Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:55

Токтобогон мыйзамсыз курулуштар


Бишкектин прокуратурасы борбордо мыйзамсыз курулуп жаткан сегиз факт боюнча кылмыш ишин козгоду.

Прокуратуранын мындай аракети башаламан курулушту жөнгө салат деген үмүт жараткан менен курулуш тармагында тамырлап кеткен мыйзамсыздыкты кыркат деп ишенгендер аз.

Борбордо курулуш эмне үчүн чаржайыт жүрүүдө? Эмне үчүн курулуштарга көзөмөл салчу мекемелер алсыз? Борборду өнүктүрүүнүн башкы планынын талаптары эмне үчүн аткарылбайт?

“Азаттык” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул маселени ортого салды.

Талкууга Бишкек шаардык прокуратурасынын коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамды аткарууну көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору Азамат Каримов, Архитектура жана курулуш боюнча Бишкек шаардык муниципалдык ишканасынын башчысы Асхат Түлөбердиев жана Мамлекеттик курулуш агенттигинин мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбеков катышты.

“Азаттык”: Азамат мырза, Бишкек шаарында мыйзамсыз курулуп жаткан сегиз курулуш боюнча кылмыш ишин козгодуңар? Алар кандай багыттагы курулуштар жана эмне үчүн мыйзамсыз деп табылды? Ага кандай мыйзам бузуулар негиз болду?

Азамат Каримов: Бишкек шаардык прокуратурасы 2016-жылы мыйзамсыз курулуштарды аныктоо боюнча 147 текшерүү ишин жүргүздү. Анын натыйжасында мыйзам бузууну четтетүү боюнча 50 сунуш, 47 талап, 12 алдын ала эскертүү берилип, кызмат адамдарына үч административдик укук бузуу, бир тартиптик өндүрүш иштери козголуп, 34 кызмат адамына ар кандай административдик тартип чаралары көрүлдү.

Андан тышкары үч кызмат адамына ар кандай тартип чаралары колдонулуп, үч кызмат адамы административдик жоопкерчиликке тартылышты. Жалпысынан 13 кылмыш иши козголду. Мисалы, Осмонкул атындагы көчөнүн 177 дареги боюнча курулуп бүткөн беш кабаттуу үйдү салууга эч кандай уруксаты жок экендиги аныкталды.

Кылмыш иши козголгон бардык курулуштар эч кандай расмий уруксатсыз эле өзүмбилемдик менен жүргүзүлгөн. Курулуп бүтүп калган айрым жайлар дагы курулуш талаптарына жооп бергидей сапатта курулбаганы жана тиешелүү мекемелерден уруксат алынбаганы аныкталды.

“Азаттык”: Асхат мырза, сиз Бишкек архитектура жана курулуш ишканасынын башчысы болуп иштеп жатканыңызга эки ай боло элек. Бирок ага чейин орун басар болуп иштегенсиз. Ошон үчүн аталган курулуштар эмне үчүн мыйзамсыз негизде башталгандыгынын себебин түшүндүрүп берсеңиз. Сиз жетектеген ишканага алар белгисиз беле же уруксаат жең ичинен берилди беле?

Асхат Түлөбердиев: Жогоруда айтылган жайлар боюнча бизде маалымат бар. Бирок тергөө жүрүп жаткандыгына байланыштуу айрым маалыматтарды айта албайм.

Курулуштар мыйзамсыз болсо уруксат кагаздарын берилбейт. Уруксат кагаз алуу көп куруучулар үчүн өтө машакаттуу көрүнөт. Анан уруксат кагаздарын толук албай туруп эле үлүшкө кирген жарандардын талабы менен баштап жибергендер көп. Андан тышкары куруучулардын баары эле мыйзам талаптарын толук биле беришпейт. Ошон үчүн жер болсо эле уруксат албай туруп үй куруп салышат.

“Азаттык”: Ишенбай мырза, Бишкекте мыйзамсыз курулган үйлөр, имараттар чындыгында көп эле. Аны сиз жакшы билесиз. Айрымдары, айрыкча жаңы конуштардагы мыйзамсыз үйлөр түртүлгөн. Бирок, мыйзамсыз курулган заңгыраган хан сарайлар жөнүндө сөз болгон менен бирөө да азырынча түртүлө элек. Демек, мыйзамсыз курулуштардын болушуна уруксат берген мекемелердеги коррупция өбөлгө түзүп жатат деп баалайсызбы?

Ишенбай Кадырбеков: Коррупциянын бетин ачуу прокуратуранын иши. Ал эми мыйзамсыз курулган үйдү ураткан бир окуяны өз көзүм менен көрүп кубанып калдым. Ал Манас жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги беш кабат үй. Ал жакшы, бирок мэриянын чабалдыгы капа кылып жатат. Ал беш кабат үйдү курганга чейин мэрия, прокуратура жана башка мекемелер көрүп турган да?

Мына ушундай эле курулуш “Россия” кинотеатрынын артында курулуп жатат. Шаардын планы боюнча ал жерге үй курууга болбойт. Аны президент да, депутаттар да, өкмөттөгүлөр да көрүп жатат, бирок унчуккан жок.

Мына Бөкөнбаев көчөсүндө жөө киши басчу тротуар жок. Адамдар машина менен жол талашып атышат. Азыр курулуп жаткан курулуштардын 80% мыйзамсыз. Ага азыркы коллегаларым уруксат берип жатышат. Ошон үчүн Бишкекте курулуштар башаламан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG