Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:57

Шинжаңдагы эмгек эзүүсү


Шинжаңдагы «саясий кайра тарбиялоочу лагерлердин» бири. 4-сентябрь, 2018-жыл.
Шинжаңдагы «саясий кайра тарбиялоочу лагерлердин» бири. 4-сентябрь, 2018-жыл.

Кытай бийлиги Шинжаң-уйгур автоном районундагы лагерлерде кармалгандардын бир бөлүгүн фабрикада иштөөгө мажбурлап жатат. Бул тууралуу «Эркин Азия» радиосу Кытайдагы атын атагысы келбеген расмий өкүлдөргө таянып жазып чыкты.

Шинжаңдын Кашкар префектурасында сот тармагында иштеген бир булак мурда лагерде кармалган 14 киши текстил фабрикасында иштеп жатканын «Эркин Азия» радиосуна айтып берди. Анын маалыматына ылайык, жумушчулар лагерден Йеңишехер округуна караштуу чакан шаарчадагы фабрикага күчтөп жиберилген.

«Алар Цао Худагы [шаарча] «Жуи» текстил фабрикасында иштеп жатышат. Бул жерде башка ишканалар да жайгашкан», - деди атын атагысы келбеген расмий өкүл.

Ал 14 кишини өзү фабрикага алып келгенин мойнуна алып, «ал жерде көп кишилер иштейт» деп кошумчалады. Бирок алар фабрикага күчтөп жөнөтүлгөндөр экенин же кадыресе жумушчулар экенин так айткан жок.

Кытайдын «Жэньминь жибао» гезити былтыр кабарлагандай, «Жуи» текстил компаниясы Кашкардагы фабрикасын 2014-жылы түптөгөн. Мамлекеттик басылма аймакта 5 миңдей жумуш орду түзүлгөнүн, жергиликтүү эл бул жаңылыкты жылуу кабыл алганын кабарлаган.

Бирок бул аймактан чыккан, аты-жөнүн ачык айтууну каалабаган дагы бир булак бул фабриканы жумушчу күчү менен Шинжаңдагы ички лагерлердин ири түйүнү камсыз кылып жатканын «Эркин Азия» радиосуна айтып берди.

Шинжаңдагы лагерлердин бири.
Шинжаңдагы лагерлердин бири.

Шинжаңдагы лагерлерде 2017-жылдын апрель айынан бери уйгурлар сыяктуу мусулман коомчулугунун 1,5 миллиондой өкүлү кармалып турганы кабарланып келет. Расмий Бээжин аларды «кескин диний көз караштары» жана «саясий жактан туура эмес идеялары» үчүн айыптап жатат.

«Алар жатаканаларда жашашат. Айрымдары жумасына бир, кайсы бири айына же үч айда бир үйлөрүнө барып турарын уккам», - деп айтты ал маалымат булагы.

Адатта Кытайда мындай текстил фабрикаларынын жумушчулары айына 5000 юань (710 АКШ доллары) маяна алышат. Бирок «Эркин Азия» радиосуна маек курган жогорудагы булак лагерде кармалгандар фабрикада канча иштесе да «окуусу аяктагыча» эч айлык албай турганын белгиледи.

«Арасында өтө аз айлык алгандары бар. Мен бир үй-бүлөгө барып келгем. Ата-энеси бир уулу фабрикада [«Жуи»] иштей турганын айтып берди. Ал эки айда бир 2000 июндан (285 доллар) бир аз гана көбүрөөк акча табат экен», - деди жашыруун калууну каалаган маалымат булагы.

«Эркин Азия» радиосу Йеңишехер округунда жайгашкан бул шаарчадагы Коммунисттик партиянын катчысы менен да байланыша алды. Ал өзү башкарган аймакта 202 киши ички лагерлерде кармалып турганын, мажбурлап иштетүү схемасынын алкагында 13 киши «Жуи» фабрикасына жөнөтүлгөнүн айтып берди.

«Алар үйлөрүнө барышпайт. «Жуи» текстил фабрикасына иштешет», - деп билдирди бул расмий өкүл. Ал лагерден жөнөтүлгөн жумушчулар «сегиз күндө бир жолу» үй-бүлөсүн көрө турганын, алар тапкан азыраак акча дароо эле алардын туугандарына жөнөтүлөрүн кошумчалады.

Саясат өзгөрүп жатабы?

Расмий Бээжин адеп Шинжаңда жергиликтүү тургундарды күч менен кармаган лагерлер бар экенин четке кагып жүрсө, кийинчерээк мындай жайларды уйгурлар сыяктуу улуттардын өкүлдөрүн кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөй баштаган. Кытай бийлиги бул борборлор радикалдашууга бөгөт коюп, өлкөнү террорчулуктан коргой турганын билдирип келет.

Бирок «Эркин Азия» радиосу сыяктуу эл аралык маалымат каражаттары жана укук коргоо уюмдары таап чыккан далилдер Шинжаңдагы бул лагерлерде жарандар күчтөп кармалып турганын айгинелеп жатат. Ички лагерлерде элдин көптүгүнөн санитардык шарт начар, тамак-аш тартыш экени, лагерге камалгандар саясий окуудан өтүп, ырайымсыз мамилеге туш болуп жатканы да кабарланып жатат.

Шинжаңдын Хотан аймагындагы фабрика.
Шинжаңдын Хотан аймагындагы фабрика.

Вашингтондогу «Коммунизмдин курмандыктарынын мемориалы» аттуу фонддун Кытай боюнча изилдөөчүсү Эдриан Зенздин айтымында, Кытай 2018-жылдын жарымынан тартып лагерлерге байланыштуу саясатын өзгөртүп, «күчтөп жумушка тартууга» көбүрөөк көңүл буруп жатат.

Зенз 2019-жылдын октябрь айында Конгресстин Кытай боюнча комиссиясынын жыйынында белгилегендей, Шинжаңда уйгурлар сыяктуу мусулман азчылыктарынын өкүлдөрү текстил, тамак-аш тармагы өңдүү жеңил өнөр жай ишканаларына иштөөгө аргасыз болуп жатат. Бирок адис буга далилдер аз экенин, себеби Кытай өкмөтү расмий статистиканы ачык жарыялабай турганын кошумчалады.

Кытай - дүйнөдөгү эң көп пахта өндүргөн мамлекет. Изилдөөчү Эдриан Зенздин айтымында, Кытайдагы «ак алтындын» 84% Шинжаң-уйгур автоном районуна туура келет. Бирок Кытай башка өлкөлөргө экспорттогон текстил өндүрүмүнүн канчасы жумушчуларды «күчтөп иштетүү схемасына» байланышы бар экени так белгисиз.

«The Wall Street Journal» басылмасы былтыр май айында жазгандай, Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң районунан чыккан өндүрүш товарлары «Adidas AG», «Hennes & Mauritz (H&M) AB», «Kraft Heinz Co», «Coca-Cola Co» жана «Gap Inc» сыяктуу дүйнөлүк бренддерге чейин жетет. Аталган басылма Кытайдын шинжаңдыктарды мажбурлап иштетүү аракетине каршы туруп, бул маселени көтөрүү Шинжаңдагы мындай фабрикалардын жетекчилеринин камалышына жол ачышы мүмкүн экенин белгилеген.

«Мунун көбү көзөмөл алдында жүрүп жатат. Бээжин өкмөттүн Шинжаңда «диний экстремизмди жана зомбулукту азайтуу» деп мүнөздөлгөн өнөктүгүнүн алкагында кытайлык компанияларды аймакта жумуш орундарын түзүүгө милдеттендирген. Көбүнчө ал компаниялар Батышка белгисиз туунду фирмаларды жалдашат», - деп айтылган «The Wall Street Journal» басылмасынын макаласында.

Макаланын автору: Шохрет Хошур, «Эркин Азия» радиосунун кабарчысы

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG