Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:52

ЖЭБ иши: шектүүлөр көрсөтмө берип бүттү


Темирлан Бримкулов жана Жолдошбек Назаров.
Темирлан Бримкулов жана Жолдошбек Назаров.

Бишкектеги Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу коррупция боюнча кезектеги сот жараянында айыпталуучулардын экөө жактоочуларынын гана суроолоруна жооп берип, башка көрсөтмө берүүдөн баш тартышты.

Шек саналгандардын биринин адвокаты анын коргоосундагы адам сотто жетиштүү маалымат бергенин айтса, дагы бири көрсөтмө берүүдөн баш тартышын ден соолугуна байланыштырды.

13-ноябрдагы соттук отурумда бул иште шек саналып жаткандардын баары суралып бүттү. Акыркылардан болуп «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Жылуулук электр борборун модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы финансы министри Ольга Лаврова көрсөтмө берди.

Жолдошбек Назаров ошол кездеги Энергетика министрлигине ЖЭБди модернизациялоо боюнча техникалык-экономикалык негиздемеге сунуштарды беришкенин, бирок ага жооп болбогонун айтты. Анын сотто берген көрсөтмөсүнө ылайык, алар сунуштаган алымча-кошумчалар эске алынганда долбоорду үч-төрт жылга артка жылдырууга туура келмек.

Ал Жылуулук борборду модернизациялоодо эч ким басым-кысым кылбаганын билдирип, борборду оңдоо боюнча ошол учурдагы бийликтин жалпы маанайын мындайча айтып берди.

- Долбоорду ишке ашыруу демдүү жүргөн. Энергетикалык жактан көз карандысыз болуп, коңшу мамлекеттерге чөгөлөбөйбүз деген максат коюлган. Мен бул тармакта көптөн бери иштеп жүргөндүктөн сууга байланыштуу коңшу өлкөлөр менен болгон маселелерди да жакшы билчүмүн, - деди Жолдошбек Назаров.

Ал тиешелүү мамлекеттик органдардан колдоо болгону үчүн ЖЭБди оңдоо иштери башталганын кошумчалап, «Коррупция» беренеси менен коюлган айыпка макул эместигин айтты. Ошондой эле соттон анын бөгөт чарасын өзгөртүп, абактан бошотууну өтүндү. Судья бул сунушту ачык калтырды.

ЖЭБ боюнча айыпталуучулар. Жогорку катардагылар: Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев. Ылдыйкы катардагылар: Темирлан Бримкулов, Ольга Лаврова, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов.
ЖЭБ боюнча айыпталуучулар. Жогорку катардагылар: Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев. Ылдыйкы катардагылар: Темирлан Бримкулов, Ольга Лаврова, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов.

Назаров өзүнүн жактоочусунун суроолоруна жооп берип бүткөндөн кийин адвокаты Назаров башка көрсөтмө бербей турганын айтып чыкты. Жактоочу Жылдыз Тейишова муну төмөнкүдөй түшүндүрдү.

- Назаров ушуга чейин бардык суроолор боюнча көрсөтмө берди. Биз позициябызды так айттык. Адвокат катары менин коргоомдогу адам башка адвокаттардын, айыптоочу тарап менен судьянын суроолоруна жооп бербей турганын билдирем. Биз бардык суроолор боюнча так жана калыс маалымат бердик деп эсептейбиз.

Сотко төрагалык кылуучу Инара Гилязетдинова көрсөтмө берүүдөн баш тартуу шектүүнүн укугу экенин түшүндүрдү.

Бишкек ЖЭБи боюнча соттук отурум. 13-ноябрь, 2019-жыл.
Бишкек ЖЭБи боюнча соттук отурум. 13-ноябрь, 2019-жыл.

Назаровдон кийин суракка алынган Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов да жактоочусунун эле суроолоруна жооп берип, башка көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Ал муну ден соолугу начарлап баратканы менен түшүндүрдү.

Бримкулов мунун алдында адвокатынын суроолоруна жооп берип жатып, «Коррупция» боюнча коюлган айыпка макул эместигин жана андан башка да дооматтарга кошулбай турганын билдирди.

- «Жылуулук электр борборундагы курулуш иштери Кыргызстандын мыйзамдары менен жасалбай, жабдыктар тыкыр текшерилип өткөрүп алынган эмес» деген айыптар да коюлууда. Жылуулук борбордун курулушуна Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция көзөмөлдөп турган. Мыйзамга ылайык биз курулуш иштеринин баштоодон мурун Экотехинспекцияга модернизацияга көз салчу кызматкер бөлүп берүүнү суранып кат жазганбыз. Анын негизинде Ачилдеев аттуу кызматкер бөлүнүп, биз аны менен тыгыз иштешкенбиз.

Бул иште шек саналып жаткан мурдагы финансы министри Ольга Лаврова Жылуулук борборун модернизациялоо боюнча Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан («Эксимбанк») алынган насыянын шарттарына токтолду.

Ольга Лаврова.
Ольга Лаврова.

- Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоого алынган насыя буга чейин алынган насыялардын шарттарынан эч айырмаланбайт. Эки пайыздык үстөк пайыз, карызды 20 жылдын ичинде төлөп берүү шарты жана насыяны төлөөдөгү жеңилдик мөөнөтү. Биз бул мөөнөттү 7-9 жылдан 11 жылга чейин узарттырганбыз.

Баш калаадагы Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу сот ишинде айыпталуучулар 30-октябрдан тарта көрсөтмө бере баштаган.

2018-жылы кыш чилдеде, ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон.

Буга байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов камакка алынган. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган.

Башкы прокуратура Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбоорунан өлкө 111 миллион доллар зыян тартканын жарыялаган. Шектүүлөр менен алардын жактоочулар зыяндын көлөмү туура эмес эсептелгенин айтып келишет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG