Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:40

Садыр Жапаров: Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу кажети жок (видео)


Садыр Жапаров. Сүрөт 8-октябрда Эски аянттагы митинг учурунда тартылган.
Садыр Жапаров. Сүрөт 8-октябрда Эски аянттагы митинг учурунда тартылган.

Жогорку Кеңеш премьер-министр катары сунушталып жаткан Садыр Жапаров Кумтөр кенин мамлекетке кайтаруунун зарылчылыгы жок деп эсептейт. Бул тууралуу Жапаров парламенттин ушу тапта өтүп жаткан кезексиз жыйынында айтты:

“Кумтөрдү сегиз жыл мурда алсак болот эле. Азыр кеч болуп калды. Андан бери запасы калбай деле калды. “Центерраны” аягына чейин иштетип, бузулган тоолорду калыбына келтиртүү зарыл".

Жапаров парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык учурунда абактан бошонуп чыккан. 6-октябрда аны парламенттин депутаттар тобу премьерликке сунуштаганы маалым болду. Жапаров Кумтөр алтын кенин мамлекетке кайтарып алуу тууралуу чакырыктары менен белгилүү саясатчы. (RK)

XS
SM
MD
LG