Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Жапаров: Күч органдары Райымбек Матраимовду издеп жатышат


Садыр Жапаров. "Ала-Арча" резиденциясы.2020-жылдын 10-октябры.
Садыр Жапаров. "Ала-Арча" резиденциясы.2020-жылдын 10-октябры.

Бажы кызматынан мурдагы төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовду күч органдары издеп жатышканын жаңы бекитилген өкмөт башчы Садыр Жапаров 10-октябрда өткөргөн басма сөз жыйынында билдирди.

Ал «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып,

- Райым Матраимовду азыр издеп жатышат. Мага жеткен маалымат боюнча күч органдары издеп жатышат, - деп айтты.

Жапаров ошондой жыйындын жүрүшүндө башка журналисттердин да Матраимов тууралуу суроолоруна жооп берип жатып «Мен жаңы эле ишке киришип атам. Раим Матраимов боюнча материалдарды карайбыз» - деп жооп берди.

10-октябрда парламент кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекитти.

"Азаттыктын" журналисттик иликтөөлөрү Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы аткаминери Райымбек Матраимов түзгөн коррупциялык схеманы ашкерелеген.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бир топ саясатчыларды, анын ичинде Садыр Жапаровду жактоочулары камактан чыгарып алышкан.

Бир катар саясий кыймылдар 8-9-октябрь күндөрү Жапаровдун өкмөт башчылыкка бекитилбешин талап кылган акцияларды өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG