Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

Кыргыз саясаты кызыган жыл


Узап бараткан жыл чуулгандуу саясий окуяларга бай болду.

2018-жыл чуулуу окуялар менен эсте калганын президент Сооронбай Жээнбеков да жылды жыйынтыктаган басма сөз жыйынында ырастап, "өтө саясатташкан жыл болду" деген баа берген. Саясатташкан жылдын "башкы каарманы" президент Жээнбеков өзү болуп, анын экс-президент Алмазбек Атамбаев менен тирешинин ачыкка чыгышы негизги окуялардын бири болуп калды.

Алгач Алмазбек Атамбаевдин колдоосу менен президенттикке шайланып, "анын жолунан чыкпайт" деп болжолдонгон Сооронбай Жээнбеков андай сценарий менен эки айга жетпеген убакыт иштеди. Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосундагы тиреш жылы бою уланып, саясий кырдаалга өз таасирин тийгизди. Бул тирешти жыл башындагы Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария күчөтүп, бул окуя жылдын чуулуу иштеринин сап башына чыкты.

Эки саясатчынын ортосундагы тирештен мурун жыйырмага жакын аткаминердин камалышын шарттап, мурунку бийликтин тушундагы ири долбоорлор боюнча шектенүүнү күчөткөн Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктын чоо-жайына токтоло кетели.

ЖЭБ: Кризистин жаралышы

2018-жылдын алгачкы күндөрүндө, тагыраагы 26-январь күнү кечинде Бишкек ЖЭБиндеги эски агрегаттарга суу бөлүп берүүгө керектүү айрым жабдуулар иштен чыкканы кабарланды. Алгач ошол кездеги Сапар Исаковдун өкмөтү буга маани бербей, авария анча деле олуттуу эмес экенин, жакын арада баш калаадагы көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берилерин билдирип жатты.

Жада калса ал кездеги “Улуттук энергохолдингдин” башкы директору Айбек Калиев Бишкекте жылуулук берүү үзгүлтүккө учурабай тургандыгын бир канча жолу айтып чыкты:

Айбек Калиев.
Айбек Калиев.

- Учурда Бишкек ЖЭБи 217 МВт кубаттуулукта иштеп жатат. Анын ичинде 145 МВты жаңы ишке киргизилген агрегаттар иштеп чыгат. Эскиси 50-60 МВттын тегерегинде болууда. Суу жетишпей калгандыктын үч-төрт буу казан катар-катары менен иштен чыкканы байкалды. Анын айынан кубаттуулук 20 МВтка чейин түшүп кеткен. Жаңы Жылуулук электр борборунун артыкчылыгы – автономдуу түрдө иштейт. Өзүнчө эки блок бөлүнүп тургандыктан ал өзүнүн кубаттуулугун толук сактап калганга мүмкүн болду. Ошондуктан Бишкекте электр энергиясына чектөө киргизбей, толук камсыз кылып жатабыз.

Өкмөт өкүлдөрүнүн минтип жооткотконуна карабай ЖЭБдеги авария беш күнгө созулуп, Бишкектин бир топ бөлүгүндө жылуулук берүү үзгүлтүккө учурады. Ал күндөрү үй жылыткан батареядагы суунун температурасы 84 градустан 40-50 градуска чейин төмөндөп кеткен учурлар катталды.

“Кытайдан алынган 386 миллион доллар насыяга толугу менен жаңыланды” деп бийлик дембе-дем "сүйүнчүлөгөн" Бишкек ЖЭБинде минтип бир кыш өтпөй авария болгону көптөгөн суроолорду жаратты.

ЖЭБ: 600 долларлык аттиштердин икаясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:34 0:00

Натыйжада кырсыктын өзүн иликтеш үчүн ошол мезгилдеги биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев баштаган өкмөттүк, ЖЭБдеги кырсык менен кошо аны жаңылоонун жүрүшүн иликтеш үчүн Жогорку Кеңеште Улан Примов жетектеген депутаттык комиссия түзүлдү.

Өкмөттүк комиссия ЖЭБдин аварияга жооптуу кызматкерлерин атап тим болсо, парламенттик комиссиянын иликтөөсү 386 миллион доллар насыянын айланасындагы “Чубактын кунундай чубалган” териштирүүлөргө, кийинчерээк коррупцияга байланыштуу шек саналган ири мамлекеттик ишмерлердин камалышына жол ачты.

Өкмөттүн кызматтан кетиши

Бул кырсык саясий кырдаалды өзгөртүп, акыры экс-президент Алмазбек Атамбаевдин көздөй кадры болгон Сапар Исаковдун өкмөтүн кызматтан кетирди. Ошентип, 19-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөттү эгемен Кыргызстандын тарыхында алгач ирет ишеним көрсөтпөө аркылуу кызматтан кетирди.

Анда негизинен Бишкек ЖЭБиндеги кырсык, "Акылдуу шаар" долбоорунун ишке ашпай калышы, ГЭС куруунун айланасындагы чыр, коррупция, экономикалык кылмыштарга каршы күрөштүн чабал жүрүп жатканы жүйө келтирилди.

Өкмөттүн кетишине президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Сапар Исаковдун ортосундагы кадр саясатына байланыштуу пикир келишпестик да таасир эткени тууралуу сөз болду. Муну өздөрү түзгөн өкмөттү кетирүүгө макул болгон бийликчил КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов минтип түшүндүргөн:

Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

- Тирешүүнүн артында кыргыз эли, анын жашоо-турмушу, мамлекеттин туруктуулугу турат. Мындай кырдаалда бири-бири менен тирешкени ар бир жарандын көйгөйлүү маселеси. Биз, парламент - президент менен өкмөттүн ортосунда туруп, өз позициябызды билдирбесек, элдин алдында туура эмес болот. Бул жерде бир адамдын кызыкчылыгы болбошу керек. Бири кызматтан бошотсо, экинчиси өчөшкөнсүп кызматка коюп турса - бул, ачык айтканда, чакырык. Анда эртең эмне болот? Мен тирешүү саясатына каршымын. Ошондуктан колдодум.

Ага чейин премьер Исаков президент Жээнбеков УКМКнын төрагасынын орун басарлыгынан бошоткон, экс-президент Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Болот Сүйүмбаевди Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) төрагалыгына дайындаган эле.

Парламенттин ишениминен ажырап калганы үчүн экс-премьер деген статустан куру калган Сапар Исаков Жогорку Кеңештин чечимине жооп берип жатып ызасын жашырган жок:

Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

- Депутаттар тарабынан кандайдыр таптакыр принципсиздик болду. Ар бир адамда, саясатчыда принцип болушу керек. Эгер саясатчы же партия бир позицияны айтса, аягына чейин ошону карманышы керек. Эмне үчүн чукул эле мындай болуп кеткени мага абдан түшүнүксүз болуп калды. Балким катуу айтып аткандырмын, бирок сыягы биздин парламент – Жогорку Кеңеш саясий өлүккө айланып баратат окшойт.

Сапар Исаков депутаттарга берген мындай "баасы" үчүн Бишкек ЖЭБи боюнча парламенттик комиссиянын корутундусун кароого келгенде өз жообун алды.

ЖЭБ чырын депутаттык комиссия үч ай иликтеп, жыйынтыгын май айында жарыялады. Депутаттык комиссиянын парламенттин колдоосун алган корутундусунда “Бишкек ЖЭБи боюнча Кытайдан 386 миллион долларлык насыя алууда Кыргызстандын кызыкчылыгы толугу менен корголгон эмес” деп көрсөтүлгөн. Ошондой эле Башкы прокуратурага келишимди даярдаган, иштеп чыккан жана мамлекеттик кабыл алууга катышкан кызматкерлердин иш-аракетине укуктук баа берүү сунушталган. Парламент көрсөткөн тизмеде мурдагы премьерлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев баштаган бир нече адамдын аты аталган.

Депкомиссия жыйынтыгын чыгарганга чейин эле ЖЭБдеги кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, алгачкы адамдар камакка алына баштады. Алсак, алгач болуп "Электр станциялары" ишканасынын директору Узак Кыдырбаев, анын орун басары Бердибек Боркеев, “Улуттук энергохолдингдин” башчысы Айбек Калиев камакка алынды. Анын артынан июнь айында мурдагы премьерлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, экс-энергетика министри, учурдагы депутат Осмонбек Артыкбаев кармалып, азыркы күнгө чейин УКМКнын тергөө абагында камакта отурушат.

Куугунтукпу же жазабы?

Жалпысынан ЖЭБ боюнча 15тен ашык мурдагы аткаминер абакта кармалып турат. Учурда бул боюнча жаңыдан соттук териштирүүлөр башталып жатат. Байкоочулар бул окуя Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү тууралуу чакырыгына үндөш келип, бүгүн саясий атаандашына айланган кечээки өнөгү Атамбаевдин командасынын үстүнөн упай топтоого жол ачканын белгилешет.

Бирок Сапар Исаков баш болгон мурдагы президенттин командасы “ЖЭБдеги кырсыкты шылтоо кылып, учурдагы бийлик атаандаштарын куугунтуктоого өттү” деп билдирүүдө. Акыркы жолу тергөө абагындагы кезектеги бөгөт чарасын кароо учурунда Сапар Исаков анын ишин “президент Жээнбеков жеке өзү көзөмөлгө алып жатат” деп сындап чыкты:

- Мен бул процесстердин артында президенттин аппараты турганын жана ал сиздин дем алганыңызды, ар бир сөзүңүздү көзөмөлдөп турганын айткым келет. Урматтуу сот, сиз муну жакшы билесиз. Бул жерде органдардын өкүлдөрү отурушат. Ошондуктан мунун артында менин процессимди жеке көзөмөлүнө алган Сооронбай Жээнбеков турганын айтып кетем. Муну ага айтып коюңуздар, өз өлкөм үчүн ак иштегенимди ал өзү да эң сонун билет, - деген ал сотко кайрылып.

Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет дароо жооп кайтарып, Исаковдун мыйзамсыз иштери сотко чейин эле далилдене баштаганын билдирди.

- Башка долбоорлордо да мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаганы боюнча далилдер бар. Бул фактылар териштирилип жатат. Тергөөнүн жүрүшүндө материалдар Башкы прокуратурага, андан ары сотко жөнөтүлөт, - деди УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов.

Эксперттер Бишкек ЖЭБинин айланасындагы акыркы жылдагы кырдаал өлкөдөгү бир катар кемчиликтерди ашкерелегенин айтып жатышат. Мындай пикирди колдогондордун бири - эксперт Алмазбек Акматалиев.

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

- ЖЭБдин окуясы "чыга турган көз эле, чыгып кетти өзү эле" дегендей эле окуя болду, - дейт ал. - Себеби, бул окуядан соң Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосундагы тиреш ачыкка чыгып, коррупциялык аракеттер ашкереленди. Балким, бул окуя болбосо башка деле окуя чыкмак. Бирок кырсык өлкөдөгү акыркы жылдардагы окуялардын катализатору болгону анык.

Ал эми Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмил Жороев бул окуядан сабак алчу бир нече жагдай бар экени белгилейт:

- Ири долбоорлордо, реконструкциялык же инфраструктуралык долбоорлордо толгон-токой суроо бар экенин ушул окуя көрсөттү. Тиешелүү органдар, тиешелүү министрликтер өз жумушун чала алып барарын далилдеди. Ошол эле учурда Кыргызстанда экономикалык же башка тармак болобу, маселелерге саясат аралашып кетиши оңой экенин көрсөттү.

Атамбаев-Жээнбеков тиреши

Бишкек ЖЭБиндеги окуя менен байланышта жана катарлаш жүргөн окуялардын бири - экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы тирештин ачыкка чыгышы болду.

Жээнбековдун Атамбаевдин командасына айткан алгачкы каяшасы быйыл 8-февралдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында байкалса, 31-марттагы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) Алмазбек Атамбаевди партия лидерлигине алып келген курултайынан соң бир командадагы эки лидердин ортосундагы ажырым даана көрүнө баштады.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында Жээнбеков мурдагы бийликтин учурундагы коррупцияга каршы күрөшкө ичи чыкпай турганын ачык айткан. Ал эми Атамбаев КСДПнын курултайынан кийинки басма сөз жыйынында Жээнбековдун акыркы билдирүүсүн сынга алган эле.

Ошондон кийин эки президенттин арасындагы пикир келишпестик ырбап отуруп, бир ай өтпөй Сооронбай Жээнбековдун айланасындагы дээрлик бардык "атамбаевчил" кадрлар алмашты. Алгач президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов, андан соң УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев, башкы прокурор Индира Жолдубаева кызматтан кетти. 19-апрелде Алмазбек Атамбаевдин көздөй кадры Сапар Исаков жетектеген өкмөт парламент ишеним көрсөтпөгөндүктөн кызматын тапшырды. Эксперттер дал ушул кадрдык жүрүштөрдөн соң президент Сооронбай Жээнбеков өз бийлигин толук жүргүзүүгө жана программасын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алганын белгилешет.

Мындай чыңалган абалда мурдагы эки саясий өнөктөш бир нече ай бою ачык кайым айтышка өткөн жок. Бул "жымжырттыкты" Алмазбек Атамбаев 19-ноябрдагы өзүнө таандык "Апрель" каналындагы маеги менен бузду. Анда Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековду “эски бийликтин жолоюна түшүп, үй-бүлөлүк башкарууга жол берип жатат” деп ачык сындады.

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

- Мен Жээнбеков менен 24 жыл дос болдум. Ал өзү деле менин жардамым менен 2000-жылы вице-спикер болгонун айтып жүрөт, - деди экс-президент. - 2007-жылы менин өкмөтүмдө министр болгон, анын өтүнүчү менен иниси Асылбек Жээнбековду партияга киргизип, депутат кылгам. Шайлоо алдында 3% рейтинги бар Сооронбай Жээнбековду президенттикке чейин жеткиргем.

Экс-президенттин мындай сынына Сооронбай Жээнбеков жылды жыйынтыктаган басма сөз жыйынында жооп кайтарды:

- Мени “сатып кетти” дешип, саткын атка кондурушту. Мен “бир топтун, бир адамдын кызыкчылыгын коргойм” деп убада берген эмесмин. Жалпы элдин, Кыргызстандын кызыкчылыгын саткандан Кудай сактасын. Азыр эми "Бабановго иш туура эмес козголгон, аны жаап коюш керек" деп айтып жатышпайбы. Биз укуктук мамлекетте жашайбыз. Башкы прокуратура, ИИМ ишти ачып, кайра жаба берсе, анда биз эмне болобуз? Анда бандиттик мамлекет болбойбузбу. Бизде мыйзам, система иштеши керек.

Саясий тиреш: утуш кимде?

Мурдагы-кийинки президенттердин ортосундагы тиреш бир нече окуялар менен коштолду. Анын таасири учурда Алмазбек Атамбаев жетекчилик кылган Кыргызстан Социал-демократиялык партиясына (КСДП) тийип, бийликчил партиянын ичиндеги ажырымга себеп болду.

Тагыраагы, аталган партиянын парламенттеги фракциясы Атамбаевдин көзөмөлүнөн чыкты. Муну 20 жылга жакын партиянын белдүү мүчөсү болуп келген Иса Өмүркуловдун партия жетекчилиги менен чатагы ачык көрсөттү.

Ошол эле кезде "Атамбаевсиз КСДП" деген кыймыл күч алып, экс-президентти партия жетекчилигинен алып түшүүнү максат кылууда. Атамбаевдин тарапкерлери “бул кыймылдын артында азыркы бийликтин шыкагы турат” дешсе, Жээнбековдун аппараты муну четке кагып келет.

Эмнеси болсо да мурдагы өнөктөштөн саясий каршылашка айланган эки саясатчынын ортосундагы тиреш уланып жатат. Бүгүнкү күндө Атамбаевди азыркы президентке каршы негизги оппозиция катары кабыл алгандар да бар.

Саясатчы Эдил Байсалов президент Жээнбековдун өз алдынча саясат жүргүзүүгө бет алганын узап бара жаткан жылдын эң башкы окуясы деп эсептейт.

- Бул жерде эл, демократия жеңди деген ойдомун, - деди ал. - Себеби, айрым күчтөрдүн шайлоону жамынып, бийликти узурпациялоо аракети, “абсолюттук бийликти улантабыз” деген аракети оңунан чыккан жок. Ошондуктан бул жерде эл жеңди жана анын мааниси 2005-2010-жылдардагы окуялар менен барабар деп айтсак болот.

Бир катар эксперттер сөз болуп жаткан тирешүүдө азырынча учурдагы бийликтин мөрөйү үстөм болуп жатканын белгилешет. Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмил Жороев да ошондой пикирде. Бирок ал мындан аркы абал президенттин кадамдарынан көз каранды экенин эске салды:

Эмил Жороев.
Эмил Жороев.

- Көз көрүүнө натыйжасын алсак, жылдын аягында президент Жээнбековдун үстөмдүгү байкалгандай. Ал бийлигин бекемдеп алды. Ал эми Атамбаев болсо буга чейинки тарапташтарынан бөлүнүп, партиясы алсырап, өзүнө таандык телеканалдын суроолоруна жооп берүүгө гана мажбур болгондой. Бирок коомчулук үчүн, мамлекет үчүн “Ким жеңди?” деген суроо эмес, “Мунун таасири кандай болду?” деген суроо орундуу. Бул жагынан алып караганда, коомчулук үчүн саясий тирештин, бөлүнүп-жарылуунун таасири анча жакшы болбойт деген ойдомун.

2018-жылдагы чуулуу окуялардын катарында коррупцияга каршы күрөштүн алкагында жогорку кызматты ээлеген бир нече адамдын кармалышы болду. Алардын арасында Бишкектин мурдагы мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовго, мурдагы вице-премьер-министрлер Аскарбек Шадиев менен Дүйшөнбек Зилалиевге, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго козголгон кылмыш иштери коомчулуктун бүйүрүн кызытты.

Анын ичинен кылмыш иши козголгон соң чек арадан мыйзамсыз өтүп, качып кеткен Аскарбек Шадиевдин, банктык эсебинен миллиондогон сом табылган Дүйшөнбек Зилалиевдин, Орусиядан кармалып, Кыргызстанда камакка алынган Икрамжан Илмияновдун окуялары өзгөчө кызуу талкууга түштү.

Саясат илимдеринин кандидаты Орозбек Молдалиевдин айтымында, коррупцияга байланыштуу жыл ичиндеги окуялар бийликтин бул багытта аракети бар экенин көрсөтсө да, абалдын өзгөргөнү жөнүндө айтуу кыйын.

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

- Бул бизде коррупция чырмалышып, клептократиялык мамлекетке айланып бара жатканыбызды көрсөттү, - деди ал. - Коррупциясы жок дегеле бир соо министрлик жок экен. Жемкордук күчөп, жетекчилердин баары коррупциялашканда мамлекет клептократияга айланып калат. Бул терең ойлонто турган маселе. Четинен камап атса деле, жегенден тартынбаган учурга келип калыптырбыз.

Текебаевди бошотуу аракети

Жыл узап жаткан учурда коомчулуктун талкуусун жараткан негизги окуя "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге ырайым берүү боюнча аракеттер болду. “Орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 миллион доллар алган” деген күнөө менен сегиз жылга кесилген Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан.

Бирок Текебаевге каршы арыз жазган Маевскийдин Орусияда камакка алынышы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Текебаевдин айыптуу экени далилденсе да, аны каматканына өкүнөрүн айтканы "Ата Мекендин" лидеринин ишин кайра кароо талабын жандантты.

19-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков басма сөз жыйынында Текебаевди абактан бошотуу маселесине кийлигише албасын, бирок мыйзам боюнча ырайым берүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин билдирген. Өмүрбек Текебаев болсо ырайым сурабай турганын ачык айтты.

Бирок буга карабай экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен Жогорку Кеңештеги алты фракциянын лидерлери президентке кайрылуу жиберип, Текебаевге ырайым берүүгө чакырышууда. Алар “Мунапыстын жалпы принциптери жана ырайым берүү жөнүндө” мыйзамдын беренесине таянып, мамлекет башчысы соттолуучу өзү кайрылбаса да, эмгектери же башка жөндүү себептери болсо ырайым бере ала турганын белгилешүүдө.

Азырынча Жээнбеков бул кайрылууга жооп бере элек. Антсе да абактагы саясатчынын 60 жылдыгы менен Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу куттуктаганы тууралуу маалымат тараганы байкоочуларды көп ойго салып койду. Бирок алар президент Текебаевге карата кандай чечим кабыл алса да өлкөдөгү саясатка таасири болорун айтып жатышат.

Жалпысынан 2019-жылы Кыргызстандын саясаты кызуу болорун болжолдошот. Анткени 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоого камылга күчөп, кирип келаткан жыл саясий жүрүштөрдүн жана соодалашуунун жылына айланышы мүмкүн.

Анын үстүнө өлкөдө конституциялык реформаны ишке ашыруу боюнча талаптар айтылып жатат. Президент Жээнбеков “2020-жылга чейин Баш мыйзамды өзгөртүүгө муктаждык жок” деген пикирин билдирсе да, бир жылдан кийинки парламенттик шайлоого камынып жаткан бир катар саясий күчтөрдүн бул боюнча өз талаптары бар экени белгилүү.

2018: Саясат кайнаган жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:49:58 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG