Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Бажыдагы коррупция боюнча 30дан ашык киши жоопко тартылды


Мамлекеттик бажы кызматынын имараты. Бишкек шаары.
Мамлекеттик бажы кызматынын имараты. Бишкек шаары.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) төрагасы Бакир Таиров Коопсуздук кеңешинин 17-сентябрдагы жыйынында бажы тармагындагы чоң коррупциялык схеманын бети ачылганын билдирди.

Анын айтымында, бажы кызматкерлери «Айхан» деп аталган фирма менен алдын-ала сүйлөшүп, Кытайдан кирген товарлардан бажы төлөм алган эмес. Андан мамлекеттин казынасы 61 миллион сом зыян тарткан.

Таиров бул акчанын 55 миллион сому мамлекетке кайтарылганын, 15 адам жоопко тартылганын айтты. Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку төрагасы тергөөгө келүүдөн баш тартып жашынып жүргөн учурда Азербайжандан алынып келгенин, иш азыр соттун кароосунда экенин кабарлады.

Таировдун билдирүүсүндө, бажы тармагындагы дагы бир коррупциянын бети ачылды. Түндүк-Чыгыш бажысынын жетекчилиги жана кызматкерлери жеке фирмалар менен алдын-ала сүйлөшүп алып, бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө жасалма квитанцияларды колдонуу менен Кытайдан ташылган товарларды каттап келгени ачыкка чыкты. Мындай көрүнүштөн казына 91 миллион сомдон ашык зыян тарткан, 17 адам, анын ичинде бажы кызматынын жооптуу адамдары жоопко тартылган.

Бакир Таиров сөз кылган Мамлекеттик бажы кызматынын издөөдө жүргөн мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов 2018-жылы Азербайжандын борбору Бакудан кармалып, өлкөгө экстрадицияланган. Ал Бажы кызматын 2013-2016-жылдары башкарып турган.

16-сентябрда Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер болгон Өмүрбек Суваналиев президенттин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча аракетин сынга алган. Президентти «бир тууган Матраимовдордун туткунунда калды» деп, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бажыдагы ишмердиги боюнча журналисттик иликтөөлөргө көңүл бөлүнбөй жатканына токтолгон. «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган материалдардын баары чын экени белгилүү экенин айткан.

Президенттин басма сөз кызматы Суваналиевдин билдирүүсүнө комментарий бере элек.

«Азаттык» радиосу, OCCRP жана «Клооп» медиасы буга чейин бажыдагы коррупциялык иштер тууралуу орток иликтөө жасаганы белгилүү. Иликтөөлөрдө көрсөтүлгөндөй, Матраимовдун ыктымал мыйзамсыз байыганы тууралуу эл арасынан президентке суроо берилгенде Сооронбай Жээнбеков аны далилдеген "факты берүү" керек экенин билдирген.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин 2020-жылдын жарымына карата элдин ишениминин деңгээли боюнча иликтөөсүндө сурамжылоого катышкандардын көбү Мамлекеттик бажы кызматын «эң коррупциялашкан мекеме» деп атаган. (NT)

XS
SM
MD
LG