Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 20-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 13:52

Жаңылыктар

ЖЭБ соту: Сапар Исаков суралууда

Сот процесси.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу коррупция боюнча соттук иш уланууда. Бүгүн айыпталуучулардын бири, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков көрсөтмө берип жатат. Мурдагы премьер мамлекеттик айыптоочулар менен жактоочулардын суроолоруна жооп берип жатат.

Анда Исаков ТВЕА компаниясы менен кыргыз өкмөтү качан кызматташа баштаганы, ал Инвестиция, инновация жана өнүгүү боюнча борбордук агенттикте (ЦАРИИ) иштеп жүргөн кезинде бул долбоор жөнүндө кандай маалыматы болгондугу боюнча суроолорго жооп берүүдө.

Сапар Исаковду суроо маалында анын адвокаты менен мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин адвокаттарынын ортосунда пикир келишпестик пайда болду.

Мамлекеттик айыптоочулар териштирүү ишиндеги протоколдор кайталап окулуп, убакыт созулуп жатканына нааразы болушту. Ага Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов да кошулду.

Жактоочулар өз ара кайым айтышып, Токтакунов «бул иштерди айтып бериш үчүн Атамбаевди чакыралы» деген сунушун айтты.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон.

Буга байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов камакка алынган. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып коюлган. (BkA/TSh)

Жаңылыктардын толук тизмеси

Биринчи май райондук соту Уланбек Чалбаевди беш жылга кести

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 200 миң доллар пара алган деген шек менен кармалган Башкы прокуратуранын Мамлекеттик айыптоону колдоо башкармалыгынын мурдагы башчысы Уланбек Чалбаевди Жазык кодексинин 327-беренеси («Пара алууга же коммерциялык сатып алууга түртүү») (ред: 2017-жылдын 2-февралындагы Жазык кодексине ылайык) боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратты.

Мындай чечимди судья 19-ноябрда чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, андан тышкары бул иште аты аталган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун уулу Кубанычбек Самаков «Пара берүү» (ред: 1997-жылдагы Жазык кодекси боюнча) беренеси менен күнөөлүү деп табылып, мамлекетке 2 млн. сом төлөп берүүгө милдеттендирилди. Ушул эле берене боюнча Жаныбек Самаковго да айып коюлган. Сот анын ишинде кылмыштын белгилери жок деген негизде актады.

Айнура Кайнаева бул иште «пара алууда ортомчулук кылган» (ред: 1997-жылдагы Жазык кодекси боюнча) деп табылып, мамлекетке 100 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Эрлан Кыдыралиевге «Кылмышты жаап-жашыргандыгы» (ред: 1997-жылдагы Жазык кодекси боюнча) үчүн 220 миң сом айып пул салынды. Ушул эле берене боюнча Максат Тукинов да айыптуу деп табылып, ага да 220 миң сом айып салынды.

Соттун өкүмү күчүнө киргенден кийин далил зат катары алынган 199 миң 500 доллар жана «Samsung Galaxy S6 edge» уюк телефону мамлекеттин пайдасына чегерилди.

УКМК 2018-жылы 16-апрелде, Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоону колдоо башкармалыгынын башчысы Чалбаевдин иш бөлмөсүндө ыкчам тинтүү иштери жүрүп, анда табылган баштыктан 200 миң доллар чыкканын жарыялаган.

УКМК ошол кезде бул акчанын таржымалын Бишкек шаардык сотунда каралып жаткан, парламенттин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун кылмыш ишин анын пайдасына оң жагына чечип берүү максатында берилген пара катары сыпаттаган. (BTo)

БШК: Айыл депутатына жогорку билим тууралуу талап жок

Нуржан Шайлдабекова.

Кыргызстандын азыркы мыйзамдарында жергиликтүү кеңештин депутаты сөзсүз түрдө жогорку билимдүү болушу керек деген талап жок.

Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, мындай сунуш болгон, бирок колдоо тапкан эмес.

- Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча стратегиянын алкагында кабыл алынган мыйзамдардын пакетиндеги нормаларда да жогорку билим тууралуу ушундай сунуш болгон. Дискуссиядан кийин «жалпы орто билимден төмөн эмес» деген норманы киргизгенбиз. Жогорку билим боюнча сунуш өткөн эмес.

Бүгүн парламент жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жатат.

Анын авторлорунун бири Акылбек Жапаров бир аз мурдараак жогорку билим тууралуу норма мыйзам катары кабыл алынганын, президент кол коюп, ишке киргенин билдирген.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерде 7,5 миңге жакын депутат бар. (RK)

Спикер: Жергиликтүү депутат жогорку билимдүү болсун дегенге каршымын

Дастанбек Жумабеков.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жергиликтүү кеңешке жогорку билимдүүлөр гана депутат боло алат деген нормага каршы. Мындай пикирин ал бүгүн парламенттин жыйынында билдирди:

- Мен каршымын буга. Айылда мындай талап кереги деле жок, анткени айылдагы жогорку билимдүүлөрдүн баары шаарда же башка жерлерде жүрөт. А айылдагы тың чыккан фермер, айдоочу же коомдук ишмер болсо ал эмне үчүн депутат боло албасын? Алардын укугун чектеген болуп калат.

Бүгүн парламентте жергиликтүү бийлик органдарынын ишин жөнгө салуучу бир катар мыйзамдарга кирген өзгөртүүлөр талкууланып жатат.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Акылбек Жапаров төраганын суроосуна жооп берип, айылда жогорку билимдүүлөр жок дегенге макул эместигин айтты:

- Бүгүнкү күндө жогорку билим алам деп аракет кылып жүргөн балдарыбыздын саны 220 миңден ашуун. Айылда жогорку билимдүү бир топ балдар бар деп айта алабыз, статистикасын алып келип берели. Бирок сиздин сунушуңузду экинчи окууга киргизебиз, анткени «билимине карабай шайланууга укуктуу» деген конституциялык норма бар.

Ал эми жыйынга катышкан Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова «жергиликтүү кеңештин депутатынын сөзсүз түрдө жогорку билими болушу керек» деген норма жок экенин билдирди:

- Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча стратегиянын алкагында кабыл алынган мыйзамдардын пакетиндеги нормаларда да жогорку билим тууралуу ушундай сунуш болгон. Дискуссиядан кийин «жалпы орто билимден төмөн эмес» деген норманы киргизгенбиз. Жогорку билим боюнча сунуш өткөн эмес.

Бүгүн парламент жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жатат.

Анын авторлорунун бири Акылбек Жапаров бир аз мурдараак жогорку билим тууралуу норма мыйзам катары кабыл алынганын, президент кол коюп, ишке киргенин билдирген.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерде 7,5 миңге жакын депутат бар. (RK)

Бишкекте жапырт мушташка катышкандардын аты-жөнү аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тараткан маалыматка таянсак, калайман мушташ Чыгыш-5 кичирайонундагы караоке клубунун жанында болгон.

Бишкектин Свердлов райондук милициясы мушташка катышкан сегиз баланын тек-жайын аныктап, алар тергөө кызматына жеткирилгени белгилүү болду. Мушташка катышкандар Бишкек шаарынын, Жалал-Абад жана Нарын облустарынын тургундары. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

19-ноябрда социалдык тармактарда он чакты киши мушташып жаткан видео тараган. Анда ур-токмокко кабылган эки киши жыгылып, жатып калганын көрүүгө болот. Мушташ Бишкектин Чыгыш-5 кичирайонунда, 18-ноябрда болгону жазылган.

Буга чейин ушундай мушташта адамдар оор жаракат алып же ажалы жеткен учурлар катталган. Ушул жылдын сентябрь айында Жалал-Абад шаарындагы түнкү клубдардын биринде мушташ чыгып, үчөө ооруканага түшкөн. Алардын бирөө эсине келбей оор абалда жатып каза болгон. Сентябрдын башында Бишкек шаарынын Жал кичирайонунда болгон окуянын видеосу Интернетке тарап, мушташтан эки киши катуу жабыркаганы белгилүү болгон. Аларды аёосуз сабаган эки зөөкүр кылмышын жашыруу максатында окуя болгон жерден качып кетип, кийинчерээк милицияга өз ыктыяры менен келишкен. (BTo)

Акылбек Жапаров жергиликтүү депутатка коюлган талапты эске салды

Иллюстрациялык сүрөт.

Жергиликтүү кеңешке депутат болууну каалагандардын сөзсүз түрдө жогорку билими болушу зарыл. Шайлоо мыйзамдарына киргизилген ушундай талап күчүндө экенин бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Акылбек Жапаров билдирди.

Депутат Нурбек Тотонов орто же техникалык билими барларга да талапкерлигин коюуга мүмкүнчүлүк бериш керек экенин айтып: «Кээ бир айылдарда жалаң жогорку билимдүү балдар-кыздарды табыш кыйын, мугалимдер жана башкалар гана болуп калат. Айыл жергесинде айыл чарбасы, жайыт маселеси боюнча чыккан уул-кыздар көп. Ошолордун укугу чектелип калбайбы?» деген суроо берди.

Акылбек Жапаров Шайлоо кодекси өзгөртүлүп, жогорку билим тууралуу норма мыйзам катары кабыл алынганын, президент кол коюп, ишке киргенин айтып жооп берди:

- Мындан ары жергиликтүү кеңештин депутаттары жогорку билимдүү болушу керек. 2018-жылы кабыл алынган мыйзам. Андан кийин Шайлоо кодексине өзгөртүүлөр кирип, бул норма иштей баштады.

Ал эми жыйынга катышкан Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова депутат Жапаров айткандай “жергиликтүү кеңештин депутатынын сөзсүз түрдө жогорку билими болушу керек” деген норма жок экенин билдирди:

- Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча стратегиянын алкагында кабыл алынган мыйзамдардын пакетиндеги нормаларда да жогорку билим тууралуу ушундай сунуш болгон. Дискуссиядан кийин “жалпы орто билимден төмөн эмес” деген норманы киргизгенбиз. Жогорку билим боюнча сунуш өткөн эмес.

Депутат Акылбек Жапаров жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорунун авторлорунун бири.

Бул мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңеште биринчи окууда талкууланып жатат.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерде 7,5 миңге жакын депутат бар. (RK)

УКМК тергөөдө 200 миң доллар жоголгонун четке какты

«Азаттыктын» коллажы.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Башкы прокуратуранын башкармалыгынын мурдагы башчысы Уланбек Чалбаевди былтыр пара алууга шектүү катары кармаганда далил зат катары алынган 200 миң доллар тергөө маалында жоголгону тууралуу маалыматты четке какты.

Атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-ноябрда далил зат катары алынган 200 миң доллардын негизинде Уланбек Чалбаевге карата өкүм чыгарганын жана сөз болуп жаткан акча сот тарабынан мамлекетке киреше катары алынганын айтты. Андан тышкары каражат учурда УКМКнын тергөөчүсүндө экенин кошумчалады.

- Акча мамлекетке өткөзүлүп берилет. Каражат болсо тергөөчүдө. Далилдер көрсөтүлмөйүнчө соттун чечими чыкпайт. Силер муну билесиңер да, - деди Сулайманов.

УКМК 200 миң доллар жоголгондугу тууралуу маалыматтын тарашын атайын кызматтын жетекчилигин жана улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракеттерин каралоо максатында жасалган иш катары баалады.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-ноябрда Чалбаевге карата өкүм чыкканын ырастады, бирок канча жылга кесилгени тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин кабарлады.

Буга чейин Уланбек Чалбаевдин атасы Акматбек Чалбаев анын уулунун иш бөлмөсүнөн далил зат катары табылган 200 миң доллар жоголуп кеткенин айтып чыккан.

УКМК 2018-жылы 16-апрелде Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоону колдоо башкармалыгынын башчысы Чалбаевдин иш бөлмөсүндө ыкчам тинтүү иштери жүрүп, анда табылган баштыктан 200 миң доллар чыкканы жарыяланган.

УКМК ошол кезде акчаны Бишкек шаардык сотунда каралып жаткан, парламенттин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун кылмыш ишин анын пайдасына чечип берүү максатында берилген пара катары сыпаттаган. (BTo)

Жогорку сот Дамирбек Асылбек уулуна чыккан өкүмдү өзгөрткөн жок

Дамирбек Асылбек уулу.

Кыргызстандын Жогору соту парламенттин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулуна карата Казакстандын Алматы шаарынын адистештирилген район аралык сотунун аны 10 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Иш 19-ноябрда каралганын Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Тактап айтканда, Дамирбек Асылбек уулу Жазык кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүмү («Уюшкан кылмыштуу топ түзүү») жана 204-беренесинин 4-бөлүмү («Аткезчилик») менен 10 жыл бою жалпы режимдеги түзөтүү абактарында жаза өтөйт. Түрмөдөгү жалпы режим деген жатак абактагы соттолуучудан укугу аз, бирок катуу жана өзгөчө режимде кармалгандарга караганда жеңилдиктер бар. Ошондой эле Дамирбек Асылбек уулу жазасын өтөп бүткөндөн кийин беш жыл бою Казакстанга кире албайт. Анын жаза өтөө мөөнөтү 2018-жылдын 15-февралынан тартып эсептелет жана өкүмгө каршы даттанууга болбойт.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Жогорку сотко Алматы шаарынын адистештирилген район аралык сотунун Асылбек уулун 10 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечимин аткаруу тууралуу сунушун берген.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Казакстанда 10 жылга эркинен ажыратылган Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга 18-ноябрда эстрадицияланды. Ал учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турат.

Экс-депутатка «чек арадагы аткезчилик менен алектенген» жана «эл аралык уюшкан кылмыштуу топко катышы болгон» деген айып коюлган. Дамирбек Асылбек уулу күнөөсүн мойнуна алган эмес. Бул кылмыш ишинин негизинде жалпысынан 12 киши соттолгон. (TSh/ZKo)

Гитлер туулган үйгө полиция башкармалыгы жайгашат

Австрия. Философ Людвиг Витгенштейн жана Адольф Гитлер бир мектепте окушкан. 1899-жыл.

Австриянын ички иштер министрлиги Браунау-на-Инне шаарындагы Адольф Гитлер туулган үйгө аймактык полиция башкармалыгы жайгашарын маалымдады. Буга Гитлердин үйүнө улутчулдар дайыма топтолуп, зыярат кылып туруучу жерге айландырып алышканы себеп болгон. Ички иштер министри Вольфганг Песчорндун билдиргени боюнча, «үйгө полиция жайгашып турганы бул имарат эч качан улутчул социализмге кызмат кылбасын билдирип турат».

Жергиликтүү DPA агенттигинин маалыматына караганда, имаратка оңчул экстремисттер сүрөттөрүн чаптап салышкан.

Адольф Гитлер 1889-жылы Австриянын Германия менен чектешкен жерде батирде туулган. Имаратты улутчулдар бийликке келгенде сатып алышкан. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда үй Гитлер баш болгон улутчулдар үчүн көркөм галерея жана китепкана катары кызмат кылган. Согуштан кийин үй мурунку ээсине кайтарылган. Кийинчерээк имаратка банк жайгашып, көп өтпөй мектепке айланган. 1970-жылдары Австрия өкмөтү үйдү сатып алып, өзгөчө адамдар үчүн атайын борбор кылып пайдаланган.

Ооган балдарынын үчтөн экиси согуштан запкы тарткан

Ооганстанда ачкачылыкка кабылган балдар.

Британиялык «Балдарды сактагыла» кайрымдуулук уюмунун маалыматына караганда, Ооганстандагы балдардын үчтөн экиси өлкөдө көп жылдардан бери уланып келе жаткан жаңжал-согуштардан запкы тарткан. Көпчүлүгү ата-энесинен, жакындарынан айрылган, жаракат алган, согушка, кан төгүүгө күбө болгон. Уюмдун 19-ноябрда жарыяланган баяндамасында айтылгандай, сурамжылоого Ооганстандын төрт провинциясында жашаган 700дөн ашуун балдар жана чоң адамдар тартылган. Баяндамада балдардын басымдуу бөлүгү депрессиядан жана ачкачылыктар жабыркай тургандыгы жазылган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясынын маалыматына ылайык, 2018-жыл ооган балдары үчүн өтө жаман жыл болду. Агенттик бул жылдан тартып балдардын өлүмүн каттай баштаган. Согуштардан 927 бала өлтүрүлгөн, 2100 бала жаракат алган.

БУУнун өкүлү донор уюмдарды Кыргызстанга көмөктөшүүгө чакырды

Донорлор менен жолугушуу жыйыны. Бишкек шаары.1-ноябрь, 2018-жыл.

Атайын өкүл Наталья Герман бул тууралуу 19-ноябрда Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында «Туруктуу өнүгүш үчүн реформаларды тездетүү» деп аталган, өнөктөш донорлор менен болгон жыйында билдирди. Ал эл аралык өнөктөштөргө Кыргызстанда туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууга каражат жетишпей жатканын эскертти. «Бир жагынан эл аралык коомчулуктун жардамы чечүүчү мааниге ээ. Мен бардык өкүлдөрдү жана жеке тараптардын өкүлдөрүн да Кыргызстан алдыга койгон максаттарына 2030-жылга чейин жетиши үчүн көмөктөшүүгө чакырам» деди Герман. Ал ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму да өлкөнү реформалоого жардам көрсөтө берерин кошумчалады.

Өнөктөш донорлор менен болгон жолугушууда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына таза суу жеткириш үчүн 481 млн. доллар зарыл экенин айтып, анын 450 млн. доллары донорлор тарабынан берилсе деген ниетин билдирген.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстан эгемендик алгандан бери өнүктүрүү жаатында кызматташкан өнөктөштөр экономика, транспорт, энергетика, суу менен камсыз кылуу, ирригация, саламаттык сактоо, билим берүү, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо тармактарын өнүктүрүүгө 10,5 млрд. доллар каражат бөлгөн. (ZKo)

Гонконгдон 27 кыргызстандык студент чыгарылды

Гонконгдогу каршылык акцияларынын жаңы толкуну.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, алар 18-19-ноябрда «Гонконг-Алматы-Бишкек» жана «Гонконг-Москва-Бишкек» учагы менен мекенине жиберилген. Студенттерди аэропортко чейинки жеткирүү чыгымы Кыргызстандын Гуанчжоу шаарындагы башкы консулдуктун кызматкерлеринин чөнтөгүнөн төлөнгөн.

Маалыматта калган студенттер 21-22-ноябрда чыгарылры айтылат.

Бир нече күн мурда Гонкондо билим алып жаткан студенттердин ата-энелери президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан. Алар аймактагы саясий абалга, соңку кагылышууларга байланыштуу балдарын Кыргызстанга аман-эсен кайтарууга жардам берүүнү суранышкан.

15-ноябрда үч кыргызстандык студент коопсуз жакка чыгарылган.

Жалпысынан Гонконгдогу окуу жайларда билим алып жаткан 42 кыргызстандык студент бар. (ZKo)

Жүк ташуучу машинелердин дөңгөлөктөрүнө чынжыр байлоо милдеттендирилди

Суусамыр. Иллюстрациялык сүрөт.

Транспорт жана жол министрлигинин бул буйругу кыш мезгилинде жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу максатында чыгарылганын министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Буйрукка ылайык, кар жааган учурда чиркегичи бар жүк ташуучу автоунаалар дөңгөлөктөрүндө чынжыры жок жүрүшүнө тыюу салынат. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө «Ош-Сарыташ-Эркечтам», «Жалал-Абад – Балыкчы», «Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт», «Бишкек-Ош» жолдорунун башкармалыктарына, жүктү жана көлөмдү көзөмөлдөө агенттигине жана Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгына тапшырылды.

Мындан тышкары жол департаментинин жетекчилигине көчкү түшүү коркунучу күч аймактарга алдын ала эскертүүчү белгилерди коюу милдеттендирилди.(ZKo)

Пентагон: Ирандыкындай курал-жарак Жакынкы Чыгышта жок

Иллюстрациялык сүрөт.

Ирандын ракеталарындай ракета Израилде да жок экени АКШнын Чалгын кызматынын баяндамасында кеп болот. 19-ноябрда жарыяланган баяндамада акыркы 40 жыл ичинде Иран «ракета жасоонун ири программасын иштеп чыгып, масштабын да кеңейтти» деп айтылат. «Ондогон жылдардан бери санкциялар салынганына карабай, Иранда алыска атуучу баллистикалык ракеталар да бар. Алар Израилди жана Сауд Арабиясын оңой эле жок кыла алат» деп белгилеген баяндама авторлору.

Эки жыл мурун Иран 1250 мил радиуска ата алган, бир эле учурда бир нече бомба алып жүрө алган ракетасын сынаган.

Иликтөөдө Иран «АКШга жана анын Жакынкы Чыгышта болушуна каршы чыгып келе жатканы, жалпысынан, башкаруу режимин жана аймакта кожоюндук абалын сактап калууну максат кылары» белгиленген.

ЕАЭБдин жарандарын пенсия менен камсыздоочу келишим кабыл алынды

Иллюстрациялык сүрөт.

Келишимдин долбоору Евразия экономикалык комиссиясынын 18-ноябрда Москвада өткөн жыйынында анын курамындагы өлкөлөрдүн өкүлдөрү тарабынан жактырылды. Аталган долбоор биримдиктеги өлкөлөрдүн эмгекчилерин бирдей шартта пенсия менен камсыз кылууга багытталган. Ага ылайык, биримдиктеги өлкөлөрдүн жарандары иштеген өлкөсүндөгү эмгекчилердей эле укукта пенсия менен камсыз боло алышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика министрлиги маалымдады.

Мындан тышкары Евразия экономикалык комиссиясынын келерки жыйынынын күн тартиби бекитилди. Жыйын 20-декабрда, Санкт-Петербург шаарында өтмөк болду. (ZKo)

АКШда импичмент боюнча иште төрт күбө көрсөтмө берди

Отурум учуру. 19-ноябрь, 2019-жыл.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы өткөргөн коомдук талкууда Улуттук коопсуздук кеңешинин жетекчиси, Украина боюнча адис Александр Виндман көрсөтмө берди. Ал АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украин президенти Владимир Зеленскийдин телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү жүрүп жатканда жанында турган.

Виндман сүйлөшүүнүн мазмуну тууралуу башкы прокурорго билдирген. Анын сөзү боюнча, «АКШ президенти башка бир өлкө жетекчилигинен АКШ жаранынын жана өз атаандашынын ишин иликтөөнү талап кыла албайт». Виндман ошондой эле Украинанын башкы прокурору Юрий Луценко менен Нью-Йорктун мурунку мэри жана президент Трамптын жеке адвокаты Руди Жулиани «АКШнын Украинага карата саясатына доо кетирүүчү жалган маалыматты таратышты» деп билдирди.

Виндман менен кошо дипломат Женифер Уильямс да көрсөтмө берди. Ал вице-президент Майк Пенстин командасында болгон жана Трамп менен Зеленскийдин телефондо сүйлөшүүлөрүнө күбө болгон. Уильямс анда «АКШнын ички маселери тууралуу сөз болгон өзгөчө сүйлөшүү болду» деп белгиледи.

Трамп «Твиттердеги» баракчасына булардын көрсөтмөлөрүн сындап жазды. Шейшембиде Ак үйдө сүйлөгөн сөзүндө Трамп Виндманды тааныбай турганын билдирген.

Дагы эки күбө - АКШнын Украина боюнча атайын өкүлү Курт Уолкер жана Ак үйдүн кызматкери Тим Моррисон да көрсөтмө беришти.

АКШда президентке импичмент жарыялоо жараянына жеткирген саясий жаңжал Трамп менен украин президенти Владимир Зеленскийдин 25-июлдагы телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн улам башталган. Атайын кызматтагы булак анда Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантердин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган деп маалымат берген. Президент Трамп буга байланыштуу дооматтардын баарын четке кагып келет.

Жо Байден 2020-жылдагы шайлоодо демократтардын атынан Трампка атаандаш болору айтылып жүрөт.

Кыргызстандын унаа бажысы боюнча өтүнүчү ЕАЭБде колдоо тапкан жок

Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу «Азаттыкка» 18-ноябрь күнү Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын жыйынына Кыргызстандын атынан катышкан экономика министринин орун басары Элдар Алишеров билдирди. Ал жыйында кыргыз тарап үчүнчү өлкөдөн кирген автоунааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап турууну өтүнүп, бирок союздаштар аны канааттандырба коюшканын айтты:

-Үчүнчү өлкөдөн кирген автоунааларга бажы алымын алуунун эки түрү бар эле: жеңилдетилген - бул адамдар үчүн Кыргызстандын мурунку мыйзамдарына ылайык, автоунаага бажы алымы алынчу. Ал эми жалпы - бул унаа баасынын 20% бажы алымы, ага кошумча нарк салыгы кошулат. 2020-жылдын 1-январынан тартып, ушул түрү ишке кирет.

Элдар Алишеровдун кошумчалаганы боюнча, жаңы тарифтерге ылайык, автоунаанын чыгарылган жылы жети жылдан көп болсо, анын бажы төлөмү ошого жараша кымбат болот.

Мамлекеттик бажы кызматы 2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктай турганын жарыялаган. Ушундан улам 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү кымбаттайт.

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) 2015-жылы киргенден кийин машинелер үч жыл бою биримдиктин алкагындагы төлөмдөр менен ташылган. 2018-жылы кыргыз өкмөтү Кыргызстанга ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмүн азайтып, электромобилдерге нөлдүк төлөм койгон. (ZKo)

The Times: Лукашенко менен эң жаш депутаттын мамилеси бар

Александр Лукашенко менен Мария Василевич.

The Times басылмасы Беларустун президенти Александр Лукашенко менен жаңы эле парламенттин төмөнкү палатасында эң жаш депутат болгон, "Мисс Беларус - 2018" сынагынын жеңүүчүсү, 22 жаштагы Мария Василевич экөөнүн мамилеси тууралуу жазды.

Ага ылайык, былтыр май айында Василевич сулуулар сынагын жеңгенден бери 65 жаштагы Лукашенко аны такай жандап жүрөт. Экөө бир катар фестивалдарга, хоккей оюндарына жана Орусиядагы футбол боюнча дүйнө чемпионатына чогуу барган. Президент аны маданиятка жана кайрымдуулук иштерине кошкон салымы үчүн медаль менен сыйлаган. Ошондой эле Василевич сулуулардын дүйнөлүк сынагына катышканы жатканда анын даярдыгын Лукашенко жеке өзү көзөмөлдөгөн. Ал сынакта беларус сулуусу үчүнчү орунду алган.

Басылманын макаласында Василевичтин саясий тажрыйбасы жок экени, ал парламентте жаштардын маселелерин көтөргөнү жатканы белгиленген.

Ушул жекшемби күнү Беларуста мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөн жана анда оппозициянын бир дагы өкүлүнө мандат тийген эмес. Эл аралык уюмдар шайлоо "таза эмес, адилетсиз" өткөнүн белгилешип, добуш берүүнүн жыйынтыгын таануудан баш тартышкан.

"Европадагы акыркы диктатор" деген каймана атка конгон Лукашенко Беларусту соңку 25 жылдан бери башкарып жатат. Ал 1975-жылы үйлөнгөн, бирок ал өлкө башчысы болгондон бери коомчулук жубайы экөөнү чогуу көрүшкөн эмес.

Футбол: Кыргызстан - Тажикстан 1:1

Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча курама командаларынын беттеши. 19-ноябрь, 2019-жыл. Бишкек.

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болгон Кыргызстан менен Тажикстандын курама командаларынын беттеши 1:1 эсебинде тең чыгыш менен аяктады.

2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында өткөн беттеште алгачкы голду тажик футболчусу Жахонгир Эргашев 16-мүнөттө киргизди. 83-мүнөттө Кыргызстандын коргоочусу Тамирлан Козубаев эсепти теңеди.

Тандоо оюндарынын 2-баскычынын алгачкы беттешинде Кыргызстандын курама командасы 5-сентябрда Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга 0:1 эсебинде жеңилген эле.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат.

Өткөн аптада Тажикстандын командасы Мьянманын футболчулары менен беттешип, 3:4 эсебинде жеңилсе, ушул эле күнү Кыргызстан Жапонияга 2:0 эсебинде утулган.

Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары беш оюндан кийин F тайпасында жетиден упай топтоп, тайпадагы 2-орун үчүн дагы да болсо ат салышууга мүмкүнчүлүгү бар.

Бүгүн Мьянма менен Монголиянын командалары Мьянманын Мандалай шаарында беттешип, талаа ээлери 1:0 эсебинде жеңишке жетти.

Учурда бул тайпада Жапониянын курама командасы төрт оюндан кийин 12 упай менен жадыбалдын сап башында бара жатат. Ал эми калган командалар ушул күнгө чейин бештен оюн ойношту. Эсебинде жетиден упайы бар Кыргызстан экинчи, Тажикстан үчүнчү орунду сактап турат. Мьянмада алты упай, Монголияда үч упай бар.

2022-жылы Катарда боло турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат.

5-сентябрда башталган тандоо оюндарынын 2-баскычы 2020-жылдын 9-июнуна чейин уланат. Жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат. Кыргызстан кийинки оюнун 2020-жылдын 31-мартында Мьянмада конокто өткөрөт. (ECh/GT)

"Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылынын мүчөлөрү соттолду

Соттолгондор.

Казакстандын Алматы шаарынын Алмалы райондук соту төрт адамды бул өлкөдө тыюу салынган "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылына кошулганы үчүн күнөөлүү деп тапты. Ага ылайык, Оксана Шевчук, Гүлзипа Жакурева, Жазира Демеуова жана Ануар Аширалиев бир жылга эркинен ажыратылды.

Ошону менен катар эле сот алардын баарынын бөгөт чарасы өзгөрттү жана ага ылайык, Шевчук, Жаукерова жана Аширалиев сот залынан бошотулду. Демеуова болсо сентябрь айынан үй камагында болчу. Андан сырткары көп балалуу Шевчуктан башкасынын баары коомдук жумушка салынды. Соттолгондор быйыл июль айында камакка алынышкан.

Сотто мамлекеттик айыптоочу ар бирин эки жылга эркинен ажыратуу тууралуу өтүнүч келтирген. Прокурорлор алардын күнөөсү тергөөдө далилденгенин айтып, суракта басым-кысымга кабылганы тууралуу дооматтарды четке кагышкан.

«Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылын бозгундагы банкир Мухтар Аблязов негиздеген. Ал буга чейин казак жарандарын өкмөткө жана бийликке каршы акцияларды өткөрүүгө чакырган.

Столтенберг НАТОдогу өнөктөштөрдү биримдикке чакырды

Йенс Столтенберг.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг аталган уюм "европалык жана трансатлантикалык коопсуздуктун жападан жалгыз кепилдиги" деп эскертти. Ал 19-ноябрда Брюсселде бул уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынын утурлай журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, НАТОго мүчө өлкөлөр климат, өзөктүк келишим, Сириянын түндүк-чыгышындагы жагдай сыяктуу маселелерде өз ара пикир келишпестикке карабай бул уюм 70 жылдын ичинде бекемделгенин билдирди. Баш катчы эмки жумада Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен жолугарын кабарлады.

Ушул айдын башында Макрон Европа мындан ары НАТОдогу өнөктөшү АКШнын коргоосуна ишеним арта албасын айтып, "биз НАТОнун "мээсинин өлүп баратканына күбө болуп жатабыз" деп билдирген. Анын айтымында, "Европа жардын кырына кептелип калды жана мындан ары өзүнчө геосаясий держава катары өзүнө өзү кам көрүшү керек".

Америкалык жана европалык бир катар жогорку даражалуу бийлик өкүлдөрү Макрондун мындай билдирүүсүн колдобой турганын билдиришкен.

БУУнун өкүлү Тегеранды элге ок атпоого чакырды

Руперт Колвилл.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгынын өкүлү Руперт Колвилл Иран бийлигине кайрылып, каршылык акциясына чыккандарды кууп таратууда ок атпоого, ашкере күч колдонууну токтотууга чакырды. Анын билдирүүсүндө "Биз ок атуучу куралдын айынан өлкө боюнча бир топ адамдын өлгөнүнө өтө кабатырланып турабыз" деп айтылат.

Аталган уюмдун эсеби боюнча, 15-ноябрдан 19-ноябрга чейин өлкөнүн сегиз аймагында каршылык акцияларында ажал тапкандардын саны миңге чамалады. Бирок муну расмий бийлик бышыктай элек.

Иранда калайман нааразылык акциялары бийлик мунайдын баасын жогорулатып, күйүүчү майды сатууга чектөө киргизгенден кийин башталган. Өлкөнүн руханий көсөмү аятолла Али Хаменейи баалардын көтөрүлүшүн кубаттап, демонстранттарды «баш кесерлер» деп айыптады.

Жергиликтүү басылмалар нааразылык акцияларына байланыштуу Тегеран, Исфахан жана Шираз шаарларында кеминде беш университетте, дагы бир катар шаар-аймактарда айрым мектептер убактылуу жабылганын жазышкан. Коопсуздук чараларынан улам Исфахан шаарындагы метро да иштебей калганы белгилүү болгон.

Прокуратура: «Антошка» ашканасына газ мыйзамсыз коюлган

«Антошка» ашканасы.

Башкы прокуратура Бишкектин чок ортосундагы «Антошка» ашканасындагы жарылуу боюнча маалымат таратты. Ага караганда, ашканада газ жабдуулары коопсуздук эрежелерин бузуу менен колдонулуп келген. Ошондой эле тез татым жайларында газ баллондорун колдонууга жол берилбей турганы белгиленген.

Бишкек прокуратурасы жарылууга байланыштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлерине карата ишти Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады.

8-ноябрда Бишкекте Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги «Антошка» тез татым ашканасында жарылуу болуп, бир адам ошол жерде мерт болгон. 14 киши ар кандай деңгээлде жараат алган. Ушул эле күнү Бишкек милициясы Жазык кодексинин 261-беренесинин негизинде («Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу») материалдарды бирдиктүү реестрге каттаган.

Мындан сырткары текшерүүдө Мамэкотехинспекциянын Бишкектеги башкармалыгы өз убагында аталган жайдагы өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунун алдын албаганы белгилүү болгон. Ошондой эле «Антошка» муниципалдык аймактагы ижарага алынган жерде жайгашканы жана 2015-жылы мэрия өз алдынча аймакты чоңойтуп алуу фактысын каттоого алып, чара көрбөгөнү аныкталган.

Текшерүүнүн материалдары бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүш үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына жөнөтүлдү. (КЕ)

Өкмөт: үч эм же андан көп бала төрөлсө ар бирине 50 миң сомдон төлөнөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт үй-бүлөдө үч же андан ашык эм төрөлгөн шартта, жарык дүйнөгө келген ар бир бала үчүн 50 миң сомдон (жөнөкөй шартта 4000 сомдон бериле турган сүйүнчү пулдун ордуна) “балага сүйүнчү” жөлөк пулун төлөп берет. Мындай жардам ата-энеге бир гана жолу берилет. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Чечим 2019-жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кирет.

Мындай жардам үй-бүлөгө социалдык-экономикалык жактан колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин буга чейин билдиргени боюнча, жети айда 88 322 балага сүйүнчү пул берилди. Сүйүнчү пул берилген балдар өткөн жылга салыштырмалуу 2,2 эсеге көп. Былтыр ушул убакытта 38 916 балага жалпы суммасы 158 685 000 өлчөмүндөгү сүйүнчү акча берилген болсо, быйыл мамлекеттик бюджеттен 353 288 000 сом акча сарпталган. Сүйүнчү акча ар бир төрөлгөн бала үчүн 4000 сом деп белгиленген. Акчаны үй-бүлөлүк шарты кандай экендигине карабай, бардык жарандар алышат.

Сүйүнчү акча 2018-жылдын 1-январынан тартып бериле баштаган. (КЕ)

Грузин парламентинин алдындагы акцияда 37 киши кармалды

Демонстранттарга «Күч кызматкерлерине каршылык көрсөтүү», «Бейбаштык» беренелери менен айып коюлду.

Тбилисиде парламенттин алдына нааразылык акциясына чыккандар кууп таратылганда 37 адам камалды. Алардын адвокаты Георги Ониани демонстранттарга «Күч кызматкерлерине каршылык көрсөтүү», «Бейбаштык» беренелери менен айып коюлганын, 19-ноябрда сотто бөгөт чаралары караларын маалымдады.

18-ноябрда каршылык акциясына чыккандар парламенттин кире бериш жерлерин тороп алып, мыйзам чыгаруу бийлигинин ишин үзгүлтүккө учуратышкан. Полиция аларга суу бүркүп, кууп тараткан. Бирок демонстранттар кайра эле имараттын алдындагы аянтты ээлеп, чатыр тигип алышкан.

Тбилисиде нааразылык акциялары 14-ноябрда башталган. Буга парламентте 2020-жылга белгиленген шайлоону пропорционалдык система боюнча өткөрүү жоболору каралган мыйзам долбоору кабыл алынбай калганы себеп болгон. Демонстранттар ошондон тартып парламенттин алдындагы аянтка чатыр тигип, мөөнөтсүз акция башташкан.

Грузиядагы шайлоо системасын өзгөртүүчү мыйзам долбоору кабыл алынбай калганын Европа Кеңешинин Парламент аралык ассамблеясы менен АКШнын Тбилисидеги элчилиги айыптады.

Быйыл жайында да Тбилисиде миңдеген адамдар көчөгө чыгып, шайлоо системасын өзгөртүүнү талап кылышкан. Анда эл менен полиция кагылышып, жалпысынан 240 адам жаракат алган болчу.

«Талибан» туткун алмашуунун алкагында АКШнын эки жаранын бошотту

Кабулда «Талибандын» өкүлдөрүн бошотууга каршы нааразылык акциялары да болуп өттү.

Ооганстандагы «Талибан» кыймылы үч жылдан бери барымтада кармап турган эки америкалык профессорду туткундан бошотту. Аларды Забул провинциясынын Навбахар районунан АКШнын тик учагы алып кеткени белгилүү болду.

Мунун алдында ооган бийлиги «Талибандын» камактагы бараандуу үч өкүлүн бошотуп, Катарга жеткирип бергени тууралуу маалыматтар чыккан. Анын алдында АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео ооган президенти Ашраф Гани менен телефон аркылуу сүйлөшүп, туткундарды алмашуу үчүн зарыл болгон кадамдарга барууга чакырган.

Ашраф Гани өткөн аптада «Талибан» менен туткундарды алмашууга даяр экенин жарыялаган. Ага ылайык, Кабул бул кыймылдын таасирлүү үч мүчөсүн - «Хаккани» түйүнүнүн лидеринин иниси Анас Хакканини, Хафиз Рашид Омарини жана Ажы Милли Ханды бошотууга убада берген.

«Талибан» болсо мындан үч жыл мурда уурдап кеткен Кабулдагы Америка университетинин эки профессорун - 68 жаштагы америкалык Кевин Кинг менен 48 жаштагы австралиялык Тимоти Викскти өткөрүп берүү шартына көнгөн.

Буга байланыштуу Кабулда нааразылык акциялары да өткөн.

Ушул ишембиде ооган бийлиги «Талибанды» туткундарды алмашуу жараянын үзгүлтүккө учуратканы үчүн айыптаган. Анда «талибдер шартты аткарбагандыктан туткундарды алмашуу жараяны ишке ашпай калды, эми ооган өкмөтү мындан аркы чечимди өлкө кызыкчылыгына жана жагдайга жараша кабыл алат» деп айтылган.

Аталган топ болсо Кабулдун өзүн «сөзүнө турган жок» деп күнөөлөгөн.

Туткундарды алмашуу «Талибан» менен Кабулдун ортосунда тынчтык сүйлөшүүсүн баштоого өбөлгө болушу ыктымал экендиги айтылып жаткан. Бул согушкер топ ооган өкмөтүн «Американын тактекеси» деп атап, ушул кезге чейин аны менен бетме-бет сүйлөшүүдөн баш тартып келет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG