Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Кытай Токмокто музей ачкысы келет


Ли Бонун (Ли Бай) ырлар жыйнагы 2015-жылы кыргыз тилинде жарык көргөн.
Ли Бонун (Ли Бай) ырлар жыйнагы 2015-жылы кыргыз тилинде жарык көргөн.

Кытай инвесторлору Кыргызстанда кытайлык акын Ли Бо (Ли Бай) атындагы туристтик-тарыхый музей тургузуу ниетин билдирди.

Кыргыз өкмөтү эки өлкөнүн кызматташтыгын ар тараптан колдой турганын айтып жатат. Жергиликтүү маданият өкүлдөрүнүн ичинде бул сунуштан чочулап жаткандар да, акындын музейин курууну колдогондор да бар.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолуккан кытай ишкерлери маданият тармагы боюнча эки сунуш айтты.

Анын бири - азыркы Токмок шаарына жакын жакын жайгашкан байыркы Суяб шаарында туулган деп болжолдонуп жүргөн Кытайдын даңазалуу акыны Ли Бонун музейин куруу, экинчиси - буга чейин кыргыз-кытай режиссерлору менен бирдикте демилгеленген «Ли Бонун изи менен» аттуу тасма тартууну ишке ашыруу.

Бурул Калчабаева
Бурул Калчабаева

Драматург Бурул Калчабаева бул маданий долбоорлордун артында кандайдыр бир саясий максат болушу мүмкүн деп чочулагандардын бири.

«Ли Бонун музейинен мурда кыргыз жазма адабиятын түптөгөн, жарымы репрессияда, жарымы согушта жок болгон, биздин жазма адабияттын көч башында тургандардын, андан мурдагы ооз эки адабияттын өкүлдөрүнө музей ачпайлыбы. Анын бир бурчун «Эл достугу» деп атап Ли Бого берели», - деди ал.

Ли Бо (Ли Бай) – кытай элинин улуу акыны. Айрым тарыхый маалыматтарда ал 701- жылы азыркы Чүй боорунда төрөлгөнү айтылат. Тарыхчы Ташмамбет Кененсариев да ушул көз карашта экенин айтып, бирок ал кезде Ли Бо туулган шаар Кытайга карабаганын эскертти.

Ташмамбет Кененсариев.
Ташмамбет Кененсариев.

«Бул киши 701-жылы Тан династиясынын мезгилинде төрөлгөндүктөн Кыргызстан ошол мамлекеттин курамында болгон деп түшүнүшөт. Бирок андай эмес. Бул мезгилде Орто Азияда, айрыкча Чүй өрөөнүндөгү көптөгөн шаарларда дүйнөнүн ар кайсы жагынан келген соодагерлер, акындар, ар кайсы диндин өкүлдөрү жашаган. Чүйдө көп улут, толеранттуу калк жашаган. Суяб шаары карлуктардын борбору болгон. Карлуктар эч качан Тан династиясына кирген эмес. Ли Бо ошол шаарда соодагердин үй-бүлөсүндө туулган деген пикир туура. Ага бизде далилдер да бар».

Ли Бонун ырларын кыргыз тилине которуп жүргөн Эл акыны Кыялбек Урмамбетов тарыхчылардын жогорудагыдай божомолунан улам Ли Бону эмнеге өзүбүздүн акын кылып албайбыз деген ойдо.

«Өз казаныбызда кайнай бербей, кытайдын да дүйнөсүн өзүбүзгө сиңирип, керек болсо сыймыктанып, «Ли Бо биздики» деп айткыдай болсок жакшы эле. Анын музейин ачып коюп, бизден ошондой дүйнөлүк акын чыккан деп, Кыргызстандан чыккан инсан катары, талант катары керек болсо аны менчиктеп алсак сыймыгыбыз артылса артылат, асты кемибейт».

​Тарыхта Ли Бо Чүй боорунда төрөлгөнү менен кайра тез эле үй-бүлөсү менен атасынын мекени болгон Сычуанга кетип, бой жеткенде көпчүлүк өмүрүн саякаттап өткөргөнү жазылып келет.

Кыргыз адабиятында дүйнөлүк поэзиянын классиги Ли Бонун ырларын чоң акындардан баштап бүгүнкү муундагы калемгерлерге чейин кыргыз тилине которуп келет. Алардын бири, «РухЭш» сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакирдин айтымында, Ли Бонун кыргыз адабиятында да өз орду бар.

Олжобай Шакир.
Олжобай Шакир.

«Бүгүн баскынчылык же жоокерчилик заманы эмес да. Ал орто кылымдарда калып кеткен. Азыр коңшулар жана алыскы өлкөлөр менен дипломатиялык мамиле түзүү керек. Биздин кээ бир улутчулдардын кытай экспансиясынан чочулап отурганы күлкү келтирет. Себеби Ли Бонун Токмокто туулганы анык. Ал кытай булактарында маалымдалып, кыргыз адабиятында совет мезгилинде Ли Бо, кийин Ли Бай катары улуттук адабиятыбызга сиңип калган», - дейт Шакир.

Олжобай буга чейин эле коомдук ишмер Болот-Шер «Ли Бай» фондун түзүп, Интернетте расмий сайтын ачып, ырларын кыргыз акындарына котортуп, китеп кылып бастырып келгенин кошумчалады.

«Манас Эл» коомдук кыймылынын жетекчиси, Эл акыны Асан Жакшылыков эл аралык маданий кызматташууда кыргыз мамлекети саясий жактан сабаттуу болушу кажет экенин белгиледи:

«Туризмди өркүндөтмөйүнчө, кыргыз жеринин кооздугунун баркына жетпейбиз. Андыктан Ли Бонун музейин, берки Красная Речка (Кызыл-Өзөн) деген жерден буддизмдин издерин мындайча айтканда кыргыздаштырып, саясатын туура жүргүзсөк эң сонун натыйжа бермек. Мисалы Ли Бону биздин да акын дегендей саясат жүргүзүп Ак-Бешимди, Баласагынды, Токмокту бир комплексте карай турган болсо, сырттан туристтер тартылат эле...».

Жакшылыков эң башкысы жогорудагы маданий баалуулуктар, тарыхый эстеликтер азыркы учурда жашап жаткан жергиликтүү элдин рухий асылдыктары менен бирдей катарда, бирдей деңгээлде уюштурулушу керек деп эсептейт.

Дүйнөлүк акын Ли Бо 762-жылы мас болуп келатканда көлчүктө жаткан Айды көрүп, аны кучактап алам деп сууга чөккөнү айтылып келет.

Ли Бонун (Ли Бай) ыр саптарын автор Зайырбек Ажыматов кыргызчалаган.

Чыгыш тоосун эскергенде

Тоолоруна чыгыштын,

Көптөн бери барбагам.

Керемет ээ, ал жакта,

Кыпкызыл гүл жайнаган?

Кайык кылып булутту,

Ай асманда булаят.

Калтар нуру эми анын,

Кимдин үйүн уялайт?

Дирилдек суу

Түштүк көлү мемирейт күз кечинде,

Дирилдөөдө суу бетине Ай туруп.

Армандашым болгусу бар Лотостун,

Азабымды азабындай арттырып…

Саякатка бара турган досумду узатуу алдында

Күн өпкөн таңда гүлдөргө турдук суктанып,

Коштошор кезде кошулуп тарттык кайгыны.

Жандашып жүрүп жандырдык мында көп жылды,

Жакшы бар курбум, жатабыз бүгүн айрылып.

Ай көрүү үчүн дөбөгө чыгам мен дайым,

Сен болсо тоодон угарсың үнүн маймылдын.

Жаш досум далай жашоо бар сенин алдыңда,

Шараптан жутуп, көңүлдү эми шай кылгын.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG