Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:10

ЖЭБ: жабырлануучулардын жалтак жообу


Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана анын жактоочусу Замир Жоошев.
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана анын жактоочусу Замир Жоошев.

Свердлов райондук соту Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча кылмыш ишин карап жатат.

15-майда өткөн соттук териштирүүдө «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун юридикалык бөлүмүнүн эки өкүлү Руслан Байдинов жана Урматбек Камбаров жабырлануучу катары сурак беришти.

Буга чейин тергөө учурунда ушул эле иш боюнча суракты «Электр станцияларынын» башка өкүлү берген, бирок бул жолу Байдинов менен Камбаров ишеним каттын негизинде сотко чакырылган.

Адегенде Руслан Байдинов суракка алынды. Руслан Байдинов «Электр станциялары» ишканасында 2007-жылдан тарта иштеп келгенине карабастан, айыпталуучулардын адвокаттары берген суроолордун көбүнө жооп бере алган жок.

Айыпталуучу Сапар Исаковдун «ЖЭБдин кайсы тарабында авария болгон, жаңысындабы же эскисиндеби?» деген суроосуна «билбейм» деген жооп узатты.

Айыпталуучу Жантөрө Сатыбалдиев «Электр станцияларынын» өкүлүнүн берген жоопторуна нааразы болду:

«Эмнеге бул жерге келип бизди шылдыңдап жатасыз? Же сизди бул жерге мажбурлап алып келиштиби? Бул жерде бүткүл өлкөнүн тагдыры чечилип жатат. Сиз келишимди окудуңуз беле?».

Айбек Калиевдин жактоочусу Бактыбек Жумашев жабырлануучу тарап тергөөчүлөр менен келишип алган деген пикирин билдирди:

«Бир да суроого даярданбай келишкен. «Тергөөчүлөр менен макулбуз, тергөөнү колдойбуз. Биз тергөөнүн айыптоо корутундусу менен кошулабыз» деп бир эле жоопту берип жатышат. Башка эч нерсе жок. Жабырлануучулардын өкүлдөрү эч даярдыгы жок келген. Бул эмнени билдирет? Бул же өздөрү чындап эле иштин маанисин түшүнбөй жатат, же чоңдору «баргыла, катышкыла» деп айтканы үчүн жөн эле келип, отуруп кетишти».

Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодо эки келишим болгон. Алардын бири – насыя келишими. Ал кыргыз өкмөтү менен Кытайдын Эксимбанкынын ортосунда түзүлүп, ага кыргыз өкмөтүнүн атынан андагы финансы министри Ольга Лаврова кол койгон. Ал эми экинчи келишим ЖЭБди модернизациялоого милдеттенме алган ТВЕА компаниясы менен «Электр станциялары» ААКнын ортосунда түзүлгөн.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев аталган келишимдер мыйзамдын макамына ээ экенин айтып, аларды Жогорку Кеңеш жактырганын жана учурда аталган келишимдер бузулбай келгенин айтууда:

«Айыпталып жаткан адамдар, алардын жактоочулары насыя келишимин бекемдеген мыйзам күчүндө экенин көрсөткүсү келди. Ал мыйзам жокко чыгарылмайынча ошол насыя келишимин даярдоого катышкан адамдарга айып коюлбашы керек экенин түшүндүргөнгө, жеткиргенге аракет кылып жатышат. Себеби, мыйзам менен бекитилип, Жогорку Кеңеш «насыя келишиминин шарттары биз үчүн пайдалуу, баары туура болгон» деп добуш берген да. «Бул мыйзамды колдош керек» деп мыйзам кабыл алган. Эмне үчүн бүгүнкү күндө мыйзамды жокко чыгарбай эле «келишим начар, бизге каршы» деп жатышат? Эгер келишим туура эмес болсо анда ошол мыйзамды жокко чыгарыш керек».

15-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Идирис Кадыркулов иштен кеткен.

«Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» телеберүүсүндө саясатчы Эдил Байсалов кызматтан бошотулган УКМКнын төрагасынын иш-аракетин жана жоопкерчилигин абактагы Сапар Исаковдун ишине салыштырып жатып буларды айтты:

«Этикалык мыйзам бузуу болду. Өзү да сөзүнөн жаңылып жатпайбы. Кылмыш ишин козгоп, бирок ошолордун баарынын аягына жетпей жатышат. Бул кишилер (ЖКнын депутаты Рыскелди Момбековду көрсөтүп – ред.) парламенттен сүйлөп койсо эле, баары эле коркуп, бири-бирибизден шектенип жатабыз. Атайын кызматтар бөрк ал десе баш алат. Ал менин да башыман өткөн. Атамбаевдин буйругу менен менин мүлкүмдүн артынан түшүп, эч нерсе таппай болбогон нерселерди алып чыккан».

Учурда УКМКнын тергөө абагында Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаев, Салайдин Авазов жана Айбек Калиев баштаган жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлер отурат. Алардын баары «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айыпталууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG