Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

Сапар Исаков ооруканадан абакка которулду


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 28-августта эртең менен ооруканадан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына которулду. Бул тууралуу «Азаттыкка» адвокат Нурбек Токтакунов билдирди. Ал Исаков жакшы боло электе, шашылыш чыгарылганын айтты:

- Көрүнүшү начар эле. Бирок дарыгерлер бизге ачык маалымат беришкен жок. Дарыгерлер УКМКнын буйругун аткарып, оорулуу кишини таза, таза кишини оорулуу деп коёт экен.

УКМКнын басма сөз кызматы экс-премьер-министрдин абакка которулганын ырастап, ал дарыгерлердин үч жолу текшерүүсүнөн кийин гана чыгарылганын билдирди.

Сапар Исаков 2018-жылы Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупция боюнча козголгон кылмыш ишине тиешеси бар киши катары УКМКнын тергөө абагына камалган. Саламаттыгы начарлап, 16-августта Улуттук госпиталга которулган. Ага «кыр арка артериясынын синдрому» деген диагноз коюлган.

Буга чейин Исаков ооруканада жатканына байланыштуу ЖЭБ боюнча соттук териштирүү бир нече ирет жылдырылды. Бүгүн, 28-августта соттук жараян белгиленген.

Эксперттердин тыянагы боюнча ЖЭБди модернизациялоо долбоорун даярдоодогу, кол коюудагы жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекет 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян тарткан. Иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат.

Кармалгандардын арасында Сапар Исаковдон тышкары мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган жоон топ аткаминерлер бар. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айып коюлган. (КE)

XS
SM
MD
LG