Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:08

Кытайдан качкан казактардын соту башталды


Шинжаң аймагынан качып келген Мурагер Алимулы жана Кастер Мусаханулу, 6-январь, 2020-жыл.
Шинжаң аймагынан качып келген Мурагер Алимулы жана Кастер Мусаханулу, 6-январь, 2020-жыл.

Казакстандын Зайсан шаарында Кытайдын Шинжаң аймагынан качып келген Мурагер Алимулы жана Кастер Мусаханулу аттуу эки казак жигиттин соту башталды.

Кытайлык казак жигиттер чек арадан мыйзамсыз өткөн деп айыпталууда. Бул соттук териштирүү качкындарга болушкан нааразылык менен коштолуп жатат.

Казакстандык активисттер Кытайдан качып келген Мурагер Алимулы жана Кастер Мусаханулу аттуу эки казакты коргоп калууга коомчулукту чакырып чыгышты. Казакстанда качкындарды коргоо боюнча аракеттер өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын расмий билдирүүсүнөн кийин жанданды. Казакстандык коомдук ишмер Төлөгөн Жукеев басма сөз жыйынын өткөрүп, «өз мекендештерин коргобогон өлкө өз жарандарын да коргой албайт» деп казак бийлигин сындады:

- Эгер биз аларды азыр коргоп калбасак, биз өзүбүздү эч качан коргоп кала албайбыз. Бул чоң чакырык. Биздин бийликтин позициясы абдан начар. Бул биринчи окуя эмес. Буга чейин Сайрагүл өзүнүн мекенинен орун таппай бул жерден чыгып кетти.

Өткөн жумада Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары Дархан Делмановдун «Кытайдан качып келген эки казак Кытайга кайтарылышы мүмкүн» деген пикири Интернетке тараган. Бул билдирүүдөн кийин казак активисттеринин арасында нааразылык маанай күчөй баштаган. Активисттер басма сөз жыйынын өткөрүп, казак бийлигине эскертүү беришти. Активист Жанболот Мамай Кытайдан келген Мурагер менен Кастерди кайтарууну аларды өлтүрүп салууга теңеди.

- Эгер бийлик Мурагер менен Кастерди чындап эле кайра Кытайга өткөрүп берчү болсо, чоң нааразылык митинги башталат, - деди ал. - Менин оюмча бул жолу бүт эл, бүт коом көтөрүлүп чыгат. Ал митингдин жанында буга чейин өткөн митингдер жөн гана оюнчук болуп калат. Менин оюмча казак эли бул эки жигитти коргоп калууга даяр.

Активисттердин ою боюнча Мурагер менен Кастердин Казакстанда калышына мыйзамдуу бүт негиздер бар. Алар Казакстанга келип, дароо эле качкын статусун алууга арыз беришкен. Ал тургай качкындык сурап жатканы тууралуу күбөлүк да алышкан. Жактоочу Бауржан Азановдун пикиринде, бул жагдай алардын укуктарын коргоого казак бийлигин милдеттендирет.

Бауржан Азанов.
Бауржан Азанов.

- Аларда коргоо сурагандыгын ырастаган күбөлүк бар. Ал күбөлүктү берүү менен бийлик аларды коргоо милдетин алат. Алардын качкындык сурап жатканын далилдеген күбөлүгү бар. Демек алар Казакстандын аймагында калууга мыйзамдуу укугу бар. Алар октябрь айынан бери Казакстандын аймагында мыйзамдуу жашап жатышат. Алар качкындык макамды алуу мөөнөтүн мыйзамдуу өтөп жатышат. Мындай учурда аларды мажбурлап артка кайтарууга, кайсы өлкөдөн качып келсе кайра ошол жакка кайтарып берүүгө мыйзам жол бербейт.

Казак коомчулугу жалпысынан кытайлык качкындарды коргоп калууга чакырган активисттердин ою менен макул. Бирок эл арасында качкындарды коргоого алуу тууралуу пикир бир кылка эмес.

- Качкындыктын аларга эмне кереги бар? Алар ал жакка да, бул жакка да кереги жок бекерпоздор. Кытайда 1,5 миллионго жакын казак бар. Алар Кытайда жакшы эле жашап жатышат.

- Бул эки бала өз элинен, өз улутунан, өздөрүнүн тарыхый мекенинен коргоо сурап келди. Эмне үчүн биз аларды кайтарып беришибиз керек? Аларды Кытайга кайтарып берүүгө болбойт.

- Ар бир өлкөнүн өзүнүн мыйзамы бар. Ал мыйзамды бузууга болбойт. Чек арадан мыйзамсыз өтүү - кылмыш. Бирок бул жерде ар бир окуяны, ар бир тагдырды өзүнчө караш керек.

Эскерте кетсек 2019-жылдын күзүндө кытайлык эки казак эч кандай документи жок Кытайдан качып келген. Алгач алар аз улуттардын өкүлдөрүнө Кытайдын бийлиги көрсөтүп жаткан басым тууралуу журналисттерге айтып беришкен. Андан соң казак бийлигине өз ыктыяры менен багынып беришкен. Тергөө учурунда алар Кытайдын «саясий кайра тарбиялоо лагерине» түшүп калуудан чочуп качып келишкенин айтышкан. Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматы коомчулуктун бул нааразылыгына азырынча жооп бере элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG