Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:22

Шинжаң лагерлериндеги аялдар көргөн кордук


Артукс шаарындагы кесип үйрөтүүчү борбор. Шинжаң, 3-декабрь, 2018-жыл.
Артукс шаарындагы кесип үйрөтүүчү борбор. Шинжаң, 3-декабрь, 2018-жыл.

Шинжаңдагы лагерлерде кармалган аялдарга алардын тукум улоо системасына таасир эткен дары-дармектерди күчтөп беришет. Алар кыйноого, жыныстык ыдыкка туш болушат. Көп учурда аларга медициналык жардам берүүдөн баш тартып коюшат.

Лагерде отуруп чыккан аялдардын бири башынан өткөргөндөрүн «Эркин Азия» радиосуна айтып берди.

41 жаштагы уйгур келин Турсунай Зиявудун Казак-Иле автоном аймагындагы Күнес чөлкөмүнөн болот. Бир жарым миллиондой уйгур жана башка мусулман азчылыктар кармалган Шинжаңдагы эң чоң лагерлердин биринде 2017-жылы тогуз ай отуруп чыккан.

2008-жылы Турсунай Халик Мырза деген жергиликтүү дарыгерге турмушка чыгып, беш жылдан кийин жубайлар Казакстанга көчүп кетишет. Ал жакта уулдуу болуп, менчик клиника ачышат. Турсунай айтып бергендей, күйөөсү казак жарандыгын алганы менен уйгур болгондуктан бийлик арызын улам четке кагып келди.

2016-жылдын 13-ноябрында келин Күнеске жакындарына барганда Кытай бийлигинин уйгурларга каршы катаал саясатын өз көзү менен көрөт. Атап айтканда, алардын паспортторун тартып алып, чет өлкөлөргө саякаттагандарды жазалоо жүрүп жаткан болот.

2017-жылдын апрелинде Турсунайдын өзүнө же үй-бүлөсүнө эч нерсе түшүндүрбөстөн түзөтүүчү лагерге жөнөтүшөт. Ал кезде камакка алуу жаңыдан эле башталып жаткан.

Бир айдан кийин келин саламаттыгына байланыштуу коё берилгени менен паспорту жок Казакстанга кайтып кете албай калат. Дээрлик бир жылдан кийин эч кандай негиз жок эле кайра камашат. Ал жолу, Турсунайдын айтымында, кармоочу жайдагы абал алда канча начарлаган болот.

- Кээ бир аялдар бир жылдан бери отуруптур. Бир да жолу этек кири келбептир. Лагердеги чоңдор аларды маал-маалы менен алып кетип, балалуу болбосун деп операция жасап же күчтөп дары беришчү экен. Мени тукумсуз кылчу операция жасаш үчүн ооруканага алып барышты. Бирок гинекологиялык ооруларым бар болгондуктан дарыгер «абалы өтүшүп кетиши, ал түгүл өлүп калышы ыктымал» дегенде коё беришкен.

Турсунай ошондой эле кыйноого туш болгонун, аны металл чынжырга асып коюп суракка тартышканын, күйөөсү экөө эмне себептен Казакстанга көчүп кетишкенин билүүгө аракеттенишкенин эскерди:

- Колдоруна кишен салынган аялдардын кыйкырып, жан соога сурап чыркырашканы азыркыга чейин кулагымда жаңырат. Андан тышкары саясий көз караштарды таңуулап, «АКШ - душман» деген ойлорду мээге куюшчу. Камерада чогуу отургандар бири бирин аңдып турушчу. Эптеп-септеген тамак беришчү же кээде таптакыр ачка кармашчу.

Жакшы баса албаган 70-80 жаштагы апаларга же тура албай ооруп жаткан аялдарга кайдыгер мамиле кылып, медициналык жардамсыз калтырып коюшчу.

Лагерлердеги зордуктоо жана башка кордук, зомбулук жөнүндө жакында жарык көргөн маалыматтарга келгенде, Турсунай чыдабай кетти:

- Биз өзүбүздү коргой алган эмеспиз. Бардыгыбыз түрдүү кордук көргөнбүз. Зомбулукка күбө болгон күндө да колубуздун эч нерсе келмек эмес. Лагердин жетекчилери түн ортосунда келип, кыз-келиндерди алып кетишчү. Алар кайтып келчү эмес. Кийин бир топ киши ооруканада каза болгонун билип калдым.

Турсунайдын айтымында, кээ бир аялдарды «көрсөтмө сот уюштурабыз, кылмыш үчүн кесебиз» деп коркутушчу. Кээ бирлери 5-10 жылга чейин эркинен ажыратылган. Алар эмне айып кылышканын түшүнбөй бакырып-өкүрүшсө да, уккан киши жок болчу.

Турсунайды 2018-жылы декабрдын соңунда бошотушкан. Үйүнө кайтып барганда Бээжиндин уйгурларды жапырт камоо саясаты кулач жайганын өз көзү менен көргөнүн айтат. Кийин паспортун кайтарып беришкенде Казакстанга күйөөсү менен баласына жөнөйт. Бирок Күнестеги жакындарынын, досторунун көбү ошондон бери лагерлерге камалды.

Кытай бийлиги адегенде Шинжаңдагы лагерлер тууралуу маалыматтарды четке кагып келсе, өткөн жылы тактикасын өзгөртүп, ал мекемелерди «уйгурларды радикалдык идеялардан арылтуу үчүн кесип үйрөтүүчү мектеп» деп мүнөздөп, «алардын максаты - өлкөнү терроризмден коргоо» дей баштады.

«Эркин Азия» радиосунун уйгур кызматы жана башка маалымат каражаттары тараткан кабарларга караганда, ал лагерлерде элди күчкө салып кармашат, ал жерде саясий көз караштарга сугарышат, ташбоор мамиле кылышат.

Шинжаңдагы жапырт камоодон жана уйгурлар менен башка мусулмандардын укуктарын бузуудан улам эл аралык коомчулук Бээжинди аймактагы аракеттери үчүн жооп берүүгө үндөп келатышат.

Былтыр сентябрда АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Жон Салливан Бириккен Улуттар Уюмун Кытайды Шинжаңдагы саясаты үчүн жоопко тартуу аракеттеринен майнап чыкпай жатканын сындаган. Уюм уйгурларга каршы укук бузуу учурларын иликтеш үчүн аймакка баруу уруксатын талап кылышы керек экенин билдирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG