Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Тарыхтан калган топонимдерди жерибейли


Теңир-Тоо, Ысык-Көл - дүйнө чордону. XI к. Махмуд Кашгари Барскани чийген картанын бөлүгү.
Теңир-Тоо, Ысык-Көл - дүйнө чордону. XI к. Махмуд Кашгари Барскани чийген картанын бөлүгү.

Жакында Кыргызстандын ордо шаарынын аталышы туурасында «Фейсбукта» жарыяланган сунуш коомчулуктун бүйүр кызыткан талкуусуна жем таштады. Эмне үчүн географиялык аталыштарды жериш керек? Тарыхчынын блогу.

Жалган куран (март) айында Борбор Азиянын ири өлкөсү болгон Казакстанда жаңы президенттин сунушун парламент дароо колдоп, өлкөнүн ордо шаары буга чейинки постсоветтик «Астана» аталышын жоюп, «Нур-Султан» деген аталышка көчүрүлдү. Бул кадам постсоветтик Казакстандын 30 жылга жакын башкарган туңгуч президенти, учурда көзү тирүү Нурсултан Назарбаевдин урматына жасалды.

Коңшу мамлекеттеги бул окуяга Кыргызстанда ар кандай мамиле байкалды. Бирөөлөр «бул – коңшу мамлекеттин ички маселеси; кантсе да, Назарбаевдин опол тоодой салымы бар» дешсе, башкалары «авторитардык бийликтин бул чечими келечекте саясий система либералдашуу жолуна түшкөндө кайра жокко чыгарылып, шаардын илгерки «Акмоло» аталышы калыбына келтирилиши деле ажеп эмес» деп чыгышты.

Ал эми ушул учурдан пайдаланып «Кыргызстандын борбор шаарын деле «Манас» деп атап албайлыкпы?» деген сунушту айтып чыккандар болду. Алардын бири – 2010-жылдагы элдик ыңкылаптан кийин Убактылуу Өкмөттүн тушунда президенттик аппаратты жетектеген, учурунда Ысык-Көл облусунун губернатору (облус акими) да болгон Эмилбек Каптагаев мырза болду.

Анын сунушун колдогондордун арасында болгон багбан, ишкер жана уюштуруучу Манас Саматов мындайча санааркоосу менен бөлүштү:

«...биздин элдин чочулаганынча бар. Эртең дагы бир президент келип, шаарды өз атына коюуну кыйытып чыкса, биздин Жогорку Короо колдоп берет. Мына, эл качантан бери какшап келе жатат, «Бишкектин райондорунун аттарын өзгөртөлү» деп. Кана, ошо Бишкектин Кичине Короосунда жалаң чочко багарлар отурат окшойт?! Алар болсо Сиз менен бизди бир секундада сатып кетет!

Ошондуктан алдын алып этияттан шаарыбыздын атын МАНАС деп алсак жакшы эле болмок!

Тарыхый аттарды калыбына келтире турган жактар өтө көп - Покровка, Константиновка, Петровка, Ананьево, Военно-Антоновка. Биздин сасыган совоктор орустардын сөздөрүн тоту куштай кайталап, «чыгым кетет» деп жер кучактап жатып алышат!

Биз кыргыздар качан өз алдыбызча ойлонууну, өз алдыбызча жашоону үйрөнөбүз?»

Анын пикирине үндөш мазмунда үн кошкондордон ­ публицист, журналист Жолдош Турдубаев мындайча өңүттө жазды:

«Топонимдерди антропонимдер менен алмаштырган жосун жакшы эмес, албетте. Бирок Бишкектин ордуна Манас жарашып эле калмак экен. Ырас, бул сунуш карызга батып турган азыркы шартта өтпөйт, ишке ашпайт. Бирок келечекте иштерибиз илгерилеп, шаарыбыздын көркү арта баштаар. Ошондо «атын өзгөртөлү» деп кайсы бир президенттин ысымын таңуулагандар чыгышы толук ыктымал. Андай сунушка каршы дал ушул Манас деген аталышты бекем кармаса болот деп ойлойм».

Биз Эмилбек Каптагаев мырза менен тээ 1989-90-жылдары «кайра куруу» доорундагы жаңылануу шарапаты менен пайда болгон кыймылдарга чогуу катышып калган элек. Көп маселелерде пикирлерибиз бир чыгат.

Бирок Эмикенин ушул сунушуна макул болбогон жаным 2019-жылы жалган курандын (марттын) 23үндө мындайча пикирди «Фейсбук» аркылуу жарыяладым (антпесем, «бишкек» сөзү кыргыз тилине таандык эмес сөз» деген да ар кыл жоромолдор жарыялана баштады).

Тарыхый аталыштарыбызды эч качан жерибейли!

Taryhyj atalyştarybyzdy eç qaçan čeribejli!

Бишкек шаар аталышын өзгөртүү сунушуна каршымын.

Бишкек – нагыз кыргыз сөзү. Ага эч арданбаш керек. Бул – тарыхый аталыш.

Чагатай жазма булактарында да «Бишкек» деп жазылган, кыргыз санжырасында да Бишкек тууралуу маалымат бар; оторчул доордогу орус булактары деле азыркы борбор шаарыбыздын ордунда Бишкектин күмбөзү болгонун, анын жанында кийин кокондук чеп тургузулганын белгилеп көрсөткөн.

Кыргызстанда Сокулук, Кара-Балта, Тепши, Казан-Куйган, Соку-Таш, Шаты сыяктуу «модадан чыккан» далай жер-суу аталыштары бар.

Мен Теңир-Тоодогу Эчки-Башы айылынанмын. Нарында Теке-Секирик, Ат-Башы сыяктуу жерлер көп.

Атбаш шаарынын аталышы тээ Карахандар каганаты доорунан бери маалым; эми саат басып, капталдан чыгып, дагы бирөө «уялып кетип» аны өзгөртөлүк деп каптап чыкпаса экен (азыркы Кошой-Коргон чалдыары - илгерки Атбаш шаарынын калдыгы).

Чүйдүн этегинде Козу-Башы деген топоним катталган. Лейлекте Козу-Баглан суусу бар. Суусамырдын түндүгүндө Төө-Ашуу деген дабан бар.

Чычкан капчыгайы менен Аксыда Ит-Агар деген суу аттары кезигет.

Булар да географиялык аталыш катары эми «модадан калып» жок болобу?

1520-жылы Магеллан Латын Америкасында бир булуңду андагы көрүнгөн тоодон улам Монтевидео (испанча: Montevideo - «Көрүнгөн тоо») булуңу деп атаган экен. Эми Уругвайдын борбору дал ушул булуңда жайгашып калды. Уругвайлыктар бул аталышты эч жериген жок. Алардын деле мыкты тарыхый инсандары бар.

Ибн Баттута деген саякатчы 1333-жылы кезген Эдилдин төмөнкү агымындагы Кажы-Таркан шаарынын атына тили келбестен, орустар Астрахань деп атап алышкан.

Анын сыңарындай, Бишкекти XIX кылымдагы орус адабиятында «Пишпек» деп ката жазышкан. Жууку капчыгайын Заука деп, Эркеч-Тамды Иркештам деп, Барскоонду Барскаун деп, ж.б. бузуп жаза беришкен.

Башка тилде Бишкекти эмне деп жазышса, анда ишибиз жок, бирок ордо шаардын аталышын Бишкек деген тарыхый аталышка кайтаруу 1991-жылдын башындагы эң туура кадам болгон.

Интернетте талкуу маалында бирөө жакшы ой жазыптыр: «Кытайда Мао Цзедундун ысымын деле тарыхый Бээжин аталышынын ордуна сунуш кылышкан жок».

Залкар акын Сүйүнбай Эралиевден айылдаштары «Үч-Эмчек айылынын аталышын сиздин атыңызга которолу» деп бата сурап келишкенде, алардын сунушун аксакалыбыз четке каккан (демек, Нуракедей ач көздүк кылган эмес).

Айтмакчы, Таласка Суусамырдан ары Өтмөк ашуусу аркылуу түшкөндө өзүм күбө болдум: кээ бир айылдар «Баланчаев атындагы айыл» деп аталып калыптыр, тим эле көзгө өөн учурайт экен.

Ал кишилерге салыштырмалуу залкар акын Байдылда Сарногоевди мүлдө кыргыз билет, бирок алигиче Таласта Б.Сарногоев атындагы чолок көчө да жок.

Шаарларды жана кыштактарды мындан ары тирүү кишинин атынан коюу сыяктуу «сасык тумоолордон» абайлайлы.

«Манас» дастанын көөнөргүс мурас катары ансыз да сактап келгенбиз, мындан ары дагы сактап кала алабыз.

Реформачыл идеясы «түгөнгөндөр» эптеп жумушу жокто үйдөгү казан-аякты ордунан жылдырымыш этип, кыргыздын эски топонимин өзгөртөлү дей беришет окшойт, чагымда...

БИШКЕК ШААРЫНЫН АТАЛЫШЫНА, ТУУНУН ТҮСҮНӨ, ГИМНДИН СӨЗҮНӨ, ГЕРБДИН ЖАСАЛГАСЫНА, «ЖАЙСАҢЧЫЛАРГА» ОКШОП МАНАСЧЫЛАРДЫН РУХУНА ТИЙИШПЕЙ, АНДАН КӨРӨ БАШКА РЕАЛДУУ ИШТЕР МЕНЕН АЛЕКТЕНЕЛИК, УРМАТТУУ ЗАМАНДАШТАР!

(Андан ары 1072-1077-жж. карахандык орток бабабыз Махмуд Кашгари Барскани чийген дүйнө картасынын сүрөтүн жайгаштырдык. Бул оригиналдуу картада Жердин чордонунда Ысык-Көл көлү, Баласагын, Барскан, Кочкор-Башы сыяктуу теңир-тоолук шаарлар, Атажуртубуздагы тоо кыркалары жайгаштырылган. Теңир-Тоонун бул тоо кыркалары Махмуд Кашгари Барскани түзгөн картада өзгөчө реалисттик ыкмада чийилгендигин учурунда географ, тарыхый география изилдөөчүсү Садыбакас Өмүрзаков баса белгилеген болчу).

Бул чакан жарыямды «Көөнө доорлордон берки көптөгөн жер-суу аталыштары биздин доорго чейин сакталып жетти. Мындан ары да аларды урпактар үчүн көз карегиндей сакташыбыз абзел» деген сүйлөм менен аяктаган элем.

Махмуд Кашгаринин «Дивану лугати т-түрк» (1072-1077) эмгегиндеги картанын чордондук жана чыгыш бөлүгү.
Махмуд Кашгаринин «Дивану лугати т-түрк» (1072-1077) эмгегиндеги картанын чордондук жана чыгыш бөлүгү.

Андан кийин да бул туурасында кызуу талкуу эки багытта жүрдү.

Бир багыты – жалпы эле тарыхый топонимдерди киши ысымдары менен алмаштырууга чек коюу талабына байланыштуу болсо, экинчи багыты «Бишкек» топониминин келип чыгышына арналды.

Бул талкууларды окурмандар өздөрү деле өз алдынча окуй алышат.

Андагы айрым гана карама-каршы пикирлерди өрнөк кылып сунуш кыла кетейин:

Разак Сайдилканов:

«Баш калаабыздын аталышынын баштапкы абалы Пишпекпи, Пишкекпи же Бишкек болгонбу, чыныгы этимологиясынын кандай экени - белгилүү тарыхчыларыбыздын кайчы пикирлеринен деле көрүнүп тургандай - тактала турган маселе. Чүй өрөөнүндөгү Токмок, Сокулук, Кара-Балта деген топонимдерге карасак, баш калаабыздын аты деле кымыз бышкан жарактын аты болгон бишкек сөзүнөн алынган аскердик топоним болушу толук ыктымал.

Кандай болгондо да, ал ат - азыркы борбор шаарыбыз жайгашкан жердин тарыхый аты. Тарыхта кандай гана энчилүү ат болбосун, жөндөн жөн коюла бербейт. Анын төркүнүндө тарыхый, саясий, социалдык себептер жатат. Башкача айтканда, ошол жердин жана ошол жерде жашаган элдин тарыхы менен тагдыры камтылган.

Андыктан жер-суу аттарын кол жоолуктай алмаштыра берген туура эмес, тарыхка жасалган кыянаттык болуп саналат.

Айрыкча Манас аты баш калаанын атын алып жүргөнгө муктаж эмес. «Манас» эпосу, анын баш каарманынын ысымы, ачуу айтсак, кыргыз жоголуп кетсе да жашайт. Анткени «Манас» азыр жалгыз эле аны жараткан кыргыздын энчиси эмес, бүткүл адамзаттын рухий көөнөрбөс мурасы болуп эсептелет.

Ошондуктан борбор шаарыбыздын атын өзгөртүү тууралуу сөз кылуунун эч кандай кажети жок. Бир гана маселе - сурагандарга ар кайсыны айта бербеш үчүн баш калаабыздын атынын этимологиясын так изилдеп, аныктап коюшубуз керек».

Заирбек Маматалиев:

«Тарыхый аталыштагы топонимдерди өзгөртүүнүн кажети жок! Эң туура ой менен бөлүшкөнсүз! Жер-суулардын аталышы табигый болгону дурус! Ал эми Нуракенин Астананы өз аты менен аталышына каршы болбогондугу же өз ысымын берүүгө макул болгондугу, бул ач көздүк! Шаарыбызга адамдын атын коюуга же кошумча ысым сунуштоого каршымын! Тарых баарын өз ордуна коёт!»

Жаныбек Жанызак:

«...Ыйса Теңирович атындагы шаарды көрбөпмүн-укпапмын.

«Кудай» деген да шаар жок.

«Буддабек» деген да шаарды билбейт экем.

Манас -

Өзүнө жетиштүү ыйык,

Өзүнө жетиштүү бийик.

«Бишкек» топоними баатырдын атынан дегенди мен башынан кабыл алган эмесмин.

✔ Карабалта,

✔ Сокулук,

✔ Бишкек,

✔ Токмок...

Тупойго деле кашкайта көрүнүп туру.

Бирок так ушул аталым тээ түп кыргыздан бери кулакка сиңип, жаныбызга кирип, шаарыбыздын көркүн ачып, ал түгүл баскын орустар тили келбесе да окшоштурган экен, эгемен башында баштапкы атына келтирип алдык, чейрек кылым калкыбызга кеңири жана адеп башталгандан эле биротоло сиңип кетти, себеби тилибизге жат «Фрунзе» поронзолонуп, пурунзаланып дегеле сокур ичегидей болуп таптакыр айланы кетирип келген, билсең керек.

Тийишпейли».

Данияр Өскөнбаев:

«Ушул, ат дүрбөгөндө, эшек кошо дүрбөйт болбой эле койсо...

Чаткалдын «Чапчыма» ашуусунда бир тыңчыкма бир аз чокусун сүрдүрүп, жолун тегиздеген болуп анан атасынын эстелигин коюп, Бирдеме Бирдемеев атындагы «Чапчыма» ашуусу кылып салган.

Эл анын ким экенин деле билбейт. Дагы деле Чапчыма деп жүрөт. Чоңдорду оозун бир аз майласа, атасынын гөрүн деле башканын аты менен атап сала берет».

Орозобек Түгөлбаев:

«Бишкек Бишкек бойдон калат! Эч кимге, эч качан өзгөрттүрбөйбүз!

Биз демократиялуу, эркин өлкөдө жашайбыз!»

Эдилбек Молдоев:

«Кыргызым жер, айыл, шаарларга атты койгон жерлер кийинчерээк «уяттуу» сөрөйлөр менен өзгөрүп кеткен. Дархан, Чычкан аттуу айылдардын бири Жеңиш болуп калды. Ал айылда жашаган согуштун ветераны Маскөөгө чейин кат жазып атып Жеңиш атына которткон.

Менин айылым Кеңеш деп аталат, илгерки аты Кара-Булуң.

«Бишкек» деген мүмкүн кымыз бышкан аспаптандыр, бирок солто уруусунун Бишкек тукумунун бир бөлүгү болушу мүмкүн, алар Сокулук, Аксуу өрөөнүндө жашашат.

Кандай болгондо да, нукура кыргыз эли илгертеден койгон атты сактап калсак, элибиз да, жерибиз да туруктуу болот. Чек арадагы чыр-чатактарда тарыхта жазылган жердин аты менен даңазалап алсак болот.

Келген элдер тилине эп келгендей сүйлөп, атап келишкен. Кытай жазмаларында кыргызды ар кандай аташкан, аны жазма боюнча окулушу гяньгун, ага таянып гяньгун эли кыргыз эмес деп бурмалап атышат. Бирок кытай окумуштулары ошол жазмаларга таянып, Кыргыз каганаты биздин доорго чейин... болгон деп тастыктады...»

Айгүл Бакеева:

«Фрунзе шаарынын аталышын Бишкек деп өзгөртүүдө «Бишкек шамы» гезитинде узак талкуу болгон, 1990-жылдары. Ошондо көптөгөн пикирлер айтылып, акыры Бишкек шаарына токтошкон».

«Бишкек» топониминин келип чыгышы тууралуу талкууга жем таштаган макалалардын бирин Бишкек гуманитардык университетинин кафедра башчысы, профессор Дөөлөтбек Бекиш уулу Сапаралиев 2018-жылы чын курандын (апрелдин) 30унда Би-Би-Си Кыргыз кызматынын интернет-барагында жарыялаган.

Анда мындайча да саптар бар:

«1878-жылы 29-апрелде Россия империясынын Жети-Суу областынын Токмок уездинин борбору Пишпек айылына которулган. Ошондон бери бул жер шаар статусуна ээ болуп, тарыхка кызыккан адамдар «Пишпек» деген аталышка түшүндүрүү издешкен. Мындай аталыш дегинкиси орустардын бурмалап «Бишкекти» өзгөрткөндүгү экенин 1876-жылы эле биздин кыргыз аймагында болуп кеткен орус археологу Н.Н. Пантусов белгилеген. Анын бул эскертүүсүнүн тууралыгын Казакстан Республикасынын Борбордук Мамлекеттик архивинен табылган архивдик документтер да күбөлөп турат. Алсак, орус аскери - есаул Абакумов сибирлик кыргыздардын начальниги генерал-майор Вишневскийге жиберген 1847-жылдын 12-ноябрындагы рапортунда «ташкенттик» коргон (чеп) Бишкекке баарынан жакын көчүп жүргөн Жангарач (Эшкожо уулу - 1792-1864-жж. жашаган кыргыздын солто уруусунан) манап туурасында билдирген. Көрүнүп тургандай, алгач орус аскерлери XIX кылымдын орто ченинде эле Бишкек деген жердин атын (топоним) дээрлик так атай алышкан.

Ала-Тоо аймагынын башкаруучусу, орус аскер кол башчысы Г.А.Колпаковскийге кыргыз жетекчилери тарабынан 1861-1863-жылдар аралыгында жиберилген араб шрифинде жазылган үч каттардын түп нускаларында бул топоним-коргондун аты төмөнкүдөй берилген: Бишкак, Пишкек жана Фишкак.

1937-жылы Токио шаарында жарык көргөн «Да Цин Сюаньцзун Чэнхуанди шилу» - «Улуу Циндин Сюанцзун Чэнхуандинин башкаруу жылнаамасы» аттуу кытай китебинин 131 баптын 16-17 беттери жана 137 баптын 6 беттеринде Цин императору Миньшиндин казак султаны Аблай Адилдин уулу менен 1827-жылдын аягынан 1828-жылдын июнь айы мезгилиндеги кат алышуу документтеринде буруттардын (кыргыздардын) жеринде курулуп жаткан «Писыгэкэ» аттуу коргон (крепость) беш ирет эскертилет. Казахстандык окумуштуу кытай таануучу синолог-котормочу К.Хафизова ал топонимдин жазылышын орус тилинде «Бишкек» деп берген. Бир аз мурдараак, ушул эле топоним, ошол эле кытай булактарынан кыргызстандык синолог Н.Мадеюев тарабынан жогоркудай которулуп илимий чөйрөгө маалымдалган болуучу.

Ал эми 1870-жылдарда жазылган орто азиалык орток түрк (өзбек) тилиндеги «Тарих-и Шахрухи» - «Шахрухтун тарыхы» аттуу жыйнактын автору молдо Нийяз Хоканди бул топонимдин атын «Пишкек» деп берет. Демек, Жогоруда көрсөтүлгөндөрдүн негизинде бул жердин аталышы ХIХ кылымдын башынан ортосуна чейин «Бишкек» болгондугу анык десек талашсыз....»

Дөөлөт Сапаралиев андан ары оюн улантып, «бишкек» сөзү эски доордогу фарсы тилиндеги терминге барып такалат деген пикирин баса белгилейт:

«...Менин оюмча, «Бишкек» топониминин негизин байыркы кыргыз же перс сөз айкашы - пишкух түзөт. Ал төмөнкү сөздөрдүн комбинациясы болушу ыктымал.:

1. Пиш - перс тилинен которгондо (орус тилинде - перед, передняя часть) кыргызча алды алдыңкы бөлүк деген маанини берет. 2. Пиш - байркы түрк сөзү - башкаруучу, өкүмдар (орус тилинде - повелитель, князь) экендиги да кызыгууну жаратат. Мында деле, улуулук, ыйыктык маани бар да. 3. Пишани - байыркы түрк же перс сөзү - биринчи вариантта - маңдай, чеке (орус тилинде - лоб), экинчиси - бакыт (орус тилинде - счастье). Айта кетчү нерсе, белгилүү түрколог В.Радлов ушул эле сөздү кара кыргыздарга таандык деп белгилөө менен бешене деген түрүн орусча «прекрасный» деп которуп берген. Азыркы кыргызча-орусча сөздүктүн түзүүчүсү К. Юдахин аны бешенелүү - счастливый, приносящий счастье деп которгон экен. Анын тагыраак мааниси кыргыз тилинде бактылуу, кут берүүчү же ыйык дегенди берет. 4. Кух - байыркы түрк же перс сөзү - тоо деп которулат...

Ушундан улам, пишкух - бакыт же ыйык тоосу деген түшүнүк түрк, анын ичинде кыргыз жана өзбек тилдерине кирген топонимдин маанисин тагыраак чагылдырат деп ойлоймун...

Жыйынтыктап айтканда, КР борбор шаарынын аталышы адамдын ысымы эмес, ушул Борбор Азия аймактарындагы, өзгөчө көчмөн элдердин шаарларга берилүүчү традициясына ылайыкталып коюлган аталышы - «Бишкек» - «Ыйык Тоо» экенинен күмөн санабашыбыз керек. Бул Бишкек шаарынын тумары же символу болуп бүгүнкү күндө бизге белгилүү «Байтиктин боз бөлтөгү» экендигинен кабар берип, нукура мааниси бакыт алып келүүчү куттуу ыйык тоо экенин так билип, элибизге жана келген конокторго да көтөрүңкү паанайда, сыймыктануу менен айта жүрүшүбүз керек экенин унутпайлы».

Дөөлөтбек Сапаралиевдин макаласын саал узунураак бергенибиз – анын автордук оюн толугураак түшүнүүгө мүмкүндүк жаратуу максатында болду. Албетте, бул макаланы окурман өзү жогорудагы шилтемеге таянып, толугураак окуй алат.

Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянты.
Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянты.

Чынында да, Д.Б.Сапаралиев көп иш аткаргандыгы көрүнүп турат.

Ошого карабастан, биз бул тарыхчы агайыбызга бир катар каяша пикирлерибизди билдирдик.

Башкы жүйөөлөрүбүздүн бири – кыргыздын «бишкек» сөзүн жерип, фарсы уңгусундагы сөздү издөө далаалатына макул эместигибиз болду.

Бүткүл Азиядагы «кух» (фарсыча «тоо») сөзүн кубалап тизмелеп берүүгө каршы эмеспиз, бирок «Конкреттүү «бишкек» деген кыргыз сөзү эмне үчүн жер-суу аталышына негиз болбошу керек?» деген суроону да жадыбыздан чыгарбашыбыз абзел.

Тилчи, адабятчы, сөздүккчү жана котормочу Таалайбек Абдиев мындайча пикирин билдирет:

«...профессор Д.Сапаралиевдин ою боюнча, Бишкектин аты перс тилиндеги пиш «алды, алдыӊкы бөлүк» жана кух «тоо» деген сөздөрдүн айкашынан туруп, «куттуу тоо» деген маанини билдирет...

Бирок бул пикир да тилдик жагынан аксайт. Биринчиден, эгер бул топонимдин курамында кух «тоо» деген перс сөзү чын эле бар болсо, анда ал «кек» эмес, Алайкуу (< Алай+кух) деген топонимдегидей «куу» болуп өзгөрүп, «Бишкуу» болуп калыш керек эле. Экинчиден, «бактылуу» деген маани, автор өзү белгилегендей, пиш деген сөзгө эмес, анын туундусу болгон пишани «бешене» деген сөзгө таандык. Андай болгондо, «бактылуу тоо» деген маанини туюндуруш үчүн «пишкух» эмес, «пишани кух» деп айтыш керек болот. Бул болсо, көрүнүп тургандай, Бишкек дегенге дегеле коошпойт.

Көрүнүп тургандай, жогорудагы божомолдор ынанымдуу эмес, анткени тарыхый, тилдик, этнографиялык далилдер аз же жокко эсе. Ушундан улам борбор шаарыбыздын аты мурунтан айтылып келгендей, чын эле кымыз бышкан бишкек менен байланыштуу болуп жүрбөсүн деген ой туулат.

... Албетте, бул аттын качан коюлгандыгын так айта албайбыз, бирок Кокон хандыгы бул жерге чеп салгандан канча кылым мурун эле бул жердин Бишкек деп аталып жүргөндүгү шексиз. Буга Д.Сапаралиев келтирген тарыхый маалыматтар да далил боло алат».

Таалайбек Абдиев «Бишкек» топонимин орто кылымдардагы тарсалар (несторийчи христиандар) калтырган мүрзө таштарды «бишкек таш» деп атоодон улам жаралган го деген да жоромолун келтирген.

Эми Интернеттеги талкуу маалындагы башка ойлорго да кайрылалык.

Т.Чоротегин:

«Бишкектин күмбөзү жөнүндөгү маалыматты да унутпайлык. Аталыш жөн гана абстракттуу түшүнүк (кымыз бышкыч же Т.Абдиев айткандай «моло таш») болгондо күмбөз курулмак эмес. Азыркы шаардык мечиттин (мурдагы «Ысык-Көл» кинотеатрынын) чыгыш ыптасындагы бул күмбөз атеисттик доордо биротоло бузулган. Күмбөз айтылуу Бишкек чебине жакын салынган (тактап айтканда, 1825-жылы кокондук чеп ушул күмбөздүн түндүк-батышына жакын курулган). Мурда да ушул жайга жакын отурукташкан кыштак (жатак айыл) болгон деп жоромол кылабыз.

Уламыш боюнча чеп курулган жерде кербендер менен жолоочулар үзүлбөгөн жолдун боюндагы дөңсөөгө солто уруусунун чыгаан жолбашчысы Жоочалыштын урпактарынын бири Бишкек баатырдын сөөгү коюлуп, төбөсү бийик заңгыраган күмбөз тургузулган. Адегенде ал Бишкектин күмбөзү, бейити делчү, кийинчерээк күмбөз жайгашкан жер Бишкек аталып кеткен. Чүй өрөөнү кийин Россиянын карамагына киргизилгенде, орус төрөлөрү өз тилине ыңгайлаштырып, Бишкекти Пишпек деп өзгөртүп алышкан». https://ky.wikipedia.org/wiki/Бишкек_чеби

Д.Сапаралиев:

«Пишбек Атанын күмбөзүн кыкемдер (советтик доордо) эмес, мурун эле бузулган. 1876 жылы Н Пантусов минтип жазган «...киргиз был похоронен на верхушке холма, из которого потом кокандцы устроили крепость, вырезав стены грунта, крепность с поселениями стоить лет 50». Бирок буга да ишенип болбойт, мусулманчылыкты бекем туткан кокондук туугандарыбыз андай акаратка бара да алышпайт эле! Ал эми 1893-жылы Пишпекте болгон чыгыш таануучу, аалым В. Бартольд минтет «Около самого Пишпека, несколько восточнее его, есть о с т а т к и укрепления новейшего типа ПИШПЕК-АТА» . Кебетеси россиялык аскерлер Пишкек чебин эки жолу (1860-1862 - жж.) согуш аракеттери менен алган мезгилде жана аны атайлап жок кылышкан учурда Пишбек Атанын коргону да бузулган сыяктанат! Демек, советтик атеистерге жөн жерден акарат кыла бербесек акыйкаттуу болот!»

Т.Чоротегин:

«Taalaybek Abdiev иним Алайкуу аталышы Алай+кух сөзүнөн деп жоромолдойт. Анда Алай-Күү болушу керек эле (Q эмес, K аркылуу). Кыргызда «коо» (qoo) деген ороним (тоолуу жай аталышы) да бар эмеспи. Ал аталышты эмнеге жерип, сөзсүз эле парсыдан уңгу издейбиз? Дагы эскертсем, парсыча کوه кух сөзү жумшак к аркылуу айтылат. Qoo сөзү каткалаң К менен кетет. Кетмен-Төбөдө да Чоң-Коо жери бар, аны туура эмес «Чоңко» деп кыскартып жазып жүрүшөт. Коолуу жер деген да түшүнүк бар эмеспи».

Жолдош Турдубаев:

«Мен Дөөлөтбек агайды сыйлайм, бирок ушул топонимди чечмелегенде жаңылышып калганы көрүнүп турат.

Биринчиден, «Пешони» сөзүнүн өтмө мааниси көбүнчө «жазмыш», «тагдыр» дегенге жакын болот (кыргызча «бешене» /диалектилик «пешене» деген сөздүкү деле ушундай):

пешонЙ - 1. лоб, чело; ~и кушода открытый лоб; 2. пер. судьба, доля; шӯри ~ несчастный; қисмати ~ судьба; участь; доля; ~ дархам кашидан а ) хмуриться; дуться; б) выражать неудовольствие; проявлять недовольство; дар ~аш навишта

«Пешони» сөзү «ыйык» маанисинде колдонулбайт, бул түшүнүктү такыр башка сөздөр туюндурат:

священный

(священ, -на, -но) 1. рел. муқаддас; Священное писание Каломи худо (Таврот, Инҷил, Забур ва ғ.) 2. перен. (чтимый, дорогой) олӣ, муқаддас; священный долг вазифаи муқаддас; священные рубежи Родины сарҳадҳои муқаддаси Ватан 3. азиз, наҷиб; священные воспоминания хотираҳои азиз; священное чувство эҳсоси наҷиб

«Бакыт» түшүнүгү да башка сөздөр менен туюнтулат:

счастье

с 1. бахт, саодат, иқбол, саъд; семейное счастье саодати оила; испытать счастье бахтёр (хурсанд) шудан 2. комёбӣ, барор; счастье в работе барори кор; попытать счастья бахтро озмудан; пожелать счастья комёбӣ (муваффақият) талабидан 3. прост. толеъ, насиб; всякому своё счастье ба ҳар кас насиби худаш 4. в знач. сказ. разг. хайрият, хуб шуд; счастье, что он был дома хайрият ки вай дар хона будааст к счастью, на счастье б знач. вводн. сл. хушбахтона, ба омади кор, ба толеи касе; к счастью для меня ба толеам; на чьё-л. счастье ба бахти касе, ба толеи касе; ~с моё, что... хайрият ки ман ...

«Бактылуу» - «хушбахт»

Экинчиден, фарсиде «пешкух» же «пишкух» деген сөз жок, тоонун этеги деген түшүнүк «пои кух» болуп которулат.

«Пеш» дегендин маанилери:

1. перед, передняя часть чего-л.; ~и курта перед платья; 2. передний; ду пои ~ две передние лапы (у животных); 3. предшествующий, прошлый; прежний; солҳои ~ а)прошедшие годы; прошлое; б) в прошлые годы; в прошлом; 4. вперёд; впереди; душ-вориҳо ҳоло д

пеш (надстрочный знак, обозначающий краткий гласный у)

Ток этерин айтканда, «Бишкектин» этимологиясына бул вариант такыр туура келбейт».

Темирбек Алымбеков:

«Бишкек-баатырдын эле аты... Тегин жеринен орустар мурда тилине ылайыктап Пишпек деп айтышчу эмес... Жергиликтүү эл кандай атаса, ошондон келип чыккан. Демек тегин жеринен эмес. Анан калса бул сөз байыркы түрк тилинен, парсы тилинен ж.б. тилдерден кирген дегендерге таянышат окумуштуулар. Аларды угуп отурсаң дегеле кыргыздын төл сөзү жок, бүт эле сырттан келгендей. Балким кыргыз тилинен аларга кирип жүрбөсүн?

...Бишкек биринчиден баатырыбыздын аты деп жүрөбүз. Экинчи мааниси - бишкек... Кымыз бышабыз... Кыргыздын кылымдардан келаткан бишкеги оңой буюмбу? Мына Кара-Балта, Токмок, Сокулук дейбиз... Баары эле кыргыздын турмушунан алынган. Айтор Бишкегибиз кандайынан алсак да жарашып турат... Кымыз жыттанып турат... Акырында тамашасыз айтсам окумуштууларыбыздын жогорку айткандарынын баары гипотеза - божомол. Илимге ал да керек... Тытыша бергиле... А мен ырдагым келип турат: Бишкегим.. Бишкегим, борборум сен!

...Мына, Кыяс жазыптыр: Пишпек уезди, анын борбору Пишпек шаары да келгиндер тарабынан туура эмес жазылып келгенин ошол кездеги белгилүү чыгыш таануучу Пантусов да мойнуна алып, 1876-жылы 8-июлда «Туркестанские ведомости» гезитине: Пишпек жайгашкан жерде мындан 100 жыл мурда Бишкек аттуу кандайдыр бир кыргыз баатырынын сөөгү коюлган экен. Ошондон улам анын атынан шаар аталып, кийин «Пишкек» деп бузулуп айтылып калган. Кыргыздын сөөгү дөңсөөгө коюлуп, кийинчерээк кокондуктар күмбөздү жер менен тегиздеп салышып, ал жерге чеп курдуруптур», – деп жазып калтырган. Демек, Бишкек баатырдын атын алып жүргөн шаар да көп жыл бою келгиндер тарабынан Пишпек болуп, туура эмес жазылып келген».

Жалалидин Жээнбай:

«Тынчтык жана Жолдош, мына бул саптар тарыхый жана фарси жаатынан канчалык негизд€€ деп ойлойсунар?

Х.Сабохи: Вперед, в прошлое! Туранские заметки. Часть 1-я (полемика)

Первая. В нашем регионе, т.е. на юге Казахстана, в Киргизии, Узбекистане, Туркмении, Таджикистане и в Уйгуристане (по – согдийски: Chinonjiyon, по – китайски: Синцизйон) не было и не существует города с харлухским или агузским, т.е. тюркским названием, который бы имел максимум 600-летнюю историю. Конечно, при этом не будем учитывать измененные до неузнаваемости названия на языке наших друзей. Привожу всего четыре примера: Nughus, Бишкек, Quqon, Ашгапат ( о других примерах скажем в последующих частях данных заметок, при необходимости):

...Пешпайк (дословно с согдийского: первая весть; в переносном: передовой, прифронтовой форпост. В 6 – 10 вв. форпост на границе с территорией кочевания харлухов) – название крепости, которая была реконструирована в эпоху Саманидов; последний раз ее ремонтировали при Какандском ханстве; (полистайте «Таърихи Абулхайрхони»).

Бишкек (в устах Процесс превращения (с 16 века) – Пишпик харлухов и киргизов с превращением слова «Пеш» в «Биш» (пять) и пайк (пейк) в пик, пек и кек!)».

Т.Чоротегин:

«Жалалидин, парсы тилдүүлөрдө деле фолк-хисториге берилген авторлор көп. Бул - Парагвайды Баракбай негиздеген дегендей эле апыртма кеп.

Өзгөндөгү мечиттин мунарасы.
Өзгөндөгү мечиттин мунарасы.

Өзгөн – Узкенд – элдик этимологияда «өзүбүздүн шаар» деп 10 кылым мурда чечмеленген. Ага доордош Атбаш, Барскан, Тоң, Кочкор-Башы, Талас (Тараз), Беш-Балык, Баласагын сыяктуу түрк элдеринин шаарлары болгон. 11 кылым мурда (б.а. 600 жылдан алда канча эрте). Кээ бир тажик улутчулдары «Борбор Азияда иран тилдүүлөр гана шаар курган» деп текеберлене жазып жүрүшөт. Аларга автоматтык түрдө ишенип, аларды ээрчүү – «тиги дүйнөдөн Жайсаң бакшы Майрам Сармалдакова аркылуу өтө так сигнал берип жатат» дегенге ишенүүгө тете.

Жалалидин досум, тажиктерде да фолк-хистори өкүлдөрү көп. Алар баарын иран тилдүү кылып көрсөтө берет. Усундарды, сактын баарын парсы кылып баяндай беришет. Маселен, Шинжаң (Синьцзян) - 1760-жж. кийин гана чыккан ханзу термини («Жаңы чек» деп туюнтулат). Чинанжкес сөзү менен Синьцзяндын эч алакасы жок».

Кыяс Молдокасымов:

«Бишкек, Пишпек аталышында, деги эле Чүй өрөөнүндөгү аталыштарга перси тилин аралаштыруу туура эмес».

Нуржан Осмонова:

«1920-ж. башынан бери эл арасынан жыйналып, кол жазма түрүндө сакталып турган фольклор маалыматтары бар, ошонун ичинен дагы жакшылап издеп көрүш керек. Арийне, канча кол жазманы көздөн өткөрүп келе жатам, солто элинин уламыш, санжыраларынан Бишкек тууралуу көп тараган оозеки сөз анчейин көзүмө чалына элек. Солто, Солтонун уулдары, Жайыл баатыр, Жоочалыш ж. б. эрдиктери тууралуу өтө арбын, дээрлик ар бир чүйлүк айтып бере алган, а Бишкек жөнүндө маалымат эл эсинде анча сакталбаган, эл оозунда көп жайылбаган...»

Табылды Акеров:

«Урматтуу достор! Өтө сонун талкуу болуп жатат. Менимче, бул жерде Д. Сапаралиев агайдын да версиясынын өзүнчө чындыгы бар. Аны да эстен чыгарып салуу болбос. Кыязы, эки версия тең туура болушу мүмкүн. Себеби, адеп жердин аты болушу мүмкүн. Бирок, кийинчирээк ал жаңы версияларда да адам аты катары таанылып кетиши мүмкүн. Бишкек шаары байыркы Тарсакент шаарынын ордунда турат. Бул шаар христиандардын (тарса христиан) шаары болгон. Бул шаарда Боз бөлтөктүн алдында болгон.

Демек, соодагерлер бул шаарды Пешпайк (пиш пек же пишкек) - маңдай алдындагы же мандайдагы шаар деп аташы толук мүмкүн. Бирок, бул сөз кийинчирээк түрк урууларынын тилине ыңгайлаштырылып Бишкек деп аталып кетиши мүмкүн. Себеби, легендалардын ар кайсы версияларында кадимки бишкек жөнүндө айтылат да, ошол эле учурда Бишкек деген баатырдын ысмы эскерилет.

Боз бөлтөк деген сөздүн Аксыдагы Боз пийек (Боз бөлтөктөй дөбөнүн аты) менен окшош караса болот. Боз пийек жогоруда Jalalidin Jaenbai сунуштаган (Пешпайк) версияга өтө жакын. Балким, боз бөлтөк менен Боз пийек аттары пешпайктан келип чыгып жүрбөсүн? Бул эки аталыштын мааниси бир экенин жана бишкек аталышына байланыштуу болушу мүмкүн деп мен мурда жаздым эле.

... Бишкек чеби үч кварталдан турган: Бишкек, Конок, Төкөлдөш. Үчөө тең саруу уруусуна байланыштуу аттар. Мындан Бишкек эле солто менен байланыштуу. Конок деген айыл Сокулук районунда да бар. Бир кабарда Бишкек дыйкан деп берилип, аксылык саруулардан болуп жүрөт. Ал Боз пиек жактагы саруулардан болгон. Саруу айылы Ысык-Көлдө да бар. Илимде сарууларды (кыргыз урууларынын ичинен) Алтай менен байланыштырышат. Жогорудагы саруулар менен байланышта аталыштардын баары Конок бийдин учурунда Чүй өрөөнүнө кеңири тарашы толук ыктымал. Кыязы, Боз пиек, Боз бөлтөк аталыштары да саруу солто уруулары менен байланышта пайда болгон».

Алмас Турдумаматов:

«Бишкек аталышынын келип чыгышы Кара-Балта, Токмок аталыштары менен биргеликте каралышы керек го».

Нуржан Осмонова:

«...Албетте, Doolot Saparaliev сындуу кыргыз тарыхынын каймагын калпыган дөө-шааларга каяша айта турган акым жок. Тек гана кыргыз-алтай алакасы туурасында окуп-тааныш болгон маалыматты кыстара кетким келди. Биринчиден: Doolot Saparalievдин: «Акыркы көз караштын авторлору ойроттор - монгол тегиндеги бөтөн элдин өкүлдөрү болгондугун жана Чүй өрөөнүнүн чегинде келгин калк катары бир аз убакыт, болжол менен 30-40 жыл гана жашашкандыгын көңүлдөн чыгарып коюшкандай. Ошондуктан бөтөн тилдүү, чет элдик душман катары бул аймактагы эзелтеден жайгашкан жана сакталып келген түрк тилиндеги калктын жерлеринин аталышын кайрадан өзгөртүп ат коюга аракеттенишкени чындыкка жакындашпайт» деген пикирине каршы монгол тилинен келген: «Долон» (жети), «Нарын» (нэрiн – таза, нак, тунук), «Жумгал» (жум – терс; гол – аккан суу), Дөрбөлжүн (төрт тарабы тегиз жайык журт) топонимдерин эске салсак.

Экинчиден, Сагалы Сыдыковдун «жалгыз тоо» же «Жетим-Тоо» аталышын мисалга алгандыгы тегин жерден эмес. Алтай топонимдик уламыштарынын ичинде «Бешпек» жеринин (кыргызча бөлтөк дөңдүн) жаралышы жөнүндө катталган. «Бешпек» тоо бөлтөгү Сартакпайдын жаасынын огу тийген тоодон... пайда болгон: «Когда стрела ударилась [в гору], отлетевшая от разрыва [горы] земля скучилась на правом берегу реки Чамал. Эта скученная земля небольшой хребет образовала, алтайцы его «Бешпек» назвали» [НЕСКАЗОЧНАЯ ПРОЗА АЛТАЙЦЕВ. Памятники фольклора народов Сибири и Дальнего Востока . – Новосибирск: Наука, 2011. Т. 30. – С. 239]. Алтайда мындан башка «КАРАКОЛ», «ЧҮЙ», «БООМ» деген жерлер бар экендигин да айтса кетсек ашыкса болбос. Алтай уламыштарынан биздин сюжеттерге окшош эл аңыздары да жок эмес. Мисалы, «Абыйым Боом» уламышы кыргыздын «Кызарт» тууралуу уламышын таң каларлыктай кайталайт. Анда дагы жибек кымкап кийип жолго аттанган кыз ашууда тоңуп калып, тон кийген кыз үйүнө аман кайтат. Мындай мисалдарды байма-бай келтирүүгө болот.

Айтайын дегеним, эзелки доордо түрк-монгол уруулары, азыркыдай мамлекеттик чек арасыз көчүп-конуп, жортуулдап, журт которуп жүргөн эмеспи. Жакында эле дүйнөлүк желе баракчаларынын биринен Памир кыргызынын бир бөлүгү «түп зилибиз Тубаданбыз» дегенин окудум. Кантсе да Алтай гипотезасын четке кагууга болбос. Арийне ошол эле маалда кыргыз, алтай тилинде «Жетим-Тоо» түшүнүгүн берген «бишкек» сөзүнүн түп маанисин (этимологиясын) чечмелөө маселеси дагы деле ачык бойдон кала берет деген ойдомун».

Гүлзура Жумакунова:

«Бишкек – азыркы тилибизде актив колдонулган эле буюм. Кымызды жакшы бышпаса, ачуу болуп чанырып калат. Түркчөдө да айранды бышып, май бөлүп алуу үчүн ошол эле буюм колдонулат. Аты «бишек».

Эки тилде да «быш» этишинен бишек, бишкек атоочтору жасалган. Бирок бишкектин бышып/жанчып салчу жоокер куралы деген мааниси да болсо керек.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кара балта, сокулук, токмок деген чеп аттарына коюлган сыяктуу эле. Кокон хандыгынын архивдеринен карап көрсө болсо керек. Бирок эбепке себеп дегендей, абдан кызуу, пайдалуу талкуу болду, баштагандарга да, кызыктуу, пайдалуу фактылар менен кызыткандарга да рахмат!»

КОРУТУНДУ

Албетте, илимий-жамааттык талкуу улам кызып улантылып жатат. Ага «Фейсбук» аркылуу чек коюуга эч мүмкүн эмес. Илимий жыйындар да чекит коё албашы ыктымал.

Бирок бул сыяктуу маселелерди ачык талкуу кылуунун өзү зарыл нерсе.

Беш гана жагдайга өз оюмду корутундулоочу түйүндөр катары назар бурдургум келди:

Биринчиден, совет доорундагы тарыхнаамада Евразиянын көп аймактарынын тарыхын индоевропалык, анын ичинде фарсы тилдүү элдердин тарыхына байлап сыпаттоо үстөмдүк кылган. «Түрк элдери Евразиянын көп аймагына, анын ичинде Эдил (Волга), Урал, Кырым, Кавказ, Батыш Борбор Азия аймактарына б.з. VI кылымдагы Улуу Түрк каганаты негизделгенден кийин гана таркала баштаган» деген туура эмес жоромол расмий үстөмдүк кылган.

Анын айынан Европанын чордонуна чейин барган түрк тилдүү хундардын (аларды «гун» деп жазып жүрөбүз), Хазар, Булгар каганатынын түрк тилдүү калктарынын өздөрү эле Улуу Түрк каганаты түзүлө элек көөнө кездерде эле түрк тилдүү калктар (хун, огур, булгар, сувар, ж.б.) Чыгыш Европада байырлаганын тастыктагандыгын окумуштуулардын көбү эске албай жүрүшчү. Борбор Азияда деле байыркы сактардын бир бөлүгү, усундар, хундар, кыргыздар сыяктуу байыркы түрк тилдүү калктар болгонун этибар кылбастан, советтик этнографтар «Борбор Азиядагы сактардын бардыгы тең фарсы (иран) тилдүү калктардан болгон» деген түкшүмөлүн таңуулай беришкен.

Алардын айынан, албетте, биздин айрым топонимисттерибиз да баары-жоктун баарын фарсы тилине такап түшүндүрүшчү. Албетте, Чүй өрөөнү Улуу Жибек жолунун таманында болгондуктан, ар дайым көп улуттуу болду, бирок жергиликтүү түрк калктарын «VI кылымда же XV кылымдан кийин гана жер-суу аталышын өз эне тилинде жаратууга даремети жеткен, ал эми мындагы шаарларды жалаң фарсы тилдүүлөр негиздешкен» деп түшүндүрүү далаалаты азыркы тапта негизсиз деп четке кагылууга тийиш. Шаар маданиятын калыптандырууну жергиликтүү түрк тилдүү калктар түздөн-түз жүзөгө ашырган. Албетте, ошондо эле шаарларда сириялыктар (негизинен, тарсалар), согдулуктар, ханзулар, индиялыктар, тибеттиктер сыяктуу келгиндер болуп келгени талашсыз. Мындай шаар калкындагы көп улуттуу көрүнүштү Кытайдан деле, Ирандан, Византиядан деле учуратабыз. (Дал ошондой улут аралык жуурулушуунун негизинде Кытайда дунган эли пайда болду го!)

Экинчиден, «бишкек» сөзү түрк (кыргыз) сөзү экендигинде шек жок деген пикирди мындан ары деле тастыктай бермекчимин. Албетте, бул аспапты (же аскердик терминди) туюнткан сөздөн антропоним (киши аты) жаралып, андан кайра топоним (тургун жай аталышы) пайда болгондугу тууралуу талаш-тартыш улантылаарында шек жок. Ошого карабастан, бул сөздү асмандан алып «пиш пайк» сөзүнө такаштын эч зарылдыгы жок деп санайм.

Үчүнчүдөн, шаар аталышы – тарыхый мурас. «Москва» аталышын балтиялык, славян жана финн-угор тилдерине такап түшүндүрүү аракеттери бар. «Келип чыгышы бүдөмүк экен» деп бул шаар аталышын, ошондой эле «идиш-аякка теңелди» деп Татарстандын борбору «Казан» шаарынын аталышын чанган эч ким жок.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин «Бишкекти» тарыхый аталыш катары тандаган 1991-жылдагы чечими негиздүү, аны жокко чыгаруунун эч зарылчылыгы жок деп эсептейм.

Төртүнчүдөн, тарыхый географиялык аталыштардын ордуна XX – XXI кылымда жашаган кишинин ысымын коюуга түбөлүккө мораторий жарыялаш керек. Инсандын тарыхый орду географиялык аталыштар менен бекемделбейт (Ленин, Сталин, Молотов, Свердлов, Фрунзе, Каганович, Ворошилов, Ежов, Берия сыяктуу канчалаган советтик саясатчылардын ысымдары далай географиялык аталыштарга, анын ичинде шаар, кыштак, район аталыштарына берилип, кайра алынып салынгандыгы XX кылымдагы СССРдин топонимдик тарыхынан белгилүү). Мейли, көчө, музей, клуб, мектеп жана башка жайларга киши атын берүү, айкелдерди тургузуу улантылсын, бирок шаар-кыштактардын көөнө аталыштары көздүн карегиндей сакталууга тийиш (оторчулук доордогу падышанын атына коюлган Александровка, Романовка сыяктуу аталыштар, албетте, көөнө аталышка кирбейт).

Бешинчиден, бабалардын сабагын жана эмгегинин мөмөсүн да унутпастан кадырлоо керек. Мындан 30 жылдай илгери Пржевальск шаарынын ордуна Каракол шаары, Фрунзе шаарынын ордуна Бишкек шаары деген тарыхый аталыштардын кайтарылышы – бабаларыбыздын ошондогу мыкты чечими болгонун аздектеп-баалашыбыз жана алардын чечимин коргошубуз зарыл. (Орусияда да Ленинград шаарынын ордуна Санкт-Петербург, Свердловск шаарынын ордуна Екатеринбург аталыштары кайтарылганын биз, кыргызстандыктар да, маашырлана кубаттап чыккан элек).

P.S.

Ар башка пикир ээлеринин ойлорун кеңири камтуу максатында бул макала көлөмдүү жазылып калгандыгын окурман түшүнөт го деп үмүттөнөм. Албетте, кимдин пикири туура экенин айтуу үчүн калкыбыз – анын ичинде илимий коомчулук – өзү тараза.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG