Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 31-март, 2020 Бишкек убактысы 05:33

Сайрагүл Кытай бийлигине талап койду


Сайрагүл Сауытбайга (ортодо) сыйлыкты АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп менен мамлекеттик катчы Майк Помпео тапшырды, Вашингтон, 4-март 2020-жыл.

"Кытай өкмөтүнөн Шинжаңдагы куугун-сүргүндү токтотууну талап кылам". Мындай пикирин Кытайдагы "саясий лагерлерди" биринчилерден болуп ашкере кылган шинжаңдык казак Сайрагүл Сауытбай Вашингтондо билдирди. Ага 4-мартта АКШнын Мамлекеттик департаментинин абройлуу сыйлыгы тапшырылды.

Кытайда кыйноого кабылып, Казакстанда камакта отуруп чыккан 44 жаштагы Сайрагүл Сауытбай азыр үй-бүлөсү менен Швецияда жашайт. Ал 4-мартта дүйнөнүн булуң-бурчундагы кайратмандыгы менен айырмаланган 12 айым менен бирге АКШнын Мамлекеттик департаментинин "Каарман аял" сыйлыгына ээ болду.

Мамлекеттик катчы Майк Помпео анын Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономдук районундагы "саясий лагерлер" тууралуу алгачкылардан болуп айтып чыкканын баса белгиледи.

"Бүгүн биз мурдагы дарыгер Сайрагүл Сауытбайдын каармандыгын баалап жатабыз. Аны үй-бүлөсүнөн ажыратышты. Камакка алынып, кыйноого кабылды жана чындыкты сүйлөгөнү үчүн ажал тооруду. Ал Кытайдын Коммунисттик партиясынын мусулман азчылыктарга болгон куугунтугу тууралуу биринчилерден болуп айтып чыкты", - деди Помпео.

Кытайдын Шинжаң аймагында туулуп-өскөн Сайрагүл Сауытбай алгач дарыгер болуп иштеп, кийин окутуучулукка өткөн. 2017-жылы Кытай бийлиги уйгур, казак, кыргыздар сыяктуу жергиликтүү улуттарга кысымын күчөткөндө үй-бүлөсү менен Казакстанга кетүүнү чечкен.

Сайрагүл Сауытбай Казакстандагы сот залында, 2018-жылдын июль айы.
Сайрагүл Сауытбай Казакстандагы сот залында, 2018-жылдын июль айы.

Бирок Бээжин Сауытбайдын балдары менен жолдошун тарыхый мекенине өткөрүп, Сайрагүлдүн документтерин тартып алып, аны Кытайдан чыгарбай койгон. Ошондой эле Казакстандагы үй-бүлөсү менен байланышууга тыюу салган.

"Ал учурлар мен үчүн өтө кыйын болду. Алар үй-бүлөмдүн Казакстанда экенин шылтоо кылып, мени 2017-жылдын январында түн жарымында кармап кетишти. Суракка алып, кыйнап, уруп согушту. Үй-бүлөмдү кайра алып келишимди талап кылышты. Алар Кытайга келсе түрмөгө түшөрүн билгем", - деп айтып берди Сайрагүл Сауытбай Вашингтондо "Америка добушу" радиосуна.


2017-жылдын соңунда Сайрагүл Шинжаңдагы "саясий лагерлерде" кармалгандарга кытай тилинен сабак өтүүгө мажбур болгон. Жергиликтүү бийлик эгер лагердеги жашыруун сырларды ачыкка чыгарса, аны "өлтүрүп коюшарын" эскерткен. Ал лагерде дээрлик төрт ай иштегенден кийин өзү да дал ушул жайда үч жылга камала турган болгон.

Мындан улам Сауытбай Казакстанга качууга бел байлап, 2018-жылдын апрель айында кытай-казак чек арасынан өтө качкан. Бирок ал тарыхый мекенинде «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өттү» деген негизде камакка алынган. Сайрагүл Сауытбай соттук териштирүүдө Шинжаң аймагында "саясий лагерлерде" иштегенин, ал жакта миңдеген уйгурлар, казактар жана кыргыздар кармалып турганын, кайра Кытайга барса өлүм жазасына тартыларын айтып берген. Казак соту аны алты айга шарттуу кесип, бирок баш паанек берүүдөн баш тарткан. Он айдан кийин Сауытбай Казакстандан Швецияга чыгып кеткен.

Ал "Каарман аял" сыйлыгын алуу үчүн Вашингтонго келгенде "Америка добушу" радиосуна маек куруп, Кытай бийлигинен лагерде негизсиз кармалган шинжаңдыктарды боштондукка чыгарууну талап кылды.

"Миллиондогон жетим балдар менен, бөлүнгөн үй-бүлөлөрдү калыбына келтирип, концлагерден, түрмөдөн бошотууну талап кылам. Кытайда баштан бери эле бизде диний эркиндик болгон эмес", - деди Сайрагүл.

Шинжаңдагы лагерлердин бири.
Шинжаңдагы лагерлердин бири.


Соңку бир канча жылдан бери эл аралык укук коргоо уюмдары жана бир катар Батыш өлкөлөрү Кытай бийлиги Шинжаңдагы уйгур, казак жана кыргыздар сыяктуу ислам динин карманган улуттук азчылыктарды «саясий тарбия лагерлеринде» негизсиз кармап турганын билдирип келет.

“Хьюман Райтс Уотч” сыяктуу эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча, Шинжаңдагы мындай жайларда кармалгандардын саны 2 миллионго чукулдайт. Укук коргоочулар шинжаңдыктар лагерлерде Коммунисттик партиянын идеологиясын жана кытайча үйрөнүүгө мажбур болуп жатканын белгилешкен. Муну чет өлкөлөргө, анын ичинде Казакстан жана Кыргызстанга чыгып кетүүгө үлгүргөн шинжаңдыктар да ырасташкан.

Бирок Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келатат. Ошондой эле Шинжаңдагы чараларды экстремизмди ооздуктоо аракети менен түшүндүрүп жүрөт.

Бул лагерлерди ашкерлеген Сайрагүл Сауытбай менен кошо «Каарман аял» сыйлыгына күжүрмөндүгү менен таанылган дагы 11 аял ээ болду. Алардын арасында ооганстандык журналист Зарифа Гафари, пакистандык укук коргоочу Жалила Хайдер жана армениялык журналист Люси Кочарян да бар. Мамдепартамент бул сыйлыгын Аялдардын эл аралык күнүнүн алдында тапшырып келет. Бул сыйлыкты 2011-жылы Кыргызстандын ошол кездеги президенти Роза Отунбаева да алган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (6)

XS
SM
MD
LG