токмок шаарында гуманитардык жардам уюштурулган. Активисттердин бири Руслан баштыктарга салынып, таңгакталган күрүч, макарон, нан жана башка азыктарды 10-февралда муктаждарга таратып берди:

«Негизинен аялдар жана балдар. Мүмкүн болсо, азык-түлүк, жалаяк керек болуп жатат. Макарон, күрүч сыяктуу кургак азыктар өтө зарыл. Аларга жардам иретинде берилген азыктарды биз баштыктарга бөлүп тараттык. Көбүнө жете элек. Эгер жардам берүүнү каалагандар болсо, күтөбүз».

Руслан жардамга муктаждар канча киши экенин санай электигин кошумчалады.


Гуманитардык жардам чогултуу Токмок шаарында, Ысык-Ата районунда жана Бишкек шаарында да уюштурулду.

Жарандар чогулткан гумжардам. Токмок шаары, 10-февраль, 2020-жыл.
Жарандар чогулткан гумжардам. Токмок шаары, 10-февраль, 2020-жыл.

Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги эл аралык Кызыл жарым ай коому менен бирге Казакстандан өткөндөргө баш паанек кылчу жайларды ачкан.

Кызыл жарым ай коомунун өкүлү Азамат Баялинов азырынча аларга жардам сурап кайрылгандар боло электигин айтты:

«Кордайдагы башаламандыктан соң Кыргызстанга өткөндөрдүн дээрлик бардыгы жакындарынын үйүнө жана дунган диаспорасы уюштурган жерлерге жайгаштырылган. Абалга Кызыл Жарым ай коомунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү көз салып жатат. Жардам керек болсо, даярбыз»,- деди Баялинов.

Жагдайга байланыштуу кыргыз-казак өкмөт аралык сүйлөшүүлөр болгону жөнүндө расмий маалыматтар азырынча жок.


8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы Масанчи, Сортөбе, Каракемер айылдарындагы башаламандыктан 10 адам каза болуп, бир тобу жараат алган. Жарадар болгондордун арасында полиция кызматкерлери да бар. Үйлөр, имараттар өрттөлүп, Жамбыл облусунун бийлиги Кордай районуна өзгөчө кырдаал киргизген. Жаңжалдын так себеби дагы эле маалым эмес.

Казакстандын чыр чыккан бул айылдары Кыргызстандын Токмок шаарына тушташ, Чу дарыясынын аркы өйүзүндө жайгашкан.

9-февралда Казакстандын вице-премьер-министри Бердибек Сапарбаев аймакка келип, кыйраган турак жайлар калыбына келтирилерин билдирген:

«Чагымга алдырбагыла. Жардам берилет. Биздин адистер зыянды тактап жатат. Кыргызстанга кеткен туугандарыңарга айткыла, үйлөрүнө кайтып келишсин»,- деди Сапарбаев.

Казак бийлиги «бейбаштыктын айынын чыккан мушташты улут аралык жаңжал кылып көрсөтүп жатат» деп «чагымчылдарды» күнөөлөдү.

Президент Касым-Жомарт Токаев «кан төгүү мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин кайдыгерлигинен улам, чагымчылдардын айынан болгонун» жазып, алар жазаланарын билдирди. 10-февралда мамлекет башчысы башкы прокурор Гизат Нурдаулетовду кабыл алып, Кордай районундагы жагдайды дыкат иликтөөнү тапшырды.

Кырдаалды курчутууга шек саналып 47 адам кармалып, алардан эки аңчылык мылтыгы алынган. Кийинчерээк кармалгандар коё берилгени, жагдайды териштирүү уланып жатканы айтылган. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, коңшу өлкө чек арадан өтүп кеткен жарандардын арасында кылмышка шек саналгандар бар же жогу тууралуу Бишкекке кайрылган эмес.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Апта: Кордайдагы тополоңдун төркүнү

Кордайдагы Масанчи айылы. 8-февраль, 2020-жыл.

Жамбыл облусуна караштуу Кордай районунда өзгөчө кырдаал киргизилди. Полиция ары-бери каттагандардын документтерин текшерип жатат. Тополоңдон кийин Кыргызстанга качкандардын айрымдары өз үй-жайына кайта баштады.

Жекшембиде Казакстандын ички иштер министринин орун басары Алексей Калайчиди баш аламандыкта каза тапкандардын саны 10го жеткенин кабарлады. Расмий маалыматка ылайык, сегиз киши чатак учурунда өлсө, эки киши ооруканада көз жумган. Масанчидеги тополоңдо полициянын беш кызматкери жабыркаган, алардын үчөөнө ок тийген.

Калайчиди чатакты басууда полиция эч кандай курал колдонбогонун кошумчалады. Ушу тапта 39 киши ооруканада экени маалым болду.

8-февралда кечки саат тогуздан тартып Жамбыл облусунун бийлиги Кыргызстан менен чектеш Кордай районуна өзгөчө кырдаал киргизген.

9-февралда казак президенти Касым-Жомарт Токаев «Твиттер» баракчасында «кан төгүү мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин кайдыгерлигинен улам, чагымчылдардын айынан болгонун жазып, «алар жазаланарын» билдирди.

Казак бийлиги каза тапкандарды жерге берүүгө жана жабыр тарткандардын чыгымын эсептөө максатында вице-премьер-министр Бердибек Сапарбаев башында турган өкмөттүк комиссия түздү.

Ички иштер министрлиги баштапкы маалыматка таянып, 30дан ашуун үй, 15 соода жайы, 23 автоунаа талкаланганын билдирди. «Киши өлтүрүү» жана «Массалык башаламандык уюштуруу» деген беренелер менен иликтөө башталды.

Жекшембиде Сапарбаев тополоң болгон айылдардын тургундарына жолугуп, талкаланган үй-жайдын баары калыбына келтирилерин айтты.

«Чагымга алдырбагыла. Бардык талкаланган үй-жайды калыбына келтиребиз, үй-бүлөлөргө жардам беребиз», - деди өкмөт мүчөсү. Ошондой эле элге «Кыргызстанга кеткен туугандарыңар үй-жайына кайтсын, айткыла» деп кайрылды.

Бейбаштыкпы же улут аралык жаңжалбы?

Казак бийлиги кан төгүү менен коштолгон тополоңдун чоо-жайын так түшүндүрө элек. Коңшу өлкөнүн өкмөтү «бейбаштыктан айынын чыккан мушташты улут аралык жаңжал кылып көрсөтүп жатат» деп «чагымчылдарды» күнөөлөдү.

Маалымат министри Даурен Абаев «кайгылуу окуя, адамдар каза тапты. Бул турмуш-тиричиликтен чыккан чырды улут аралык өңүткө өткөргөн чагымчылдардын айынан болду» деди.

Казакстандын ички иштер министри Ерлан Тургымбаев Масанчи менен Сортөбеде болгон окуянын кыскача хронологиясын эске салды.

«7-февралда кечки саат жетиде Жамбыл облусунун полициясына Кордай районунун Масанчи айылынын чекесинде 70ке чукул киши топтолуп, бейбаштыктан улам калайман мушташ башталган. Окуя болгон жерге Кордай райондук полициясынын кызматкерлери келишкен», - деди министр.

Тургымбаев билдиргендей, башаламандык учурунда «чагымчылдар менен чатактын күбөлөрү көргөнүн видеого тартып, социалдык сайттар жана мессенжерлер аркылуу таратып, жарандарды мыйзамсыз аракеттерге каршы турууга чакырышкан. Бул болсо тирешүүнү андан ары күчөтүп, массалык мушташка айланткан».

Казак полициясы маалымдагандай, кагылышууга коңшу айылдардан 300гө чукул киши келген. Сортөбе жана Масанчи айылдарына полициянын кошумча күчтөрү жиберилген, бирок мушташкандар күч органдарынын кызматкерлерине «катуу каршылык көрсөткөн». Полиция алар таш, металл буюмдарды жана ок атуучу куралдарды колдонушканын кошумчалды.

Кийинчерээк чатакка Аукатты жана Булан-батыр айылдарынын тургундары да аралашкан. Полиция бул айылдардын баарын курчоого алып, кирген-чыккан жолдорго тосмолорду койду.

8-февралда айланма жол менен айылга кирген журналисттер түнкү тополоңдон кийинки күйгөн үйлөрдү, дүкөндөрдү, тамактанчу жайларды көрүшкөн. Кабарчылар көчөлөрдө полициянын өзгөчө маанидеги күчтөрү, күйгөн үй-жайлардын алдында өрт өчүрүүчү кызматтын машинелери турганын айтышты.

Окуя болгон жерге барган «Азаттыктын» казак кызматынын журналисти Асылхан Мамашулынын баяны:

Журналисттер Масанчиде тополоңдо каза тапкан эки кишини жерге берүүгө камынып жаткан эки үйгө баш багышкан.

Карапайым тургандар: «Кимдир-бирөө бейбаштык кылса, эмне үчүн бир нече айыл жана башка улуттар жапа чегиши керек?» деген суроону беришет.

Тополоңдо инисин жоготкон, 50 жаштагы дунган аял Халима Исерова «биз эмес, кылмыш кылгандар жазасын албайбы» деп көз жашын аарчыды.

Жергиликтүү элдин сөзүнө караганда, жума күнү кечинде жүздөгөн бейтааныш эркектер дунгандар жашаган айылдарга кирип келишкен. Алар дунгандардын үйлөрүн, дүкөндөрүн өрттөп, автоунааларын талкалай башташкан.

Ишембиде туштөн кийин 200дөй казактар Масанчи менен Каракемер айылдарынан ортосунан кеткен жолго топтолуп, тополоңдо кармалгандарды бошотууну бийликтен талап кылышты. Кечке жуук жергиликтүү бийлик полиция кагылышууга тиешеси бар деп кармаган 47 киши тең бошотулганын билдирди. Бул кабар жеткенден кийин чогулгандар тарап кетишти.

Бул эки айыл тең Кыргызстандын Токмок шаарына тушташ жайгашкан.

Чек ара: тополоңдон качкандар

Кордайдагы тополоңдон кийин, 7-8-февралда Кыргызстандын аймагына жүздөгөн киши өттү. «Азаттыкка» өкмөттөгү ишенимдүү булактар билдиргендей, 4500 казак жараны чек арадан кирген. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы «Кең-Булуң» жана «Токмок» өткөрмө бекеттеринде адамдар көбөйгөнүн, алардын көпчүлүгү балдар жана аялдар экенин маалымдады.

Кыргызстандагы дунган диаспорасынын өкүлү Рамазан Бешало 5000дей киши, негизинен аялдар, балдар, кары-картаңдар качып келгенин «Азаттыктын» кабарчысына айтты.

9-февралда Казакстандан келгендер кайра кайта баштаганы маалым болду. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы жекшембиде 1000ден ашуун казак жараны Кыргызстандан чыгып кеткенин кабарлады.

8-9-февраль күндөрү медициналык жардам сурап, 34 казакстандык Кыргызстандын ооруканаларына кайрылган. Алардын ичинен 21 киши ооруканага жаткырылган. 13 адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

9-февраль күнү Казакстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Камалжан Надыров Кыргызстанга келип, Кордайда жабыркаган сегиз бейтапты алып кетти. Токмоктогу аймактык ооруканада ушу тапта беш казакстандык жаран бар, баарынын абалы туруктуу.

Кордай районундагы Масанчи айылында 2009-жылкы эл каттоого ылайык, 13 миңден ашуун киши жашайт. Алардын 90% дунгандар, 5% казактар жана 5% орустар.

Ал эми Сортөбе айылынын 14 миңден ашуун тургуну бар. Бул эки айылда жана аларга канатташ бир нече кыштакта дунгандар басымдуулук кылат.

Коңшу өлкөдө улут аралык өңүттөгү кагылышуулар (жергиликтүү тажиктер, чечтендер, түрктөр менен) буга чейин да болгон. Казак бийлиги андай учурларды турмуш-тиричиликтин айынан чыккан уруш-талаш катары мүнөздөп, улут аралык деп мүнөздөөдөн качат.

Казакстандын бийлиги өз өлкөсүн «ар кыл улуттагылар менен түрдүү динди тутунгандар достукта жашаган мамлекет» деп даңазалап жүрөт.

Борбор Азия: АКШ, Кытай, Орусия атаандаштыгы

5-февралда Вашингтон 2025-жылга карата Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуунун жаңы стратегиясын жарыялады. Вашинтон Борбор Азия мамлекеттеринде саясий бийлик алмашып, коңшу өлкөлөрдүн өз ара алакасы бекемдеген сайын Кошмо Штаттарга табигый байлыкка мол аймак менен кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жатканын белгилейт.

АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Элис Уэллс Ак үй аймактык стратегияны соңку беш жылдагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен жаңылаганын билдирди. «Биз жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн дооруна кирдик» деди мамлекеттик катчы Майк Помпео менен Борбор Азияга барып келген Уэллс.

Трамптын администрациясы Европа менен Азиянын ортосундагы чөлкөмдө АКШнын таасирин арттырууга аракеттенет. Вашингтон кара май менен газга бай аймакта глобалдык атаандаштары Орусия менен Кытайга тең ата болууну көздөйт.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу 5-февралда «Азаттыктын» Бишкектеги бюросундагы маегинде мындай «дүйнөдө чоң мамлекеттер ортосунда болуп көрбөгөндөй атаандаштык жүрүп жатканын» айткан.

АКШнын өкүлдөрү белгилегендей, жаңы стратегиянын максаты - аймакта туруктуулукту камсыз кылуу жана чөлкөмдүн кайсы бир державадан көз каранды болуп калышына жол бербөө. Вашингтон ушул тапта 20 жылдык ооган согушун басууга да аракет кылып жатат. Бул жараянда Борбор Азиядагы беш мамлекеттин географиялык мааниси чоң.

Вашингтон аймакты бириктире турган долбоорлорду колдойт. Мисалы, бирдиктүү электр түйүнүн түзүү, визалык жана бажы операцияларын стандартташтыруу, чек ара соодасын күчөтүү максатында ар кандай бөгөттөрдү жоюуга көмөктөшөт.

Кыргызстан менен Тажикстан CASA-1000 долбоорун жигердүү ишке ашырып, келечекте электр энергиясын Ооганстан менен Пакистанга экспорттоого жетишет деген ишенимин билдирет. Ооганстандагы туруктуулук жана согуштан кийинки өлкөнү кайра куруу - АКШнын стратегиясынын негизги элементтеринин бири.

Кийинки убакта чөлкөмдө Кытайдын таасири күчөдү. Бээжин аймакта инфратүзүмдүк долбоорлорду каржылап жатат. Эксперттердин баамында, Тажикстан жана Кыргызстан сыяктуу экономикасы чабал өлкөлөр кытай насыясын кайтарууда бир топ каржалышы мүмкүн.

Вашингтон аймакка сырттан келген инвестиция беш өлкө укуктук реформаны канчалык жигердүү жүргүзөрүнөн көз каранды деп эсептейт.

Ошол эле учурда президент Дональд Трамптын администрациясынын Борбор Азия боюнча саясатына ар кыл баа берилип келет. Бостондогу Түндүк-Чыгыш университетинин профессору, мурдагы дипломат жана мурдагы депутат Бакыт Бешимов Вашингтон ушу тапта аймактагы эки өлкө менен гана кызматташууга кызыкчылыгы бар деген пикирде.

АКШнын 2019-2025-жылдарга карата «Эгемендикти бекемдөө жана экономикалык өнүгүү» стратегиясынын негизги багыттары:

  • Борбор Азияда террор коркунучун азайтуу. Аймактын өлкөлөрү экстремисттик идеологияга каршы туруп, террористтик уюмдарга түнөк бербейт. Буга чейин Кошмо Штаттар Борбор Азиядагы чек ара коопсуздугуна 90 миллион доллар бөлүп, бул багытта 200дөй түрдүү окутуу өткөрүп, 2600 чек ара кызматкерлерин машыктырды.
  • Ооганстанда туруктуулукту камсыз кылуу аракеттерин кеңейтүү. Кошмо Штаттар Борбор Азия мамлекеттерин Ооганстан менен экономикалык жана соода-сатык байланыштарын өркүндөтүүгө үндөйт.
  • Борбор Азия менен Ооганстандын байланышын күчөтүү. Беш мамлекет Ооганстан менен энергетика, экономика, маданият, соода жана коопсуздук багыттарында алака-катышын күчөтсө аймактык коопсуздукту бекемдейт. CASA-1000 долбоору Борбор Азия өлкөлөрүндө өндүрүлгөн электр энергиясын Ооганстан менен Пакистанга сатууга өбөлгө түзмөкчү.
  • Укуктук реформаларды ишке ашыруу жана адам укуктарын урматтоо. Кошмо Штаттар укук коргоо тармагын реформалоодо техникалык экспертиза жагынан көмөктөшөт. Бул адам укуктарын коргоого, инвестициялык климатты жакшыртууга жана кесипкөй адистерди кармап калууга өбөлгө түзөт.
  • Кошмо Штаттардын инвестициясын Борбор Азияны өнүктүрүүгө тартуу. АКШ аймактын мамлекеттери менен сырттан бараандуу инвестиция алуу, анын ичинде америкалык бизнести тартыш үчүн реформаларды жүргүзүүнүн үстүндө иштешет. Кошмо Штаттар өсүп келаткан муунду XXI кылымдын экономикалык талаптарына ылайык зарыл болгон техникалык жана менежерлик билим алууга, англис тилинде сүйлөп, сынчыл ойлонууга тарбиялоого көмөктөшөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кордайдагы чыр тууралуу күбөлөрдүн сөзү

Кордайдагы чыр тууралуу күбөлөрдүн сөзү
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:08 0:00

Кордайдан качкандар, көрсөтүлгөн жардам

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы өткөрмө бекет. Чүй облусу

Кордайдын бир нече айылындагы тополоңдон кийин миңдеген киши Кыргызстанга өтө качкан. Алардын айрымдары үйүнө кайта баштады.

Казакстандын Кордай районундагы башаламандыктан каза болгондордун саны 10 адамга жетти. Эки адам ооруканада каза тапканы кабарланды.

Ушул тапта Кордай районунда өзгөчө кырдаалдар режими сакталууда жана бийлик абал туруктуу экенин билдирди.

Ал арада жаңжал учурунда Кыргызстанга өтө качкандардын айрымдары кайра Казакстандагы үйүнө кайта баштады.

Кордайдагы тополоңдун курмандыктары

Казакстандын Кордай районунда ишембиге оогон түнү болгон башаламандыктан каза тапкандардын саны 10 адамга жетти.

Бул тууралуу Казакстандын ички иштер министринин орун басары Алексей Калайчиди билдирди. Анын айтымында, эки адам ооруканада өзүнө келбей үзүлгөн. Буга чейин ишембиге оогон түнү болгон тополоңдо сегиз адам көз жумганы айтылган.

Кордайдагы чыр тууралуу күбөлөрдүн сөзү
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:08 0:00

Министрдин орун басарынын маалыматы боюнча, Масанчи айылындагы башаламандыктардын учурунда беш полиция кызматкери жараат алган. Алардын үчөөнө ок жаңылган. ИИМдин өкүлү чырды жөнгө салууда полиция курал-жарак колдонбогонун белгилеп, учурда 39 адам ооруканада дарыланып жатканын кошумчалады.

8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы Масанчи, Сортөбе, Каракемер айылдарында башаламандык болуп, бир нече үй, имарат өрттөнгөн. Бул айылдарда казактардан тышкары дунгандар да жашайт. Мындан улам чатак этникалык мүнөздө болгону айтылууда.

Кагылышта жараат алган ондон ашуун киши - негизинен дунган улутундагы адамдар ушул эле күнү Кыргызстандын Токмок шаарындагы ооруканага жеткирилген. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 8-9-февралда ооруканага жалпысынан 34 казакстандык кайрылып, 13ү жаткырылган.

8-февралда алардын ичинен сегизди казакстандык дарыгерлер алып кетти, ал эми кээ бири Казакстанга барып дарылануудан баш тарткан. Учурда Кыргызстанда Казакстандын беш жараны дарыланып жатат.

Кыргызстанга 4 миңден ашык адам качып өттү

Кордайдын бир нече айылындагы түнкү тополоңдон кийин эле жүздөгөн киши жекшембинин таңынан тарта Кыргызстанга өтө баштаган. Алардын көбү, балдар, аялдар жана кары-картаңдар болду.

Казакстандын жаңжал чыккан бул айылдары Кыргызстандын Токмок шаарына тушташ, Чу дарыясынын аркы өйүзүндө жайгашкан. Чек аранын кыргыз тарабындагы айылдарда да дунган тектүүлөр бар.

Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Чолпонкул Чоткараевдун айтымында, Кыргызстандын аймагына өткөндөрдүн саны 4 миңдей болушу мүмкүн. Алар Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң, Ивановка, Арал айылдарындагы жакындарына, туугандарына же атайын уюштурулган үйлөргө баш калкалашкан.

«Казакстандан өткөндөрдү бул жактагы туугандары, тааныштары тосуп, алып кетип жатышат. Учурда милиция кызматкерлери келгендердин санын тактап жатышат. Биз жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп атабыз» - деди Чоткараев.

Азырынча Кыргызстандын расмий органдары Казакстандан канча адам өткөнүн жарыялай элек. Буга чейин өкмөттөгү ишенимдүү булактар акыркы бир суткада Казакстандан Кыргызстанга 4500дөн ашык адам өткөнүн кабарлашкан. Чек арадан андан да көп адам өтүшү мүмкүн деген маалыматтар да болгон экен.

Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Казакстандан өткөндөргө баш паанек кылчу жайларды ачкан.

Бул тууралуу аталган министрликтин орун басары Ализа Солтонбекова “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, Чүй облусунун аймагында жайгашкан шелтердик борборлорго кайрылгандар болгон жок. Кордайдагы башаламандыктан соң Кыргызстанга өткөндөрдүн дээрлик бардыгы жакындарынын жана дунган диаспорасы уюштурган жерлерге жайгаштырылган.

«Кечээ көп болчу да, эки миңден ашык адам турат деп маалымат беришкен. Анан 15 миңдей адам келиши мүмкүн деп айтышкандыктан шелтердик борборлорду даярдаганбыз. Бирок бир да адам келген жок. Жергиликтүү эл ыкчам иштеп эле тез-тез алып кетти», - деди Ализа Солтонбекова.

Ал арада, 9-февралда Казакстандан келгендер кайра кайта баштаганы маалым болду. Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашынча, жекшембиде саат күндүзгү 10.00го карата 1000ден ашуун казак жараны Кыргызстандан чыгып кеткен.

«2020-жылдын 7-8-февраль күндөрү "Кең-Булуң” жана "Токмок" өткөрүү жайларында Казакстандан Кыргызстанга келген жарандар көбөйгөн. 2020-жылдын 9-февралында кайра Кыргызстандан Казакстанды көздөй кайткан жарандар байкалууда» - деп айтылат маалыматта.

Казакстанга кетип жаткандардын бири Зинебия буларды айтты:

«Биз кечээ келгенбиз, азыр кайра артка кетип жатабыз. Абал турукташып калды деп жатышат. Анын үстүнө мен мектепте иштейм, эртең жумушка чыгуу керек. Азыр бизде турукташып калды деп, телеканалдардан да айтып жатат. Башкалар да артка кетип жатышканын айтышууда».

Ошол эле кезде Кыргызстанга балдары менен качып келип, чек аранын аркы тарабындагы үйүнө качан кетерин чече албай жаткандар да бар. Алардын бири - Меян аттуу аял:

«Жолдошум эртең менен телефон чалып, түндө баары тынч болду деп айтты. Аскерлер келип, ОМОН кайтарып жатыптыр. Мен качан кетеримди билбейм. Биз мындай окуяга биринчи жолу туш болуп жатабыз. Жүз жылдан ашык убакыттан бери, муундан муунга биз ушул жерде жашап келе жатабыз. Эмне үчүн мындай болуп кетти, биз да билбейбиз».

Буга чейин Казакстандын премьер-министринин орун басары Бердибек Сапарбаев Кыргызстанга өтө качкандарды кайтып келүүгө чакырган:

«Азыр биздин адистер иштеп, чыгымдын көлөмүн эсептеп жатат. Кыргызстандагы туугандарынын үйлөрүндө туруп жаткан Жакындарыңыздарга жеткириңиздер – үйлөрүнө кайтсын».

Кордайдагы чыр, чек арадагы кезек
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:01 0:00

Кыргызстанга келгендер качкынбы?

Чек арадагы абалга Кызыл Жарым ай коомунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү көз салып жатат. Аталган уюмдун өкүлү Азамат Баялинов муктаждык жаралса, жарандарды кабыл алуу борборлорун ачууга даяр экенин кабарлашты.

«Буларды качкындар деп айтуу туура эмес болот го. Алар чек араны гана кесип өткөн адамдар», - деди Азамат Баялинов.

Кыргызстанга качып келгендердин баары кайра кетиши мүмкүнбү, алардын макамы кандай? Бул суроолорго «Кылым шамы» өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова мындайча жооп берди:

«Мен аларды качкын деп эсептейм. Алар жыргаганынан Кыргызстанга келген жок. Өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч туулганы үчүн келип атат. БУУнун Качкындар конвенциясы бар. Аны Кыргызстан ратификация кылган. Кыргызстандын өзүндө да Качкындар тууралуу мыйзам бар. Ошол документтерге ылайык, мамлекет качкындарды тамак-аш, турак жай менен камсыздоого милдеттүү».

Коңшу өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын Чек ара кызматынын Чүй облусунун аймагындагы кыргыз-казак чек ара бөлүгүндө чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

Кыргыз бийлиги Казакстандагы жаңжалдан кийин Кыргызстанга агылгандарга тоскоолдук кылган жок. Документтери жайында болгондордун баары чек арадан өткөрүлүп жатты.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова кыргыз бийлигинин аракетин кубаттады:

«Бул нерсе убактылуу. Эки эл элдешет. Андай нерсе биздин да башыбыздан өткөн. Кыргызстандын жардамы Казакстанга каршы иш-аракеттей көрүнбөшү керек. Казакстан Ирактагы, Сириядагы жарандарын алып келип жатат. Бул жарандарын да алып кетет. Суубузду, тамак-ашыбызды аябай кабыл алууга милдеттүүбүз. Биз толеранттуулук – дегенди сабырдуулук деп которгонбуз. Эл аралык уюмдар деле карап турбайт, жардам берет. Өзүң болбосо сөзүң жокпу дегендей жылуу сөздү, жардамды аябашыбыз керек».

Ал эми Кордайдагы жаңжалда каза тапкандардын айрымдарынын сөөгү 9-февралда жерге берилди. Районго 8-февралдан тарта киргизилген өзгөчө кырдаал режими сакталууда. Казакстандын бийлик өкүлдөрү аймакта кырдаал туруктуу экенин билдирди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кордайдан келгендердин айрымдары артка кайтууда

Улут аралык ынтымакты көз карегиндей сактоо - ардактуу милдет

Дунган тою. Шор-Төбө, Жамбыл облусу, Казакстан. 27-август, 2018-жыл.

Казакстандагы Масанчи кыштагындагы окуялардан улам ой толгоо. Тарыхчынын блогу.

Дүйнөлөшүү жүрүмү тереңдеген сайын, ар бир өлкөнүн коому улам жаңы жоопкерчиликке ээ болууда. Кыргызстан да бул жүрүмдөн четте кала албайт.

Бир чети дүйнөдөгү жалпы тынчтыкты сактоонун зарылдыгын аңдап, өз салымыбызды эгемен мамлекет катары кошушубуз керек. Экинчи чети, унитардык мамлекетибиздеги көп улуттуу кырдаалды кылдат түшүнүп, ошого ылайык заманбап коз карашта болушубуз ылайык.

Албетте, улут аралык кагылышуулар жаатында өрнөктөр көп эле болду. 1989-жылы Өзбекстандын Фергана аймагында өзбектер менен ахыска (месхет, б.а. грузиялык Мцхети аймагынан сталиндик доордо жазыксыз жерден депортацияланган) түрктөрүнүн ортосунда тополоң чыкты. 1990-жылы июнда жана 2010-жылы июнда Ошто да кыргыздар менен өзбектердин айрым топтору кагылышты. Эми Казакстандын Кордой аймагында айрым казак жана дунган бейбаштарынын айынан дагы бир тополоң чыкты...

Бул - бир гана мамлекеттин иши эмес, бүтүндөй борбор азиялык чөлкөмдү санааркаткан окуя.

Адатта бир жактын гана таламын талашып, ого бетер тирешүүнүн тамырын тереңдетиш үчүн шыкакчы болгондор мындайда четтен табылат. Интернеттеги цензура жок шарттагы коомдук тармактар аркылуу да элди дүрбөткөн «таза кандуу арийлер» да ар элдин ичинен чыгып, өз батиринин же үйүнүн жылуу-жумшак диванында жатып алып, айрым чала сабаттарды мушташка, тирешүүгө, тополоңго чыгууга козуткан постторду жарыялашканына күбө болдук.

Ылайым цензура орнобосун, бирок атуулдук жоопкерчилик деген талап жүрөк толтосунда шам чырактай орноп турушу керек да!

2010-жылдагы Ош окуяларын сырт жактан таңуулашканын коңшу Өзбекстандын бийлиги жаземдебей аныктап, Кыргызстандын Убактылуу Өкмөтүн колдоп чыкты. Кийин президент Мирзиёевдин бийлиги Жызак облусундагы кыргыздардын Манас айылын 90 күндүн ичинде заманбап кыштак кылып оңдоп чыкты. Баамдагандарга бул - сырттан таңууланган Ош окуясына карата коңшу мамлекеттин бийлигинин атуулдук ынтымак жаатындагы жообу болду.

Дунгандар - Кытайдагы ислам динин кабыл алган ханзулар менен аларга жуурулушкан араб, ирандык, түрк (анын ичинде мусулман кыргыз) улуттарынын орток урпактары.

Адатта, дунгандардын этногенези жаатында сөз болгондо кыргыздардын катышуусу тууралуу айтылчу эмес. Бул жаңы илимий аныктаманы бээжиндик чыгаан кыргыз таануучу, профессор Мухаммед Ху Чжэнхуа, бишкектик дунган этнографы, тарых илимдеринин кандидаты Али Алиевич Жйөн (Жон) мырзалар айтып келишет.

Бул аныктама да тарыхый чындыкка төп келет деп эсептейм.

Монголиядагы хотон деген чакан түрк тилдүү улут бар. Хотондордун түпкү дини мусулман болгон. Орусиялык академик Б. Я. Владимирцов, саякатчы П. К. Козлов, этнограф Г. Н. Потанин, монгол илимпоздору Ц. Цэрэндаш менен Ж. Батсүүр (Батсуурь) дал ушул эл Теңир-Тоодогу мусулман кыргыздардын урпактары болгон деп санашат.

Ал эми Ички Кытайга сүңгүгөн мусулман кыргыздардын өкүлдөрү деле дунгандардын байыркы бабаларына аралашканы тууралуу жоромол да чындыктан алыс эмес деп ойлойм. «Манас» эпосунда деле кыргызга аралашып, динин да кабыл алган ханзу (кытай) жана монгол өкүлдөрү тууралуу маалымат бар (Алмамбетти эле алалык), тескерисинче, Ыраакы Чыгышка кетип, башка динге өткөн кыргыз топтору (Көзкамандар) тууралуу да айтылат. Демек, дүйнөлөшүү жүрүмү Ички жана Борбордук Азия, Шибер аймагы үчүн алмустактан башталган.

Кытайда Цин-манчжур жана Гоминдан бийлигинин заманында кытайлык дунгандар бир нече жолу улуттук боштондук көтөрүлүштөргө чыгып, Чыгыш Теңир-Тоодогу түрк мусулман элдеринин көтөрүлүштөрүн колдоого алып турушканы да тарыхта даана жазылган. Дал ушундай көтөрүлүштөрдүн жеңилишинен кийин дунган, уйгур, сарт калмак топтору жана айрым кыргыздар Кашкар менен Кулжадан Жети-Сууга (Кыргызстанга жана Түштүк Чыгыш Казакстанга) качып келип, байырлап калышкан эмеспи!

1916-жылдагы Кыргызстандагы улуттук боштондук көтөрүлүшкө дунгандар кошкон көөнөргүс салымды, маркум тарыхчы Токторбек Өмүрбековдун жолун улап, азыркы КУУнун профессору Турдубек Шейшеканов ж.б кыргыз тарыхчыларынан тышкары, Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын ага илимий кызматкери, тарыхчы, дунган кызы Жамийла Мусарова (Мажун) да иликтеп келет.

Ыраматылык дунган чыгыш таануучусу, тарыхчы, профессор Мухамед Ясызович Сушанло (1924-1998) менин кандидаттык диссертацияма колдоо көрсөткөн, илимпоздук бата берген эле.

Эмгекчил жана дыйканчылык сырларын мыкты билген дунгандар Жети-Суудагы кыргыз менен казак турмушуна кыйла жаңылыктар киргизишкен. Менин бала чагымдын айрым жылдары өткөн Нарын шаарында да дунгандар кыргыз тилин мыкты билип, ыраакы чыгыштык татымалдарды кыргыз дасторконуна сунуш кылып, мөмө-жемиштерди, ал түгүл пыяздан бери бул бийик тоолуу шаардын чет-жакасында өстүрүштү, багбанчылык өрнөгүн көрсөтүштү.

«Фейсбуктагы» айрым посттордо дунгандар кыздарын кыргыздарга бере бербейт дегендей ой да айтылды.

Ал эми чакан улуттардын өз тоюн өзгөгө бербөө (улут аралык никеден качуу) аракеттери этнография илиминде бул этностун (диаспоралык топтун) муундан-муунга өткөн өзүн-өзү эл катары сактоо далалаты аркылуу түшүндүрүлөт. Кытайдагы тарбагатай кыргыздары деле (алар бутпарас дининин ламачылык түрүн тутушат) өздөрүнүн айырмалуу тобун, ким экенин сакташ үчүн башка элдерге кыздарын күйөөгө бербөөгө далалат кылышканын, эми гана улут аралык никеге ык койгондор пайда болгонун алардын арасында болуп кайткан этнограф, профессор Абылабек Асанканов жана башка кыргыз тарыхчылары өзгөчө белгилеп жазышкан.

Ооган кыргыздарынын макал-лакаптарын 1970-жылдары чогулткан этнограф Реми Дор бир макаласында «Оруска оюңду бербе, ооганга тоюңду бербе» деген ылакапты эскерген. Бул - «тоталитардык советтик режимдин (б.а. «орусиялыктын») коммунисттик идеологиясына көнбө, кызыңды дари жана пуштун тилдеринде сүйлөгөн оогандарга күйөөгө бербе» деген маанини билдирчү.

Демек, Кыргызстандагы чакан улуттун ички ынтымагын түшүнүш үчүн кыргыздардын чет мамлекеттердеги чакан топторунун этнографиялык өзгөчөлүктөрүн да салыштырып изилдөө абзел.

Азыркы тапта дунгандар менен кыргыз, казак өкүлдөрүнүн үй-бүлөлөрү көбөйдү. Куда-сөөктүк мамилелер жөндөлүп барат.

Менин бир бажамдын уулу татынакай дунган кызына үйлөнүп, жакында небере төрөп берди. Алардын тоюна өзүм да катышып, бата берген болчумун. Албетте, бир гана мисалды айттым, бирок мындай бүлөлөр көп жана мындай куда-сөөктүк карым-катнаштар өнүгө бермекчи.

Дунган улутундагы чыгыш таануучу, Шор-Төбөдө 1951-жылы туулган этнограф агайым Али Жйөн (анын тегатын Жон, Джон деп жазып жүрүшөт, бирок бул сөздүн англисче John менен эч байланышы жок), бээжиндик профессор Мухаммед Ху Чжэнхуа аксакал менен жакындан таанышып, алар менен илимий достук карым-катнашта болгондугум үчүн сыймыктанам.

Эсен Жумазович Исмаилов деген агайыбыз Кыргызстандагы улут аралык ынтымакты чыңдоодо, кыргыз спортун өнүктүрүүдө опол тоодой кызмат кылды. Казакстандагы дунгандар деле азыркы Казакстандын гүлдөп өсүшүнө өз салымын кошуп келет.

Ушул дүрбөлөңдүү сааттарда биз Кордойдогу казактар менен дунгандарды араздаштыруучу маанайдагы шыкактоочу сөздөргө бөгөт коюп, дурус коңшулукту андан ары бекемдөөчү данакер ойлорго жем таштасак, анда коңшу Казакстандын ички ынтымагы аркылуу жалпы Борбор Азиянын ынтымак-ырашкерлигине, көп улуттуу кырдаалдагы илгерилөөгө жол чабууну улантаар элек.

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG