Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

ЖЭБ: сотко кызыгуу азайды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоо боюнча сот иши уланууда.

Кыргызстандагы акыркы күндөрдөгү жаңжал жана камоолор Бишкек Жылуулук электр борбору боюнча соттук жараянга кызыгууну басаңдаткандай.

22-майда Бишкектин Свердлов райондук сотунда өткөн соттук жараянга үч-төрт журналист катышып, мурдагыдай кызыгуу байкалган жок. Сот залы чакан болгондуктан айыпталуучулардын жакындарынын айрымдары гана киргизилип, жараянда видео жана сүрөт тартууга тыюу салынды. Соттун жүрүшүндө жабырлануучулар суракка алынды.

ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча иште жабырлануучу катары «Электр станциялары» ишканасы таанылган. Аталган ишкананын өкүлү Урматбек Камбаров прокурорлордун жана адвокаттардын суроолоруна жооп берди.

Камбаров "ЖЭБ боюнча долбоордун баасы ыксыз жогорулатып, мамлекетке зыян келди" деген тергөөнүн версиясына кошуларын билдирди. Бул жөнүндө мамлекеттик ишкана тергөөнүн материалдарынан соң гана билгенин айтып чыкты:

«​Биз бул тууралуу тергөөнүн корутундусунан билдик. Анда долбоор негизсиз көтөрүлгөн деп жазылган экен. Ошондо биздин компания жана мамлекет үчүн зыяндуу келишим болгонун түшүндүк».

Соттук жараяндын жүрүшүндө «Электр станциялары» ишканасынын өкүлүнө темир тор артында отурган мурдагы жетекчилер менен алардын адвокаттары үстүккө-босток суроо берип, шаштысын кетирди.

Урматбек Камбаров айыпталуучулардын көпчүлүк суроолоруна жооп бере албай, айрым учурда адашып жатты. Ишке катышкан прокурорлор жабырлануучунун таламын кез-кез колдоп жатышты.

Учурда тергөө "Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербеген келишим" деп сыпаттап жаткан келишим боюнча жаңжалды ишкана өз жыйынында караган эмес. Бул маалыматты «Электр станциялары» ишканасынын өкүлү ырастады.

Дал ушул жагдайды айыпталуучулардын бири, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев эске салып, Кыргызстан үчүн зыяндуу келишим деп айтып жатканын билдирди. Ал эми «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы башчысы Айбек Калиевдин адвокаты "ЖЭБди жаңылоо боюнча долбоор өз максатына жеттиби?" деп суроо узатты. Бул суроого «Электр станциялары» ишканасынын өкүлү жооп бере алган жок.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов бул кырдаалды “ЖЭБ ишинин саясий мүнөздө болгонунун далили” катары сыпаттады.

Нурбек Токтакунов
Нурбек Токтакунов

«​Күн бою “Электр станциялары» ишканасынын өкүлүн сурап, бардык айыпталуучулар чыгымды кантип аныкташканын, анын маңызы эмнеде дегенди билгенге аракет кылышты. Акционердик коомдун өкүлү болжол менен 30 жолу “аны тергөө аныктаган, аны менен макулбуз” деп айтты. Мындай учурда мен "Эмне себептен өлкө үчүн пайдасыз келишимди колдогон парламенттин комитеттеринин төрагаларына каршы УКМКга арыз берген жоксуңар?" деп сурадым. Жабырлануучу тарап тергөө аларды күнөөлөгөн жок деп айтты».

Анткен менен мамлекеттик айыптоо менен жабырлануучулар мурдагы жетекчилер пайдасыз келишим түзгөн деген позицияда турат.

Ошол эле кезде акыркы соттук жараянда буга чейин белгисиз болгон айрым жагдайлар ачыкка чыкты.

Маселен, «Электр станциялары» ишканасынын өкүлү Урматбек Камбаров кытайлык ТВЕА компаниясына каршы милдеттенмелерди аткарбаганы жөнүндө доомат каты жөнөтүлгөнүн билдирди. Бирок ал тууралуу толук маалыматты сотко керек болсо айтарын кошумчалады. Бул иш боюнча соттук жараян 23-майда уланмай болду.

Байтемир Ибраев
Байтемир Ибраев

Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев ЖЭБдин айланасындагы жаңжал жалпы өлкө үчүн маанилүү экенин белгилеп, тагылган күнөө менен анын далилдениши көп нерсеге таасирин тийгизерин айтууда.

«Биздин өлкөнүн тарыхында эки ыңкылапка соттогу мыйзамсыз иштер себеп болду деп айтып келебиз. Ошондуктан бул жолку соттук иште мыйзамдын сакталышына өзгөчө маани берүү керек. Анткени бул ишке жалпы коомчулук көз салып турат. Эки тарап тең мыйзамды так сакташы керек».

2018-жылдын кышында Бишкек ЖЭБиндеги кырсык чоң чатакка айланган. Бишкек ЖЭБине байланыштуу беш кылмыш иши козголгон.

Алардын негизгиси катары ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча иштин алкагында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы министрлер Осмонбек Артыкбаев, Ольга Лаврова, «Улуттук энергохолдингдин» экс-жетекчиси Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана орун басары Жолдошбек Назаров, ЖЭБди модернизациялоо боюнча долбоордун жетекчиси Темирлан Бримкулов айыпталган. Булардын ичинен Ольга Лаврова гана үй камагында болсо, калгандары былтыркы жылдын июнь айынан бери УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG