Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:43

Кыргыз коомунун кеменгер айымы


Роза Исак кызы Отунбаева.
Роза Исак кызы Отунбаева.

Кыргызстандыктар өздөрүнүн дүйнөгө таанымал мамлекеттик ишмер айымы – Роза Исак кызы Отунбаеванын 70 жылдык мааракесин белгилешүүдө. Тарыхчынын блогу.

Роза Исак кызы Отунбаева (анын ысымын интернеттеги коомдук тармактарда кыскача “РИО” деп да жазып келишет; башкаларга кандай экенин билбейм, мага толук ысымы да, кыскача шарттуу ысымы да “Роза эжеке” сөзү сыяктуу эле өзгөчө жагымдуу)...

Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборунда "Мекендештер" шеринесинде. Чолпон-Ата. 08.8.2018.
Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборунда "Мекендештер" шеринесинде. Чолпон-Ата. 08.8.2018.

XXI кылымдын башындагы кыргыздын чыгаан мамлекеттик ишмер айымы эми гана, 2020-жылдын 23-августунда, жетимиш жашка чыгууда. Анын коомдук тажрыйбасын карасак, эчак эле 100 жылдын белесин ашкандай, ал эми учкул ойлору, зиректиги жана шайдоот, демилгелүү туруму аны орто жашка киргендерден да жаш жана тың көрсөтөт.

Адатта, маараке ээси жөнүндө жылуу сөз айткысы келгендер кээде апыртып, бул же тигил инсанды Айдан түшүп келген, деп жазып иймейлер бар.

Менимче, Роза эжекебиз –– 100 пайыз кыргыз элинин өзүнүн коомдук-тарыхый тагдырынын өнүмү.

Ал Ала-Тоонун ар кыл аймактарындагы орто мектептерде окуган. Анын кыргызчасынан таластыктардын гана эмес, оштук жана нарындыктардын да диалектилик өзгөчөлүгүн баамдай алабыз. Атасынын кызмат абалына байланыштуу улам башка дубанда окуп, бала чагынан эле ал элеттин ар кыл чөйрөлөрүн ичинен көрүп өскөн.

Залкар манасчы Жусуп Мамай (1918 – 2014) Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева менен. Ак-Чий ш., КЭР. 27.6.2012.
Залкар манасчы Жусуп Мамай (1918 – 2014) Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева менен. Ак-Чий ш., КЭР. 27.6.2012.

Ошондонбу, карапайым калайыкка Роза эжеке өтө жеңил аралашып кете алат. Элдик ыңкылаптардын ирегесинде айрым шаардыктар жана шаарга көнүп алган мурдагы элеттик саясатчылар Бишкектеги жылуу-жумшак орундарынан козголо албай жатканда, Роза эжеке Ошто, Нарында, Жалал-Абатта жана башка алыскы аймактарда калайыкты реформага үгүттөп кыдырып жүрдү.

Ал орто мектепти Ош шаарында алтын медаль менен аяктаган соң, ал кездеги СССРдин борбору Маскөө шаарындагы эң мыкты окуу жайлардын бирине –– Москва мамлекеттик университетине (МГУ) тапшырган жана 1972-жылы анын философия факультетин аяктаган соң, ошол эле факультетте күндүзгү аспирантурага кабыл алынган.

Ошол доордо ал Чыгыш Германияда илимий стажировкадан өткөн кыргыздын алгачкы философ аспиранты болуп калды. Менимче, Батыш Европанын маданиятын ичинен көрүү Роза эжекенин дүйнө таанымында кыйла бурулуш жасаган болсо керек.

Албетте, азыркы деңгээли менен Роза эжеке өзүнүн кандидаттык диссертациясын 180 даражага буруп жазмактыр. Ошол кезде, СССРде да, ГДРде да тоталитардык система сакталып турган учурда, Варшава келишимине кирген өлкөлөрдүн аскерлери Чехословакиядагы демократиялык реформа аракетин танктарды киргизүү аркылуу тебелеп-тепсеген 1968-жылдын августундагы окуялардан бир канча гана жылдар өткөн чакта, албетте, МГУнун аспиранты марксисттик-лениндик методологияга гана негизденген диссертацияны коргоого тийиш эле.

1975-жылы Роза Исак кызы Маскөөдө “Франкфурт мектебинин философтору тарабынан марксисттик-лениндик диалектиканын бурмаланышына карата сын” («Критика фальсификации марксистско-ленинской диалектики философами Франкфуртской школы») деген темада диссертациясын ийгиликтүү жактап, философия илимдеринин кандидаты болуп калды.

Балким, эжеке өзү оюм туура эмес болсо, кайра түзөтөөр? Бул теманы алуу аркылуу эжеке советтик философиялык илимде улам чайнала берген жергиликтүү “беш жылдыкчыл” темалардан оолактап, философия дүйнөсүнө тереңирээк жана кеңири сүңгүүгө мүмкүнчүлүк алгандыгы анын аспиранттык утушу болгон чыгаар.

Азыр да марксисттер жана башка философиялык мектептердин өкүлдөрү “буржуазиялык” Батыш Германиядагы Франкфурт-Майн (Frankfurt am Main) шаарына таандык кылынып айтылган ойчулдарды сындап келишет.

Франкфурт мектебинин өкүлү, немис философу, композитору жана музыка таануучусу Теодор Людвиг Визенгрунд Адорно (Theodor Ludwig Wiesengrund Adorno; 1903—1969).
Франкфурт мектебинин өкүлү, немис философу, композитору жана музыка таануучусу Теодор Людвиг Визенгрунд Адорно (Theodor Ludwig Wiesengrund Adorno; 1903—1969).

Бирок XXI кылымдын башындагы деңгээлден карасак, дал ушул Франкфурт мектебинин өкүлдөрү азыркы дүйнөлөшүү жүрүмүнүн оомал-төкмөл жактарын XX кылымда эле санааркоо менен чагылдырышкан. Кыргыз коомунда деле XIX кылымдагы “заманачы” делген ойчулдарды советтик философиялык жана идеологиялык мектепте кандайча ур-тепкиге алышса, ошол эле мурдагы советтик философтор дал ушул XIX кылымдагы заманачыларды 1991-жылдан кийин мактап-жактап, алардын философиялык ойлорунун кереметин даңазалап китептер жарыялаган кезеңге деле жеттик го. Бул үчүн оюн өзгөрткөн философторду келекелебестен, аларга жаңыча ой жүгүртүүгө мүмкүндүк берген пост-тоталитардык доордогу, эгемендик доорундагы мамлекеттик идеологиялык цензура жоюлган кырдаалды даңазалашыбыз керек.

Албетте, Франкфурт мектеби менен советтик марксисттик философиянын бир орток жери бар эле. Ал –– фашизмди жана капиталисттик түзүлүштү сынга алуу. Бирок Франкфурт мектебинин өкүлдөрү андан ары кетип, XX кылымдын экинчи жарымында пролетариатты революциянын кыймылдаткыч күчү катары таануудан баш тартышкан да, фашизм сыяктуу эле советтик бир партиялуу коммунисттик түзүлүштү да тоталитаризмдин башка түрү катары баалашкан. Анан бул мектептин өкүлдөрүнүн “винегрет” болгон, бирок сергитчү жаңы идеясы СССРдин расмий идеологдоруна жакмак беле?

Азыркы тапта пост-советтик өлкөлөрдө философтордун Франкфурт мектебин “тоталитардык түзүлүш деген эмне?”, “инсанды бир беткей түшүнүү канчалык майнаптуу?”, “технократиялык доордо инсанды капаста кармоо (Ч.Айтматовдун термини менен алганда, “манкуртташтыруу”) аракеттери жүрөбү?”, “экологиялык кырсыктын алдын алуу үчүн кандай кадамдар керек?”, “технократиянын оош-кыйыш жактары кандай?” деген сыяктуу маселелерди курч коё алган өзгөчө мектеп катары кадырлап калышты.

Бул философиялык мектептин СССРдеги режим жек көргөн турумдарынын бири –– бул “бүткүл коомду коммунисттик жыргалчылыкка жеткирем” деген куру убадага таянуу менен тоталитардык мамлекеттик машинаны, полицияны, КГБны пайдалануу аркылуу иш жүзүндө коомдун басымдуу көпчүлүгүн советтик режимдин эзүүгө учуратышын сындаган турум болду. Франкфурттук “неомарксисттердин” бул туруму, албетте, иш жүзүндө тоталитардык түзүлүштү бүткүл Варшава келишимине кирген өлкөлөрдө кыйшаюусуз сактоого умтулган эскичил коммунисттик лидерлер үчүн коомду ичтен жарчу бомбага тете эле.

Менимче, Роза эжеке да акырындап Франкфурт мектебинин ойчулдарынын данектүү ойлорун, андан тышкары ачык коомду жактаган Карл Раймунд Поппер, Фридрих Август фон Хайек сыяктуу жана башка антимарксист ойчулдардын эмгектерин өз алдынча үйрөнүп, кийинчерээк өзүнүн коомдук турмуштук тажрыйбасына колдонууга жетише алды; акыры эжеке Кыргызстанда демократиялуу коомду, жарандык демилгелер биринчи орунда турган либералдык коомду курууга белсенип киришти го деп ойлойм.

Тасма. Франциянын Кыргызстандагы туңгуч элчиси Пьер Морел менен маек (орусча).

Пост-советтик Кыргызстандагы башка мамлекет башчыларынан айырмаланып, Роза эжеке орус тилиндеги адабият менен гана чектелбестен, англис, немис, француз адабиятын да өз алдынча талдап изилдеп окуй алган, маалыматы алда канча терең ишмер болуп келет.

Демек, бир эле учурда, “Манас” эпосун, кыргыз фольклорун дүйнөлүк адабий жүрүмдүн жетишкендиктери менен айкалыштыра алган заманабыздын чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматов сыяктуу эле, Роза Отунбаева эжеке да коомдук илимдердеги Кыргызстанга таандык кыртышты дүйнөлүк коомдук-философиялык жана саясат таануу агымдарынын саамалыктары менен айкалыштыра изилдей алган жергиликтүү эле инсан.

Тасма. Кыргызстандын президенти Роза Отунбаеванын Айтматовдун мурасы тууралуу сөзү. Будапешттеги "Тоталитаризм курмандыктарынын музейи". 07.6.2011. Т.Чоротегин.

Эжекени эч ким Марстан же Айдан Кыргызстанга түшүргөн жок. Ал өз коомунун заманбап кызыкчылыктарын коргоонун мыкты өрнөгүн өз даремети менен көрсөтө алды. Бул жогорку деңгээлге деле ал айрым катачылыктарды тажрыйба аркылуу түздөө ыкмасын колдонуу жана дүйнөлүк тажрыйбага салыштыруу менен илгерилеп жыла берди көрүнөт.

Албетте, эжекени сындагандар анын бир кезде тоталитардык СССРде КПССтин Бишкектеги (Фрунзедеги) Ленин райкомунун экинчи катчысы, 1983-жылдан тартып –– Фрунзе шааркомунун катчысы болгондугун, 1986—1989-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри болуп иштегендигин, ал эми 1989—1991-жылдары СССР ТИМинин коллегия мүчөсү, СССРдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин даражасына ээ, СССРдин ЮНЕСКОнун иштери боюнча Комиссиясынын жооптуу катчысы, ал эми 1990—1991-жылдары СССРдин ЮНЕСКОнун иштери боюнча Комиссиясынын төрайымы кызматтарын аркалаганын эске алышат. Демек, Отунбаева тоталитардык мамлекетке кызмат кылган, деп бул сынчылар катаал жыйынтык чыгарышат.

Менимче, совет доорунун акыркы 8 жылындагы дал ушул коомдук-партиялык жана мамлекеттик иштердеги мол тажрыйба Роза Отунбаеваны болочокку мамлекет башчысы катары телчиктирип даярдап, ага ар кыл олуттуу эл аралык маселелерди дипломатиялык ыкма менен чечүү усулдарын үйрөтүп, башкаруу тармагындагы ири адис катары аны кайрап-бүлөп койду. Партократиянын ичинде эле аны жемкор жана жексур система катары ойрон кылууга ынтызар күчтөр жетиле бергендиги –– тарых чындыгы.

1991-жылы Кыргызстан көз карандысыздыкка жетишкенден кийин Роза Отунбаева эгемен жумурияттын көп багыттуу дипломатиясын калыптандырууга тажрыйбалуу дипломат адис катары ырааттуу кызмат кылды.

Азыркы тапта да мурдагы, –– А.Акаев менен К.Бакиевдин бийлигинин соңку учурларындагы, –– жылуу-жумшак орундарынан элдик ыңкылаптардан соң айрылган далай саясатчылар 2010––2011-жылдардагы бурулуш мезгилдеги Роза Отунбаеванын мамлекет башчы катары иш-аракетин жерип, “ал менин президентим болгон эмес” деп ачык айтып жана жазып келишет. Бул да Кыргызстандагы элдик ыңкылапчылар, анын ичинде Роза Отунбаева жана анын үзөңгүлөштөрү камсыз кылган сөз эркиндигинин шарапаты.

Убактылуу Өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева ыңкылаптан кийинки күнү. Бишкек ш., 08.4.2010.
Убактылуу Өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева ыңкылаптан кийинки күнү. Бишкек ш., 08.4.2010.

Иш жүзүндө, ошол ыңкылаптардан кийинки саясий элитага киргендердин бейнелерин мыкты өздөштүргөн калыс адистер Кыргызстанда 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик ыңкылаптан кийинки күндөрдөгү жана айлардагы саясий жиктелүү менен кыйроо ыктымалдыгынан унитардык жумуриятты сактап калган негизги саясий ишмер –– саясий элитадагы эркек саясатчылар эмес, дал ушул РИО болгонун жазып келишет.

Эжекенин бул тарыхый бурулуштагы ролу, канчалык анын ишин сынчылары танганына карабастан, эгемен Кыргызстандын тарыхында алтын сыя менен жазылып калат деп ишенем.

Эжеке эң жогорку саясий кызматка эч жутунбастан, 2011-жылы Баш мыйзамга ылайык президенттикти бошотуп берген соң, дагы бир өрнөк көрсөттү. Ал –– “мурдагы президент” деген макамга ээ киши бул кызматтан кеткенин эч трагедия катары көрбөстөн, кийинки президентти тактеке катары башкаруунун айла-амалдарын түзүү сыяктуу мыйзамсыз чараларга эч баш оорутпастан, тек гана жаңы ишти жаратып алды: ал “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук корун негиздеп алып, өлкөнү эл аралык деңгээлде, элдик дипломатия усулунда таанытуунун, калайыкты интернет, мултимедия, санарип өңүттөрүн колдонуу менен агартуунун, чет мамлекеттердеги диаспораны да өлкөдөгү реформаларга огожо болууга чакырган аракеттерин жүзөгө ашырып келет.

Тасма. Роза Отунбаева: Июнь окуясы атайын уюштурулган деп эсептейм.

Роза эжеке үчүн жаңы сыноолор көз алдыбызда эле улам-улам үйүлүп келе берди.

2010-жылы июнда капысынан башталган этностор аралык кагылышуу ал кездеги мамлекет башчы Роза Отунбаеванын далай нервин алды. Ошол кезде эл аралык медианын, укук коргоо уюмдарынын айрым өкүлдөрү да аны “мокочо” катары көрсөтүп, тим эле “өзбектерди кыргыла” деп ал буйрук бергенсип, аны нацистке чейин теңеп чыгышты.

Иш жүзүндө бул –– ыңкылаптан кийинки Кыргызстанды ыдыратуунун тымызын амалдарынын экинчи толкуну болчу. Биринчи толкунунда сырткы күчтөр кыргыздардын айрымдарын азыркы Донецк аймагындагылай кылып “Түшүк Кыргызстан демократиялык республикасын” уюштургула, деп козутууга далаалат кылышкан. Мындай козутууларды караманча четке каккандыгын азыр бозгунда жүргөн мурдагы Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов ачык эле жазып чыккан.

Өзбекстандын ошол кездеги президенти Ислам Каримов Ош менен Сузактагы ж.б. окуялар сырткаркы күчтөрдүн провокациясы экендигин даана билгендигин эл аралык трибунада шардана кылганы да эсибизде.

Бирок ошол 2010-жылдын июнундагы окуялар Кыргызстандын ыңкылаптан кийинки өкмөтүнө эбегейсиз зор зыян келтирүүгө жетишти. Украина, Грузиядагы түстүү ыңкылаптардан кийин жаңы өкмөттөргө алардын реформаларын колдоо үчүн кыйла көмөк көрсөтүлгөн. Ал эми эл аралык демократиялык коомчулук Роза Отунбаева жетектеген ыңкылапчыл өкмөткө 2010-жылдын июнундагы окуяларынын эл аралык чөйрөдө бир беткей чагылдырылышынын айынан негедир шектенип мамиле кылып, ага ыкчам көмөк жиберүүдөн баш тартып жатып, демократиячыл реформалар үчүн өтө олуттуу баштапкы учур текке кетти. Евразиядагы авторитардык режимдер болсо эл аралык көмөк жаатындагы вакуумду өз кызыкчылыгында толтурууга далаалат кылып жатты.

Кийинчерээк, Кыргызстанда конституциялык реформа жүрүп, бурмалоосуз парламенттик шайлоолор өткөрүлгөн соң, жана Ош окуялары боюнча эл аралык комиссиянын ачык иштөөсүнө президент Роза Отунбаева уруксат берген соң, демократиялык Батыш деле президент Отунбаеванын чыныгы реформатор катары иш-аракетин туура аңдап калды.

Президент Роза Отунбаевага АКШнын Мамлекеттик департаментинин “Каарман аялдар” эл аралык сыйлыгын тапшыруу аземи маалында. Анын сол жагында – АКШнын Биринчи айымы Мишел Обама, оң жагында – АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон. Вашингтон. 08.3.2011.
Президент Роза Отунбаевага АКШнын Мамлекеттик департаментинин “Каарман аялдар” эл аралык сыйлыгын тапшыруу аземи маалында. Анын сол жагында – АКШнын Биринчи айымы Мишел Обама, оң жагында – АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон. Вашингтон. 08.3.2011.

Ал түгүл 2011-жылы март айында Роза Отунбаева АКШнын Мамлекеттик департаментинин “Каарман аялдар” эл аралык сыйлыгына (The International Women of Courage Award) татыды.

2012-жылы 13-декабрда мурдагы президент Роза Отунбаева эл аралык “Евразия корунун” 2012-жылдагы Билл Мэйнз атындагы сыйлыгына “Кыргызстандын конституциялык өткөөл доорунда көрөгөчтүк жетекчиликти шардана кылгандыгы жана мамлекеттик кызматта өмүр бою өрнөктүү иштөөнү камсыз кылгандыгы үчүн” деген жүйөө менен татыган.

Ошол эле 2012-жылы ал Франциянын “Ардактуу легион” орденин “демократияны жана адам укуктарын коргоо жаатындагы зор эмгеги үчүн” деген аныктама менен алган (анын сыйлыктарынын тизмесин ушул жерден кыскарта туралы).

Р.Отунбаева Ош шаарындагы оппозициячыл күчтөрдүн окуусунан кийин. 2005-жылдын февралы.
Р.Отунбаева Ош шаарындагы оппозициячыл күчтөрдүн окуусунан кийин. 2005-жылдын февралы.

Кээде айрым мамлекеттик ишмерлерди протокол боюнча сыйлап койгон учурлар жок эмес. Бирок демократия үчүн күрөш –– Роза Отунбаеванын чыныгы дилин чагылдырат. Ошондуктан жогорудагы сыйлыктар өз ээсин тапты деп ачык айта алабыз.

Роза эжеке Кыргызстанда элет жерлерин тынымсыз аралап, калайыкты авторитардык системага жана добуш бурмалоолорго каршы үндөп жүргөндө, “Азаттык” үналгысынын орто толкундагы жана ультра кыска толкундагы обого чыгуу мүмкүнчүлүгүн А.Акаевдин режими токтотуп салганда, бул режимге каршы митингге чыкканда, адам укуктарын жана сөз эркиндигин коргоп ар кыл жыйындарга байма-бай катышып, оппозициячыл саясатчыларды ачык коргоп, аларга каршы сот жүрүмдөрүнө тайманбастан катышып, адилетсиз сотторго каршы ачык сын айтып жүргөндө, оппозициядагы демократиялык блокту уюштурууга ырааттуу салым кошуп жатканда, анын ушул аракеттеринин бардыгы калайыкка эркин медиа каражаттары аркылуу алаканга салгандай жетип жатты.

Ал батирдин ашканасынын чегинен чыкпай бийликти сындаган “баатырлардан” айырмаланып, демократиялык күрөштүн алдыңкы сабында каармандык менен көрүнөө жүрдү. Бекеринен аны эл тагдырын жогору коё алган, “аял үйдөн чыкпай гана отурушу керек” деген эскичил диний сокур ишенимди бырын-чырын кылган эркин турумдарын айгинелеткен тарыхтагы жана эпостордогу Жаңыл Мырза, Кыз Сайкал, Курманжан датка сыяктуу кыргыз айымдары менен салыштырышпаса керек.

Тасма. Бийликтен кеткенди билиш керек.

Философиялык мектептердин кабинеттик ойчулдарынан айырмаланып, ал аракеттеги коомдук ишмер болуп келет. Балким, бул –– саны аз элдердеги айдыңдардын (интеллектуалдардын) бир учурда көп милдеттерди аткаруусунун зарылчылыгы менен байланыштуудур.

Дагы бир сыноо –– Роза эжекебиз үчүн жөн гана эпизод, бирок жалпы коомчулуктун кызуу талкуусунун бутасына айланган.

2016-жылы 31-августта, Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында өтүп жаткан Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыгынын 25 жылдык мааракесине арналган салтанатта ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев расмий сөз менен сүйлөп жаткан учурда Роза Отунбаева борбордук аянттан кетип калган болчу. Мурдагы президент Роза Отунбаева салтанат башталып жатканда Бишкектин мэри Албек Ибраимов менен премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун жанында жогорку даражадагы конок катары турган эле.

Атамбаев өз сөзүндө Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселесине токтолуп, мындай сунуштан баш тартууга чакырган мурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн, оппозициянын дарегине катуу сын айткан болчу:

«Убактылуу өкмөт, анын ичинде Отунбаева мени Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен президенттик мөөнөтүмдү узартып алат деп коркуп жатышат. Анткени мындай көрүнүш 2010-жылдагы референдум учурунда болгон. Ар ким өзүнө карап иш кылат», –– деген А.Атамбаев.

Ар кандай кризистерди чече билген жана принципиалдуулугун да көрсөткөн Роза эженин аянттан кетип калганын атуулдук эрдик катары бааладык.

Андан кийинки сааттарда ал эмне кылды экен? Ушул суроону акыры мен эжекенин эл аралык корунда иштегендерден тактап сурадым.

“Сыналгыдан ушул окуяны көрүп, дендароо боло түшкөн экенбиз. Эжеке: “Эч нерсе болбогондой ишиңерди уланткыла!” деди да, өзү алдын ала пландалган жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды иштиктүү өткөрүп, кадыресе иштеп жатты”, –– деп фонддун өкүлү мага айтканда, албетте, өзгөчө канааттандым.

“Аялдардын сырттаны деген ушу”, –– деп ойлоп койдум.

Эсиме 1975—1981-жылдары, Роза эжеке Бишкектеги (ал кездеги Фрунзе шаарындагы) Кыргыз мамлекеттик университетинде (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде) иштеген маалдагы окуган дарстары түштү. Дарстары өтө мазмундуу, жыйнактуу, элестүү болчу. Ал кезде Роза эжеке МГУдан окуп жана жактап келген жаш илимпоз катары гана эмес, КМУдагы өзү иштеген кафедрасында орун алып жүргөн жергиликтүү калктын элеттен келген студенттерин жасалма кодулаган айрым жосунсуз шовинисттик тажрыйбага да бөгөт койгон доцент жана кафедра башчысы катары да таанылган. Бирок сабак өздөштүрүү жаатында анын студенттерге жеке талабы катуу болчу.

Дарс окуганда эжеке “ыф...” деген “мите” добушту да кошуп койчу. Бир чети анысы бизге өзүнө арбаткандай жагымдуу туюлчу. Кийинчерээк эжеке бул өнөкөттү таптакыр жойду. Бул да чечендикке даярдануудагы чоң эрктин мөмөсү эле. Кээ бир окутуучулар азыр деле “э-э-э” деген “мите” добушту чыгара беришет. Андан көрө үн чыгарбастан пауза кармаган дурус. Бул чакан мисал да эжеке жеңип өткөн адистик сыноолордун бир түрүдүр?

1990–91-жылдары биз айтылуу “Кыргызстан” демократиялык кыймылына (КДК) катышып жүргөн кезибизде айрым КДКчы жана “Ашарчы” карындаштарыбыз да болду. Алар Роза эжекеге эч кандай жердеш же жакын тууган эмес. 1990-жылдары Роза эжеке алардын бирин Индияга англис тилин өркүндөтүү курсуна жиберди, дагы бир кызга жеке ишкана ачып, ашкана уюштурууга көмөк кылды. КДКга кошулган уюмдарга мүчө болгон, “Майдан” гезитинде иштеген бир катар прогрессчил журналист балдар тышкы иштер министрлигиндеги эжекенин иш тобуна чакырылып, анын талапчыл мектебинен таалим алган публицисттерге айланышты, айрымдары дипломат болуп калышты.

Роза эжеке Улуу Британияда элчи кезинде демөөрчү таап, Кыргызстандын абдан көп сүрөткерлерин, акын-жазуучуларын, илимпоздорун, айдыңдарын “Тумандуу Албионго” байма-бай чакырып жатты. Согуш ардагерлери да баргандыгы эсимде (ал кезде мен Би-Би-Синин Кыргыз кызматында продюсер элем). Лондондогу элчилик айтматов таануу жаатындагы илимий жыйындарды уюштурууга да чоң салым кошту, алардын айрымдарына Чыңгыз Айтматов аксакал өзү да келип катышты.

Айрым айдыңдарды Лондонго чакыруу үчүн Роза Отунбаева жетектеген элчилик бир нече ай бою машакаттанчу. Ошолордун бири Лондондон Ала-Тоого кайтып барып, “мени каныша Элизабет Экинчи өзү чакырыптыр” деп маек курганда, аны окуп алып, күлкүмдүн келгенин айтпа! Кыргыз элчилигинин чоочун көзгө көрүнбөгөн узак мөөнөттүк мээнетисиз буга чейин эмгеги англис тилдүү коомчулукка белгисиз ала-тоолук инсан жөнүндө британ канышасы каяктан кабардар болмок эле!

Бир ирет кесиптешим Арслан Капай уулу экөөбүз Роза эжеке Лондонго чакырган кыргыз сүрөткери менен чогуу Микронезиядан келгендердин этнографиялык көргөзмөсүнө барып калдык. Барсак, белинде чөп (же чөп түспөл кездеме) гана байланган бир микронезиялык киши жылаңайлак басып, улам бир экспонатты англисче түшүндүрүп көрсөтүп жүрдү. Арслан экөөбүз берки сүрөтчү байкеге которуп жатсак, ал тамашалап айтып калбаспы:

–– Бул гиддин түрүнө карасам, “жапайы” көрүнөт. Бирок ал англисче шакылдап сүйлөп кирсе, кайра анын жанында өзүмдү “жапайы” сезип жатам!

Лондондогу бул сапардан кийин бул сүрөтчү агабыздын таланты ого бетер ташкындап, Саймалы-Таштагы байыркы таш сүрөттөрдүн көчүрмөсүн сувенир катары даярдаган өнөрүн үзүрдүү улантты. Ал дайыма Роза эжекеге ыраазычылыгын билдирип келет.

Роза эжеке дипломатиялык тажрыйбасынын жарыгын ар кыл коомдук катмардагы демилгелүү, жаратман кишилерге тийгизип келет. Алардын арасында, албетте, чет тилдерден түздөн-түз кыргыз тилине китептерди которгон заманбап котормочулар, жайлоолордо да балдарды китеп дүйнөсүнө чакыруу тажрыйбасын жүргүзгөн китепканачылар ж.б. да бар.

Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Роза Отунбаева, согуш ардагери Иса-Гали Каракеев, Кыргызстандын согуш жана эмгек ардагерлери уюмунун жетекчиси Тарас Токомбаев, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын жамааты жана үй-бүлө мүчөлөрү, элчиликтин кызматкери Улуу Жеңиштин 54 жылдык мааракесине арналган иш-чара маалында. Лондон. 08.5.1999.
Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Роза Отунбаева, согуш ардагери Иса-Гали Каракеев, Кыргызстандын согуш жана эмгек ардагерлери уюмунун жетекчиси Тарас Токомбаев, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын жамааты жана үй-бүлө мүчөлөрү, элчиликтин кызматкери Улуу Жеңиштин 54 жылдык мааракесине арналган иш-чара маалында. Лондон. 08.5.1999.

Бир ирет Роза эжекенин демилгеси жана чакыруусу менен Улуу Британияда сапарда жүргөн согуш ардагери, Сталинградды коргоого катышкан Иса-Гали Каракеев (22.07.1923 –– 24.04.2008) жана согуш жана эмгек ардагерлери уюмунун жетекчиси, бир кездери СССРдин чек ара аскеринде кызмат өтөгөн Тарас Токомбаев (05.7.1930––09.2.2016) аталарыбыз Лондон шаарын, андан соң Англиянын Кент аймагындагы Чартвелл жергесинде Уинстон Черчиллдин үй-музейин кезишип, өкмөт башчылыктан кеткенден кийин Черчилл татынакай эле жеке турмушун улантып, боёк сүрөттөр тартканына, адабий жана тарыхый чыгармалар жазганына күбө болушту.

Ал эми бүгүнкү кыргызстандыктар мурдагы президент коомдук ишмердин жандуу жана ачык-айкын турмушу аркылуу бейрасмий түрдө опол тоодой иштерди аткара алаарын Роза Исак кызынын өрнөгүнүн аркасында таасын көрүп турушат.

Албетте, урматтуу РИОнун бардык иш-аракетин чакан блогдо чагылдырып бүтө албайбыз.

Роза Отунбаева
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:51:22 0:00

Роза эжеке, Сизге маараке күнүңүздө чың ден соолук, кылым аркалаган узак жана демилгелүү өмүр, бакыбаттык, урпактарыңыздын чексиз жакшылыгын каалайбыз.

Ылайым өлкөңүз парламенттик демократиянын Сиз каалагандай деңгээлдеги сересине көтөрүлсүн!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG