Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:00

ЖЭБдеги жемкорлук сотто карала баштады


Жогорку катардагылар: Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев. Ылдыйкы катардагылар: Темирлан Бримкулов, Ольга Лаврова, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов. "Азаттыктын" коллажы.
Жогорку катардагылар: Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев. Ылдыйкы катардагылар: Темирлан Бримкулов, Ольга Лаврова, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов. "Азаттыктын" коллажы.

Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга айыпталгандардын иши боюнча баштапкы соттук угуу башталды. Жыйын жабык өтүп, жактоочулардан башка эч ким киргизилген жок.

Бул ЖЭБ боюнча козголгон негизги кылмыш ишине байланыштуу алгачкы соттук отурум. Өткөн аптада Башкы прокуратура иш менен таанышып чыгып, сегиз айыпталуучуга тергөөдө коюлган айыптар негиздүү деп тапкан. Аларга “Коррупция” жана “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” деген беренелер менен айып коюлууда.

Коомчулуктун көңүл борборунда турган иш боюнча соттук жараян 18-февралда башталды. Ишти Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Инара Гилязетдинова карап жатат. Баштапкы соттук жыйын жабык өтүп, ага жактоочулардан башка эч ким киргизилген жок.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов бул жолку жыйынга сегиз айыпталуучунун 20 адвокаты катышып, бардыгы соттон камактагылардын бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүшкөнүн айтты. Ал тергөөнүн иши жана Исаковго коюлган айып боюнча буларга токтолду:

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

- Тергөөчүлөр ушуга чейин иш боюнча 54 том чогултту. Чынын айтсам анын баары жөн эле таштанды болуп калды. Эч кандай далилдер жок. Эң негизги далили эле - жүргүзгөн экспертизалары. Бирок ЖЭБди модернизациялоо боюнча долбоорго канча каражат кетерин ал аныкталган эмес да. Булар болсо ал каражатты жөн эле асмандан алып эсептеп коюшту.

Өткөн аптада эле күч органдарынын жетекчилери Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору жана авариянын кесепеттери боюнча тергөө иштеринин жыйынтыгы тууралуу парламентте маалымат беришкен.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖЭБди модернизациялоого кеткен Кытай насыясынан мамлекет 111 миллион доллар зыян тартканы тергөөдө аныкталганын билдирген:

- Жалпы чыгымдарды 386 миллион долларга жеткириш үчүн курулуш материалдары менен жабдуунун баасын атайылап жогору көргөзүп жазышкан. Тергөөнүн жыйынтыгы менен президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Сапар Исаков кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап, өкмөттүн укуктарын өзүнө ыйгарып алуу менен компанияны тандоону, келишимдин баасын бекитүүнү жана кол коюуну уюштурганы аныкталды.

Жактоочулар баштапкы соттук угуу бүтүп, негизги ишти кароо башталганда жыйынды кененирээк соттук бөлмөдө кароону сунуш кылышкан. Алар “соттук жараянды өткөрүүгө шарт түзүлбөсө, анын айынан сот жабык өтүп калышы мүмкүн” деп кооптонуп жатышат.

Токтакунов баштапкы соттук угуу эки ай уланарын, бирок иштин көлөмүн эске алганда ал мындан да узарып кетиши мүмкүн экенин билдирди. Баштапкы угуу аягына чыккан соң негизги соттук ишти баштоо, ишти кыскартуу же аны убактылуу токтотуу тууралуу чечим кабыл алынат.

Токтакунов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып ЖЭБди модернизациялоодогу Жогорку Кеңештин жоопкерчилигин дагы бир сыйра эске салды:

- ЖЭБди модернизациялоо боюнча чечимди парламент ратификациялап берген. Модернизация учурунда өлкөгө канча зыян келсе, ага Жогорку Кеңеш жооп бериши керек. Алар саясий жоопкерчиликти алышы керек. Ошол эле парламенттин үч комитетинин төрагалары Иманалиев, Рыспаев, Дыйканбаев укуктук жоопкерчилик тартат. Андан сырткары Жогорку Кеңештин регламентин көзөмөлдөбөгөн парламенттин спикери да жооп берет.

Ушул эле маселени Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина парламентте тергөөнүн жыйынтыгы боюнча маалымат угулуп жатканда көтөрүп чыккан.

ЖЭБди модернизациялаш үчүн Кытайдан алынган 386 млн. доллар насыянын максаттуу пайдаланылышын иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү Алмазбек Токторов Жогорку Кеңештин жоопкерчилиги тууралуу буларды белгиледи:

Алмазбек Токторов.
Алмазбек Токторов.

- Парламент бардык ишти көзөмөлдөй албайт да. Парламент өкмөттөн ошол учурда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин сураганда көрсөткөн эмес. Алар техникалык-экономикалык негиздемесин алып келбей туруп келишимди ратификациялап кеткен. Эгер алар бардык маалыматтарды берген учурда да аларды текшериш кыйын. Парламент долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин көрбөй туруп келишимди ратификация кылып бергени үчүн саясий жоопкерчилик алышы мүмкүн. Ал эми кылмыш иши долбоорду аткаргандарга козголот.

ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишин Башкы прокуратура өткөн аптада сотко өткөргөн. Анда сегиз кишиге “Коррупция” жана “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” деген беренелер менен айып коюлган.

Алар: мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов. Булар учурда камакта отурат. Андан тышкары айыпталгандардын арасында мурдагы финансы министри Ольга Лаврова да бар. Ал камакка алынган эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG