Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:34

Каптагаев Бишкекти Манас деп өзгөртүүнү сунуштады


Президенттик аппараттын мурдагы башчысы, саясатчы Эмилбек Каптагаев өзүнүн "Фейсбук" баракчасына Бишкектин атын Манас деп өзгөртүүнү сунуштады.

Каптагаевдин пикиринде борбор калааны Манас деп атоо бардык тараптан туура болот. Ал Бишкек баатыр тууралуу азыркыга чейин талаш жүрүп жатканын белгилеген.

23-мартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астананы Нур-Султан деп өзгөртүү жарлыгына кол койду. 20-мартта казак парламенти өлкөнү 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаевдин урматына борбор шаар Астананын аталышын Нур-Султан деп атоо тууралуу сунушту колдоп, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизген. (TSh)

XS
SM
MD
LG