Линктер

жума, 18-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 07:06

Көмүр тендериндеги күңүрт схема


Бишкек ЖЭБи.

Мамлекеттик сатып алуу боюнча мекеме аралык өз алдынча комиссия Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алуу боюнча тендерди утуп алган казакстандык «КонтактУглеПром» компаниясын жеңүүчү деп тааныды.

Буга чейин жергиликтүү «Бишкеккөмүр Соода Үйү» тендердин талаптары одоно бузулганын көрсөтүп, сынак комиссиясынын чечимине каршы даттанган.

Сынак комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири Расул Умбеталиев Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) Казакстандын Шабыркүл көмүрүн кымбат баада сунуш кылган ортомчу компания тандалганын, бул эски коррупциялык схемалардын кесепетинен ЖЭБ 500 млн. сомго чейин жоготуп жатканын билдирди. Сынак комиссиясынын башка мүчөлөрү тендер мыйзам чегинде өткөнүн айтып, дооматты четке кагышты.

500 миллион сомдук жоготуу

«Электр станциялары» мамлекеттик ишканасы быйыл 29-июлда Бишкек ЖЭБине Д, ДГ жана Г маркасындагы 400 миң тонна көмүр сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Бул үчүн 1 млрд. 420 млн. сом каралган.

Тендерге «ТОО AB Energo», «COMCO Marketing KZ», «Qiyaqty Komir Market», «КонтактУглеПром» жана «Бишкеккөмүр соода үйү» компаниялары катышкан. Бул беш компаниянын төртөө 20-августта сынактын биринчи этабынын жыйынтыгы боюнча эле тендерден четтетилген.

Быйыл 4-сентябрда болуп өткөн тендердин экинчи этабында жалгыз калган «КонтактУглеПром» компаниясы жеңүүчү деп табылган. Келишим боюнча бул ортомчу компания 1 млрд. 27 млн. сомго Казакстандын Шабыркүл кенинен 400 миң тонна көмүрдү Луговойго чейин тартып келет. Тендердик комиссиянын мүчөсү Расул Умбеталиев көмүрдү ташып келүүдөгү темир жол акысын жана салык төлөмдөрүн кошкондо бул сумма кайра эле 1 млрд. 419 млн. сомго барып каларын билдирди. Анын айтымында, тендерге катышкан башка компаниялар көмүрдү 60 млн. сомго чейин арзан сунуш кылган.

Расул Умбеталиев бул күңүрт коррупциялык схеманын кесепетинен Кыргызстан жылына 500 млн. сомго чейин жоготуп жатканын белгиледи:

Расул Умбеталиев.
Расул Умбеталиев.

«Шабыркүл болобу, Кара-Жыра болобу же Экибастуз болобу - ал жактан көмүрдү түз алып келгенде транспорт чыгымдары менен кошкондо тоннасы 30-36 доллардан ашмак эмес. Бирок жети-сегиз жылдан бери тендерлерге ортомчулар аралашып, алар көмүрдүн тоннасын 56-52 доллардан алып келип, баасы 18-19 долларга кымбатка түшүп жатат. Мунун баары - биздин жарандарга түшкөн жүк. Анын баарын биздин элибиздин эсебинен төлөтүп алышат. Ошондо жылына 7 млн. доллардан ашуун айырма чыгып, сом менен эсептегенде 500 млн. сомго чукул зыянга учурап жатабыз. Бирок өкмөттөгү тиешелүү жетекчилер ага карабастан, ошол эски, күңүрт схемалар аркылуу көмүр сатып алууну улантып жатышат. Бул схемаларга байланыштуу Аскер прокуратурасы быйыл июль айында «Прогресс компани» жана «Рассвет компани» боюнча кылмыш иш козгогон. Депутаттык комиссиянын айыптоочу корутундусунда да мурдагы президент Атамбаевге ошол ортомчу компаниялар аркылуу ЖЭБге көмүр ташуудагы коррупция боюнча кине коюлган. Бирок азыркы бийлик бир колу менен кылмыш ишин козгоп, экинчи колу менен ошол эле коррупциялык схемаларды улантууга шарт түзүп берип жатат».

Көмүрдүн маркасына байланган тендер

Ошол эле кезде «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун көмүр сатып алуу боюнча тендерди өткөргөн сынак комиссиясынын башка мүчөлөрү Умбеталиевдин койгон дооматына макул эмес.

Анын айткандарын четке каккан комиссия мүчөлөрү тендерге катышкан компаниялар Бишкек ЖЭБинин буу казандарына ылайыктуу үлгүдөгү көмүр ташып келиши тендердин негизги талабы экенин айтып, «бул жерде эч кандай мыйзам бузууга жол берилген жок» деп белгилешти.

Тендердик комиссиянын мүчөсү, «Электр станциялары» ишканасынын отун менен камсыздоо бөлүмүнүн башкы инженери Майрамкүл Айипова көп жылдан бери Шабыркүл көмүрүнө басым жасалып жатканынын себебин анын сапаты ЖЭБдин буу казандарынын керектөөсүн камсыздоого жарамдуу болгону менен түшүндүрдү:

Биздин Бишкек ЖЭБи курулгандан бери эле Караганданын көмүрүнө иштечү.


«Бул жерде эч кандай коррупциялык кызыкчылык жок. Бул жерде көмүр сатып алуу мыйзамдын алкагында, сынактын негизинде жүрдү. Биздин Бишкек ЖЭБи курулгандан бери эле Караганданын көмүрүнө иштечү. Бирок союз таркаган соң Караганданын шахтанын ичинен казылган сапаттуу көмүрү келбей калды. Анан биздин ЖЭБ Майкубанын, Кара-Жыранын, Экибастуздун жана Шабыркүлдүн көмүрлөрүн жагып көрдү. Ошолордун арасынан Шабыркүлдүн жогорку калориядагы көмүрү биздин буу казандарга туура келди. Бул көмүрдү жакканда газ колдонулбайт. Ошондуктан аны сатып алуу биз үчүн үнөмдүү деп эсептелип, ушул маркадагы көмүргө жыл сайын тендер жарыяланып келген. Андыктан көп жылдар мурун эле биздин буу казандар ушул маркадагы көмүрдү жагууга ыңгайлаштырылган. Бирок биз тендер жарыялаганда Шабыркүлдүн көмүрүн гана сатып алуу тууралуу талап койгон жерибиз жок. Биз ошондой маркадагы көмүрдү сатып алуу боюнча жарыя беребиз. Анан Казакстандын бардык көмүр кендерине кайрылып, «тендерге катышкыла» деген негизде кат жазабыз. Быйыл Кара-Жырадан, Сары-Аркадан келип тендерге катышышты. Бирок техникалык документтери толук болбогондуктан, сынак комиссисясы аларды мыйзам боюнча тендердин экинчи этабына киргизе алган жок. Ал эми Шабыркүлдүн көмүрүн ташып келүүнү сунуш кылган жанагы компаниянын документтеринин баары туура болуп, коюлган талаптарга жооп бергендиктен, ошону тандап алдык».

Ортомчулуктун «оор түйшүгү»

Быйыл 9-сентябрда «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун көмүр сатып алуу боюнча тендерди өткөргөн сынак комиссиясы 4-сентябрда «КонтактУглеПром» компаниясын жеңүүчү деп тапкан чечимге каршы «Бишкеккөмүр Соода Үйү» компаниясы мекеме аралык өз алдынча комиссияга арыз берген.

Анда «КонтактУглеПром» өзүнүн көмүр кени болбогондуктан мурдагы «Прогресс Компани» жана «Рассвет Компани» сыяктуу эле ортодон чайкоочулук кылып, Казакстандын Шабыркүл көмүр кенинен бир топ кымбат баада көмүр ташып келе турганы көрсөтүлгөн. Тендердик комиссиянын мүчөсү Расул Умбеталиев да сынактын экинчи этабы жашыруун өтүп, мамлекеттик сатып алуу тууралуу мыйзамдын талаптары одоно бузулганын билдирди.

Расул Умбеталиев коюлган дооматтар мекеме аралык комиссиянын кароосуна кабыл алынып, бирок анын чечими деле өзгөртүүсүз калганын айтты:

«Сынак комиссиясы төрт компаниянын берген сунуштарынын бардыгын кабыл албай койгон. Сынак комиссиясы мен да ага мүчө болгонума карабастан, сынактын экинчи этабын жыйынтыктоо учурунда ага мени чакырбай, жашыруун жыйын өткөрдү. Анан ошонун жыйынтыгында тендердин бир катар талаптары бузулуп жатканына карабастан, жең ичинен эле «КонтактУглеПром» компаниясын жеңүүчү деген чечим кабыл алышкан. Бул ортомчу компания. Анан сынак комиссиясынын мындай чечимине каршы «Бишкеккөмүр Соода Үйү» компаниясы мекеме аралык өз алдынча комиссияга арыз берген менен ал комиссия коюлган дооматты жарым-жартылай тааныганы менен негизинен сынак комиссиясынын чечимин күчүндө калтырды. Ошентип, кашкайган далилдери турганына карабастан, аталган арыз канааттандыруусуз калтырылды».

Ошол эле кезде Финансы министрлигинин карамагындагы мамлекеттик сатып алууну көзөмөлдөгөн департаменттин жетекчисинин орун басары Мирбек Дүйшеев мекеме аралык комиссияга берилген арыз мыйзам чегинде каралып, көмүр сатып алуу боюнча тендерди өткөргөн сынак комиссиясынын чечими жана «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун «КонтактУглеПром» компаниясы менен түзгөн келишими мыйзамдуу деп табылганын билдирди. Анын айтымында, тендерге катышкан беш компаниянын төртөөнүн көмүр ташып келүү боюнча берген техникалык сунуштамасы талаптарга жооп бербегендиктен, алардын документтери каралган эмес.

Ошондуктан департаменттин жетекчисинин орун басары Мирбек Дүйшеев берилген арыз негизсиз деп табылып, «КонтактУглеПром» компаниясынын тендерден утуп чыкканы мыйзамдуу деп таанылганын маалымдады:

«"Көмүр сатып алуу боюнча сынак мыйзамдуу өткөн жана арызда көрсөтүлгөн жагдайларга негиз жок" деген мазмунда өз алдынча комиссия чечим чыгарды. Сынак эки этап менен өткөн. Анын биринчи этабында ага катышуу ниетин билдирген компаниялардын документтери текшерилген. Анын негизинде беш компаниянын төртөө экинчи этапка өтпөй калган. Мыйзам боюнча тендердин экинчи этабына өткөн компаниялардын гана тендер боюнча берген каржылык сунуштамалары ачылат. Ошонун негизинде «КонтактУглеПром» компаниясынын берген сунуштамасы ачылып, ал утуучу катары табылган. Бул жерден мекеме аралык комиссия эч кандай мыйзам бузуу тапкан жок».

Анткен менен аталган тендердик комиссиянын көмүр сатып алуу боюнча чечимине кол коюудан баш тарткан мүчөсү Расул Умбеталиев бул жерде мамлекеттик сатып алуу боюнча мыйзамдын талабындагы «бардык катышуучуларга бирдей шарттарды камсыздап, бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү эрежеси» бузулду деп эсептейт.

Анын айтымында, тендердин техникалык талаптары атайын Шабыркүл көмүрүнүн техникалык сапатына ыңгайлаштырылып түзүлгөн:

Бул жерде алдын-ала келишип алган мурдагы эле схемалар иштеп жатканы байкалды.


«Бул жерде кайра эле баягы Шабыркүл көмүрү тандалып жатпайбы, - деп түшүндүрдү ал. - Ошол эле көмүрдү башында ушундай эле ортомчулук жол менен «Прогресс компани» жана «Рассвет компани» ташып келген. Анткени техникалык талаптарга атайын ушул көмүрдүн гана маркасы киргизилип калган. Болбосо башка маркадагы көмүр ташып келип, аларды жагууга деле техникалык жактан эч кандай тоскоолдук жок. «Электр станциялары» атайын эле ошол ортомчу фирманы киргизиш үчүн ошол техникалык талапты коюп алып, башка катышуучулардын бардыгын тендердин биринчи эле этабынан чаап салды. Бул жерде бардыгына бирдей мүмкүнчүлүктөр түзүлбөй, бир гана көмүр кенинин кызыкчылыгы корголгону айдан ачык. Бул жерде алдын-ала келишип алган мурдагы эле схемалар иштеп жатканы байкалды. Болбосо ошол төрт компаниянын жок дегенде бирөө тендердин экинчи этабына өтөт эле го? Бул ушундай атайын жасалган тендер оюну».

Иш козголгон схема боюнча «иш кетип» жатабы?

Мындан сырткары «Электр станциялары» мамлекеттик ишканасы акчасын үнөмдөп, экономикалык жактан пайдалуу жана натыйжалуу келишимдерди түзүш үчүн эмне себептен көмүр кендерин иштеткен компаниялардын өзүнө чыгып, алардын тендерге түздөн-түз катышуусун камсыздай албайт деген суроо коюлду.

«Электр станциялары» ишканасынын отун менен камсыздоо бөлүмүнүн башкы инженери Майрамкүл Айипова ошондой аракет болгонун, бирок көмүр казуучу компаниялар өздөрү келип, тендерге катышууга кызыкпай жатканын белгиледи:

«Биздикилер бир нече жолу ошондой аракет кылып көрүшкөн. Шабыркүлгө дагы, Кара-Жырага дагы барып, бирок ошондой сүйлөшүүлөрдөн майнап чыккан эмес. Себеби, алар ошондой тендерлерге катышууну камсыздоо боюнча биздин сунуштардан баш тартышкан. Анткени казып чыгарган көмүрдү бир же жарым жыл мурун эле эрте макулдашып, ортомчу компанияларга сатып жиберишет экен. Азыр ошол Казакстандагы көмүр кендеринин бардыгы эле мекемелер жарыялаган тендерлерге катышып, түз иш алып барышпайт. Алардын бардыгы ортомчу компаниялар аркылуу иштешет. Ошол эле кезде аталган көмүр кендери көмүрдүн толук көлөмү үчүн алдын-ала акы төлөөнү талап кылышат. Бизде болсо алдын-ала акы төлөө мүмкүнчүлүгү каралган эмес».

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Парламенттин депутаттык комиссиясынын быйыл жазында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы айыптоо корутундусунун негизинде Бишкек ЖЭБине көмүр ташыган «Прогресс компани», кийин «Рассвет компани» аралашкан көмүр чатагы боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул компаниялар Кыргызстанда катталып, бирок ортомчу катары казак олигархтарына таандык ENRC корпорациясына караштуу Шабыркүл көмүр кенинен Кыргызстанга көмүр ташып турган. Бишкек ЖЭБи кышкы сезонго 1 млн. тоннадан ашуун көмүр керектесе, учурда анын 550 миң тоннасы Кара-Кечеден, 50 миң тоннасы Таш-Көмүрдөн алынып келет. Калган 400 миң тонна Казакстандан импорттолот.

Буга чейин 900 миң тоннадай көмүр Казакстандын Шабыркүл кенинен ташылып турган. Анын бир тоннасы жеринде 30-34 доллардын айланасында болсо, Кыргызстанга жеткирилиши менен 52-56 доллардан бааланып, жылына бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 50 млн. доллардан ашуун каражат чыгымдалып келген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (31)

XS
SM
MD
LG