Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 01:34

ЖЭБ иши: соттун өкүмү чыкты


Солдон оңго карай Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков жана Салайдин Авазов. (коллаж)

Тогуз айлык териштирүүдөн кийин Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу сот өкүмү чыкты.

Бишкектин Свердлов райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кести.

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 ай, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга кесилди. Андан башка төрт аткаминер ар кандай себептер менен абактан бошотулду.

Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупциялык ишти Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Инара Гилязетдинова карады. Ал бул иште айыпталгандарга карата 6-декабрда өкүм чыгарды.

Соттун чечимине ылайык, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков «Коррупция» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылды. Муну менен кошо экинчи даражадагы «Манас» ордени алынды. Камактагы жаза мөөнөтү 2018-жылдын июнь айынан тарта эсептелинет.

«Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев «Коррупция» жана «Кылмыштуу кирешелерди адалдоо» боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга түрмөгө кесилди. Камактагы жаза мөөнөтү 2018-жылдын апрель айынан баштап эсептелинет.

Сот «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовдун «Коррупция» боюнча күнөөсү далилденди деп 11 жыл 3 айга абакка кести. Анын да жаза мөөнөтү былтыркы жылдын апрель айынан тарта эсептелинет.

Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге коюлган «Коррупция» беренеси «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренеге алмашылып, 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Анын жаза мөөнөтү 2018-жылдын июнь айынан тарта саналат.

Ал эми «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго коюлган «Коррупция» беренеси алмашылып, «шек саноо жөнүндө кабарлама берген эмес» деген негиз менен ар бири 2 жыл 6 айга кесилди. Алар бул жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан зот залынан бошотулду.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 5 миллион сом айып төлөй турган болду. Эркиндиги чектелген жок. Артыкбаев буга чейин зыяндын ордун толтуруу максатында өз ыктыяры менен мамлекетке 100 млн. сом төлөп берген.

Сот мурдагы финансы министри Ольга Лаврованы да «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деп таап, 3 млн. сом айыпка жыкты жана абакка кескен жок.

Түрмөгө кесилген мурдагы төрт аткаминердин жактоочулары менен тарапташтары соттун чечимине нааразы болушту. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев соттун өкүмүнө «саясий чечим» деп баа берди.

- Биз ушундай өкүм чыгарын билгенбиз. Тогуз айдагы соттук иште прокурорлордун бир да айыптоосу бекемделген жок. Ар бирин жокко чыгардык. Бул саясий буйрук менен ойдон чыгарылган иш. Бул Сапар Исаковду түрмөгө отургузуу максатында козголгон иш. Бул өкүм бийлик «эмнени кааласам ошону жасайм» дегендин белгиси. Жылуулук электр борборун модернизациялоодо эч кандай кылмыш жок. Тескерсинче, өлкөгө пайда алып келген. Ошондуктан айып тагылган сегиз кишини тең коё бериш керек болчу.

Соттон тартылган видеону көрүңүз.

Жоошев райондук соттун чечимине каршы кийинки инстанцияларга арызданышарын, бирок алар ишти калыс карашына ишенбей турганын билдирди.

Негизи прокуратура соттон Сапар Исаковду 15 жылга, Айбек Калиевди 17 жылга, Жантөрө Сатыбалдиевди, Салайдин Авазовду, Жолдошбек Назаровду жана Темирлан Бримкуловду 11 жыл 3 айга, Ольга Лаврованы 7 жыл 6 айга эркинен ажыратууну, Осмонбек Артыкбаевге 5 млн. сом айып пул салууну сураган. Булардын ичинен Лаврова менен Артыкбаевден башкасынан баарына тең «Коррупция» беренеси менен айып тагылган. Бирок алардын айрымдарынын беренеси өзгөргөн экен.

Сотту фото жана видеого тартууга уруксат берилген жок. Өкүмдөн кийин мурдагы премьер-министр Сапар Исаков «күрөштү улантабыз» десе, Жантөрө Сатыбалдиев ишке «толук башаламандык» деп баа берди. Ал эми боштондукка чыккандар комментарий берүүдөн баш тартышты.

Сапар Исаков темир тордун ичинен кол булгалап жатат. 6-декабрь, 2019-жыл.
Сапар Исаков темир тордун ичинен кол булгалап жатат. 6-декабрь, 2019-жыл.

Соттолгон адамдардын тарапкери Гүлбара Байтикова ЖЭБ иши боюнча мындай деди.

- Сотко келген ар бир күбө «386 млн. доллар акча Кыргызстанга келген эмес. Бул акча банктан түз эле ТВЕА компаниясына которулуп турган» деп айтышты. Булар акчаны көргөн да эмес. Анан кайдагы 111 млн. доллар пара тууралуу сөз болот? Коррупция болуш үчүн бирөө экинчисине акча бериши керек да. Бийлик болсо 200 миллиондоп пара алгандарды түрмөдөн чыгарып жатат. Бул жерде болсо акчаны көрбөгөн адамдар камалды.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов быйыл февраль айында экспертизанын жыйынтыктарына таянып, жабдуунун жана курулуштун чыгымдарын эң жогорку баалар менен эсептеп чыкканда ЖЭБди модернизациялоо 275 млн. долларды гана түзгөнүн айткан. Жамшитов бул долбоор 2010-жылдын башында Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча 150 млн. долларга бааланганын эске салган.

Башкы прокуратура жыйынтыгында Кытай насыясынан мамлекет 111 млн. доллар же кыргыз акчасы менен санаганда 5 млрд. 439 млн. сом зыян тартканын белгилеп келет.

Бул ишти Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия да иликтеп чыккан. Аталган комиссиянын мүчөсү, депутат Алтынбек Жунус уулу ЖЭБди оңдоодо акча желгени куралсыз көзгө да көрүнүп турганын айтууда.

- ЖЭБди оңдоодо бааны көтөрүү, жабдыктар кымбат келгени ачык эле көрүнүп калбадыбы. 386 миллион долларга жаңы ЖЭБди салбай бир жак бурчун гана оңдоп коюшкан. Сапар Исаков жана башка соттолгон адамдар «биз акпыз» дегени менен ошол кезде чоң кызматтарды ээлеп турушкан. Алар баанын өтө эле кымбат көрсөтүлгөнүн билбей калышмак эмес. Кытай тарап келип «биз буларга мынча пара бергенбиз» деп эле айтпаганы болбосо, коррупция болгону көрүнүп эле турбайбы.

Өлкө тарыхында бир иш боюнча эң көп жогорку кызматтагы адамдар камакка алынып, 386 миллион доллар ири насыянын айланасында сөз болуп жаткан иш боюнча сотто 90дон ашык киши көрсөтмө берди. Алардын арасында мурдагы премьер-министр, Жогорку Кеңештин экс-спикери, депутаттар жана бир катар мурдагы жана учурдагы министрлер бар.

Алтынбек Жунус уулу.
Алтынбек Жунус уулу.

Алтынбек Жунус уулу бул иш эми өкмөт менен парламентке сабак болушу керек деп эсептейт.

- Бул өкмөткө чоң сабак болушу керек. Парламент мурда гранттык акчаны бекер келген каражат деп эле үч окууда колдоп бере берчүбүз. Азыр эми ошонун баарын кайра ачып карап жатабыз. Бул бизге кадимкидей сабак болду. V чакырылыштын депутаттары «Бишкек жарыксыз калбасын» деп ЖЭБди оңдоо боюнча насыялык келишимди убагында жактырган экен. Өкмөт аткаруучу бийлик болгондон кийин баарын көзөмөлдөш керек эле да. Анан «биз эч нерсе билбейбиз» дегени туура эмес.

Жылуулук электр борборун Кытайдын ТВЕА компаниясы оңдогон. Бул үчүн Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан («Эксимбанк») 386 миллион доллар насыя алынган. Долбоор ЕРС келишими же башкача айтканда, ишти баштан-аяк ТВЕА өзү аткарып, ага кыргыз тарап кийлигише албагандай түзүлгөн.

ЖЭБдеги коррупция боюнча иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда быйыл 18-февралда карала баштаган.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (32)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG