Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

Токтакунов: Сапар Исаковго коюлган айыптын далилдери жок


Бишкек Жылуулук электр борбору.
Бишкек Жылуулук электр борбору.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодо коррупция үчүн айыпталып жаткан экс-премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты ага коюлган айыптар негизсиз деп эсептейт. Буга байланыштуу адвокат 10-апрелдеги соттук отурумда «өкмөт, президенттик аппарат кошумча документтерди берсин» деген өтүнүч менен сотко кайрылды. Сот адвокаттын өтүнүчүн канааттандырды. Бул тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов 10-апрелде соттук тыныгуу учурунда журналисттерге билдирди:

- Бир эле Лавровага 305-берене («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен айып коюлуп жатат. Калгандарынын баарына 303-берене - «Коррупция» боюнча айып коюлду. Сапар Исаков «ошонун баарын үстүнөн туруп уюштурган» деп айыпталып жатат. Бирок эч кандай далил жок. Ошондуктан биз «өкмөт менен президенттик аппарат буга далил болуп бер ала турган документтерди берсин» деген талап койдук.

Бүгүн Бишкектин Свердлов райондук сотунда баш калаанын Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча козголгон негизги кылмыш ишине байланыштуу сот жараяны өтүп жатат. Анда айыпталуучулардын айыбы угузулууда. Түшкө чейинки отурумда мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаковдун айыбы угузулду.

Сот залына видеокамералар киргизилген жок, журналисттер киргизилди. Соттолуучулардын тарапкерлеринин көбү да сыртта калышты. Сот өкүлдөрү муну жыйындар залынын тардыгы менен түшүндүрүүдө.

Тергөө ЖЭБди жаңылаш үчүн Кытайдан алынган 386 миллион долларды колдонууда коррупцияга жол берилген деп эсептейт. Бул иштин алкагында айып коюлгандардын арасында мурдагы аткаминерлердин жоон тобу: мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков, экс-министрлер Осмонбек Артыбаев жана Ольга Лаврова, «Улуттук энергохолдингдин» мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов бар. (SE/ZKo)

XS
SM
MD
LG