Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:05

Ишкер Абировдун өргө карай жолу


Бишкектин мэри Азиз Суракматов жана шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров.
Бишкектин мэри Азиз Суракматов жана шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров.

Ошентип 29 жаштагы депутат Жаныбек Абиров Бишкек шаардык кеңешине төрага болуп шайланды. Жаңы түзүлгөн көпчүлүк коалиция аны кеңешүү менен тандап алганын кабарлады. Бирок өзү ишкер жана атасы борбор калааны көмүр менен камсыздаган депутаттын төрага болушу коомчулукта түрдүү пикир жаратты.

Бишкек шаардык кеңешинин 20-сентябрдагы сессиясында алгач мурдагы көпчүлүк колициянын тарап кеткени расмий айтылып, жаңы коалиция түзүлгөнү кабарланды.

Ага ​КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Республика Ата-Журт” фракциялары бириккен. Буга чейин башкаруучу курамда жүргөн “Кыргызстан” фракциясы бул жолу азчылыкта жалгыз калганы белгилүү болду.

Бишкек шаардык кеңештин сессиясы. 20-сентябрь, 2018-жыл.
Бишкек шаардык кеңештин сессиясы. 20-сентябрь, 2018-жыл.

Фракция эмнеге кошулбай калганын анын жетекчиси Таалайбек Сагынов мындайча түшүндүрдү:

- Үч жума мурда биз коалициянын лидери катары, анын башка мүчөлөрү менен "коалицияны бузбайбыз, ошол эле курамда калабыз" деп сүйлөшкөн элек. Көпчүлүк коалициянын ичинен эле талапкерлер экөө болобу, бешөө болобу арабыздан өз ара добуш берүү аркылуу тандап, жалпы сессияга алып чыгабыз деп макулдашканбыз. Бүгүнкү күнгө чейин талапкер жок болчу. Натыйжада биздин фракциянын депутаты Кубанычбек Конгантиевди талапкер катары сунуштаганбыз. Бирок кечээ бизди чакырбай, сыртыбыздан тон бычып, жаңы коалиция түзүп коюшуптур. Себеби бизге белгисиз. Алар биригип жаңы талапкерди да алып чыгышты. Көпчүлүк коалиция сунуштаган талапкердин өтүү мүмкүнчүлүгү жогору болгондуктан биздин талапкер өз арызын кайра алып койду. Биз аргасыз жагдайда оппозицияда калдык.

Таалайбек Сагынов өзү мурдагы көпчүлүк коалициянын лидери болчу. Ал өзүнүн бул кызматтан кандайча алынганынан кабарсыз калган.

Ал эми башкаруучу коалициянын жаңы жетекчиси Жумабек Салымбеков кайра биригүүнүн себептери жана жаңы талапкердин тандалышы тууралуу буларды айтты:

- Ар бир фракциянын коалициядан чыгып кеткенге укугу бар. Мурдагы келишимдерибизде эгерде курамдан 23 депутат чыгып кетсе, ал коалиция бузулат деген эрежебиз бар болчу. Натыйжада коалициядан КСДП, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары чыгып, “Кыргызстан” өзү калып калды. Ошол себептүү чыгып кеткен фракциялар кайра биригип, жаңы форматта иштейбиз деп, 40 депутаттык курамда жаңы коалиция түздүк. Анын ичинде сүйлөшүп, макулдашып олтуруп төрагалыкка Жаныбек Абировду сүрөйлү деп чечкенбиз. Абировго жаш болгону менен ишти алып кете алат, татыктуу деп токтолдук.

Ошентип көпчүлүк коалициядан сунушталган Жаныбек Абиров жалгыз талапкер болуп катталып, бюллетендер даярдалды. Депутаттар мурдагыдай алфавиттик тартипте эмес, фракцияларына карап чогуу добуш берди. Добуш берүү кыска убакытта жыйынтыкталып жаңы төрага шайланды. Добуш берүүгө катышкан 41 депутаттын кыркы Абировду колдосо, бирөө гана калыс болуп берди.

29 жаштагы депутат Жаныбек Абиров шайлангандан кийин дароо баштай турган иштери менен тааныштырды:

- Эртеңден баштап шаардык кеңештин аппаратынын структурасын карап чыгабыз. Анан буга чейин кабыл алынган токтомдорду, ишке кирген ченемдик-укуктук актыларды инвентаризация кылабыз. Жалпы эле шаардык кеңеш бүгүнкү күндө эмне менен алек болуп жатат, кандай иштер жүрүп жатат, баарын карап чыгып, ишти кадимкидей эле улантабыз. Кудай буюрса шаардыктар менен жолугушууларды көбүрөөк уюштурабыз.

КСДП өкүлү шаардык кеңешти жетектейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:35 0:00

Жаныбек Абиров ошондой эле буга чейин “Азаттыкка” чыккан өзүнүн комментарийин төгүндөп, Бишкек ЖЭБин көмүр менен камсыздаган “Рассвет компани” ишканасынын ээси Болотбек Абиров анын атасы экенин моюнуна алды. Бирок жаңы төрага бул кызыкчылыктар кагылышына алып келбей турганына ишендирди:

- 20 күнчө мурдараак “Азаттыктан” Кубанычбек аттуу журналист мага телефон чалып, “Рассвет компани” ишканасы тууралуу сураган. "Болотбек Абиров атаңыз болобу?" деген. Мен ал кабарчыны билбегеним, тааныбаганым үчүн “Болотбек Абиров менин атам эмес” деп айтып койгом. Анткени үй-бүлөмдүн коопсуздугунан чочулагам. Эгер журналист мага келип, интервью алса ачыгын айтмакмын. Мына эми азыр ачык айтам “Рассвет компани” компаниясынын ээси Болотбек Абиров менин атам болот. Бишкек жылуулук электр борборуна көмүр жеткирет. Бирок биздин ишибиз кесилишпейт, кызыкчылыктар кагылышына жол берилбейт. Проблема болбойт. Мен өзүм “Восход и К” компаниясынын коммерциялык директору болчумун, эртеңден баштап ал кызматымды өткөрүп берем, - деди Жаныбек Абиров.

Буга чейин коомдук ишмер Эдил Байсалов “Атамбаевдин 11 досу” деген иликтөө жарыялап, алардын арасында Болот Абиров аттуу жаран да бар экенин, ошондуктан ал жыл сайын тендерлерден утуп келгенин жазган. Байсалов “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы "экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн курууга Абировдор салым кошкон болушу мүмкүн” деп божомолдогон.

Жаныбек Абиров КСДПнын курултайында. 31-март, 2018-жыл
Жаныбек Абиров КСДПнын курултайында. 31-март, 2018-жыл

Журналисттер менен болгон маегинде депутаттардын жаңы шайланган төрагасы Жаныбек Абиров мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жеке байланышы жок экенин билдирди. Ал Атамбаев менен партиянын лидери катары эле тааныш экенин, Мамлекеттик резиденцияда жаңы үйүн куруп берүүгө да тиешеси болбогонун белгиледи.

Анткен менен Абировдун төрага болуп шайланышы жарандык коомдун сынына кабылды. Укук коргоочу Калича Умуралиева кыргыз коомунда жогорку кызматка таасирдүү адамдын бала-чакасы, туугандары гана келип жатат деген пикирде:

- Азыр кимде акча болсо ошол киши бийликке келип жатат. Жөнөкөй кишилер алтын баштуу болсо да кызмат буюрбайт. Акчалуу адамдар курагына же башка жүйөсүнө байланыштуу креслого отура албай калса, балдарын сүрөп атышат. Непотизм катуу болууда. Ошол эле Конгантиевдер өздөрү бийлик аренасынан кетип калып, баласы Кубанычбек Конгантиевди сунушташкан. Ал болбой калды дегенде деле башка бир таасирлүү, миллиондорду кармаган Болот Абировдун уулу төрагалыкка келди. Атасы “жөнөкөй” киши эмес экен, баласы акчанын күчү менен кызматтуу болду. Ата-баланын ишин бири-бирине тиешеси жок дегенибиз менен бул жерде бийликти ээлөө максаты турат. Ачыктан-ачык кызыкчылыктар кагылышы болот. Анткени депутаттар муниципалдык кызматкер болуп саналат, төрага андан бетер, анын колунда деле чоң бийлик бар. Орой айтканда алар мандатына, кызматына жамынып бизнесин коргоо үчүн жана аны өнүктүрүү үчүн келип жатат. Эгерде тендер болсо кайра эле өздөрүнүн фирмаларын түртүүгө аракет кылышат. Бийликте өз киши болсо булар “тынчыраак” жашашат.

Жаш саясатчы Мавлян Аскарбеков да Умуралиеванын сөзүнө кошулуп, муну алдын алуу үчүн мыйзамдык негизде иштерди алып барууну сунуштады:

Мавлян Аскарбеков.
Мавлян Аскарбеков.

- Бишкек шаардык кеңешинде байлардын, кечээги аткаминерлердин балдары, неберелери толуп алганын мен буга чейин эле айтып келгем. Борбор калаанын, Ош шаарынын кеңешинин депутаттарын да карасаң баары бири-бирине байланышы адамдар. Депутаттарды чекесинен тандап төрагалыкка шайласа, ар биринен ушундай тууганчылык, ушундай байланыштары чыгат. Бардыгынын курулуш компаниялары же башкача типтеги ишканалары бар. Мен бул жөнүндө президентке кайрылып, “эмки жылы эки шаардык кеңешти тең таратып, кайра шайлашыбыз керек” деп айткам. Себеби ушундай нааразылыктар көбөйө берет. Менимче келерки шайлоолордо мыйзамдарды өзгөртүп ушундай көрүнүштөрдүн алдын алуу керек. Мыйзамдарды кескин түрдө жаңылабасак кайра эле ушул адамдар келет. Үч жолу, беш жолу катар депутат болуп шайлоого да чектөө киргизишибиз зарыл деп ойлойм.

Жакында борбор калаада мэр алмашып, кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басарлыгына кеткен.

Жаңы төрагалыкка келген Жаныбек Абиров Кыргыз-Орус (Славян) университетин жана Башкаруу академиясын юриспруденция жана менежмент багыттары боюнча аяктаган. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Соңку төрт жылдан бери “Восход и К” фирмасында иштеген Абиров 2016-жылы Бишкек шаардык кеңешине Кыргызстан социал демократтар партиясынан депутат болуп шайланган. 2017-жылы “Абиров” аттуу коомдук фонд түзгөн. Фондун негизги ишмердиги окуучуларды заманбап билимдерге окутуп, жаш муундун лидерлик сапатын өнүктүрүү болгон.

“Восток и К” компаниясы Юстиция министрлигинин маалыматында, “товарларды дүңүнөн сатуу” менен алектенери көрсөтүлгөн. Негиздөөчүсү – Болот Абиров. Жаныбек Абировдун атасы Болот Абиров “Рассвет Компанинин” жетекчилигинен сырткары “CIM KG PROPERTIES” (кыймылсыз мүлктү башкаруу) жана күйүүчү-майлоочу майларды ташыган “Бока” компаниясынын да кожоюну болуп саналат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG