Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

ЖЭБ соту: мыйзам жана басым


ЖЭБдеги коррупция боюнча соттон бир көрүнүш, 3-апрель, 2019-жыл
ЖЭБдеги коррупция боюнча соттон бир көрүнүш, 3-апрель, 2019-жыл

Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо боюнча күнөөлөнүп жаткан тараптар соттун жүрүшүнө нааразылык билдиришти.

Соттук териштирүүлөргө сырттан басым жасалып, жалган маалыматтарды атайын айттырып жатышабы? Мыйзамдуулукту так сактоо үчүн жоопкерчиликти кантип күчөтүү керек?

«Арай көз чарай» талкуусуна Башкы прокуратуранын башкармалыгынын прокурору Үмүткан Конкубаева, укук коргоочу Рита Карасартова, адвокат Замир Жоошев катышты.

«Азаттык»: Замир мырза, Бишкек ЖЭБи боюнча күнөөлөнүп жаткан экс-премьер-министр Сапар Исаков жана «Улуттук энергохолдинг» ишканасынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев соттун жүрүшүндө мыйзамсыз жагдайлар болуп жатканына нааразылык билдиришти. Сиз адвокат катары айтсаңыз, нааразылыктын негизги жүйөсү эмнеде?

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

Замир Жоошев: Бул сот процессинин жүрүшүндө мыйзам бузуулар көп эле болуп жатат. Баары иш сотко жаңы өтүп жатканда башталды. Башкы прокурор Жогорку Кеңешке келип, ушул иш боюнча отчет берди. Мыйзамсыздыктын башы ушул болду.

Мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин кайсы бир иш боюнча баш прокурорду чакырууга укугу жок болчу. Жогорку Кеңеш соттон каралып жаткан иш боюнча эч качан отчет сурабашы керек. Ошонун баары мыйзамсыз экенин билип туруп, баш прокурор парламентке барып жатат. Ал жөн эле маалымат бербестен “мындай кылмыш жасаган, андай кылмыш жасаган” деп конкреттүү адамды күнөөлөп жатат. Кимдин күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенин сот гана айта алат.

Дагы бир маселе, сот ачык өтүп жатат деп жатышат. Каалагандардын баары катыша албай жатат. Зал тар, чоңураак залын бизге бербей койду. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да кире албай жатат. Бул дагы мыйзамсыз көрүнүш.

«Азаттык»: Үмүткан айым, мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөн органдын өкүлү катары жогоруда айткан сын жөнүндө эмне дейсиз?

Үмүткан Конкубаева: Мен мындай пикирлерге толугу менен макул эмесмин. Свердлов райондук сотунда процесс ачык-айрым өтүп жатат. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү толугу менен катышууда. Азыркы соттук процессте аудио-видео жазуулар толук колдонулду. Кимдир бирөөнүн укугу бузулуп жатса, сотко өтүнүч катары кайрылса болот. Азырынча андай кайрылуу болгон эмес. Ошондуктан азыркы сот процесси толугу менен мыйзамдын чегинде өтүп жатат.

«Азаттык»: Рита айым, сиздин уюм соттук процесске мониторинг жүргүзүп жаткан экенсиз. Бул жолку соттун жүрүшүндө мыйзам сакталып жатканы байкалдыбы?

Рита Карасартова
Рита Карасартова

Рита Карасартова: Албетте, өзгөрүү бар. 2016-жылы Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин мамлекеттик кызматкерлер катышкан кылмыштарды тергөөнү Улуттук коопсуздук комитетине өткөрүп беришкен.

Ошондо бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулук жоюлган, бул абдан терс көрүнүш. Ошондон улам сотко келген күбөлөр, башка чакырылган адамдар, соттордун өздөрү деле процесстин жүрүшүндө Улуттук коопсуздук комитетинин тергөөсүнө ишенебиз, аларды корутундуларын толук чындык деп аргасыз сайрап отургандай элес калтырат. Бул жагы өзүнчө эле шоу-программа.

Кайсы бийлик бутактарынан өкүлдөр келбесин баары УКМКга толук көз каранды болуп калууда. Эгер сот процессине президенттин аппараты кызыкдар болсо анда бардык бийлик өкүлдөрү бир ооздон ошолор тараптагы позицияларды колдоп келатканын байкоого болот. Кээде ушундай абсурдга жетип жатабыз. Ошондуктан биз жарандык активисттер мамлекеттик кызматкерлердин коррупцияга байланыштуу иштерин тергөөнү УКМКдан алынса деп жатабыз.

«Азаттык»: Замир мырза, сотто экс-премьер-министр Сапар Исаков судьяга «Электр станциялары» акционерлер коомунун өкүлү калп көрсөтмө берип жатканын билдирди, анын калп же чын айтып жатканын судья кантип билет, кантип аныктайт?

Замир Жоошев: Маалыматты калп айтып жатабы, же чын айтып жатабы, сот аныктайт. Мен жактап жаткан Сапар Жумакадырович процесстин жүрүшүндө калп көрсөтмө берилип жатканы үчүн айтып чыкты.

"Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча техникалык-экономикалык негиздеме кытай компаниясы тарабынан даярдалганбы?" деп сураса күбө “даярдалган жок” деп карандай калпты айтты. Аны элдин баары билет, тергөөнүн жүрүшүндөгү документтердин баарында техникалык-экономикалык негиздемени кытай тарап дайындаганын билип турса да, чоң калпты бирөөлөр айттырып жатканы билинип калды. Ошону ачык айттык.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

ЖЭБ соту: мыйзам жана басым (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:37 0:00
Түз линк

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG