Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

ЖЭБ ишинде сырдуу жагдайлар пайда болду


Бишкек ЖЭБи
Бишкек ЖЭБи

Коррупция үчүн айыпталган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиевдин адвокаттары кылмыш ишиндеги олуттуу жагдайлар тууралуу айтып чыгышты.

Анда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов айткан, айыптоо корутундусундагы Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоо долбоорун ишке ашыруу 150 миллион долларга эле бааланганы тууралуу маалымат жалган болуп чыкканы белгиленген.

Ошондой эле бул долбоор боюнча коррупция үчүн шек саналгандардын бири, ТВЕА компаниясынын өкүлү Мусажан Макелектин иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, анын үй камагына чыгарылганы түшүнүксүз болуп жатканы айтылды. Жогорку сот менен Башкы прокуратуранын басма сөз кызматтары бул боюнча комментарий бере элек.

Дүйнөлүк банктын төгүндөөсү

Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбоору боюнча коррупцияга байланыштуу айыпталган мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев соттук териштирүүдө олуттуу жагдайлар пайда болгонун кабарлады. Анын айтымында, айыптоо корутундусундагы «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун Дүйнөлүк банк 2010-жылы 150 миллион долларга баалап, бирок кийин ал 386 миллион долларга аткарылган» деген далилди жокко чыгаруучу жагдай ачыкка чыккан.

Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев Дүйнөлүк банк ошондой баалоо болгонун ырастабаганын билдирди:

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

«Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү «Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдаган эмеспиз, андай документ жок» деп айтышыптыр. Демек, «бул курулушту 150 миллион долларга бүтүрсө болмок» деген сөз карандай калп болуп чыкты. Мындай баалоо документи эч качан болгон эмес экен. Тергөөдө эле бир катар күбөлөр «ошондой сөз болгон» деп айта беришкен экен. Биз алар тергөөнүн басымы астында айтышкан го деп шектенип жатабыз. Биз бул жагдайды сотко айтып беребиз. Сот аны карап чыгып, баа берип, айыптоонун ушул бөлүгүн далилсиз жана негизсиз деген жүйө менен алып салышы керек. Биз соттогу жарыш сөз учурунда «бул айыптоого негиз табылган жок, фактылар менен бекемделген жок, ошондуктан ал айыптоо далилденген жок» деп өз жүйөлөрүбүздү келтиребиз».

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы аталган кылмыш ишиндеги бул жагдай боюнча комментарий бере элек. Буга чейин адвокаттар Дүйнөлүк банк 2010-жылы февралда Бишкек ЖЭБин жаңылоону 150 миллион долларга баалаганы боюнча документтин көчүрмөсүн өкмөттөн талап кылууну соттон өтүнүшкөн. Бирок жергиликтүү маалымат каражаттарына Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү андай баалоо жүргүзүлбөгөнүн жана андай документ болбогонун билдиришкен.

Кылмыш ишине таянган маалымат

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте 150 миллион долларга бааланган долбоор кандайча 386 миллион долларга чыгып кеткенин кылмыш ишиндеги негизги жагдай катары белгилеген болчу:

Өткүрбек Жамшитов.
Өткүрбек Жамшитов.

«Өнүктүрүү жана инвестицияларды илгерилетүү боюнча борбордук агенттик 2010-жылдын 11-февралында Дүйнөлүк банк сунуш кылган, наркы 150 миллион доллар болгон жана 200 миллион долларга бааланган ТВЕА компаниясынын долбоорлорун карап чыккан. Ошол кезде эле ТВЕА компаниясынын сунушу кымбаттыгынан жана технологиялык кемчиликтеринен улам Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбейт деп табылган. 2013-жылдын 21-январында Улуттук өнүгүү стратегиясынын программасында Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбоору 150 миллион долларга бааланып, аны ишке ашыруу милдети коюлган. Бирок көп өтпөй эле бул 150 миллион доллар деп бааланган долбоорду 386 миллион долларга баалап, ишке ашыруу боюнча шашылыш аракеттер башталган».

Макелектин иши эмнеге бөлүндү?

Мындан сырткары Сапар Исаков менен Айбек Калиевдин адвокаттары коррупцияга байланыштуу шек саналган ТВЕА компаниясынын өкүлү Мусажан Макелекте ЖЭБди жаңылоого бөлүнгөн каражат кандайча өздөштүрүлгөнү тууралуу толук далилдер бар экенин айтып чыгышты. Бирок, адвокаттардын айтымында, иш сотко өтөөрдө Мусажан Макелектин кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп чыгарылган. Адвокаттар иштин материалдарында 386 млн. доллар Кытай банкынан түз эле ТВЕА компаниясына которулуп турганын ырастаган далилдер бар экенин айтышты.

Айбек Калиевдин адвокаты Бактыбек Жумашев кылмыш ишиндеги эң эле маанилүү фигура болгон Мусажан Макелектин иши кандайча өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, анын үй камагына бошотулганы сыр бойдон калып жатканын билдирди:

Кылмыш иши дал ошол Макелектин кыймыл-аракети менен бирге каралышы керек болчу.

«Айбек Калиевге башкалар менен бирге эле коррупция боюнча айып угузулган учурда ошол бир эле кылмыш ишинин алкагында Мусажан Макелекке да «Коррупция» беренеси менен айып коюлган. Ал ТВЕА компаниясынын өкүлү болуп, ошол киши аркылуу бардык иштер жүргүзүлүп жаткандан кийин кантип анан Мусажан Макелектин ишин өзүнчө өндүрүшкө бөлүп салышканын түшүнбөй койдум. Бул жерде айыптоо корутундусунда «бири-бири менен байланышта» деп айтылгандан кийин кайра анын ишин кантип негизги иштен ажыратып, бөлүп карагысы келип жатышканы табышмак. Анткени кылмыш иши дал ошол Макелектин кыймыл-аракети менен бирге каралышы керек болчу. Биздин бийлик «Кытай менен мамилени бузуп албайлы» деп чочулап, анын ишин өзүнчө бөлүп туруп аны боштондукка чыгарды. Бул жерде мыйзам бардыгына бирдей болбой калды».

Кылмышка шектүүлөрдүн бири, кытайлык ТВЕА компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Мусажан Макелектин иши эмне үчүн өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, аны үй камагына чыгарууга эмне себеп болгону тууралуу суроого Жогорку соттон жооп ала алган жокпуз. Жогорку соттун басма сөз кызматы адвокаттар коюп жаткан дооматты төгүндөгөн да, ырастаган да жок.

Башкы прокуратура Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбоорунан 110 миллион доллар ыксыз чыгымдалганын аныктап чыккан. Бишкек ЖЭБиндеги авария жана жаңылоо долбоорундагы коррупция боюнча козголгон эки кылмыш иши боюнча мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон 15тен ашуун жогорку кызмат адамдарына айып коюлган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG