Линктер

ишемби, 25-май, 2019 Бишкек убактысы 01:02

ЖЭБ: 111 миллион доллардын жүгү


Бишкек Жылуулук электр борбору.

Башкы прокуратура Бишкек ЖЭБин модернизациялоого кеткен Кытай насыясынан мамлекет 111 миллион доллар зыян тартканы тергөөдө аныкталганын билдирди.

Ошондой эле башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бул долбоор 2010-жылдын башында Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча 150 миллион долларга бааланып, бирок 2013-жылы Кытайдын Эксимбанкынан 386 миллион доллар насыя мамлекеттин кызыкчылыгына каршы алынганын белгиледи. Жогорку Кеңеште «мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген ал келишимди бекиткен парламенттин да жоопкерчилиги каралышы керек» деген маселе көтөрүлдү.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору жана авариянын кесепеттери боюнча тергөө иштеринин жыйынтыгы тууралуу парламентте маалымат берди. Анын баяндамасында көрсөтүлгөндөй, экспертиза жабдуунун жана курулуштун чыгымдарын эң жогорку баалар менен эсептеп чыкканда жалпысынан 275 миллион долларды түзгөн. Ал эми Бишкек ЖЭБин модернизациялоого 366 миллион доллар сарпталган. Долбоор жалпысынан 386 миллион долларга бекитилип, анын 20 миллион доллары резервде кармалып турган. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун айтымында, тергөө учурунда ортодогу 111 миллион доллар акчанын эсеби чыкпай калган.

150 миллиондук долбоор кантип 386 миллион болду?

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Дүйнөлүк банк менен болгон баштапкы сүйлөшүүлөрдө долбоорду аткаруу 150 миллион долларга бааланып, бирок эмнегедир кийин анын баасы эки эсе жогорулап кеткенин эске салды:

Өткүрбек Жамшитов.
Өткүрбек Жамшитов.

- 2010-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын Өнүгүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги (ЦАРИИ) бир катар инвесторлор жана компаниялар менен Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун 150 миллион долларга ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Алардын арасында Кытайдын компаниялары да болгон. Бирок 2010-жылдын апрель айынан кийин бул багытта сүйлөшүүлөр токтоп калган. Бирок эки жылдан кийин долбоорду аткарууну 386 миллион долларга баалаган келишим даярдалган.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбооруна байланыштуу сегиз кишиге «Коррупция» беренеси менен айыбы угузулуп, жакында кылмыш иштери сотко өткөн. Алардын экөө - Исаков менен Сатыбалдиев - мурдагы премьер-министрлер, Артыкбаев - мурдагы энергетика министри, Калиев - «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы, Назаров - анын ошол кездеги орун басары, Авазов - «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси жана Бримкулов - долбоордун мурдагы аткаруучу директору. Мындан тышкары мурдагы финансы министри Ольга Лавровага аталган насыя контрактына кол койгону үчүн кылмыш иши козголгон.

Уурдалган акчанын изи барбы?

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бул чуулгандуу кылмыш ишиндеги эң маанилүү жагдайга - уурдалган акчанын изине кызыкты:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

- Модернизациялоо долбооруна чыгымдала турган болуп, бирок «уурдалып кетти» деген акчанын изи табылдыбы? Ошол компаниянын кызыкчылыгын коргогон тарап пара алышы мүмкүн. Бул кылмыш иштери боюнча айыпталып жаткандарга караштуу булагы көрсөтүлбөгөн акча же кымбат баалуу мүлк чыктыбы? Мисал үчүн айыпталып жаткандардын банк эсептери, чет өлкөлөрдө сатылып алынган хан сарайлары же башка ушул сыяктуу кымбат баалуу мүлк табылдыбы?

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бул багытта атайын иш-чаралар жүрүп жатканын айтып, бирок айыпталып жаткан мурдагы жогорку кызмат адамдарынын банк эсептеринен уурдалган акчанын изи табыла элек экенин кошумчалады. Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорундагы бул коррупциялык ишти уюштуруучу катары президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Сапар Исаковго айып коюлган.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ал тууралуу мындай маалымат берди:

- Жалпы чыгымдарды 386 миллион долларга жеткириш үчүн курулуш материалдары менен жабдуунун баасын атайылап жогору көргөзүп жазышкан. Тергөөнүн жыйынтыгы менен президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Сапар Исаков кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап, өкмөттүн укуктарын өзүнө ыйгарып алуу менен компанияны тандоону, келишимдин баасын бекитүүнү жана кол коюуну уюштурганы аныкталды.

Сапар Исаков өзү да, анын адвокаты Нурбек Токтакунов да коюлган дооматтарга макул эмес экенин айтып келатышат.

Парламенттин жоопкерчилиги

Буга чейин Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов аталган келишимди бекиткен тараптын да жоопкерчилигин кароону талап кылган. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина да башкы прокурордон бул суроону кайра кайталап сурады:

Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

- Ал кездеги тиешелүү комитеттин мүчөлөрү менен жетекчилери эмне себептен жоопко тартылган эмес? Бизди мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген жана чыгымдары ашыкча көрсөтүлгөн келишимди кабыл алууга үндөгөн ошондогу парламенттин төрагасы эмнеге жоопко тартылган жок? Демек, бул жерден биз жоопкерчиликти өзүбүздөн алып салып, күнөөнүн баарын жогорудагы сегиз кишиге гана жүктөп, «ошолор жооп беришсин» деп жатабыз. Депутаттарды эмнеге жоопко тартпай жатасыңар?

Ошол учурда Жогорку Кеңештин эл аралык маселелер боюнча комитетин жетектеген Каныбек Иманалиев кызматташы Карамушкинанын жоопкерчиликти парламентке оодаргысы келген жүйөсүн сындап чыкты. Ал парламент келишимди бекитүү менен анын аткарылышы боюнча жооп бербей тургандыгын мисал келтирди:

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

- Ирина Юрьевнанын логикасына таянсак, анда жыл сайын Жогорку Кеңештин бирден төрагасын камап турушубуз керек болот экен. Себеби биз жакында 156 миллиард сомдук бюджетти бекиттик. Андагы каражат кайсы бир жерден желип кете турган болсо, ага парламенттин спикери жооп бере тургандай айтып жатканы туура эмес. Мындай логика боюнча 120 депутаттын баарын камаганга туура келет. Парламент жылда ар кандай гранттык же насыя алуу боюнча келишимдерди бекитет. Эгерде ошол каражаттын кайсы бир бөлүгү уурдалган болсо, ага тиешелүү тармак жетекчилери жооптуу болушат. Парламент мыйзамды гана кабыл алып жатат. Анын аткарылышын көзөмөлдөө жагы аткаруу бийлигинде болот.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Коррупция» беренелери менен кылмыш иши козголуп, жакында иш сотко өттү. Башкы прокурор кылмыш иштери козголгон адамдарга таандык 413 млн. 885 миң сомдук мүлккө бөгөт коюлуп, камакка алынганын билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG