Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

ЖЭБ иши: жетекчилерге сот өкүмү чыкты


Бишкек ЖЭБи
Бишкек ЖЭБи

Бишкек ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан жараян соңуна чыкты.

Ага ылайык, “Улуттук энергетикалык холдинг” компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев 2,5 жылга кесилип, 100 миң сом айыпка жыгылды.

“Улуттук энергетикалык холдинг” компаниясынын төрагасынын мурдагы орун басары Нурлан Садыков 2,5 жылга соттолду. Ал мамлекетке 100 миң сом айып төлөй турган болду.

“Электр станциялар” компаниясынын мурдагы башчысы Узак Кыдырбаев – төрт жылга кесилип, 150 миң сом айыпка жыгылды. Сот залынан дароо камакка алынды.

“Электр станциялар” компаниясынын башчысынын орун басары
Бердибек Боркоев – сегиз жылга кесилип, 150 миң сом айыпка жыгылды.

ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов – 2,5 жылга соттолуп, 100 миң сом айып төлөй турган болду.

ЖЭБдин мурдагы башчысы Нурлан Өмүркул уулу – төрт жылга кесилди. 150 миң сом айыпка жыгылып, сот залынан камакка алынды.

ЖЭБдин мурдагы башкы инженери Нургазы Курманбеков
төрт жылга кесилди жана 150 миң сом айыпка жыгылып, сот залынан камакка алынды.

Айып пулдан сырткары күнөөлүү деп табылгандар мамлекетке 3 млн. 212 миң 259 сом төлөп берүүгө милдеттендирилди.

ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсык боюнча сот 2018-жылдын 12-октябрында башталган.

Жалпы жонунан Бишкек ЖЭБиндеги жагдай боюнча беш кылмыш иши козголгон. Модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу экс-премьер-министрлер Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев баштаган сегиз кишиге айып коюлган.

16-апрелде Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталып жаткан Сапар Исаковдун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч менен анын адвокаты Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Буга байланыштуу 17-апрелге белгиленген соттук териштирүү Сведлов райондук сотунда болбой калган.

"10-апрелдеги сот отурумунда Свердлов райондук соту бул иш боюнча айыпталып жаткан беш адамдын баарынын бөгөт чарасын карап, 12-июнга чейин узартууну чечкен. Биз буга каршы болуп, Бишкек шаардык сотуна кайрылдык. Биздин бүгүнкү даттануубуз эртеңки сотту токтотот", - деген адвокат Замир Жоошев «Азаттыкка».

2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, 20 градустан ашкан катуу суукта абоненттер беш күн бою жылуулуксуз калган. Бул кырдаал андан жарым жыл мурда модернизацияланган жылуулук борборуна карата сынды күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын сарпталышы боюнча элдин нааразылыгын жараткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG