Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:46

«Ашардын» мааракеси үчүн ашарга!


"Ашар" сүзүлдү, бирок үзүлгөн жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:47 0:00

«Ашар» сүзүлдү, бирок үзүлгөн жок (Жумагазы Садыр уулу Усуповдун маеги, 13-июнь, 2015-жыл).

Мындан 30 жыл илгери, 1989-жылдын 15-июлунда «Ашар» уюмун негиздөө максатында жыйын болгон. «Ашар» уюмунун мааракеси тууралуу тарыхчынын блогу.

«Ашар» коомдук бирикмеси кайра куруу доорунда Кыргызстанда кубаттуу элдик кыймылдардын кабарын таркаткан бороон кабарчысы болгон.

Бул уюмду сөз кылганда жалаң гана «Ашар» козголушу тууралуу эмес, максат-мүдөөсү аныкына шайкеш болуп, удаа уюштурулган «Үй куруучулар кыймылы», «Бишкек» жана башка бардык коомдук бирикмелердин тарыхын да камтуу абзел.

Батышта да айрым доорлордо «жер тилкесин же бош имаратты басып алуучулар» (англисче «сквоттер») социалдык кыймыл түрү катары орун алып келди, азыр да кээ бир өлкөлөрдө мындай кыймыл катталып келет.

Бирок «ашарчылар» өздөрүн «жерди басып алуучу», «баскынчы» катары айыптагандарга айыгыша каршы турушкан, анткени алар өз ата журтунда эле социалдык маселелери чечилбестен, обочодо кала берген тагдырына каршы чыгып өз укуктары үчүн күрөшкөн.

Бишкек (ал кездеги Фрунзе) шаарындагы Жеңиш аянты. 1-апрель, 1987-жыл.
Бишкек (ал кездеги Фрунзе) шаарындагы Жеңиш аянты. 1-апрель, 1987-жыл.

Ал кездеги коммунисттик режим да Кыргызстанга сырттан келген адистерге тез арада батир берип, ал эми 40-50 жылдан бери Бишкекте батирлерди ижарага алып жашаган өз жарандарынын көйгөйлөрүн көңүлдөн чыгарып келчү. Албетте, бюрократтык кубаттуу машиненин бир аспабын чоюп же киши салып, паралап же кайсы бир ак жолтой кырдаалга кабылып батирге жеткендер деле болгон. Бирок алардын саны деңиз тамчысындай эле сейрек болчу.

Бишкекте жашап, ишкананын бир бөлмөлүү батиринде небересин үйлөнткөнгө чейин үч муундун өкүлүн батырып аргасыз байырлап келген далай кишилерди өзүбүз деле көрдүк. Алар таптакыр батири жок, улам бир көчөнү кыдырып батир издеп, кээде эптеп оңдоп-түздөлгөн тоокканага деле байырлоого даяр турган башка жердештерине салыштырмалуу «жыргап» жашагандай сезилчү, анткени алар өз бөлмөсүнө өзү кожоюн эле.

Анан «жерге катталуу» (орусча «прописка») деген нерсе да жасалма кыйнаган жагдай эле. Ушул «катталуунун» айынан далай киши көрүнгөн жерге пара сунуп жүрчү. Каттоосу жок киши борбор шаарда же башка шаарда иштей алчу эмес. Ал эми айыл-кыштактар улам көбөйгөн бала-чаканын баарын батыра албай калганы түшүнүктүү.

Бул жагдайлар жергиликтүү калайыктын оторчулукка каршы маанайын акырындап күчөтө берди.

«Ашар» жана башка ага шериктеш коомдук кыймылдар жана уюмдар ушундай маанайдагы кишилердин жер тилкесин каратып алуу жана ал жерлерди мыйзамдаштыруу үчүн уюмдашып аракеттенүү түрү болду.

Жыпар Жекше.
Жыпар Жекше.

Бирин-серин кишилер да элди ойготушу мүмкүн, а бирок ушундай кубаттуу кыймыл элди жөн гана ойготпостон, бул кыймылга жигердүү катышуу мүмкүнчүлүгүн да ачып берди.

«Ашар» кыймылына өз батири барлар да катышты, анткени алардын чакан батирине айыл-кыштактан келген жакындары толуп алгандыгынан башка да бир жагдай бар эле: ал – улам эрезеге жеткен уул-кыздарын кенен-кесири жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу болчу.

Айрымдар «ашарчылар» жалаң гана кыргыздар болгон деп жаңылышат, анткени алардын арасында жер тилкесин каратып алган орус жана башка жергиликтүү улуттардын өкүлдөрү деле жүрдү. Бирок албетте, «Ашар» сыяктуу уюмдарды колдогон калайыктын басымдуу бөлүгүн кыргыздар түздү.

Ракыя Жусупова.
Ракыя Жусупова.

Эми «Ашар» козголушунун 30 жылдыгына арналган илимий жана коомдук жыйындарды күзүндө өткөрүү тууралуу сунуштар Интернеттин коомдук тармактарында байма-бай айтылууда.

Бул кыймылга жетекчи катары да, жигердүү мүчө катары да катышкан бардык замандаштарыбыз өздөрүнүн жекече байкоолору жана салымдары тууралуу Интернетте эскерүүлөрүнөн бөлүшсө сонун болор эле.

«Ашарчылар» менен «КДКчылардын» жыйыны. 21-январь, 1991-жыл.
«Ашарчылар» менен «КДКчылардын» жыйыны. 21-январь, 1991-жыл.

Айрым «ашарчылардын» көзү өттү, аларды да татыктуу эскере кетиш керек.

Пикирибизде, «Ашардын» тарыхында кандайдыр-бир салым кошкондордун бардыгы, асыресе, сүрөтчү жана коомдук ишмер Жыпар Жекше (кийин ал «Кыргызстан» демократиялык кыймылы ыдырай баштаганда, өзүнчө КДК партиясын негиздеген), журналист жана ишкер Жумагазы Усупов (Чоң Аюу), публицисттер Сапар Мурзакул, Сабыр Муканбетов, ишкер Ракыя Жусупова (биз Ракыйла дечүбүз), ишкер Жанаалы Шабдрай Зергер, педагог Адылбек Кожобаев (ал өз учурунда «Ашарды» бийлик менен элдештирүү аркылуу жер маселесин тынч чечүү усулун колдонду), коомдук ишмер Эмил Каптагаев, ж.б. замандаштарыбыз канчалык көп эскерүү жазса, ошол учурдун жалпы сүрөтүн калыбына келтириш үчүн ошончолук көп боёкко ээ болобуз.

Жанаалы Шабдрай Зергер. 20-май, 2009-жыл.
Жанаалы Шабдрай Зергер. 20-май, 2009-жыл.

Ошондо «Ашарга» жана башка жер кестирүү кыймылдарына каршы күрөшкөн далай аткаминерлер кийин демократ болушту, алардын да ымандай сырын угуу керек. Себеби «Ашар» далай эскичил коммунисттердин да көзүн ачкан, алардын бир далайы кийин партбилетин же комсомолдук билетин ыргытып, КДК сыяктуу демократиячыл кыймылдарга кошулуп кеткен.

«Ашардын» 30 жылдыгын өткөрүүдө азыркы бийликтин да аткарчу тиешелүү ролу бар. Президенттик аппаратка караштуу «Мурас» фонду да четте калбайт деп ишенебиз.

(2015-жылы дал ушул фонд башка ыктыярдуу уюмдар жана жарандар менен шериктешип, КДКнын 25 жылдыгына арналган коомдук жыйын өткөрүп, атайын жыйнак чыгарган. Президенттик аппараттын ал кездеги жооптуу кызматкери Мира Карыбаева да бул жыйынды уюштурууга чоң көмөк көрсөткөн).

«Ашар» тууралуу мурдагы КГБнын архивинен жана башка архивдердин көмүскөдө калган жыйнактарынан да фото, аудио, видео маалыматтар алуу абзел. Калайыкта ал кезде азыркыдай уюкфондор, окуяны түз эле Интернет аркылуу дүйнөгө жайылтуу мүмкүнчүлүгү жок болчу. Бирок алардын кыймылын келечекте жазалоо үчүн колдонуу максатында чагылдырган кубаттуу мекемелер тымызын иштеп жатышкан.

Эгемендик доорунда, Кыргызстан демократиялуу түзүлүшкө карай улам илгерилеген сайын, өлкө өзүнүн демократиялык жолдогу күрөшкерлеринин тарыхын ого бетер даана иликтеп, алардын тарыхый салымын баркташы зарыл экендигин эч ким четке какпайт.

Ошондуктан «Ашардын» мааракеси да - кары-жашты, ар кыл саясий күчтөрдү, карапайым кишилер менен бийликтегилерди ынтымакка, бабалар баскан изди аздектеп үйрөнүүчү ашарга чакырган бир удул.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG