Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

ЖЭБ иши: айыпталуучулар сотко кыр көрсөттү


Сапар Исаков сот залында. Архивдик сүрөт.
Сапар Исаков сот залында. Архивдик сүрөт.

Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбоору боюнча сот ишинде айыпталып жаткандар зыяндын көлөмүн эсептеген эки негизги эксперттин сотко келишин камсыздоону талап кылышты.

Буга чейин 25-октябрда өткөн сот жараянында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков тергөө абагынын камерасынан чыкпай, кийинки соттук отурумдарга катышуудан баш тарта турганын жарыялаган. Ал муну айрым маанилүү күбөлөр суралбай жатканына нааразы экенин билдирүү катары түшүндүргөн.

Анткен менен 28-октябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда улантылган соттук жараянга мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон жоопкер тарап алып келинди. Бирок алар соттун имаратындагы конвойдун бөлмөсүнөн чыкпай коюшту.

Нурбек Токтакунов
Нурбек Токтакунов

Адвокат Нурбек Токтакунов буга негизги күбөлөрдүн сотко келиши камсыздалбай жатканы себеп болгонун айтты:

- Айыпталуучулардын көбү азыр сот залына чыкпай жатышат. Анткени алар бул иш боюнча маанилүү көрсөтмөлөрдү берүүчү эки негизги экспертти жана иште айыпкер катары өткөн ТВЕА компаниясынын өкүлү Макелекти "сотко алып келгиле" деген талап коюп жатышат. Бирок алар өздөрү сотко көрсөтмө бергенден баш тартышпайт. Эмне үчүн сот аларды мажбурлап сотко алып келүү боюнча токтом чыгарганы менен анысы аткарылбай жатат? Ошол эле кезде Сапар Исаковду УКМК кызматкерлери күч менен сотко алып келишти. Эмнеге бардыгына бирдей мамиле болбой жатат? 110 млн. доллар каяктан алынганын билүү үчүн биз эксперттерди чакырып, аларга суроо беришибиз керек.

Бишкек ЖЭБин 386 млн. долларга баалап, жаңылаган долбоор боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов былтыр камакка алынган. Келишимге кол койгон мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында.


Бишкек ЖЭБинин мурдагы жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу долбоордун баасы ашыкча көрсөтүлгөнү боюнча көрсөтмө берген болчу:

- Бул жерде 386 млн. доллар деген бааны бычып алышпадыбы. Жабдуулардын бардыгын алып, алардын баасын акчанын жалпы суммасына ылайыктап эле жаза беришкен. Ошол үчүн көптөгөн жабдуулардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, техниканын жана курулуш материалдарынын баасы ашыкча көрсөтүлүп калган. Бир эле кычкачтын баасы 600 доллар болгону мына ошондон. Жүк ташуучу чиркегичтердин баасы 15 миң доллардан көрсөтүлгөн. Суроо жаралып, акча каякка кеткени тактала баштаганда, шашылыш түрдө жалпы акчанын суммасына тууралап, эсептеп чыгара салышкан.

Жоопкерлердин арасынан азыр Осмонбек Артыкбаев, Жолдошбек Назаров жана Ольга Лаврова соттук жараяндын улантылышына макул болуп, көрсөтмө берүүгө даяр экенин билдиришкен. Калган айыпталуучулар келтирилген зыяндын көлөмүн эсептеген негизги эки эксперт сотко күбө катары көрсөтмө бермейинче, сотко катышуудан баш тартуу ниетин айтышкан.

Бирок муну кылмыш укугу боюнча адис, юрист Кайрат Осмоналиев сотко карата урматсыздык жана басым көрсөтүү аракети катары баалады:

- Алар сотко талап коюшсун. Бирок алардын азыркыдай кылып, шантаж жолу менен сотко басым жасап, талап коюп жатышканы туура эмес. Сот жараянында өзүнүн эрежелери бар. Бирок алардын конвойдун бөлмөсүнөн чыкпай, отуруп алышканы сотко урматсыздык кылган мамилесин көрсөтүп жатат. Эгерде алар чынында эле бөлмөдөн чыкпай, сот залына кирбей туруп алышса, анда сот аларга чара көрүп, мажбурлоо жолу менен залга алып кирүү чечимин кабыл алууга толук укугу бар.

110 млн. доллар зыян кантип эсептелген?

Башкы прокуратура быйыл жазында Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбоорунан 110 миллион доллар ыксыз чыгымдалганын аныктап чыккан. Буга кеткен чыгымдарды салыштыруу аркылуу эсептеген көз карандысыз жана мамлекеттик экспертизанын жыйынтыгы негиз болгон.

Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев келтирилген зыян катары 110 млн. доллар каяктан алынганын соттук териштирүү үчүн аны эсептеп чыгарган эки негизги күбөнүн көрсөтмөсү маанилүү экенин белгиледи:

- Бул жерде бир эле Сапар Исаков эмес, айыпталуучулардын көпчүлүгү, иш боюнча башкы күбө болгон келтирилген зыянды эсептеген эки күбө сотко чакыртылып, суралбай жатат. Аларга үч ирет сот чакыруу жиберген. Бирок алар бир жолу дагы келип, сотко көрсөтмө беришкен жок. Алардын бири мамлекеттик курулуш агенттигинде иштеген Асанова деген айым. Экинчиси "Энергопроект" деген ишкананын жетекчиси Евгений Хафизов деген киши. Айыптоо корутундусу дал ошол эки эксперттин эсептерине негизделген. Башка эксперттер бардык эсептерди эки эксперт жүргүзгөн деген негиз менен тиешелүү суроолорго жооп бере алышпай жатышат. Ошондуктан бул эки адамдын сотко келиши абдан маанилүү.

Буга чейин ишти тергөөнүн жыйынтыгы боюнча баяндама жасаган башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бул долбоор 2010-жылдын башында Дүйнөлүк Банктын эсеби боюнча 150 миллион долларга бааланып, бирок 2013-жылы анын баасы эки эсе жогорулап кеткенин белгилеген.

Өнүгүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин мурдагы жетекчи орун басары Алексей Елисеев Ригада берген көрсөтмөсүндө ЖЭБди жаңылоо $150 миллиондон ашпай турганын айткан. Бирок кийин ал бул ишке Сапар Исаков баш болгон жетекчилердин тиешеси болгон эмес деген пикирин билдирген. Сотто анын көрсөтмөсү да окулуп, ишке тиркеле турганы буга чейин белгилүү болгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG