Линктер

дүйшөмбү, 23-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 12:58

ЖЭБ: соттор шаштыбы же создубу?


Жогорку катардагылар: Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев. Ылдыйкы катардагылар: Темирлан Бримкулов, Ольга Лаврова, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов. "Азаттыктын" коллажы.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу коррупцияга байланыштуу соттук жараяндын дагы бир апталык айлампасы аяктады. Февралдан бери уланып жаткан иште күбөлөрдүн көпчүлүгү суралып бүттү.

Калгандары чет жакта экени айтылса, адвокаттар башка күбөлөрдү да тизмеге кошууну талап кылды. Бир тарап чуулуу ишти кароо созулуп жатканын айтса, айрымдар соттор шашып жатат деп айыпташты.

Күбөлөрдүн көбү бүттү

Алты айыптоочу, сегиз соттолуучу, жыйырмадай адвокат жана токсондой күбөнүн айланасында жүрүп жаткан соттук кароо жарым жыл дегенде араң ортолоду.

Бул убакыт ичинде жабырлануучу тарап катары Жылуулук электр борборунун жана Финансы министрлигинин өкүлдөрү жана күбөлөр суралды.


Соттун, адвокаттардын, шектүүлөрдүн суроолоруна жооп бергендер көргөн-билгендерин айтып, документтерди келтирип, шектүүлөрдү актап же айыптап турду.

Аяктап бараткан аптадагы отурумдарда башта бекитилген 86 күбөнүн 77си суралып бүткөнү маалымдалды. Калгандары Кыргызстанда эмес болуп чыкты.

Бирок адвокаттар аларды алып келүүнү жана башка күбөлөрдү да суракка чакырууну талап кылышты.

Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев алардын канчасына сот макулдук бергенин тактады.

Замир Жоошев
Замир Жоошев

“Адвокаттар тобу бул ишке катышы бар экени айтылган 13 кишини жана экспертизалар боюнча 20дай экспертти көрсөтмө берүү үчүн күбө катары чакырууну талап кылдык. Курулуш жана техникалык экспертизанын эксперттери боюнча соттук өкүм чыккан, аларды чакырыштын кереги жок деп сот андан баш тартты. Башка эки экспертиза боюнча эксперттерди чакыра турган болду. Биз берген 13 кишинин экөөнү, Кытайдын ТВЕА компаниясынын өкүлү Мусажан Макелекти жана “Энергопроект” деген компаниянын башчысы Евгений Хафизовду күбө катары тартууну канааттандырды. Мындан сырткары чет өлкөдө дешкен кишилерди да алып келип, күбө катары көрсөтмө беришин талап кылдык. Анткени ошол эле кишилер тергөөдө кадимкидей эле келишкен экен, эми сот жүрүп жатса жок”, - деди.

Адвокаттар күбө катары өтүүнү сурагандардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, экс-тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Кыргызстандын Кытайдагы мурдагы элчиси Азамат Үсөнов, Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери ж.б. да бар эле. Алар боюнча адвокаттар кийинки отурумдарда дагы өтүнүч келтириши мүмкүн.

Жогоруда кеп болгон ТВЕА компаниясынын өкүлү, кытайлык кыргыз Мусажан Макелек алгач ушул иш боюнча айыпталуучу болуп, бирок кийин анын иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн. Кармалган жеринен үй камагына чыгарылган.

Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча соттук отурумдардын биринен тартылган сүрөт.
Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча соттук отурумдардын биринен тартылган сүрөт.

Калган айыпталуучулар, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, экс-министрлер Ольга Лаврова, Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов өзүнө коюлган айыптарды төгүндөп келет. Алар муну саясий куугунтук катары сыпатташат. Алардын баары, Лавровадан башкасы тергөө камагында жатат.

Ольга Лаврованын адвокаты Улан Дастан уулу күбөлөр жетиштүү далил келтире албай жатканын айтууда.

“Мен коргоп жаткан айыпталуучуга эки аракет боюнча кине тагылган. Бирок анын экөө тең мыйзам чегинде болгон деген позицияда турабыз. Күбөлөрдүн айтканы, документтер да муну четке кага алган жок. Албетте иштин баарын карагандан кийин, далилдерди анализдегенден кийин сот чекит коет”.

Кеп болуп жаткан соттук жараянга удаа мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге да Башкы прокуратура Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, ЖЭБге көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон» деп айып тагып, бир нече берененин негизинде иш козгогон.

Атамбаевдин аталган иши өзүнчө өндүрүштө каралабы же ушуга кошулуп тергелеби, азырынча белгисиз. Атамбаевдин адвокаттары бул айыптоону четке кагышкан.

Максат Мамытканов.
Максат Мамытканов.

Эксперт Максат Мамытканов ишти кароо ыкмасын мындайча боолголоду.

“Эгерде ЖЭБ боюнча жоопко тартылып жаткандар, алардын жактоочулары бул иш боюнча Атамбаевдин да аракеттери каралышы керек деп кайрылса, иш токтотулуп, кайрадан тергөөгө жөнөтүлүшү мүмкүн. “Кажети жок, уланта беребиз” деп чечишсе, анда мурдагы президентке козголгон иш өз алдынча каралат дагы, бул соттук иш өз алдынча эле калат”.

Шашып атабы, созуп атабы?

Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция боюнча былтыр козголгон кылмыш иши быйыл февралда аяктап, сотко өткөрүлгөн. Иштин негизи боюнча соттук кароо Бишкектин Свердлов райондук сотунда апрелден тарта башталган. Бирок беш-алты айда болгону күбөлөрдүн гана суралып бүткөнү коомчулуктун сынына кабылды.

ЖЭБдеги кырдаалды иликтеген парламенттик комиссиянын мүчөсү, депутат Сайдулла Нышанов буларга токтолду.

Сайдулла Нышанов.
Сайдулла Нышанов.

“Бул өзгөчө сот. Мындай резонанстуу иш боюнча сот Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп жатат жана акыркысы да болуп калышы мүмкүн. Чечим кабыл алууда да бир топ кыйынчылыктар болду. Себеби, Кытайдан акчанын бир сому да Кыргызстанга келген эмес. Бөлүнгөндө эле банк аркылуу уткан компанияга которулуп кеткен. Бизде күмөндүү болгон жагдайлар курулуш, юридикалык документтер, кайсы тилде кол коюш керек эле деген жактары гана такталган. Ал жерде өкмөт башчы, министрлердин күнөөлөрүн кагаздар аркылуу далилдесе болот. Бирок калганынын күнөөсүн мойнуна коюу кыйыныраак. Экинчиден, соттор азыр кандайдыр бир чечим кабыл алса, он жыл же беш жылдан кийин ал өкүмү кайра өзүнө каршы иштеп калышынан да чочулап калышты. Ошондуктан бул иш дагы көпкө созулушу ыктымал”.

Бирок адвокаттар тескерисинче соттор процессти ыкчам кароо менен эртерээк өкүм чыгарууга шашып жатканын сынга алышууда. Алар мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ооруп жатканына карабай сотко жеткирилгенин буга мисал катары көрсөтүшүүдө.

Сапар Исаков. Архивдик сүрөт.
Сапар Исаков. Архивдик сүрөт.

Исаковго «кыр арка артериясынын синдрому» деген диагноз коюлуп, 16-августтан 28-августка чейин Улуттук госпиталда жатып чыкты.

Учурда ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында.

Исаковдун адвокаты Замир Жоошев сотту айыпталуучунун оор абалын эске албай жатат деп айыптады.

“Сот ишти абдан шашып карап жатат. Сапар Жумакадыровичтин абалы оор, ал канча жолу суранды, бирок ага карабай эле улантып келишти. Сотто отурганда башы айланып, кыйналганда тыныгуу жарыялаңыз десе, бербей жатат. Болгону эртең менен эмес, түштө баштаганга макул болушту. Өйдө жактан көрсөтмө келгенби же башкабы сотту бат бүтүргүлөрү келип жатат. Судья мыйзам боюнча мындай иштер эки айда каралып бүтүшү керек деди. Соттук практикада мындай иштер эмес, жөнөкөй иштер бир же бир жарым жыл каралат. Ушул ишке келгенде эле мыйзамды сактап калат экен. Булар эртерээк бүтүрүп, көрдүңөрбү мына биз “коррупционерлерди” отургузуп койдук дегенди көргөзгүсү келип жатат окшойт”.

Иш боюнча соттук отурумдар ар бир аптанын дүйшөмбү, шаршемби жана бейшемби күндөрү өтүп жатат. Акыркы отурум 29-августта болду жана кийинки отурум 2-сентябрда уланат. Соттук отурумду Инара Гилязетдинова карап жатат.

2018-жылы кыш чилдеде ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Бул кырдаал андан жарым жыл мурда модернизация болгон ишканага карата сынды күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын сарпталышы боюнча элдин нааразылыгын жараткан. Териштирүүлөрдөн кийин оңдоп-түзөөдө коррупциялык көрүнүш аныкталып, мамлекет 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян тартканы айтылган.

Жалпы жонунан Бишкек ЖЭБиндеги жагдай боюнча беш кылмыш иши козголгон. Алардын айрымдары боюнча биринчи инстанциянын өкүмдөрү чыккан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG