Линктер

шейшемби, 22-май, 2018 Бишкек убактысы 10:15

Бишкек шаарынын деталдуу планы дээрлик даяр болуп калды. Борбордук аймактарды камтыган бул долбоор бир айдын ичинде кабыл алынышы мүмкүн. Бирок Жогорку Кеңештин депутаттары бул документ дагы деле чийки экенин айтып чыгышты. Эл өкүлдөрү пландын кечеңдегени коррупцияга жол ачып жатканын белгилешти. Бул боюнча маселелер Бишкектеги жыйында талкууланды.

Бишкек шаарынын башкы планына негизделген деталдуу пландоо долбоорунда адистер калаанын борбордук бөлүктөрүн гана эсептеп чыгууга үлгүрүшкөн.

Тагыраагы түндүк жагынан Жибек Жолу, түштүк жагынан Ахунбаев көчөсү, чыгыш жагынан Курманжан Датка – Шабдан Баатыр көчөлөрү (мурдагы Алматы көчөсү) жана батыш жагынан Садырбаев – Фучик көчөлөрүнүн ички жагы каралган.

Архитекторлор бул ортолукта үйлөрдүн, имараттардын жайгашуусун жана бийиктигин, жол жана транспорт маселелерин уюштурууну, мектеп, бала бакча жана башка социалдык жайлардын санын киши башына жараша курууну аныкташкан. Жашылдандыруу жана ирригациялык иш-чаралар да камтылган.

Деталдуу пландын бир көрүнүшү
Деталдуу пландын бир көрүнүшү

Шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун адиси Рысбек Көкөев деталдуу пландын маанисине токтолду:

- Биз деталдуу пландоо үчүн бөлүп алган аянт 3 миң 540 гектарды түзөт. Учурда бул кварталда 276 миң адам болсо, анын 350 миңге өскөн учуру эске алынды. Ошого карап башка сандарды иштеп чыктык. Эффективдүү даярдоо үчүн биз бул бөлүктүн өзүн да алты топко бөлүп алып, деталдуу пландарды ошонун негизинде жүргүздүк. Мындай деталдуу пландоо эгемендик алган жылдардан бери чоң аянтчаны алган биринчи документ.

Көкөевдин айтымында, кеп болуп жаткан борбордук кварталда учурда 53 бала бакча болсо келечекте дагы 77 бакча, 45 мектептин үстүнө 15 мектеп кошулуп курулушу керек.

Адистер жолдогу тыгын маселесин чечүү үчүн каттамды жеңилдетчү кошумча жана айланма жолдорду салууну сунушташкан. Ага улай алар борбордук бөлүктө жер үстүнөн жүрүүчү алты метро (трамвай сыяктуу) линиясын куруу керектигин белгилешет.

Үч деңгээлдүү автотоктотмо
Үч деңгээлдүү автотоктотмо

Ал эми автоунаа токтотуу жайын чечүү үчүн борбордук бөлүккө үч-төрт кабаттуу кыркка жакын гараж түшүшү керектигин эсептешкен. Алар ар бир гаражды 500дөн автоунаа бата тургандай салыш керек дешет. Документте гараждын үстүнө жашыл зона уюштуруп, ага балдар аянтчасын же сквер кылуу планы жазылган.

План чийкиби?

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин көчмө жыйынында шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун адистери бул айтылгандар деталдуу пландагы айрым эле нерселер экенин айтышты. Алар калганын документтен, макеттен жана карталардан кенен таанышууга болорун белгилешти. Бирок ага карабай депутаттар документ ушул күнгө чейин чийки болуп жатканын сынга алышты.

Депутат Тынчтыкбек Конушбаев өзгөчө Бишкек шаарынын борборунда үйлөр канча кабат түшүшү керектиги так жазылбай калганын айтты. Ал муну коррупцияга жол ачат деди:

- Ачык айталы, шаардын кебетеси уяларлык болуп калды. Бардык жерде башаламан курулуштар. Эч чечилген жок. Мына эми деталдуу пландоо долбоору дегенден кийин мында максат, идея болуш керек. Өзгөрүү болушу керек. Силер керек болсо борбордук көчөлөрдө канча кабаттуу үйлөр курулушу керектигин ачык жазбапсыңар. Муну менен силер коррупцияга жол ачып жатасыңар. Же буга чейин курулган үйлөргө уруксат берип коюп, жасаган мыйзамсыз иштериңерди жаап-жашыруу үчүн деталдуу планды каалагандай кылып жазып атасыңар.

Бишкек шаарынын деталдуу планын жазгандар болсо калаада үйдү сегиз кабаттуу кылып курууга кеңеш берилгенин, андан бийигин куруу сейсмикалык жана башка жагдайларды эсепке алуу менен уруксат берилерин билдиришти. Алар ошондой эле борбордо 35 кабатка чейин үй куруу мүмкүн экенин ачыкташты.

Деталдуу пландоодогу эскиздердин бири
Деталдуу пландоодогу эскиздердин бири

Бирок жыйынга катышкан башка бир депутат Калдарбек Баймуратов болсо деталдуу план даярдалып бүткөнчө шаарда үйлөр, соода жайлары жана башка имараттар курулуп бүтүп калганын билдирди. Ал объекттер курулуп бүткөндөн кийин план ошого ыңгайлашып өзгөртүлүп жатканына токтолду:

- Кайсы жерде сегиз кабат, кайсы жерде 20 кабат куруларын ачык жазган эмессиңер. Муну менен силер үй курган ишкерлерге эле ыңгайлашып жатасыңар. Ишкерлер бир архитекторго айтып үйдүн долбоорун жасайт, ал архитектор силерге келип "мындай кылалы" дейт. Ал эми силер аны планга киргизип коёсуңар. Анан ызы-чуунун баары ошондон чыгып жатат. Курулуштар эч кандай башкы план боюнча кетпейт, башаламан курулуп келет. Бул деталдуу план студенттин дипломдук ишине эле окшош болуп калыптыр.

Шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору Жыргалбек Асаналиев коррупцияга жол бербеш үчүн планды эртерээк кабыл алуу керек деди:

- 2006-жылы башкы план кабыл алгандан бери биз депутаттарга болобу башкасына болобу деталдуу планды эртерээк абыл алышыбыз керектигин айтып, жазып келатабыз. Эгер бул планды иштеп чыгууга эрте акча бөлүп, 5-6 жыл мурда эле кабыл алганыбызда ошол "коррупциялык" делип жаткан иштерге жол берилбейт болчу. Мунун баарын даярдоого акча керек эле. Мына бүгүнкү күндө Бишкекти деталдаштыруу планын даярдоого 20 млн сомдой каражат жумшалып жатат. Бирок ушул акчаны алыш үчүн биз беш жылдап түшүндүрүп жүрүп алдык. Ошол акча колго кеч тийген үчүн аягы ушул күнгө келди.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын көчмө жыйынына катышкан Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дюшембиев жана калаанын башкы архитектору Асхат Түлебердиев деталдуу планды бир ай ичинде кабыл алынарын убада кылышты.

Маалым болгондой, Бишкек шаарынын башкы архитектуралык планы 2006-жылы кабыл алынган. Ал борбордун 2025-жылга чейинки инфраструктуралык өнүгүүсүн көзөмөлдөйт. Ага чейин Бишкектин бардык аймактары деталдуу пландалып бүтүп калышы керек эле. Азырынча борбордук бөлүк да деталдаштырылган жок, четки бөлүктөргө жана жаңы конуштарга кезек жетчүдөй эмес.

Бишкектин түкшөмөл жараткан планы
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:54 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG