Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:02

ЖЭБдеги коррупция боюнча айыпталгандар БУУга кайрылышат


Бишкек ЖЭБи. Январь, 2020-жыл.
Бишкек ЖЭБи. Январь, 2020-жыл.

Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупцияга айыпталгандар Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитетине кайрылууну көздөп жатышат. Азыр кайрылуу даярдалып жатканын айыпталгандардын бири, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, ЖЭБдеги коррупция боюнча соттук жараяндарда айыпталуучулардын укуктары сакталган жок. БУУнун комитетине кайрылуу даярдоого бул иш боюнча Жогорку соттун акыркы чечимине каршы Кыргызстанда даттанууга мүмкүн эместиги негиз болгон.

2018-жылдын январында ЖЭБде болгон авариядан кийин ачыкка чыккан коррупция боюнча соттук териштирүү Жогорку сотто быйыл июнда каралган. Мурдагы инстанциялардын чечими дээрлик өзгөртүлгөн эмес.

Экс-премьер-министрлер Сапар Исаков 15 жылга кесилген, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган. Жантөрө Сатыбалдиев жети жыл алты айга кесилген. "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев да 15 жылга, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл үч айга түрмөгө кесилген.

«Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов да күнөөлүү деп табылып, эки жыл алты айга түрмөгө кесилген. Бирок алардын тергөө абагында отурган убактысы эске алынып, сот залынан бошотулган.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев күнөөлүү деп табылып, жаза катары беш млн. сом айыпка жыгылган, абактан чыгарылган. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова да жаза катары үч миллион сом айыпка жыгылып камактан чыккан.

Жогорку сот аты аталган сегиз жетекчини беш млрд. 440 млн. сомго жакын материалдык зыянды Финансы министрлиги менен «Электр станциялары» ишканасынын пайдасына төлөп берүүгө милдеттендирген. Бул сумманы сегизге бөлгөндө ар бирине 680 млн. сомго жакын каражаттан айланат.

Ушул аптада ЖЭБдеги коррупциядан мамлекет тарткан зыян боюнча соттолгондорго чегерилген айыптарды өндүрүү аракети башталган.

Коррупция боюнча айыпталгандардын дээрлик баары өздөрүнө тагылган күнөөнү четке кагып, аны саясий куугунтук катары баалап жүрүшөт.

Башкы прокуратура Бишкек ЖЭБин модернизациялоодон мамлекетке 111 миллион 252 миң доллар зыян келтирилгенин билдирген.

2018-жылы 26-январда катуу суукта ЖЭБ бузулуп, Бишкек бир нече күн бою жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Ошондон кийин ишкананы оңдош үчүн Кытайдын «Эксимбанкынан» алынган 386 миллион доллар насыянын бир тобу жең ичинен кымырылып кеткени ачыкка чыккан.(NT)

XS
SM
MD
LG