Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:28

Кытай: коронавируска чалдыккандардын 90% айыкты


Атайын кызматкер жүргүнчүнүн дене табын текшерип жатат. 24-январь, 2020-жыл.
Атайын кызматкер жүргүнчүнүн дене табын текшерип жатат. 24-январь, 2020-жыл.

Кытайда коронавирус жугузгандардын 90 пайызы айыкканы тууралуу маалыматты Саламаттык сактоо боюнча улуттук комиссиясы таратты. Мындан улам илдеттин очогу Хубей провинциясындагы карантин жарым-жартылай алынды. Ал эми 8-апрелден тартып Ухань шаарынан сыртка чыгууга уруксат берилет.

Ухань шаарында 14 күндүн ичинде бир да адамдан коронавирус табылбаган аймактар «жугуштуу илдеттен таза райондордун» катарына кошулуп жатат. Мындай райондордун катары калыңдады.

Ошентсе да жергиликтүүлөрдүн саламаттыгы алардын телефондорундагы тиркемелер аркылуу катуу көзөмөлгө алынган. Атайын кызматкерлер Alipay деп аталган тиркемедеги QR кодду текшеришет. Эгер ал жайында болуп «жашыл» күйүп турса, демек адамдын дене табы жок дегенди билдирет.

Эми ушул код аркылуу дээрлик эки ай камакта отурган ухандыктар акыры шаардан чыга алышат. Мындай мүмкүнчүлүк 8-апрелден тартып түзүлөрүн жергиликтүү бийлик билдирди. Ал эми 25-марттан баштап Хубей провинциясынан карантин жарым-жартылай алынары анык болду.

Кытайдагы дарыгерлер.
Кытайдагы дарыгерлер.

16 миллион калкы бар Ухань шаары 23-январда толук жабылган. Эпидемияны ооздуктоо максатында бийлик бир нече провинцияга катаал чараларды киргизген.

«New York Times» басылмасынын эсебинде Кытайда бир учурда кеминде 760 миллиондой адам сыртка чыкпай үйүндө отурду. Кытайдын өзүндө вирус жуктуруп алгандардын саны азайганы менен сырттан келгендерден чыгып жатат. Мындан улам Бээжин "коронавирустун экинчи толкуну каптайт" деп кооптонуп турган маалы.

Соңку бир сутканын ичинде 78 адамдан коронавирус аныкталса, алардын 74ү чет жактан келгендер.

Жалпы жугузуп алгандардын саны боюнча Кытай дале биринчи орунда. Илдетке 81 500дөн көп адам чалдыкса, алардын 73 миңден көбү айыгып чыкты. 3300дөй адам көз жумду.

Ошол эле маалда өкмөт дүйнөнүн экинчи экономикасын кайрадан калыбына келтирүү аракетин көрө баштады. Туристтик жайлардын көбү жабык болгону менен Бээжиндеги зоопарк жана Улуу Кытай сепилинин айрым бөлүктөрү ачылды. Ресторандарга эки адам бет маңдай отурбай тамактанса болот. Маалыматка ылайык, Хубей провинциясынан башка аймактарда курулуш иштеринин 90 пайызы жанданды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG