Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:06

Атайын кызматты көзөмөлдөө аракети


Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаттары УКМКнын ишин көзөмөлдөй турган атайын парламенттик комитет түзүү демилгесин коомдук талкууга койду.

Бул аракеттер Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) реформалоо максатын көздөйбү же депутаттардын кыңыр иштерин жашырыш үчүн керекпи? Өлкөнүн коопсуздугун сактоодо жана коррупция менен күрөшүүдө атайын кызматты реформалаш үчүн эмне кылуу керек? Кызматтын коомдогу орду, ролу кандай болушу керек?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев жана УКМКнын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары, генерал-лейтенант Токон Мамытов катышты.

“Азаттык”: Исхак мырза, сиз Жогорку Кеңеште УКМКнын ишин көзөмөлдөй турган комитет түзүү боюнча демилге көтөрүп жатасыз. Бул канчалык зарыл эле? Маселе чечилип калса ал комитет кандай функцияларды аткарат?

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Исхак Масалиев: Конституцияга, башка мыйзамдарга ылайык Жогорку Кеңештин кабыл алынган мыйзам актыларынын аткарылышын көзөмөлдөө милдети бар. Азыр Жогорку Кеңештеги тогуз комитеттин эки комитетинде коопсуздук маселелери тескелет, каралып турат. Биз ошол эки комитетке караган функцияларды бир комитетке бириктирели деп демилге көтөрүп жатабыз.

Биздин оюбузча, ар бир фракциядан бирден өкүл кирген, Жогорку Кеңештеги катардагы эле чакан комитет болот. Акыркы жылдары "коопсуздук кызматы өзүнүн түздөн-түз милдетинен алыстап, саясат, экономикалык кылмыштар менен көбүрөөк алектенип калып жатат" деген коомчулукта пикирлер арбын. УКМКга айрым бир керексиз кызматтар кирип кеткен, аларды да мыйзамдар аркылуу карашыбыз керек.

“Азаттык”: Токон мырза, Жогорку Кеңеште укук коргоо, коопсуздук органдарын тескей турган тиешелүү комитет бар. Анын укуктук ченемдери жетишсиз деп ойлойсузбу?

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

Токон Мамытов: Жогорку Кеңештеги коопсуздук жана укук коргоо органдарын тейлеген комитеттин ыйгарым укуктары жетиштүү. Тиешелүү органдардан сурап, маселелерди карап чечкенге кудурети бар, ал комитетти убагында парламентте өзүм жетектегем. Мен да жаңы комитет түзүү жөнүндө укканда башкача түшүнгөм.

Эгер Исхак Апсаматович азыр айткандай эки комитеттен чакан бир комитетти бириктирип түзсө бир жөн, ага каршылык жок. Болбосо Жогорку Кеңеште өзүнчө түзүм уюшулуп, УКМКнын үстүнөн карай турган “көзөмөлдөөчү орган болобуз” дешсе - анда туура эмес.

“Азаттык”: Исхак мырза, Конституция боюнча УКМК өзү өкмөттүн курамында, төрагасы өкмөт мүчөсү, Жогорку Кеңеште отчеттуулугу бар. Бирок түздөн-түз президент дайындагандыктан УКМК башка бийлик бутактарын уга бербегендей элес калтырат. Мындай шартта Жогорку Кеңештин тааасири канчалык натыйжалуу боло деп ойлойсуз?

Исхак Масалиев: Дагы кошумча айтайын, Жогорку Кеңештин коопсуздук маселелери жана эл аралык байланыштар комитеттеринде УКМКнын иш каралат. Азыр дүйнөдө терроризм, сепаратизм маселелери курч болуп турат. Ушул жана башка маселелерди кароону бир комитетке милдеттендирсек деп жатабыз. Ошондо караганга, көзөмөл кылганга да оңой, натыйжалуу болот. Азыр аталган эки комитеттин ишине 30 киши катышат, алардын баары жашыруун маалыматка кирүүгө, алууга укугу бар.

Эгер биздин сунуш өтсө алты эле киши катышат, ошолор эле карайт. Бул биздин сунуш, коомчулуктун талкуусуна алып чыктык. Биз УКМКнын жетекчилери менен, башка тийиштүү эксперттер менен да акылдашабыз. Жаңы түзүлө турган комитет деле мыйзамда каралган укуктарынын чегинде гана иш алып барат.

Эгер комитет түзүлүп калса, ал УКМКны реформалоо боюнча мыйзамдарды кабыл алууга, өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жардам берет. Менин жеке пикиримде азыр УКМКда айрым ашыкча функциялары бар. Кээде атайын кызмат чарбалык жумуштарга, саясатка деле туура эмес кийлигишип жаткан учурлар болуп жатпайбы. Андайларды коопсуздук кызматынан четтетишибиз керек. Керек болсо миллиард акча беришибиз керек. Атайын кызмат болгондон кийин алардын милдети контрчалгындоо, терроризм ж.б. коркунучтар бар, алар менен күрөшсүн, биз шарт түзүп берип, жардам берели. Болбосо, “мен КГБдан болом” деп ишкерлерге, ж.б. жерлерге күбөлүгүн көтөрө чалып канча кызматкер жүрөт? Биз алардын деңгээлин көтөрүшүбүз керек. Атайын кызматтын кишилерин эч ким билбеши керек.

“Азаттык”: Токон мырза, Совет заманында деле, акыркы 27 жылда деле "коопсуздук кызматы түздөн-түз өз милдетин аткарбай, ар бир бийликтин, президенттин саясий атаандаштарын жазалай турган куралга айланды" деген катуу сындар бар. Эмне үчүн УКМКга реформа болбойт, эмне үчүн ал жабык гана орган болуш керек?

Токон Мамытов: Мен атайын кызматты реформалайлы дегенде дайыма чоочулап турам. Азыр дүйнө жүзүнүн кайсы мамлекетин албаңыз - ошол эле Америка, Германия, Кытай, Орусия, Түркия болобу, коммунизм куруп жатабы, демократия куруп жаткан өлкөбү - улуттук коопсуздук кызматынын системасы баары эгиз баладай окшош, ички түзүмдөрү да бирдей.

СССР кезинде өлкө жетекчиси Брежнев КГБнын башчысы Андроповго “экономикалык кылмыштар менен күрөшүүнү алгыла” дегенде “биздин милдет, органдын табияты башка” деп макул болбой койгон. Кийинки жылдары УКМКга экономикалык кылмыштар менен күрөшүүнү кошуп коюшуп, бир аз өз милдетинен четтеп кеткенин азыркы жетекчилер деле жакшы түшүнүшөт.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Атайын кызматты көзөмөлдөө аракети
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:13 0:00
Түз линк

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG