Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:38

ТВЕА компаниясы Тажикстанда алтын иштетет


Кытайдын ТВЕА компаниясы Согди облусунда иштете турган Жогорку Кумарг жана Чыгыш Дуоба кендеринде 64 тонна алтын бар. Бул тууралуу Тажикстандын өнөр жай жана жаңы технологиялар министри Бахтиёр Шарифи парламент жыйынында билдирди.

- Союз маалында алгачкы геологиялык чалгындоонун жыйынтыгында бул кендердеги алтындын кору 51,7 тонна деп бааланган. Акыркы жети жылдан бери кенди иштетип келген ишканалар алтындын запасы 64 тонна экенин аныкташты. Алдыдагы чалгындала элек аймактарды эске алганда, алтындын жалпы кору 100 тоннага жетиши мүмкү, - деди министр.

Анын айтымында, ТВЕА жыл соңуна чейин кенди иштетип, жылына эки жарым тоннага чейин алтын алууга ниеттенүүдө.

2016-жылы ТВЕА компаниясы Дүйшөмбү шаарындагы 400 МВт кубаттуулуктагы Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) куруп бүткөргөн. Ага жалпысынан 349 миллион доллар жумшалган. Бул каражаттын 331,5 миллионун Кытайдын "Эксимбанкы" насыя катары берген. Ортодо түзүлгөн келишимге ылайык, ТВЕА ЖЭБдин курулушуна жумшалган каражаттын ордун толтурганга чейин Чыгыш Дуоба жана Жогорку Кумарг алтын кендерин иштетүү укугуна ээ болгон.

Булар кытай инвесторлоруна берилген Тажикстандагы жалгыз алтын кени эмес. Өлкөдөгү алтындын 80% ашыгын кытай-тажик биргелешкен компаниялары иштетет.

ТВЕА компаниясы Кыргызстанда Жылуулук электр борборун жаңылоо курулушун жүргүзгөн. 2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек шаары бир жума бою жылуулуксуз калган. Бул окуядан кийин ишкананы модернизациялоого Кытай бөлгөн 386 миллион доллар насыянын максаттуу пайдаланылышы суроо жаратып, төрт кылмыш иши козголгон. Кыргызстан насыяны Кытайдын «Эксимбанкынан» үстүнө 106 миллион доллар кошуп төлөө шарты менен алган. Териштирүүдөн соң Бишкек ЖЭБин оңдоп-түздөөдө коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Буга байланыштуу мурдагы эки өкмөт башчысы - Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков баш болгон мурдагы сегиз аткаминер сот жообуна тартылууда.

XS
SM
MD
LG