Линктер

дүйшөмбү, 23-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 07:01

ЖЭБ соту: иштин чети «оюла» элек


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөгө байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча териштирүү жүрүп жатат. Ушул күндөрү сотто мамлекеттик айыптоочу тараптын күбөлөрү көрсөтмө беришүүдө.

Маалыматка ылайык, алардын саны 90го чукулдаса учурда 20га жакыны гана суралып бүттү. Айыпталуучулардын жактоочулары Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча кылмыш ишинин көлөмүн эске алганда сот жараяны бир топ убакытка созуларын айтышууда.

17-июлдагы соттук отурумда энергетика министринин (учурда «Улуттук энергохолдинг» компаниясы) мурдагы орун басары Райымбек Мамыров, убагында Максим Бакиев түзгөн ЦАРИИнин, башкача айтканда, Инвестициялар жана өнүгүү боюнча борбордук агенттиктин жетекчисинин орун басары болгон Учкунбек Ташбаев жана мурда ушул эле агенттикте иштеген Актилек Мусаева баш болгон адамдар күбө катары суралды.

Сотто прокурорлорду, айыпталуучулар жана анын жактоочуларын «Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча Кытайдын ТВЕА компаниясы менен түзүлгөн келишимди ким көзөмөлдөгөн? Насыянын шарттары Кыргызстан үчүн кандай болгон?» деген суроолор кызыктырды.

Азыркы тапта сотто мамлекеттик айыптоочу тараптын күбөлөрү көрсөтмө берип жатат. Алардын саны 90го жакын болсо, учурда 20га чукулу гана суралып бүттү. Айыпталуучулардын бири, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев иш көлөмдүү болгондуктан сот узакка созулушу мүмкүн деп боолгойт.

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

«Биздин да күбөлөрдү суракка чакыруу боюнча сотко өтүнүч киргизгенбиз. Эгерде сот канааттандырса чакырат. Жумасына 12 күбө көрсөтмө бергенде деле айыптоочу тараптын күбөлөрү алты-жети жумада суралып бүтүшү мүмкүн. Күбөлөр суралып бүткөндөн кийин иштин материалдарын изилдөөгө өтөбүз. Бул бир ай же эки жумага созулушу мүмкүн. Азыр айтуу кыйын. Анткени иш көлөмдүү да. Андан кийин айыптоо тарап менен айыпталуучулардын да сөздөрү бар».

Свердлов райондук соту Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча кылмыш ишин дүйшөмбү, шаршемби жана бейшемби күндөрү карап жатат. Шектүүлөрдүн адвокаттарынын айтымында, ар бир сот отурумунда үч-төрттөн күбө көрсөтмө берүүдө.

Өлкө тарыхында бир иш боюнча эң көп жогорку кызматтагы адамдар камакка алынып, 386 миллион доллар ири насыянын айланасында сөз болуп жаткан иш 60 томго жакындайт.

Аны Свердлов райондук сотунун судьясы Инара Гилязетдинова карап жатат.​

Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча соттук отурум. 17-июль, 2019-жыл.
Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча соттук отурум. 17-июль, 2019-жыл.

Дагы бир айыпталуучу, мурдагы энергетика министри, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин адвокаты Замирбек Базарбеков соттук иш тууралуу комментарий берип жатып, райондук соттун чечиминен кийинки инстанцияларды да эске салды.

«Күбөлөр суралып бүткөндөн кийин айыпкерлерди суракка алуу башталат. Баарына белгилүү болгондой сегиз айыпкер бар. Ал эми мындан аркы иштер райондук соттун чечимине жараша болот. Соттун өкүмүнө даттангандар болот. Шаардык сот, Жогорку сот деген бар».

Бул иш боюнча мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов камакта отурат. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айып коюлууда. Абакта жаткан мурдагы жетекчилердин камакка алынганына бир жылдан ашты.

Сегиз айыпталуучунун баш-аягы 20га жакын жактоочусу бар. Мамлекеттик айыптоочу тараптан алты прокурор иштеп атат.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, юрист Мукар Чолпонбаев шектүүлөр ишти кароону узартууга кызыкдар деген пикирде.

Мукар Чолпонбаев.
Мукар Чолпонбаев.

«Эгерде соттолуучулар көп болсо алар ишти чоюп, аны эскиртүүгө да аракет кылат. Азыр бул ишти узартууга ушундай аракеттер болуп жатканы көрүнүп турат. Анткени райондук соттун судьясы чыгарган бардык чечимдер боюнча улам кийинки инстанцияга арызданышып, ишти чоюп жатышканын байкап атабыз. Анткени мыйзамда ишти карап бүтүү боюнча чек коюлган эмес. Ошондуктан сот аны толук аягына чейин чыгарууга милдеттүү».

Жылуулук борбордун айланасындагы коррупциялык иште мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин да аты аталууда. Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «бул ишке мурдагы президенттин байланышы бар» деп материалдар өзүнчө бөлүнүп алынганын жарыялаган.

Жылуулук борбор боюнча соттук отурумду фото жана видеого тартууга тыюу салынган. УКМКнын экономикалык кылмыштарга каршы күрөш бөлүмүнүн мурдагы башчысы Максат Мамытканов бул сот иши элде күмөн ой жаратпашы үчүн коомчулукка кенен маалымат берип туруу керектигин айтты.

Максат Мамытканов.
Максат Мамытканов.

«Сот бир тараптуу болуп калбаш үчүн айыпталуучулар менен алардын жактоочуларынын дооматтарын элге түшүнүктүү кылып жеткирүү керек. Прокуратуранын коюп жаткан күнөөсүн, адвокаттардын каршы пикирлерин так көрсөтсө элге жакшы болот эле. Ошондо кандай айыптоолор болуп жатат жана ага кандай далилдер бар баары аныкталып, кийин коомчулукта бул иш боюнча эч кандай суроо жаралбайт».

Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча кылмыш иши 18-февралдан тарта сотто карала баштаган. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов мунун алдында Кытай насыясынан мамлекет 111 миллион доллар зыян тартканы тергөөдө аныкталганын билдирген. Бирок айыпталуучулар менен алардын жактоочулары келтирилген зыяндын суммасы кантип эсептелгени боюнча документтер жок экенин айтып келишет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (15)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG