Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Жарандык коом УКМКга нааразы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бир нече укук коргоо уюмдары жана ондогон жарандык активисттер Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин (УКМК) реформалоо боюнча кол топтошууда.

УКМКны реформалоонун башкы принциптери кандай болушу керек? Глобалдашкан заманда атайын кызматка кандай негизги милдеттер жүктөлүшү керек?

«Арай көз чарай» талкуусуна УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал Артур Медетбеков, укук коргоочу Рита Карасартова жана саясий илимдеринин кандидаты Орозбек Молдалиев катышты.

«Азаттык»: - Рита айым, УКМКны реформалоо боюнча демилге көтөргөндөрдүн бирисиз. Сиздерди колдогон уюмдардын негизги максаты кандай? Сиздин баамыңызда, атайын кызматты реформалоонун негизги принциптери кандай болушу керек?

Рита Карасартова: - Биз Кыргызстан эгемендик алгандан берки 29 жыл ичиндеги УКМКнын ишин талдап көрдүк. Ошондон бери бул мамлекеттик органдын укуктары азайбаптыр, тескерисинче жылдан-жылга көбөйүп келген.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

Бизде мындай бир көрүнүш бар: оппозицияда жүргөн саясатчылар «эгер мен бийликке келип калсам, атайын кызматты реформалайм, өзгөртөм» деп көп убада берет. Тилекке каршы, алар бийликке келип президент болуп алгандан кийин, реформа жасамак тургай УКМКнын укугун кеңейтип, күчтөндүрүүгө аракет кылат.

Акыркы эле мисал: Алмазбек Атамбаевдин убагында Конституцияга туура келбесе да УКМКга караштуу эки чоң кеңсе түзүштү. Коррупцияга каршы күрөш кызматы түзүп, кызмат адамдарынын тергөө укугун да прокуратурадан алып коюшту.

Ушуну менен УКМКга керек болсо совет заманында берилбеген эбегейсиз бийликти берип коюшкан. Ошондон улам УКМК өзүнүн түздөн-түз милдети болгон чалгындоо, контрчалгындоо, экстремизм менен терроризмдин алдын алуу, аны менен күрөшүү менен алектенбей эле «коррупция менен күрөшүп жатабыз» деп оппозициялык күчтөрдү коркутуунун куралы болуп калгандай сезилет.

Жакында УКМКнын бир кызматкеринин 350 миң сомду өндүрүп алууга шектүү катары кармалганы - мен айткан сөздүн далили.

«Азаттык»: - Артур мырза, коомдук уюмдар, жарандык активисттер мамлекеттин атайын кызматынын реформасын президенттен талап кылып жатышы канчалык жөндүү? Анткени бул мамлекеттик органдын өзгөчөлүктөрү көп эмеспи...

Артур Медетбеков: - Биринчиден, Кыргызстан – демократиялык өлкө экенин эске алуу керек. Жарандык коом ошол баалуулуктарды өнүктүргөнгө салым кошуп жатат.

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

Реформа УКМКда гана эмес, бардык укук коргоо органдарында да болушуна толук кошулам. Бирок, акыркы убакта укук коргоо уюмдары эмнегедир УКМКга эле басым жасап, анын ичинде Коррупцияга каршы күрөш кызматына катуу сын айтып жатышат.

Бул маселени эки тараптуу караш керек. Биринчиден, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда атайын кызматты пайдаланып, тайраңдап, көп мыйзам бузулганы чын.

Экинчиден, ошол эле кызмат коррупциялык көп иштердин бетин ачты, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартты, кээ бири сыртка качып кетти. Ошол эле учурда ИИМде, Финансы полициясында жана башка органдардагы кызматтар мындай натыйжа бере алышкан жок. Тилекке каршы, мурдагы президенттер УКМКны өзүнүн, үй-бүлөсүнүн же партиясынын кызыкчылыктарына пайдаланып, оппозиция өкүлдөрүн жазалоочу куралга айланткан учурлар болгону да чын. Ошонун негизинде коомчулукта «Атайын кызматка Коррупцияга каршы күрөш кызматтын, тергөө кызматынын кереги барбы же жокпу?» деген суроолордун жаралып жатышы жүйөлүү десек болот.

«Азаттык»: - Орозбек агай, жарандык коом өкүлдөрү УКМКдан тергөөнү жана Коррупцияга каршы күрөш кызматын алып салууну талап кылышууда. Ал канчалык реалдуу, канчалык бүгүнкү күндүн талабына жооп берет?

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

Орозбек Молдалиев: - Албетте, биздин укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн баары реформага муктаж. Бирок УКМКдан тергөөнү жана Коррупцияга каршы күрөш кызматын алып салууну реформа деп айтууга болбойт, тескерисине «кайра уюштуруу» десек туура болчудай.

УКМКнын ичиндеги түзүмдөрдү жоюу же кошуу менен абал өзгөрбөйт. Анткени атайын кызматтын тергөөсүнүн, ыкчам иликтөөсүнүн жана башка иштеринин өзүнүн өзгөчөлүктөрү көп. Мындан сырткары «мамлекеттик сыр», «кызматтык сыр» деген түшүнүктөр бар. Ошонун айынан көп кыйынчылыктар жаралат. Мисалы, Казакстанда Тергөө комитети деп башында бөлүп алып кийин маселе жаралганда тергөөнү кайра Улуттук коопсуздук кызматына беришти.

Биз эске ала турган жагдай - убагында жогорку кызматтагы адамдарды башка органдар кармай албай, камай албай, тергей албай калганда Коррупцияга каршы күрөш кызматы түзүлгөнүн унутпашыбыз керек.

Эгер ал милдетти кайра башка органдарга бергенде алардын да «кожоюндары» көп болот. Башка маселе - көп демократиялык мамлекеттерде болуп келаткандай коопсуздук органына парламенттин көзөмөлүн күчөтүү зарылчылыгы бар. Анткени биздин парламент өкүлчүлүктүү орган, аларды эл шайлаган. Андан кийин жарандык коомдун көзөмөлү да зарыл.

(Талкууну толугу менен ушул жерден угуңуз)

Жарандык коомдун бүйүрүн кызыткан УКМК
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:51 0:00
Түз линк

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG