Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:27

Некролог: Жыпар Жекшеев эркиндикке умтулган адамдын бийик үлгүсү катары өрнөк болот


Жыпар Жекшеев.
Жыпар Жекшеев.

Коомдук жана мамлекеттик ишмер Жыпар Жекшеевдин басып өткөн өмүр жолу эркиндикке умтулган жарандын бийик үлгүсү катары келечек муундар үчүн сыймыктуу өрнөк болот. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков баштаган жетекчилердин атынан жарыяланган көңүл айтуу катында белгиленди.

Некрологдо Жекшеев өткөөл мезгилдеги демократиялык институттардын түзүлүшүнүн жана өнүгүшүнүн башатында турган демократ, саясий жана коомдук ишмерлердин бири катары замандаштарынын эсинде калганы айтылды.

Жыпар Жекшеев 21-июлда 73 жаш курагында оорудан каза болду.

Ал 1947-жылы 26-майда Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Талды-Суу айылында төрөлгөн. 1971-жылы Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын бүтүрүп, 1988-жылы Мамлекеттик көркөм өнөр институтун аяктаган. 1999-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде укук адистиги боюнча магистратураны бүтүргөн.

Жыпар Жекшеев башка активисттер менен бирге Кыргызстандагы кайра куруу жылдары пайда болгон демократиялык уюмдардын түзүлүшүнүн башатында турган. 1989-жылы Кыргызстандагы туңгуч демократиялык уюмдардын бири болгон «Ашар» козголушунун аткаруу комитетинин төрагасы, 1990-жылы Кыргызстан демократиялык кыймылынын теңтөрагасы болуп шайланган.

1991-жылы Кыргызстандагы ГКЧПга каршы коомдук чукул штабдын жетекчиси болгон.

1993-жылы Жыпар Жекшеев «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясын негиздеп, анын Саясий кеңешинин төрагасы болуп шайланган.

1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, Адам укуктары жана мамлекеттик кызматкерлердин этикасы боюнча комитеттин төрагасы болгон.

2005-жылдын 24-мартындагы саясий окуялардан кийин Абалды турукташтыруу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары болгон.

2007-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын башкы катчысы болуп иштеген.

2017-2019-жылдары КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү жана төрагасы болуп турган.

Жыпар Жекшеев Кыргызстандын коомдук-саясий турмушуна, демократиялык процесстердин тереңдешине чоң салым кошуп, «Ашар» менен КДКнын тарыхына байланыштуу кыргыз жана орус тилдеринде үч китеп, 100дөн ашуун ар кыл публицистикалык макалаларды жарыялаган.

Мамлекеттин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн «Даңк» медалы менен сыйланган.

Жекшеев Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышынын депутаты катары да демократиялык институттардын калыптанышына жана өнүгүшүнө мыйзамдык негиз түзүүгө активдүү катышкан.

Сүрөтчү катары, ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын башкы катчысы катары да маданияттын өнүгүүсүнө салымын кошкон.

Жыпар Жекшеев кайра куруу доорунда пайда болгон формалдуу эмес уюмдарды жаңы шартта ачык иштеген уюм болууга, мыйзам алкагында аракеттенүүгө багыттаган. Демократиялык көз караштагы жаштарды туура жолго багыттап, аларды радикалдуу кадамдардан коргоп, КДКнын демилгеси менен Кыргызстанда тарыхый бурулушка багытталган демократиялык өзгөрүүлөрдүн тынч өтүшүнө, жыйынтыгында көз карандысыз мамлекеттин кайра жаралуусуна өзгөчө салымын кошкон.

Маркумдун сөөгү 21-июлда Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

XS
SM
MD
LG