Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

ЖЭБ иши боюнча соттолгон Айбек Калиевдин экинчи кылмыш иши кыскартылды


Айбек Калиев. Декабрь, 2017-жыл.
Айбек Калиев. Декабрь, 2017-жыл.

"Энергохолдинг" ишканасынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиевге алдамчылык боюнча козголгон экинчи кылмыш иши кыскартылды.Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту ушундай чечим чыгарганын Калиевдин адвокаты Бактыбек Жумашев 24-июнда "Азаттыкка" бышыктады.

Айбек Калиевге кытайлык ТВЕА компаниясынан алынган автоунааны ишенимге кирип, алдоо жолу аркылуу үчүнчү тарапка саткан деген айып былтыр сентябрь айында тагылган. Буга автоунаанын жаңы ээсинин арызы негиз болгон. Айбек Калиев муну ойлоп табылган иш деп, автоунаа ээсин сотто биринчи жолу көргөнүн айткан.

"Улуттук энергохолдинг" ишканасынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция иши боюнча айыпталып, 14 жылга эркинен ажыратылган. Свердлов райондук сотунун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот өзгөртүүсүз калтырган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG