Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

ЖЭБ ишинде жетекчилердин айыбы угузулду


Соттон бир көрүнүш. 3-апрель, 2019-жыл.
Соттон бир көрүнүш. 3-апрель, 2019-жыл.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупцияга байланышы бар деп кармалган мурдагы аткаминерлерге сотто айып угузула баштады.

Экс-премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков баштаган соттолуучулар күнөөнү мойнуна алган жок. Ачык деп мүнөздөлгөн жараянга журналисттердин видеокамералары киргизилбей калды. Камактагылардын жакындары муну бийликтин оппоненттерге каршы саясаты катары сыпатташса, эксперттер Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоо иши башынан эле жемкорлук менен башталганын белгилешүүдө.

ЖЭБдеги коррупциялык иштин алкагында айып коюлгандардын арасында мурдагы аткаминерлердин жоон тобу бар. Алар - мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдингдин» мурунку директору Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, «Электр станциялары» ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов.

ЖЭБ.
ЖЭБ.

Айыпталып жаткандардын дагы бири, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова камакта эмес.

Темир торго нааразылык

10-апрель. Соттолуучулар залдагы темир тордун ичинде отурушат. Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков бул абалга нааразылык билдиришти. Жактоочулардын бири Канат Жайлоев судьяга кайрылып, алардын тор артында отурганын кыйноого тете көрүнүш катары баалап, залда адвокаттардын жанында отурушуна уруксат берүүнү өтүндү.

Мамлекеттик айыптоочулар буга каршы болуп, соттолуучуларга оор кылмыш боюнча айып коюлуп жатканын эскертишти. Судья Инара Гилязетдинова муну эске алып, жактоочунун өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырды.

Бул жолку отурумда соттолуучуларга айыптары угузула баштады. Сапар Исаковдун адвокаттарынан бири Нурбек Токтакунов соттун жүрүшү тууралуу айтып берди:

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

«Ольга Лавровага гана «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен айып коюлуп, башкасынын баарына «Коррупция» боюнча айып тагылып, угузулуп жатат. Ошонун баарын Сапар Исаков уюштургандай көрсөтүлүүдө. Бирок аларда эч кандай далил жок. Ошондуктан биз «президенттик аппарат менен өкмөт кошумча документтерди берсин» деп өтүнүч келтирдик. Аны сот кабыл алды».

Соттолуучулардын тарапкерлери аларды жалган жалаа менен соттолуп, ошого жараша тоскоолдуктар болуп жатат деп эсептешүүдө. Сот имаратынын күтүү залында отургандардын бири Гүлбара Байтикованы кепке тарттык.

«Мейли, бизди киргизбей эле койсун. «Санариптик өлкө болдук» деп гезит-журналдын баары жазып атпайбы. Ошондуктан сот отурумуна камера коюп, аны сырттагы мына бул турган чоң телевизордон көрсөтүп турушса, биз ушул жерден угуп, ал жакта эмне кеп-сөз болуп жатканын билип, чындыкпы, эмне доомат коюлганын билет элек да!» - деди ал.

Соттолуучулардын жактоочулары ЖЭБди модернизациялоо жөнүндө мыйзам бар экенин белгилеп, айыпталып жаткандардын иш-аракети мыйзамга шайкеш болгонун айтып жатышат.

«Коррупция башынан белгилүү эле...»

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Данияр Тербишалиев ЖЭБди оңдоп-түзөө иштери башынан эле коррупция менен коштолгон деп эсептейт. Экс-депутат Кытайдан каражат алууга байланыштуу 2013-жылы түзүлгөн комиссияда мүчө болгон.

Данияр Тербишалиев.
Данияр Тербишалиев.

«Биз бардык маалыматтарды карап чыкканда экономикалык-техникалык түшүндүрмө жок болчу. Адамды ынандыра турган документтер жок, ачык эле жемкорлук көрүнүп турган. Аны убагында айтып чыккам, тилекке каршы эске алынбады. Парламент муну президенттик администрациянын басымы менен аны кабыл алган. Ошол кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаев бөлмөмө эки жолу келип, мени бул суроону көтөрбөөгө чакырган. Жогору жактын буйругу экенин айткан. Ага карабай, мен каршы добуш бергем. Парламентте сүйлөп, бул жагдайды күч органдары тыкыр териштириш керек экенин айткам», - деди Тербишалиев.​

Бирок Артыкбаевдин адвокаты Нурлан Садыков Тербишалиевдин бул айтканын куру доомат, жөн жерден каралоо катары баалады:

«Бул маселе Артыкбаев министр болгонго чейин көтөрүлүп, бышып калган болчу. Артыкбаев 2013-жылдын 22-майында кызматка келип, процедуралык иштерге катышкан. Ал өз милдетин аткарган. Жөн жерден адамды күнөөлөп коюу туура эмес. Деги эле козголгон кылмыш ишинде Артыкбаевди айыптоо туура эмес. Күнөөсү далилденген жок. Сыягы тергөөдө көп нерсе башаламан болуп кетти».

2018-жылы 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаар бир жума бою жылуулуксуз калган. Кытайдан алган 386 миллион долларга жаңыланган мекемедеги бул мүчүлүштүктөн соң беш кылмыш иши козголгон. Анын бири боюнча өкүм чыгып, «Электр станциялары» ишканасынын төрагасынын мурдагы орун басарлары Алмаз Жусупбеков менен Бердибек Боркеев алты жылдан эркинен ажыратылса, калгандарынын иши сотто каралып жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG