Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Прокурорлор Сапар Исаковго 20 жыл сурашты


Сапар Исаков жана оңдолгон Улуттук тарых музейи. «Азаттыктын» коллажы.

Кыргызстандагы дагы бир ири коррупциялык иш боюнча соттук жараян аяктап калды.

Бишкектеги Улуттук тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоодогу кылмыш иштерине байланыштуу прокуратура мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду буга чейинки өкүмдөрүн кошкондо 20 жылга түрмөгө кесүүнү суранды. Мамлекеттик айыптоочулар соттон дагы бир шектүү Мира Карыбаевага айыппул салууну өтүнүштү.

4-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Улуттук тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ат майданды оңдоого байланыштуу соттук иште тараптар жарыш сөзгө чыгышты. Прокуратура судьядан бул иште коррупция үчүн шек саналып жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча буга чейинки сот өкүмдөрүн кошкондо баш-аягы 20 жылга эркинен ажыратып, 247 миллион сом айыппул салууну өтүндү.

Мамлекеттик айыптоо тарап президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаевага коюлган «Коррупция» беренеси «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренесине өзгөртүлгөндүктөн ага 260 миң сом айыппул салууну сурады.

Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоодогу коррупциялык иштер Бишкектин Биринчи май райондук сотунда былтыр карала баштаган. Башта соттук отурумга Сапар Исаков катышып жаткан. Кийин судья Марат Сыдыков сот отурумунда тартипти сактаган жок деген негиз менен Исаковдун сот бүткүчө жараянга катышуусуна тыюу салган. Анын адвокаты Бакытбек Автандил уулу буга макул эмес.

Бакытбек Автандил уулу.
Бакытбек Автандил уулу.

«Иш мыйзам бузуу менен каралып, судья Марат Сыдыков ишти териштиргенде Сапар Исаков дээрлик катышкан жок. Ага юристтердин жардамын алууга, сотто өзүн коргоого шарт түзүлгөн жок. Негизги айып болсо Сапар Исаковго коюлуп жатат. Биз бул иштин саясий өңүтү бар деп эсептейбиз».

Сотто Мира Карыбаева да коюлган айыпты четке какты. Ал Улуттук тарых музейин оңдоодо финансылык иштерге кийлигишпегенин, ошондуктан коррупция туралуу сөз болушу мүмкүн эмес экенин айтты. Жараян 9-июнда уланмай болду.

Сапар Исаковдун дагы бир адвокаты Нурбек Токтакунов да анын коргоосундагы адамга коюлган кинеге макул эмес. Жактоочу сот болгону бийликтин буйругун аткарып жатат деген пикирде.

«Кыргызстанда сот жок. Сот деген эки тараптын жүйөлөрүн карап, аны таразалап туруп чечим чыгарышы керек. Судьялар болгону президенттин гана көрсөтмөсүн аткарып жатат», - деди ал.

Улуттук тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адамга Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси менен айып коюлган.

Алар: Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Улукбек Матисаков, Мира Карыбаева, Шайбек Атамбеков жана Айдарбек Мендеев. Булардын ичинен Исаков менен Карыбаевадан башкалары тергөө менен кызматташканы үчүн иши өзүнчө тергелип жатат. Азырынча сотко өтө элек.

Сапар Исаков сот залында. 2019-жыл.
Сапар Исаков сот залында. 2019-жыл.

Башкы прокуратура бул иштен мамлекеттик бюджетке 247 миллион сомдук зыян келтирилгенин кабарлаган. Анын 101,6 миллион сому музейден, 145,9 миллион сому ат майданды оңдоодогу коррупциядан келтирилген зыян.

Улуттук тарых музейиндеги мыйзамсыз иштер 2018-жылы билинген. Бул маселени парламенттеги «Ата Мекен» фракциясы көтөрүп чыгып, музейди оңдоодо кеткен чыгым ашыкча көрсөтүлгөнү сөз болгон. Мисалы, жыгачтан жасалган 58 даана инсталляциянын ар бири 600 доллардан, аттын эки жыгач калыбы 14 миң евродон бааланганы айтылган. Аталган фракциянын мүчөсү, депутат Сайдулла Нышанов бул иш тууралуу ой бөлүштү:

Сайдулла Нышанов.
Сайдулла Нышанов.

«Кыргызстандын тарыхында бир да ири долбоор коррупциясыз, жаңжалсыз бүткөн жок. Бир миллион сомдон ашкан долбоор болсо эле, ошол жерде ызы-чуу. Биз Улуттук тарых музейинен жыгач аттар 14 миң евродон алынганын көргөнбүз. Жабдыктар 5-10 эсе кымбат алынган. Бир эле отургуч 100-110 миң сомго чейин бааланыптыр. Маселе сөзсүз бар. Бирок тергөө кандай иштеп, кимге кандай айып койгонун билбейм. Долбоордо коррупция болгон. Азыр бизде «тойгончо жеп, өлгөнчө карганат» дегенге өтүп алышты».

2016-жылдагы эки тараптуу макулдашуунун негизинде Түркиянын ТИКА уюму Бишкектеги Улуттук тарых музейин оңдоону өзүнө алып, ага 15 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражат караган.

Сапар Исаков президенттик аппаратты жетектеп турганда музейди оңдоону 2017-жылдын 31-августуна чейин бүтүрүүнү талап кылгандан улам, Түркия тарап жумушту улантуудан баш тартканы тергөөдө аныкталганы кабарланган. Буга байланыштуу мамлекеттик бюджеттен бир жарым миллиард сомдон ашуун кошумча каражат сарпталган.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нарынбек Молдобаев аткаминерлер акыркы соттук окуялардан сабак алышы керек экенин эске салды:

«Кыргызстанда ири долбоорлорду ишке ашырууда ага көзөмөл жок. Келген эле президент өз ишин кылып жатат. Андан сурап алар адам жок болгондуктан каалаганын кылып жатпадыбы. Өлкөдөгү биринчи киши уурдап жатса, анын алдындагылар да кошо жейт да».

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 2019-жылдын декабрь айында Бишкек ЖЭБин оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу да 15 жылга түрмөгө кесилген. Ал ага каршы козголгон кылмыш иштеринин саясий кызыкчылыгы бар экенин айткандар бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (16)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG