Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:51

ЖЭБ иши боюнча соттолгон Айбек Калиев №8 колонияга которулду


Айбек Калиев.
Айбек Калиев.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу соттолгон «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев Чүй облусунун Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясына которулду.

Бул маалыматты Калиевдин адвокаты Бактыбек Жумашев «Азаттыкка» ырастады. Анын айтымында, Айбек Калиевдин №8 колонияга которулганына үч жума болду. Эми ал жазасын ошол түрмөдө өтөйт.

Июнда Айбек Калиевге «кытайлык ТВЕА компаниясынан алынган автоунааны ишенимге кирип, алдоо аркылуу үчүнчү тарапка саткан» деген айыптын негизинде козголгон экинчи кылмыш иши кыскартылган.

Калиев Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишине күнөөлүү деп табылган жана 14 жылга эркинен ажыратылган.

Свердлов райондук сотунун мындай өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку сот өзгөртүүсүз калтырган.

Айбек Калиев 2018-жылы ЖЭБде болгон өндүрүштүк кырсыктан кийин камакка алынып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалып келген.

№8 колонияга жеткирилерден бир айча мурда УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги №1 тергөө абагында которулган.

XS
SM
MD
LG