Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-август, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 03:04

Өз доорунун өрттөй жанган кулуну эле


КДКнын теңтөрагасы Жыпар Жекше. Архив. 1990.

Кыргызстандагы демократиялык жүрүмдүн байсалдуу өнүгүшүнө опол тоодой салым кошкон коомдук ишмер Жыпар Жекшенин жаркын элесине арналган тарыхчынын блогу.

Капысынан суук кабар камтылган текстке көз чалдыкканда, дароо ишенгиң келбей буйдалат экенсиң...

Жыпар Жекше агабызды ырайымсыз ажал алып кетти деген кабарга кабыргабыз сөгүлүп, көз ачып-жумгуча анын элеси камтылган көп сериялуу тасманы көөдөндө тартууга үлгүрдүм окшойт...

Аттиң!.. Дагы бир чыгааныбыз араанын ачкан жаңы илдеттин айынан 73 жашында көз жумган экен... “Мына-мына, жакшы болуп келе жатат!” деп үмүттөнүп турган жакындарына теке (июль) айынын 21инин алгачкы сааттарында илгерки “кара кагаздагыдай” ызгаарын төккөн кабар жетиптир...

Азыркы 20 жана 30дардын тегерегиндеги атуулдарыбыздын айрымдары ардагер жаштагы далай “шалдыраган карыяларды” сыртынан тон бычып карашы, бүгүнкү көйгөйлөрдү чечүүгө эмне салым кошуп коймок эле деп кээде текеберлене сүйлөшү деле ыктымал.

Жыпар байке жылмайып, жумшак сүйлөгөн, карапайым, сезимтал, ошол эле учурда ар дайым өзүнүн ички туюмдарын ачык айгинелетүүдөн жалтаңдабаган айдың киши эле...

Азыр далай балдардан сурасаң, аткаминер, депутат, миллионер ишкер болом деп чыгат. Сүрөт сыяктуу көркөм өнөргө кызыгам деген кишилер өтмүштө да, азыр да чанда. Бирок дал ушул дили сүрөткер жандуу болгон, ойчул келген, карапайым инсандарыбыз кыргыздын тарыхынын бурулуш учурларында элден суурулуп чыгып, эл жүгүн ыктыярдуу аркалап беришкен.

Бүгүнкү COVID-19 илдетине каршы күрөшкө ыктыярчы катары чечкиндүү киришкен улан-кыздарга тартынбастан айтаарым –– силер бүгүн түбөлүк жайга узатылып жаткан Жыпар байкебиздин татыктуу улантуучуларысыздар.

Ал дагы Советтер Биримдигинин соңку учурун камтыган айтылуу “Кайра куруулар” доорунда, 1989-жылы жайында, толукшуп турган 42 жашында, “Ашар” козголушу аттуу коомдук демилге менен жаралган кубаттуу коомдук кыймылдын негиздөөчүлөрүнөн болду жана жалгыз Компартиянын үстөмдүгү астындагы тоталитардык мамлекеттик түзүлүшкө каршы айбат кылган алгачкы эң ири уюмдун Аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланды (“Ашар” козголушунун Кеңешинин төрагасы болуп журналист Жумагазы Усуп-Чоң Аюу Садыров шайланган).

Атайын саясаттын тарыхын, теориясын үйрөнүп, коомдук иштерди уюштурууда тажрыйбадан өткөрүлүп келген катмардан эмес, буга чейин саясатта анчейин аты белгисиз болуп келген жөнөкөй атуулдардан Жыпар агабыз сыяктуу азаматтардын суурулуп чыгышы жана "Ашарды" жетектеп калышы да жөндөн-жөн эмес.

Ушундай бурулуш маалында атуулдук жоопкерчиликти сезе билген инсандар элдик лидер деңгээлине капысынан көтөрүлө келгендиги кыргыз тарыхында жана башка элдердин тарыхтарында байма-бай катталган эмеспи.

Ошол кездеги кубаттуу идеологиялык механизми бар коммунисттик машина “Ашар” козголушунан башка дагы болочокку опурталдуу кыймылдар өрнөк алат ко деп чочулап, 1989-жылдын этегинде анын жетекчилерин кысмакка ала башташкан. Анын үстүнө, чынында да "ашарчылар" Балтика боюндагы эгеменчил демократиялык кыймылдар менен алака түзө башташкан эле.

Ошол 1989-жылдын бештин айында (декабрда) “ашарчылар” жетекчиси Жыпар Жекшени колдоп, чакан нааразылык жыйынын өткөрүшкөн.

Мен 1990-жылдын үчтүн айы менен бирдин айында (январ-февралында) Бишкек шаарындагы “Ашардын” жетекчиси Жыпар Жекшени жана жалпы “Ашар” кыймылын колдоого алган ошол доор үчүн ири болгон нааразылык демонстрацияларга катышып калдым. Ошондо Жыпар байкенин жалындуу сөзүн алгачкы жолу уккан элем.

Кийинчерээк “Кыргызстан” демократиялык кыймылын (КДК) уштурууга катыштык. Жыпар байке 1990-жылы 25-26-майда өткөрүлгөн КДКнын Уюштуруу жыйынында беш теңтөраганын бири болуп шайланды.

Мындан соң “Ашар” козголушу КДКнын бараандуу негиздөөчү мүчөсү катары Кыргызстандын саясий сахнасында өз ишмердигин ырааттуу жана демилгелүү улантып жатты.

Жыпар байке 1990-жылы кулжа (июнь) айындагы айтылуу Ош окуясында этностор аралык мамилелерди тынч жөнгө салууда зор салым кошту. Ошол жылдын күзүндө КДК коммунисттик режимге каршы саясий ачкачылык өнөктүгүн ийгиликтүү уюштурду. Анда да Жыпар байке менен чогуу жүрдүк.

Түшүнгөн кишиге ошол жылдары Жыпар байкенин өмүрүнө кыйла тобокелчиликтер пайда болгон. Мурдагы сталинчил же брежневдик доорду калыбыга келтирбөө үчүн кыргыз коомчулугу, анын ичинде Жыпар агабыздай атуулдар да, олуттуу күрөш жүргүзгөнүн азыркы Түркмөнстандагы диктатурага либерал, кыйла демократиялуу өлкөбүздү салыштыруу менен толук аңдай алабыз.

Жыпар байкеге "тиши өтпөгөндө", коммунисттик бийликтер да, кийинчерээк, акаевдик бийликтер да анын жакындарын кысмакка алган учурлар көп болгон.

1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн 75 жылдыгын белгилөө үчүн 1991-жылы теке (июль) айында “Ашарчылар” жана КДКчылар “Өмүр көчү” жүрүшүн уюштуруп, Чүйдөгү Асылбаш айылынан Бишкек аркылуу чыгышты карай чыгышты да, Балыкчыга жетти. Арабызда милиция офицери Виктор Викторович Черноморец да өз ыктыяры менен жөө басып, тилектештик билдирди.

Балыкчы шаарынан ары “Өмүр көчү” жүрүшүнүн катышуучулары бир учу Бедел ашуусуна, экинчи учу –– Торугартка чейин ажырымдалган эки топко бөлүнүштү. Мен Жыпар байке менен чогуу Балыкчыга бардым да, андан соң ал, Жумагазы Садыров байкелер жана башкалар болуп, Көл тарапты кыдырышты. Биз, КДКнын тең төрагалары Топчубек Тургуналиев агай, Кадыр Матказиев, жана КДКнын Нарын облусундагы жетекчилери Жумабек Мүсүралиев, Жумамүдүн Кадырмамбетов, КДКнын Кыргыз улуттук университетиндеги уюмунун жетекчиси Шамшыбек Мамыров ж.б. болуп, Кочкор, Нарын, Ат-Башы, Торугарт багытына кеттик. Арабызда акын Бүбайша Арстанбекова да бар эле.

Жалпысынан, “Ашардын” жана КДКнын өзөгүн бардык дубандардан келген жана ар башка этностук тектеги 20–40 жаштагылар түзгөн экен. Арабызда Наталья Аблова, Турсунбек Акун сыяктуу болочокку укук коргоочулар бар болчу. Калемпир тамган сатиралык ырларды жазган Өмүрбек Абдырахманов, куйкум тамашалары жана жаракөрлүгү менен жарпты жазган Таабалды Эгембердиев, депутат катары КДКны ырааттуу колдоого алган Казат Акматов, Өмүрбек Текебаев, бийликте туруп КДКчы болгон Бейшен Болотбеков, ырлары менен элди ойготкон Сагынбек Момбеков, жумушчу жаштардын лидери Чапырашты Базарбаев, окумуштуулар Топчубек Тургуналиев, Камила Кененбаева, Сулайман Кайыпов, Темиркул Эшенкулов, Асан Ормушев, Бекболот Талгарбеков, Салмоорбек Дыйканов, журналисттер Бакыт Орунбеков, Кубат Чекиров (алар КДКнын “Майдан” гезитинин алгачкы редактору, акын жана котормочу, адабиятчы Аман Токтогуловдун шакирттери болушту), Арслан, Динарел, Нина, Жаңыл сыяктуу далай жаш тарыхчылардын жана башка нечендеген үзөңгүлөштөрдүн КДКнын ар кыл иш-чаралары маалындагы сөздөрү азыр да кулагымда тургансыйт.

Ал эми “Ашар” менен КДКнын жергиликтүү уюмдарындагы жигердүү өкүлдөрүнүн санын азыр да тактап бүтө элекпиз.

Кийинчерээк, 2005- жана 2010-жылдардагы элдик ыңкылаптарды, азыоркы экологиялык, укук коргоочу демилгелерди да ушундай эле жашты камтыган муундагы өкүлдөр жетектеп жана жигердүү колдоп турушканын көрүп, алардын атуулдук жигерине ыраазы болом.

Дал ушул силердей жашта өрт болуп, өз жалыны менен элди ойготкон инсандардын бири –– ыраматылык Жыпар Жекше эле. Ал 1993-жылы КДК партиясын негиздеди. Анын оң колдорунун бири катары Виктор Черноморец болгону да дурус көрүнүш болчу.

Албетте, ар бир инсанда жаңылыштыктар, мүдүрүлгөн учурлар болбой койбойт. Аны тарых өзү четинен таразалай берет. Жыпар Жекше байкеде деле айрым калпыстыктар кеткенин замандаштары буга чейин деле айтып келишчү. Маселен, КТРКнын Байкоочу кеңешинин жетекчиси катары ал бул медиа каражатын көз карандысыз кылуу үчүн аракетке жандуу салым кошо албады.

Бирок бир нерсеге маркумдун замандаштарынын бардыгы макул го деп ойлойм: кесиби сүрөтчү болгон бул инсан Кыргызстандын эгемендикке карай багыт алган бурулуш учурунда бүт кан-жаны менен өз Атажуртунун көз каранды эмес, демократиялуу, көп партиялуу, базар экономикасына негизделген, жарандык коомдун чыңдалышына өбөлгө түзгөн өлкө катары кайра жаралышына ак дилинен кызмат кылып берди.

Мурдагы кубаттуу КДК кыймылы абдан көп партияларга жиктелип кетти. Бирок ал 1989–92-жылдардагы бурулуш кезеңде өз милдетин аткара алды. Кыргызстанда жарандык кыймыл саясий бийликтегилерге өз таламын таасын билдире алган бийик деңгээлге чыкты.

Дал ушул өзгөчөлүк азыр да Кыргызстанды коңшу пост-советтик авторитардык өлкөлөрдөн жагымдуу айырмалап турат.

Дал ушул деңгээлге өз атажуртундагы саясий түзүлүштү демократиялык деңгээлге көтөрүүгө маркум Жыпар Жекшенин жеке салымы зор болду.

Айрым пост-советтик өлкөлөрдөгү мурдагы демократиялык лидерлер бозгунда жүрүшөт же бозгунда, же абакта жүрүп мерт болушту. Кыргызстанда улам жаңы ыңкылаптан кийин тартип кыйла либералдашып, оппозиция өкүлдөрү абактан чыгарылып жатышты.

Бирок өлкөбүздө дагы эле өксүктөр бардыгы Равшан Жээнбековдун бүгүнкү тагдырынан айгинеленип турат ко деп ойлойм. Равшан иним, албетте, соңку учурда реформаны чындап жактаган тарапка эмес, өз керт-башы үчүн гана реформалык күрөштү имитация кылган тарапка ык койгону олуттуу катачылык болду, бирок ушул үчүн эле Равшанды абакка салуунун өзү чоң катачылык деп санайм.

Улуу көч –– өзү эле түзөлбөйт, жарандык коомдун аракети менен гана бара-бара түзөлөт.

Бул кайгылуу күнү маркум Жыпар Жекшенин элесин эскерген расмий көңүл айтуу катына Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков баш болгон бийлик өкүлдөрү, ошондой эле бийликке тийешеси жок жана бийликти ачык сындап калып жүргөн коомдук ишмерлер чогуу кол коюшкандыгы да жалпы эл-журтубуздун атынан маркумга көрсөтүлгөн орток таазимдин бир белгиси.

Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз болсун, Жыпар байке! Сиз жана үзөңгүлөштөрүңүз баштаган акыйкаттык үчүн көч улана берсин!

Үй-бүлөңүзгө, жакындарыңызга көңүл айтабыз, сабыр тилейбиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (17)

XS
SM
MD
LG