Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Жантөрө Сатыбалдиев соттогу күбөгө: Тагдырыбыз чечилип жатат, чындыкты айт


Жантөрө Сатыбалдиев.
Жантөрө Сатыбалдиев.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда борбор калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөгө байланыштуу соттук териштирүү уланып жатат.

Бүгүн Мамлекеттик экотехинспекциянын өкүлдөрү Шараф Ачилдиев жана Таалайбек Ашырбаев күбө катары көрсөтмө беришти. Алар оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин сөзсүз акт түзүлөрүн, ансыз объект эксплуатацияга кабыл алынбасын, бардык мыйзамдар сакталганын жана жогорку кызмат адамдарынан эч кандай басым болбогонун айтышты.

Ошондой эле “Курулушта тийиштүү документтер жок болуп жатканы тууралуу эмнеге өкмөт башчыга эмес, президенттин аппаратына, Сапар Исаковго жаздыңар?” деген суроого күбө тарап “Жетекчилик ошентип чечкен” деген жообун айтты.

Дагы бир күбө, "Электр станциялары" ишканасынын жетекчиси Таалайбек Толубаев “386 млн долларга негизделген документ барбы?” деген суроого жооп берип жатып андай документ жок экенин билдирди.

Толубаев айыпталып жаткандардын көпчүлүк суроосуна "эсимде жок, билбейм" деп жооп берип жатты.

Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев сотто алардын тагдыры чечилип жатканын эскертип, Толубаевди соттун алдында калп айтпоого чакырды.

Сатыбалдиевдин "Тарыхта уят болосуң" деген сөзүн айыптоочу тарап күбөгө басым катары баалады.

ЖЭБ боюнча иште жогорку кызматтагы эң көп адам камакка алынып, 386 миллион долларлык ири насыянын айланасында сөз болуп жатат.

Кармалгандар арасында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов бар. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айып коюлган.

Сегиз айыпталуучунун баш-аягы 20га жакын жактоочусу бар. Мамлекеттик айыптоочу тараптан алты прокурор иштеп атат. Кылмыш иши быйыл 18-февралдан тарта сотто карала баштаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG