Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:04

Музей иши шаардык сотко жетти


Экс-премьер-министр Сапар Исаков музейдин фонунда.
Экс-премьер-министр Сапар Исаков музейдин фонунда.

Камактагы экс-премьер-министр Сапар Исаковдун иши боюнча Бишкек шаардык сотуна өткөн процесс бир аптага жылды.

Музейдеги жана ипподромдогу коррупция үчүн айыпталган саясатчыны райондук сот эки ай мурда 18 жылга эркинен ажыраткан. Байкоочулар экинчи инстанцияда да өкүм мурдагы өкмөт башчыга каршы чыгат деп эсептеп жатышат.

Жылып кеткен онлайн жараян

Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча Бишкек шаардык сотунда 6-августка белгиленген соттук отурум болгон жок. Буга ушул иш боюнча негизги айыпталуучу, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун адвокаты келбей калганы себеп болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» ушул соттун өкүлү Тилек Нуралиев билдирди:

Бишкек шаардык сотундагы Сапар Исаковдун соту. 2020-жылдын 6-августу.
Бишкек шаардык сотундагы Сапар Исаковдун соту. 2020-жылдын 6-августу.

«Бишкек шаардык сотунда 2020-жылдын 6-август күнү, саат 14:00дө видео конференция аркылуу Исаков Сапар Жумакадыровичти айыптоо боюнча кылмыш ишинин сот отуруму өткөрүлдү. Сот отурумуна Сапар Исаковдун жактоочусу келбегендигине байланыштуу процесс 11-август, саат 9:00гө жылдырылды».

Адвокат Бакытбек Автандил уулу бир күн мурун температурасы көтөрүлүп, саламаттыгы начарлай баштаганы үчүн башкалардын коопсуздугун эске алып, жараянга келе албай калганын тактады.

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу сот отуруму аралыктан өткөрүлүп жатат. Исаков Чүйдүн Петровка айылындагы колонияда кармалууда. Аны менен видеобайланыш түзүлдү.

Шаардык сотто ал бул жолу онлайн көрсөтмө бермек. Жактоочу билдиргендей, Сапар Исаков мурдагы отурумдардын бирине катышуудан баш тартканы үчүн биринчи инстанциядагы сот аны калган процесстерге да катыштырбай койгон. Мурдагы өкмөт башчы натыйжада жарыш сөзгө да катыштырылган эмес, өзүнүн өкүмүн угууга да алынып келген эмес.

Бакытбек Автандил уулу.
Бакытбек Автандил уулу.

«Ал экинчи инстанцияда өз позициясын айтып берейин деп жатат. Анткени берки инстанция уккан жок да. Сапар Исаков күнөөсүн таптакыр мойнуна алган жок. Мына, 37 томдук ишти изилдедик, ушунча күбөлөрдү сурадык, анын бул иштерге тиешеси бар экенине бир да ишенимдүү далил келтире алышкан жок. Бул кылмыш ишинде болгон расмий карым-катыштар эле жазылып калган. Башкача айтканда, «барды-келди, жолугушуу өткөрдү» деген эле... Андан башка «коркутуу болду, пара алды, коррупция болду» деген нерселерди айта алышкан жок. Тергөө менен кызматташкан, мамлекеттик курулуш кызматынын беш кызматкери болгону «президенттик аппараттан айтышкан» дешти. Бирок аппарат бул жалгыз Сапар Исаков эмес да?! Ошондуктан Исаков өзүнүн соттолгонун саясий буйрук деп атап жатат. «Бул Жээнбековдордун кылганы» деп жатат», - деди Исаковдун адвокаты Бакытбек Автандил уулу.

Сапар Исаков Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча айыпталган. 9-июнда Биринчи май райондук соту аны Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде жалпысынан 18 жылга эркинен ажыратып, 247 миллион 650 миң 281 сом айыппул салган.

Музей иши боюнча Исаков менен кошо президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева да соттолуп, Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыппул салынган.

Бул иште башынан эле күнөөсүз экенин айтып келе жаткан Сапар Исаков менен Мира Карыбаеванын адвокаттары мындан кийин шаардык сотко апелляциялык арыз жазышкан.

«Экинчи-үчүнчү инстанция да айыптоочу өкүм чыгарат»

Улуттук тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жалпысынан жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адамга Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси менен айып коюлган.

Алар: Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Улукбек Матисаков, Мира Карыбаева, Шайбек Атамбеков жана Айдарбек Мендеев. Булардын ичинен Исаков менен Карыбаевадан башкаларынын иши тергөө менен кызматташканы үчүн өзүнчө тергелип жатат. Алардын иши азырынча сотко өтө элек. Ишти кароого Бишкектин Биринчи май райондук соту 2019-жылы киришкен.

Башкы прокуратура бул иштен мамлекеттик бюджетке 247 миллион сомдук зыян келтирилгенин кабарлаган. Анын 101,6 миллион сому музейден, 145,9 миллион сому ат майданды оңдоодогу коррупциядан келтирилген зыян экени айтылган.

Талдоочу Айнура Арзыматова кийинки инстанциялар деле райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырат деп эсептейт.

Айнура Арзыматова.
Айнура Арзыматова.

«Жазасын жеңилдетишсе, башында эле жеңилдетишмек да. Анан соттор азыр ким менен кеңешип, кандай чечим кабыл алганын билебиз да. Саясий негизде кабыл алышты. Ошондуктан шаардык сот деле, Жогорку сот деле ошол Биринчи май райондук сотунда чыккан чечимди эле бекитип коет. Балким, «каралды» демиш болуп бир-эки жыл кыскартышы мүмкүн, бирок көп нерсе өзгөрбөйт. Менимче мындан кийинки соттордон Сапар Исаков башка чечим күтпөй деле койсо болот», - деди ал.

Улуттук тарых музейиндеги сөз болуп жаткан иштер тууралуу 2018-жылы билинген. Бул маселени парламенттеги «Ата Мекен» фракциясы көтөрүп чыгып, музейди оңдоодо кеткен чыгым ашыкча көрсөтүлгөнү сөз болгон. Мисалы, жыгачтан жасалган 58 даана инсталляциянын ар бири 600 доллардан, аттын эки жыгач калыбы 14 миң евродон бааланганы айтылган.

Аталган фракциянын мүчөсү, депутат Бахадыр Сулейманов бул иште чыгымдын ордун толтуруу башкы маселе болушу керек экенин айтты:

Бахадыр Сулейманов.
Бахадыр Сулейманов.

«Мен соттун чечимине комментарий бере албайм деңизчи. Бирок музейди оңдоодо чынында чоң коррупция болгону чын. Мен буга таң калып бүтө албайм. Исаковго 18 жыл берип, Карыбаеваны айыпка эле жыгып койгонун түшүнө алган жокмун. Болбосо Карыбаева деле бул ишке аралашкан да. Ал балким тергөө менен кызматташууга барганы үчүн ушундай жаза алды окшойт. Берки айыпталуучулар да соттолгон жок. Демек, алардын баары Сапар Исаковду айыптап көрсөтмө беришсе керек. Албетте, Исаков өз күнөөсүн мойнуна албай жатат. Бирок мындай масштабдагы коррупция, мынчалык чоң акча менен жөнөкөй аткаминерлер алектене албайт. Эки-үч жылдан бери музей ачылбай келатканынан да биз иштин масштабын көрө алабыз. Ошондуктан менимче бул жерде биринчи кезекте чыгымдын ордун толтуруш керек. Анткени анын баары элдин, салык төлөөчүлөрдүн акчасы. Бизде коррупционерлерди кармап, соттошот, бирок материалдык зыяндын ордун толтурууга көңүл бурулбай калат».

2016-жылдагы эки тараптуу макулдашуунун негизинде Түркиянын ТИКА уюму Бишкектеги Улуттук тарых музейин оңдоону өзүнө алып, ага 15 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражат караган.

Исаков президенттик аппаратты жетектеп турганда музейди оңдоону 2017-жылдын 31-августуна чейин бүтүрүүнү талап кылгандан улам, Түркия тарап жумушту улантуудан баш тартканы тергөөдө аныкталганы кабарланган. Буга байланыштуу мамлекеттик бюджеттен бир жарым миллиард сомдон ашуун кошумча каражат сарпталган.

Сапар Исаковго буга чейин Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоо ишине байланыштуу да өкүм чыккан. Бул иш боюнча ал 15 жылга кесилген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG