Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 18:26

ЖЭБ: Исаков сотто Келдибековго алкыш айтты


Соттун катышуучулары.

Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу коррупция боюнча жараян уланууда.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда дүйшөмбү, шаршемби, бейшемби күндөрү күндөгүдөн адам көп болот. Бул күндөрү акыркы эки-үч жылда Кыргызстанда эң көп талкууланган Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча соттук жараян өтөт.

Өлкөдөгү акыркы айлардагы башка чуулгандуу иштер бул окуяга кызыгууну басаңдатып жаткандай. Жараянга үч-төрт гана журналист катышып, мурдагыдай орун талашкан кабарчылар байкалбайт.

Жараян өтүп жаткан зал өтө эле чакан. Ошондуктан сотко келген айыпталуучулардын жакындарынын баары эле кире албайт. Алар кезектешип кирип, мурдагы жетекчилерди көрүп чыгышат.

Буга чейин айыпталуучулардын адвокаттары соттук териштирүүнү кененк залда өткөрүүнү өтүнүп, бирок сот аны четке каккан.

4-сентябрдагы жараянда иште күбө катары өтүп жаткандардын акыркыларынын бири катары Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков сурак берди. Ал Бишкек ЖЭБин жаңылоого Кытайдан 386 миллион доллар насыя алынган кезде парламентте Бюджет жана финансы комитетинин төрагасы болуп иштеп турган.

Негизинен адвокаттардын суроолоруна жооп берген Келдибеков ошол жылдары ЖЭБди жаңылоо зарылдагы болгонун, аны каржылоого Кытайдан насыя алуудан башка айла жок болгонун билдирди:​

Акматбек Келдибеков.
Акматбек Келдибеков.

«Биз «Тендер өткөрсө болбойбу?» деген маселе көтөргөнбүз. «Эгер Кытайдан 386 миллион долларды 2 пайыздык үстөк менен алып жатсак, биз өзүбүз тендер өткөрөлү. Америкалыкпы, англиялыкпы же орусиялыкпы, өзүбүз тандайлы» деген сөз болгон. Бирок биз мындай талапты аткаруу мүмкүн эмес экенине көзүбүз жеткен. Анткени Кытай тарап буга чейин деле насыя берсе, өзүнүн «Чайна Роуд» деген компаниясын кошуп берип келген. Биз Кытайдан экономикасына да иштеп жатканыбызды билгенбиз, бирок башка жол жок болчу».

Антсе да Келдибеков «Кытайдан алынган каражатты колдонууда маселе болушу мүмкүн» деген күмөн ойлору бар экенин жашырган жок. Өзү да бир кезде «мыйзам бузду» деп түрмөгө кесилген саясатчы камакта отурган мурдагы жетекчилерди абдан жакшы түшүнөрүн бир нече жолу кайталады.

Сот залындагы темир тор артында отурган мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков баштаган мурдагы жетекчилер келген ар бир күбөдөн «ЖЭБди оңдоо туура чечим болгонбу?» деп сурап келишет.

Буга чейин Келдибеков менен эки жээкте болуп келген Сапар Исаков «күбөнү калыс жооп берип жатасыз» деп мактаганга үлгүрдү.

«Алгач чын жүрөктөн чын жоопторду берип жатканыңызга ыраазылык билдирем. Азыркы учурда чындыкты айткандан көпчүлүк күбөлөр коркуп калышты», - деди Исаков.

Айыпталуучулардын ичинен эң эле жигердүүсү - мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев. Ал көрсөтмө берген күбөлөргө дембе-дем суроо узатып, айрым учурда тамашалаганга да үлгүрүп жатат.

Келдибеков башта бекитилген 86 күбөнүн акыркыларынын бири. Буга чейин жети күбө Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткени белгилүү болгон.

Учурда адвокаттар кошумча күбөлөрдү чакырууну суранып жатышат. Буга чейин президенттик аппараттын мурунку башчысы, азыр камакта отурган Фарид Ниязовду, мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди чакыруу тууралуу өтүнүчү айтылып, сот аны канааттандырган эмес.

Ишти карап жаткан судья Инара Гилязетдинова жакынкы күндөрү айыпталуучулар сурала баштай турганын билдирди:

Мен жараянды чексиз созо бербейм!


«Эгер бүгүн-эртең кошумча күбөлөр болбосо, сот дүйшөмбү күнү эксперттерди чакыруу боюнча чечим кабыл алат. Мындан соң биз айыпталуучуларды суроону баштайбыз. Мен жараянды чексиз созо бербейм!»

Негизи эле соттогу видео менен фото тартууга тыюу салынган. Ишти карап жаткан судья Инара Гилязетдинова бул талаптын аткарылышына өтө көңүл буруп жатат. Айыпталуучулар соттун мындай чечимин ишти жаап-жашыруу аракети катары баалаган.

ЖЭБ боюнча жараяндагы дагы бир жагдай мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун саламаттыгы болду. Ага «кыр арка артериясынын синдрому» деген диагноз коюлуп, 16-августтан 28-августка чейин Улуттук госпиталда жатып чыккан.

Мурдагы премьердин адвокаттары Исаков дагы толук сакая албай жатканын айтып, сотту буга көңүл бурууга чакырууда. Бирок буга чейин УКМК «Исаковдун өмүрүнө коркунуч туулбай турганын, керектүү медициналык жардамды абактагы ооруканада аларын» билдирген.

2018-жылдын кышында Бишкек ЖЭБиндеги кырсык чоң чатакка айланган. Ага байланыштуу беш кылмыш иши козголгон. Алардын негизгиси катары ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча иштин алкагында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы министрлер Осмонбек Артыкбаев, Ольга Лаврова, «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, ЖЭБди модернизациялоо боюнча долбоордун жетекчиси Темирлан Бримкулов айыпталган. Булардын ичинен Ольга Лаврова гана үй камагында болсо, калгандары былтыркы жылдын июнь айынан бери УКМКнын тергөө абагында жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (45)

XS
SM
MD
LG